ЖӨБ органы өзүнүн ыйгарым укуктарына байланышпаган коммерциялык ишканаларды түзүүгө укугу жок. Устаканаларды жана тигүү цехтерин, кафе, наабайканаларды жана башкаларды ачууга болбойт. Бул тууралуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 62-беренесинде түз айтылат: «Муниципалдык ишканалар жана коммерциялык эмес уюмдар ЖӨБ органдарынын милдети болуп саналган кызмат көрсөтүүлөр үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт”. Буга жараша ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн көп учурда турак жай-коммуналдык чарба жана аймактарды көрктөндүрүү маселелерин чечүү үчүн муниципалдык ишканаларды түзүүгө укуктуу.
1. Укуктук негиздеме КР Конституциясынын 110-беренесинде көрсөтүлгөндөй, жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүү мүмкүнчүлүгү. КР Конституциясынын 5-беренесине ылайык, мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 2 беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикти өз каалоосу боюнча сатып алат, ээлик кылат, пайдаланат жана тескей алышат. КР Граждандык кодекси ЖӨБ органдарына муниципалдык ишкана формасында коммерциялык уюм болгон юридикалык жак түзүүгө жол берет (87, 227, 230-беренелер). Ошону менен бирге “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 62 беренеси ЖӨБ органдары өз милдеттерине кирген кызматтарды көрсөтүү үчүн муниципалдык ишканаларды түзө алат деген тактоо киргизген. Башкача айтканда, ЖӨБ органдары башка максаттарга, мисалы, түшүм жыйноо, ресторан, нан жабуу ж.б. өңдүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн муниципалдык ишканаларды түзүүгө укугу жок.
Мындан тышкары, КР Граждандык кодексинин 84-беренесинин 1-бөлүгү муниципалдык жана мамлекеттик ишканалардын укукка жөндөмдүүлүгү чектелүү болгонун көрсөтүүдө. Алар коммерциялык уюмдардан айырмаланып, иш жүргүзүүнүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай түрүн ишке ашырууга зарыл болгон жарандык укуктарга жана милдеттерге ээ эмес. Ошентип, жогоруда айтылгандай, ЖӨБ органдарынын укукка жөндөмдүүлүгү КР Конституциясы жана мыйзамдары менен аныкталган ыйгарым укуктар менен чектелген. Мунун натыйжасында, ЖӨБ органдары өзүнүн милдеттерине кирген кызматтарды көрсөтүү үчүн гана муниципалдык ишканаларды түзүүгө укуктуу. Муниципалдык ишканалардын укукка жөндөмдүүлүгү ЖӨБ органдарынын компетенциясынын чектери менен аныкталган жана аларга карата экинчи орунда турат. Муниципалдык ишканалар ЖӨБ органдарынын функцияларынын чегинде түзүлө албайт жана өз ишин жүзөгө ашыра албайт.
Башкача айтканда, уюштуруучу катары ЖӨБдүн аткаруу органдары муниципалдык ишканаларга өзүнүн функциясынын алкагынан чыккан ишти жүзөгө ашырууга укук бере албайт. Башкаруу органы катары ЖӨБ органдары рынокту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт жана өз милдеттерине кирген кызматтарды көрсөткөн учурларды кошпогондо, рыноктун түздөн-түз катышуучусу катары чыга албайт. КР мыйзамдарына ылайык, ЖӨБ органдары төмөнкүдөй кызматтарды көрсөтүү үчүн муниципалдык ишканаларды түзө алышат: калкты ичүүчү суу менен жабдуу, калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу, турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу, муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу, жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу ж.б. (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-беренеси). Буга ылайык, ЖӨБ органы сатып алган мүлк жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн колдонулуп, ошондой максаттар үчүн гана зарыл болууга тийиш.
ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелердин тышында коммерциялык иш менен алектенүүгө укугу барбы деген суроого “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 62-беренеси так жооп берет. Айталы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 62-беренесинин 3-пунктуна ылайык, “Муниципалдык ишканалар жана коммерциялык эмес уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналган кызмат көрсөтүүлөр үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт”. Ошентип, ЖӨБ органдары аларга мыйзамдар менен берилген функцияларды аткаруу үчүн – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында гана муниципалдык ишканаларды жана муниципалдык мекемелерди түзүүгө укуктуу.
