Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Кыргыз Республикасында аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аймактардын форумунун РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

2018-06-20 / Аймактарды өнүктүрүү

Күнү: 2018-жылдын 30-марты Орду: “Парк-отель” мейманканасынын жыйындар залы, Бишкек шаары. Кыргыз Республикасы Катышуучулар: Айыл өкмөт башчылары, Кыргыз Республикасынын жети облусунун айылдык аймактарынын айылдык кеңештеринин төрагалары, Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынын жана Өкмөт Аппаратынын өкүлдөрү, ЖӨБЭММАнын, ЖӨБ Союзунун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү.

КР Президентинин 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Буйругунда белгиленгендей, аймактарды өнүктүрүүдө мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттерин бириктирүүдө жана мамилесинде системалуу өзгөрүүлөрдү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүктүрүүнүн милдеттерин эсепке алуу менен, Аймактардын форумунун катышуу- чулары төмөнкүдөй чараларды сунушташат:
 
Жергиликтүү  бюджеттердин потенциалын жогорулатуу Салыктарды башкарууну жакшыртуу боюнча:
 
  • салыктарды жыйноонун максаттары жана милдеттери жөнүндө калктын, ишкерлердин маалымдуулугун жана сабаттуулугун жогору латуу;
  • муниципалдык салык кызматкерлерин салыктарды жыйноо боюнча кошумча жүк алууга шыктандыруу (балким айлык акысына бонус кошуу);
  • ЖӨБ органдарынын кошумча салыктарды чогултууга кызыкдарлыгын жогорулатуу, себеби жергиликтүү бюджеттерди теңдештирүү боюнча учурдагы система буга көмөктөшпөйт;
  • КР Өкмөтүнүн “Салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөрүлүп берилген мам-лекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” №202 токтомун аткаруу боюнча Мамлекеттик Салык кызматынын аймактык бөлүмдөрү менен ЖӨБ органдарынын макулдашуулары үчүн ченемдик-укуктук базаны түзүү;
  • салыктарды төлөө боюнча калкка шарттарды түзүп берүү, мисалы, терминалдарды орнотуу, салык төлөөчүлөрдүн бирдиктүү база- сын түзүү ж.б.
Теңдештирүүчү гранттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча:
 
  • бардыгы үчүн ачык, жөнөкөй жана тең болгон Теңдештирүүчү гранттарды чегерүү Эрежелерин камсыз кылуу. Теңдештирүүчү гранттарды чегерүү формуласы татаал болгондуктан аны Эсеп палатасы жана КР Финансы министрлиги гана түшүнөт;
  • ЖӨБ органдарынын кызматкерлерине Теңдештирүүчү гранттарды чегерүү Эрежелерин үйрөтүү;
  • ЖӨБ органдарына өнүгүү бюджетин иштеп чыгууга шарт түзүү, теңдештирүүчү дотациялар мындай шарттарды түзө албай жатат. Өнүктүрүү фонддору боюнча:
  • өнүктүрүү фондунан жеке секторду да каржылоо үчүн шарттарды түзүү;
  • фонддун каражаттарын артыкчылыктуусуна жараша экономиканын пайда алып келген чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө чыгымдоо;

ЖӨБ органдарын Фонддун каражатынын эсебинен каржылоо үчүн сунуштардын инвестициялык пакетин түзүүгө шыктандыруу. Дем берүүчү гранттар боюнча:

Дем берүүчү гранттарды бөлүштүрүү боюнча учурдагы Жобо ЖӨБ органдарынын керектөөлөрүнө жооп берүүдө. Бирок, төмөнкүдөй бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынууда:
 
  • дем берүүчү гранттар боюнча квоталарды көбөйтүү;
  • жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоонун үлүшүн азайтуу.
Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр:
 
  •  Абоненттердин түрдүү категориялары үчүн катуу тиричилик калдыктарын топтоонун бирдиктүү ченемин иштеп чыгуу;
  • Катуу тиричилик калдыктарынын полигондорун уюштуруу үчүн жерлерди трансформациялоонун жол-жобосун жеңилдетүү жана тездетүү;
  • Коммуналдык төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөнү үчүн жана төлөөдөн качканы үчүн абоненттердин жоопкерчилигин күчөтүү максатында КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн доо арызы боюнча административдик жана жарандык иштерди кароонун жол жоболорун жеңилдетүү жана тездетүү;
5. ЖӨБдүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын бирдиктүү типтүү форматын иштеп чыгуу жана киргизүү. Жергиликтүү маанидеги социалдык жана маданий маселелер
 
1. Социалдык маселелерге байланышкан документтерди (пенсия, жөлөк пул ж.б.) даярдоонун жол-жоболорун жеңилдетүү;
 
2. ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен райондордун жана айылдык аймактардын деңгээлинде социалдык багыттагы иш-чараларды өткөрүү үчүн ЖӨБ органдары менен райондук маанидеги мамлекеттик түзүмдөрдүн биргелешкен иш-аракеттер планын кабыл алуу;
 