№ |
Маселе |
Иш-чара |
Жыйынтык |
Жооптуу |
1 |
Муниципалдык
ишкананы
түзүүнүн финансы-
экономикалык негизи
|
ЖӨБ органдарынын
милдети болуп
эсептелинген тийиштүү
кызматтарды көрсөтүүнү
уюштуруу, муниципалдык
менчикти натыйжалуу
пайдалануу максатында
муниципалдык ишкананы
түзүү үчүн негиздеме
даярдоо
|
Негиздеме |
ЖӨБдүн аткаруу
органы
|
2 |
Жергиликтүү
маанидеги маселе
(маселелер) боюнча
муниципалдык
ишкананы түзүүнүн
экономикалык
максатка
ылайыктуулугу
|
Экономикалык эсептөөлөр
менен кошо анализ
жүргүзүү
|
Муниципалдык ишкананы
түзүү – жергиликтүү маанидеги
маселелерди чечүүнүн жана
калкка кызмат көрсөтүүлөрдү
уюштуруунун эң оптималдуу
ыкмасы муниципалдык ишкананы
түзүү экени тууралуу тыянактар
менен анализдин жыйынтыктары
|
ЖӨБдүн аткаруу
органы
|
3 |
ЖӨБдүн аткаруу
органы тарабынан
жергиликтүү
маанидеги бир
жана (же) бир нече
маселе боюнча
муниципалдык
ишкана түзүү
жөнүндө сунуштары
иштеп чыгуу
|
Жергиликтүү кеңеш үчүн
сунуштарды даярдоо
|
Сунуш |
ЖӨБдүн аткаруу
органы
|
4 |
Муниципалдык
ишкананы түзүүнүн
юридикалык бөлүгү
|
Муниципалдык ишкананын
Уставынын долбоорун
жана башка уюштуруу
документтерин даярдоо
|
Уставдын долбоорлору жана
башка уюштуруу документтери
|
ЖӨБдүн аткаруу
органы
|
5 |
Муниципалдык
ишкананы түзүүнүн
финансылык бөлүгү
(муниципалдык
ишкананын
сметасынын/
бюджетинин/
мүлкүнүн
долбоорлору)
|
Сметанын/баланстын
Долбоорун даярдоо
|
Сметанын/баланстын Долбоору |
ЖӨБдүн аткаруу
органы
|
6 |
Муниципалдык
ишкананын кызмат
көрсөтүүлөрүнүн
укуктук жөнгө
салынышы
|
Кызмат көрсөтүү жөнүндө
Жобонун Долбоорун
даярдоо
|
Жобонун Долбоору |
ЖӨБдүн аткаруу
органы
|
7 |
Муниципалдык
ишкананы түзүү
жөнүндө маселени
жергиликтүү
кеңештин
сессиясына киргизүү
|
Документтерди жана
материалдарды
жергиликтүү кеңештин
сессиясына кароо үчүн
даярдоо
|
Документтер жана
документтердин долбоорлору
(Муниципалдык ишкананы түзүү
жөнүндө сунуш, муниципалдык
ишкананын Уставынын
долбоору жана башка уюштуруу
документтери, кызмат көрсөтүү
жөнүндө Жобо)
|
ЖӨБдүн аткаруу
органы
|
8 |
Муниципалдык
ишкананы түзүү
маселесин
жергиликтүү
кеңештин
сессиясында
талкуулоо жана
чечим кабыл алуу
|
Жергиликтүү кеңештин
токтомунун долбоорун
даярдоо
|
Жергиликтүү кеңештин токтому |
ЖӨБдүн аткаруу
органы, шаардык
кеңештин аппараты,
жергиликтүү
кеңештин туруктуу
комиссиясы,
жергиликтүү кеңеш
|
9 |
Жергиликтүү
бюджетке
өзгөртүүлөрдү
киргизүү
|
Жергиликтүү кеңештин
токтомунун долбоорун
даярдоо
|
Жергиликтүү кеңештин токтому |
ЖӨБдүн аткаруу
органы, шаардык
кеңештин аппараты,
жергиликтүү
кеңештин туруктуу
комиссиясы,
жергиликтүү кеңеш
|
10 |
Муниципалдык
ишкананы
юридикалык жак
катары мамлекеттик
каттоо
|
Муниципалдык ишкананы
мамлекеттик каттоодон
өткөрүү, төмөнкүдөй зарыл
документтерди тапшыруу:
- КР Өкмөтү бекиткен
форма боюнча каттоо үчүн
арыз;
- юридикалык жакты түзүү
тууралуу уюштуруучунун
– ЖӨБдүн аткаруу
органынын чечими;
- ЖӨБдүн аткаруу
органынын мамлекеттик