3. Калкты социалдык жактан колдоо маселелерин чечүүдө ЖӨБ органдарына кошумча ыйгарым укуктарды берүү;
 
4. Айыл өкмөткө жаш адистерди тартууга шарт түзүү үчүн кадрларды тандап алууда конкурстан өтүп жаткан муниципалдык кызматчылар үчүн квалификациялык талаптарды жөнөкөйлөштүрүү;
 
5. Суу пайдалануучулар ассоциацияларын түзүү процессинде суу чарбасынын райондук башкаруусу тарабынан ЖӨБ органдарына көмөк көрсөтүү;
 
6. Муниципалдык-жеке өнөктөштүк принциптерин киргизүү менен социалдык-маданий багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жаатында ЖӨБ органдарынын потенциалын жогорулатуу.
 
*** Резолюциянын соңу ЖЕРГИЛИКТҮҮ  ДЕҢГЭЭЛДЕГИ БЮДЖЕТТИК ПРОЦЕСС Жергиликтүү бюджеттердин потенциалын жогорулатуу ЖӨБ органдарынын алдында турган өзгөчө маанилүү милдет болуп эсептелинет. Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кайрылууларынын биринде мындай деген: “Мамлекеттин эки негизги экономикалык аспабы  салыктыкбюджеттик саясат жана акча-насыя саясаты аймактарды өнүктүрүүгө тикелей таасирин тийгизе албады”. Муну менен Президент жергиликтүү бюджетти башкарууда учурдагы практика жетиштүү деңгээлде натыйжалуу болбогонун айтты. Соңку жылдары ЖӨБ органдарына жеринде көйгөйлөрдү дагы да эффективдүү чечүүгө жол берген өтө көп реформалар жасалды. Реформалар жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесске да жетти.
 
Жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесс өзүнө түрдүү булактардан жергиликтүү бюджетке түшкөн каражатты башкарууну, аны жергиликтүү жамааттын турмуш тиричилигине чыгымдоону камтыйт. ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү, аткаруу жана контролдоо үчүн жооптуу. Бюджетти башкаруунун көп тепкичтүү процесси ЖӨБ органдарынан билимди жана бюджетти толтуруу боюнча ченемдик-укуктук базаны сактоону, бюджеттин каражаттарын пайдалануунун долбоорун иштеп чыгууну, долбоорду айылдык кеңеш жана жамаат менен макулда- шууну, ошондой эле бекитилген планды бекем сактоону талап кылууда. Бул жагынан алып караганда, жергиликтүү бюджетти эффективдүү башкаруу буларды билдирет: жергиликтүү бюджеттин кирешесин толук көлөмдө чогултуу, кирешенин кошумча жана резервдик булактарын табуу, бюджеттин каражаттарын жергиликтүү жамааттын муктаждыктарына максаттуу пайдалануу жана ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулугу.
 
Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн көлөмүн көбөйтүү ЖӨБ органдарынын негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Кирешелерди жергиликтүү бюджеттин салыктарын чогултуунун эсебинен көбөйтсө болот. Улуттук деңгээлде салык-акча саясаты чөйрөсүндөгү соңку реформалар ЖӨБ органдарын жергиликтүү бюд-жеттин салыктарын өз алдынча администрациялоого шыктандырды. КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралар жөнүндө” Токтомуна жана 2017-жылдын 1-январындагы бюджеттик мыйзамдарга ылайык ЖӨБ органдары төмөнкүлөрдү жасай алышат.
 
1. Жергиликтүү салык саясатына жаңыча көз жүгүртүп, жергиликтүү салык саясатын кайра баалай алышат – жер салыгынын ставкаларын, айыл чарба багытындагы жана мындай багытта болбогон жерлер үчүн ижара акысынын ставкасын жогорулатууну карап чыгуу, зоналык коэффициентти эффективдүү пайдалануу.
 
2. Чакан бизнести көмүскөдөн алып чыгуу жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө дем берүү боюнча жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын жигердүү пайдалана алышат. Мисалы, сатуу көлөмү 30 млн сомдон кем эмес жаңы ишканаларды салык төлөөдөн бошотуу, Бюджеттик кодекстин 159-беренесинин негизинде берилген жеңилдиктер жергиликтүү деңгээлдеги чакан ишкерлер үчүн жакшы стимул болуп берет.
 
3. Салык төлөбөгөн ишкерлерди аныктоо боюнча активдүү позицияны ээлей алышат. Мисалы, такси, трактор айдоочулардын, башка жеке ишкерлердин бир бөлүгү гана экономикалык ишти жүргүзүүгө патент сатып алышууда.
 
4. Мамлекеттик салык органдары менен түзүлгөн келишимдердин алкагында, ЖӨБ органдары салыктык контроль, салыктар боюнча карызды өндүрүү, салык төлөбөгөндөргө айып санкцияларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарын колдоно алышат. ЖӨБ органдарынын жергиликтүү деңгээлде салыктарды жыйноо бөлүгүндөгү укуктарын кеңейтүү аларга республикалык бюджеттен көз карандысыз болууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат. Дотациялардан жана башка трансферттерден көз карандысыздык жергиликтүү бийликке жергиликтүү калктын муктаждыктарын канааттандырууга кеңири жол ачууда. Бул болсо коммуналдык кызматтарды көрсөтүүдө алардын эффективдүүлүгүн жана жарандардын ЖӨБ органдарынын ишине болгон ишенимин жогорулатууга жардам берет.
 
Бюджеттик процесстин эффективдүүлүгүн жогорулатууда экинчи маанилүү фактор – жергиликтүү бюджетти түзүү маселелерине жарандардын катышуусу жана ишеними. Жарандарды бюджеттик процесске тартмайынча ЖӨБ органдары жергиликтүү деңгээлде салыктарды жыйноо көрсөткүчүн жогорулата алышпайт. Бул болсо жергиликтүү калктын маселелерин чечүүдө жергиликтүү бийликтин ишинин натыйжалуулугун азайтат. Жергиликтүү бюджетти түзүү маселелеринде айыл өкмөтүнүн ачыктыгы жана айкындуулугу коомчулук үчүн маалыматтын жеткиликтүү болушу менен гана аныкталбайт. Бул ошондой эле коомдук катышуунун зарыл шарты болуп саналат.
 
2017-жылдын 1-январындагы бюджеттик мыйзамдардын жаңы жоболору мамлекеттик бюджеттин, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылууга таасирин тийгизмекчи. Бул максаттарга жетүү үчүн ЖӨБ органдары калк жергиликтүү бюджеттин кирешелери менен чыгашалары тууралуу кабардар болушу үчүн коомдук бюджеттик угууларды өткөргөн соң гана кийинки жылга бюджеттин долбоорун бекитиши керек.Бюджеттик угуулардын максаты – бюджетке байланышкан маселелерди чечүү максатында ЖӨБ органдары жана жамаат сунуштаган чаралар, иш-аракеттер боюнча коомдун макулдугун алуу. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн коомдук угууларда төмөнкүдөй тапшырмалар аткарылат:
 
  • ЖӨБ органдары жарандарды бюджеттин учурдагы абалы, чечилиши керек болгон көйгөйлөр жана кийинки бюджеттик жылга бюджеттик процессти жакшыртуу боюнча чаралар тууралуу маалымдайт;
  • бюджеттик процесс боюнча мыйзамдардын талаптарын аткаруу боюнча ЖӨБ органдарынын жана калктын милдеттеринин аткарылышы тууралуу маалымат берилет;
  • муниципалитеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган бюджеттик маселелерди биргелешип чечүү боюнча чаралар талкууланып, кабыл алынат.

Мындан тышкары Бюджеттик кодекстин 126-беренеси менен калкка бюджеттик маалыматты жеткиликтүү жана жөнөкөй түрүндө берүү максатында Жарандык бюджетти даярдоо зарылчылыгы белгиленген. Жарандык бюджет атайын билими жокторду кошуп алганда, жарандарга жергиликтүү бюджеттин финансылык агымдары жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет. Жарандык бюджетке карата талап көбүрөөк деңгээлде мамлекеттик бюджетке тиешелүү болгонуна карабастан, бул аталган документти шаардын, айылдык аймактын алкагында иштеп чыгуу талабын четке какпайт.

Бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуулар жергиликтүү калкка жарандык бюджетти берүү үчүн жакшы аянтча болуп саналат. Жалпысынан жергиликтүү деңгээлде бюджеттик угууларды өткөрүү практикасы жергиликтүү бийликке жана жамаатка калктуу конуштун турмуш деңгээлин жакшыртуу боюнча маалыматтарды, пикирлерди жана сунуштарды айтууга жол ачат.
 
2017-жылдын башынан тартып USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору жергиликтүү бюджетти башкарууда өзүнүн өнөктөшү болгон ЖӨБ органдарынын потенциалын жогорулатуу боюнча туруктуу иштерди жасап келүүдө. Бул иштин алкагында долбоор салыктык администрациялоо боюнча эки класстердик тренинг, бюджет боюнча коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү, жарандык бюджетти даярдоо боюнча беш тренинг өткөрдү. Ошондой эле долбоор 22 өнөктөш муниципалитетте бюджеттик угууларды өткөрүү ишине колдоо көрсөттү.
 
Долбоор Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарындагы 32 муниципалитет менен кызматташып келүүдө. Долбоор бул муниципалитеттердин потенциалын бекемдөө аркылуу суу менен жабдуу, таштандылар маселесин чечүү, айыл чарба жаатында эффективдүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга жардам берүүдө. 2016-жылдын октябрь айынан тартып, долбоор 1,1 миң муниципалдык кызматкерди жана эксперттерди окутту, жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөр боюнча, бюджетти аткаруу жана жергиликтүү жамааттын уставдарын иштеп чыгуу боюнча 62 коомдук угууларды уюштурду.