каттоодон өткөнү жөнүндө
күбөлүктүн көчүрмөсү
|
Муниципалдык ишкананы
мамлекеттик каттоодон өткөрүү,
каттоодон өткөнү жөнүндө
күбөлүктү алуу
|
ЖӨБдүн аткаруу
органый
|
11 |
Муниципалдык
менчикти (мүлктү)
өткөрүп берүү
тартиби
|
Муниципалдык менчикти
(мүлктү) өткөрүп берүү
тартиби жөнүндө Жобонун
долбоорун даярдоо
|
Жобону бекитүү жөнүндө
жергиликтүү кеңештин токтому
|
ЖӨБдүн аткаруу
органы, шаардык
кеңештин аппараты,
жергиликтүү
кеңештин туруктуу
комиссиясы,
жергиликтүү кеңеш
|
12 |
Муниципалдык
менчикти (мүлктү)
муниципалдык
ишканага өткөрүп
берүү
|
ЖӨБдүн аткаруу
органынын чечиминин
долбоорун даярдоо
|
ЖӨБдүн аткаруу органынын
чечими
|
ЖӨБдүн аткаруу
органы
|
13 |
Муниципалдык
ишкананын кызмат
көрсөтүүлөрүнө
тарифтер
|
Кызмат көрсөтүүлөргө
тарифтердин долбоорун
даярдоо
|
Кызмат көрсөтүүлөргө
тарифтерди бекитүү жөнүндө
жергиликтүү кеңештин токтому
|
ЖӨБдүн аткаруу
органы, шаардык
кеңештин аппараты,
жергиликтүү
кеңештин туруктуу
комиссиясы,
жергиликтүү кеңеш
|
1. Муниципалдык ишкананы түзүүнүн финансылык-экономикалык негиздери “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы: 61-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери 1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү бюджеттерге бекитилген кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, ссудалар жана башка финансылык ресурстар түзөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагына өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек араларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жерлер, жарандык укуктун башка объектилери, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт. 62-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктары
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өз аймагынын чектеринде экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуу.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гана компетенциясына кирген ыйгарым укуктардан тышкары, белгилүү бир ыйгарым укуктарын муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле акцияларынын жарымынан көбү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон акционердик коомдорго өкүлдөп берүүгө укуктуу.
3. Муниципалдык ишканалар жана коммерциялык эмес уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналган кызмат көрсөтүүлөр үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт. 62 1-берене. Муниципалдык заказ
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги маселелер- ди чечүүгө багытталган жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга, муниципалдык заказды жүзөгө ашырууга жана ушул Мыйзамдын 18 беренесинде каралган башка ыйгарым укуктарды аткарууга укуктуу.
2. Муниципалдык заказ жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы мүмкүн. Муниципалдык заказды аткарууну өткөрүп берүү келишим боюнча жүргүзүлөт. Муниципалдык заказ жөнүндө келишим боюнча муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.
11 Муниципалдык менчикти (мүлктү) өткөрүп берүү тартиби Муниципалдык менчикти (мүлктү) өткөрүп берүү тартиби жөнүндө Жобонун долбоорун даярдоо Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому ЖӨБдүн аткаруу органы, шаардык кеңештин аппараты, жергиликтүү кеңештин туруктуукомиссиясы жергиликтүү кеңеш 12 Муниципалдык менчикти (мүлктү) муниципалдык ишканага өткөрүп берүү ЖӨБдүн аткаруу органынын чечиминин долбоорун даярдоо ЖӨБдүн аткаруу органынын чечими ЖӨБдүн аткаруу органы 13 Муниципалдык ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер Кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин долбоорун даярдоо Кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому ЖӨБдүн аткаруу органы, шаардык кеңештин аппараты, жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясы, жергиликтүү кеңеш.Муниципалдык заказды каржылоо келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетинин же бюджеттен тышкары фонддорунун каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
4. Тарифтерге көзөмөлдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында сактап калган шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкка монополиялык кызмат көрсөтүүлөр катары берилүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (суу менен камсыз кылуу, канализация, жылуулук берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр) болгон белгилүү бир ыйгарым укуктарды муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес мекемелерге, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.
5. Муниципалдык заказдын субъектиси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө же болбосо мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аныкталат.
2. Жергиликтүү маанидеги маселе (маселелер) боюнча муниципалдык ишкананы түзүүнүн экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу
2.1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы: 41-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, шаардын мэриясы шаардын тиричилик жактан камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, шаардыктарга социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштурат. 41-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды шаардык кеңеш бекиткенден кийин жүзөгө ашырат. 47-берененин 6-пунктуна ылайык, айыл өкмөтү турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат.
2.2. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамы: 19-беренеге ылайык, жергиликтүү кеңеш муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин белгилейт, ошондой эле анын пайдаланылышына контроль жүргүзөт; муниципалдык ишканалар жана мекемелер, ошондой эле муниципалдык менчикти пайдалануучу дагы башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтарга бааларды жана тарифтерди бекитет.
19-беренеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы муниципалдык менчикти башкарат жана тескейт; муниципалдык менчик объекттерине укук берүү тартибин кароочу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актыларынын, Менчиктештирүү программаларынын жана муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө тартибин аныктоочу дагы башка ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана жергиликтүү кеңештин кароосуна берет; муниципалдык ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө, иштешине, кайра уюштурууга жана жоюуга, ошондой эле муниципалдык менчиктеги акционердик коомдордун акцияларын башкарууга жетекчиликти, координацияны жана контролду жүзөгө ашырат; муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө менен байланышкан келишимдерди түзөт.
3. Муниципалдык ишкананы түзүүнүн юридикалык бөлүгү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси:
1. 85-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, коммерциялык уюмдар катары саналган юридикалык жактар муниципалдык ишканалардын түрүндө түзүлө алат.
2. 87-берененин 4-бөлүгүнө ылайык, муниципалдык ишканалардын уюштуруу документтеринде юридикалык жактын ишмердигинин предмети жана максаты аныкталууга тийиш.
3. 227-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, муниципалдык менчик жергиликтүү коомчулуктун казынасынан, ошондой эле жергиликтүү коомчулук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка юридикалык жактарга бекитилип берилген мүлктөн турат.
4. 227-берененин 4-бөлүгүнө ылайык, муниципалдык менчикте болгон мүлк муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда (230-жана 231-беренелер).
5. 230-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, чарба жүргүзүү үчүн мүлккө ээлик укугу берилген муниципалдык ишкана ал мүлккө ээлик кылууну, пайдаланууну жана тескөөнү Граждандык кодексте белгиленген чектерде жүргүзөт.
6. 230-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, чарба жүргүзүүдөгү мүлктүн ээси ишкана түзүү, анын ишинин затын жана максатын аныктоо, аны кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин мыйзамга ылайык чечет, директорду (ишкананын жетекчисин) дайындайт, ишканага таандык мүлктүн максатка ылайык пайдаланылышын жана сакталышын көзөмөлдөйт. Менчик ээси өзү түзгөн ишкананын чарба жүргүзүүсүндөгү мүлктү пайдалануудан түшкөн пайданын бир бөлүгүн алууга укуктуу.
7. 230-берененин 3-бөлүгүнө ылайык, ишкана чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга, аны ижарага, күрөөгө берүүгө, чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым (пай) түрүндө кошууга же башка ыкма менен башкарууга укуксуз. Ишканага таандык чарбажүргүзүү укугундагы калган мүлктөрдү ал, мыйзамдарда каралгандан башка учурларда өз алдынча башкарат.
4. Муниципалдык ишкананы түзүүнүн финансылык бөлүгү (муниципалдык ишкананын сметасынын бюджетинин долбоору) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси:
1. 83-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, менчигинде, чарба жүргүзүүсүндө же оперативдүү башкаруусунда өзгөчөлөнгөн мүлкү бар жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ал мүлкү менен жооп берген, өз атынан ушул мүлккө байланышкан жана мүлккө байланышпаган жеке укуктарга жана милдеттенмелерге ээ боло алуучу жана ишке ашыруучу, сотто доочу жана жоопкер катары да чыга алуучу уюм юридикалык жак катары таанылат. Юридикалык жактын өз алдынча балансы же сметасы болууга тийиш.
2. 231-берененин 3-бөлүгүнө ылайык, мекеме өзүнө бекитилген мүлктү жана ага смета боюнча бөлүнүп берилген каражаттын эсебинен сатылып алынган мүлктү, ошол мүлктүн менчик ээсинин макулдугу боюнча гана ажыратып алууга же башка жол менен тескөөгө укуктуу. Ошол мекеменин кирешесин бөлүштүрүү тартиби анын мүлкүнүн менчик ээси тарабынан аныкталат. Эгерде уюштуруу документтерине ылайык мекемеге киреше берүүчү иш жүргүзүү укугу берилсе, анда мындай иш жүргүзүүдөн түшкөн киреше жана ошол кирешенин эсебинен сатылып алынган мүлк мекеменин өз алдынча башкаруусуна алынат жана өзүнчө баланстагы эсепте болот.
5. Муниципалдык ишкананын кызмат көрсөтүүсүнұн укуктук жактан жөнгө салынышы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы: 31-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, шаардык, айылдык, райондук кеңештин сессиясында жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө маселеси чечилет.
6. Жергиликтүү кеңештин сессиясында муниципалдык ишкананы түзүү жөнүндө талкуулоо жана чечим кабыл алуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы: 31-берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, шаардык, айылдык, райондук кеңештин сессиясында жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу маселеси чечилет. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамы: 19-беренеге ылайык, жергиликтүү кеңеш муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин белгилейт, ошондой эле анын пайдаланылышына контроль жүргүзөт.
7. Жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы: 31 берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, шаардык, айылдык, райондук кеңештин сессиясында жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү маселеси чечилет, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалымат угулат.
КР Бюджеттик кодекси: 78 беренеге ылайык, жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында аймактарды социалдык экономикалык өнүктүрүү программасын кабыл алышат жана алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырышат; жергиликтүү бюджеттин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныкташат; муниципалдык карыздын четки көлөмүн жана ага өзгөртүүлөрдү кошуп алганда жергиликтүү бюджетти бекитет; 79-беренеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүшөт жана жергиликтүү кеңештер бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылышат
8. Муниципалдык ишкананы юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” КР Мыйзамы: 6-берене. Каттоого алууда документтерди тапшыруу тартиби 1. Каттоого алууда документтерди каттоочу органга арыз ээси тапшырат. Мыйзамдарда каттоо үчүн документтерди тапшыруунун башка жолдору каралышы мүмкүн.
2. Төмөндөгү жактар арыз ээси катары чыга алышат:
-
юридикалык жак түзүлүп жатканда анын уюштуруучусу (уюштуруучулар);
-
ишеним каттын негизинде аракет кылган башка жак.
3. Арыз ээси каттоочу органга түзүлүп жаткан юридикалык жактын аталышын алдын ала текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Юридикалык жактын аталышын алдын ала текшерүүнүн тартиби (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3 августундагы №442 токтому менен бекитилген).