Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аймактарды өнүктүрүү: Кыргызстандын жаңы шаарлары жана аларды түптөөгү ким тоскоол болуп жатат?

2019-01-27 / Аймактарды өнүктүрүү

Шаардын өнүгүүсүндө “Жашыл өсүш” моделине өттү “Жашыл өсүштүн” аныктамасы “Жашыл өсүш – бул туруктуу экономикалык өсүштүн жаңы парадигмасы. Ал жалгыз гана экологияга камкордукту караштырбайт. Мындай мамиле өлкөнү өнүктүрүүдө кыска мөөнөттүү жетишкендиктердин ордуна узак мөөнөттүү кызыкчылыктарга багыт алган жана айлана-чөйрө менен экономикалык өсүш маселелерин гана эмес, ошондой эле адилеттүүлүк түшүнүгүн да камтыйт. Өзгөрүүлөр, өнүгүү туруктуу, башкача айтканда үзгүлтүксүз болууга тийиш.

1-сүрөт. “Жашыл өсүштү” киргизүүнүн операциялык схемасы (булагы: Green Solutions for Liveable Cities, Sonia Chand Sandhu Ramola Naik Singru John Bachmann Vaideeswaran Sankaran Pierre Arnoux ADB, 2015)

Туруктуу “Жашыл өсүштүн” ушул үч максатына жетүү үчүн мейкиндиктик, экономикалык жана социалдык пландоого жана өнүгүүгө комплекстүү мамиле жасаш керек. Мындан тышкары максаттарга жана сунушталган иш-аракеттерге карата консенсус болушу абзел. Өзгөрүүлөр/өнүгүү жамааттын мүчөлөрү үчүн эч из калтырбай (чыгашасыз) өтүп кеткен учурлар өтө сейрек. Бирок айрым тармактар жана коомдогу топтор үчүн программалар дайыма компромистүү мүнөзгө ээ болушу негизги максат эмес. Максат – бардыгы үчүн жашоо сапатын чындап жакшыртууга алып келген программаларды ишке ашыруу. 1-сүрөттө шаарлардагы жашоо сапатын жакшыртуу процесси сүрөттөлгөн. Аны АӨБ иштеп чыккан. Шаарлардын азыркы абалынан ойдогудай “жашоо үчүн ыңгайлуу жана туруктуу” шаардын абалына өтүү өнүгүүнү пландоого карата комплекстүү мамилени караштырат. Комплекстүү мамиле кырдаалды дыкат анализдөөгө жана изилдөөгө негизделет. Ал ошондой эле планды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер тууралуу, сунушталган курулушту/чөйрөнү жакшыртууну каржылоо ыкмалары тууралуу макулдашуу аркылуу кызыкдар тараптарды тартууну пландайт. Мындай макулдашуулардын натыйжасында шаарлардагы жашоо сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин туруктуулугуна жетүүгө болот.

“Жашыл өсүш” модели боюнча туруктуу өнүгүү планын иштеп чыгуу мейкиндикти пландоого карата комплекстүү, интеграцияланган мамилени караштырат. Ал болсо өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн мейкиндикти/объекттердин жайгашуусун пландоо жетишсиз экенин тааныйт. Пландоо боюнча бардык адистер мейкиндиктик чечимдер, экологиялык маселелер жана өнүгүүнүн социалдык-экономикалык формалары ортосундагы өз ара байланыш бар экенин түшүнүшү керек. Мындай мамилени киргизүү үчүн финансылык план жана институционалдык өнүгүү планы зарыл. Ошондой эле пландоонун түрдүү этаптарына кызыкдар тараптарды тартуу зарыл.

“Жашыл өсүштүн” принциптери “Жашыл өсүштүн” шаардын жана аймактардын өнүгүүсүнө карата мамилесинин соңку максаты – бул адамдын жашоосу үчүн сейрек чөйрөнү жаратуу, ал чөйрө кимдир бирөөнүн укуктарын бузбастан жалпысынан жергиликтүү жамааттын өзүн өзү өнүктүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мындай элес үч “түркүккө” негизделет: экономикалык өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, пайдалардын жана чыгымдардын акыйкат бөлүштүрүлүшүн камсыздоо (өнүгүүнүн инклюзивдүүлүгү). “Жашыл өсүштүн” өзөгү – туруктуу өсүш. Ошондуктан үч “түркүк” тең принцибинде оң өзгөрүүлөрдү колдоого багытталган.

ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ Шаарларда жакырчылыктын деңгээли төмөн. Себеби чийки заттын басымдуу бөлүгү шаарларда кайра иштетилет жана ушул эле жерде кошумча нарк түзүлөт. Бул болсо инвесторлорго менчикти жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга реинвестиция жасоого шарт түзөт. Бул болсо жаңы жумушчу орундар түзүлүп, шаардыктарда жакшы акча табууга мүмкүнчүлүгү жогору дегенди билдирет. Шаар аймакта/облуста инвестициялардын чордону боло алат, ал эми регион шаардын айыл чарба жана башка продукттарына болгон суроо-талаптарын канааттандыруунун эсебинен пайда таба алат. Бирок шаарлар жана башка калктуу конуштар рынок шарттарында иштешет жана чектелүү инвестициялар үчүн атаандашып келишет. Ошондуктан шаарлар:

  • инвестициялар үчүн жагымдуу жер болгону,
  •  товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү дагы да жагымдуу баада өндүрүү үчүн өзүнүн жайгашкан жеринин жана колдо болгон ресурстарынын артыкчылыктарын колдонуу менен атаандаштыкка жөндөмдүү болгону,
  •  жакын жайгашкан райондор менен экономикалык жактан өз ара пайдалуу мамилелерди түзүү үчүн жергиликтүү продукттардын жана ресурстардын басымдуу бөлүгүн колдонгону өтө маанилүү.

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ КАМ КӨРҮҮ

Айлана-чөйрөгө кам көрүү био көп түрдүүлүүккө кам көрүүнү гана эмес, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине ыңгайлашууну да караштырат. Ал ошондой эле суунун, топурактын жана абанын булгануу деңгээлин азайтууну да өзүнө камтыйт. Бул компонентке төмөнкүлөр да кирет:

  • углеводороддун чыгындысын жана катуу калдыктардын көлөмүн азайтуу максатында ресурстарды эффективдүү пайдалануу,
  •  шаар ичинде ары-бери каттоо убактысын кыскартуу максатында шаардык курулмаларды/ кварталдарды пландоо,
  •  коомдук транспортту жана мотору болбогон транспортту колдонууну, жөө басууну жана велосипед менен жүрүүнү колдогон программалар,
  •  ачык мейкиндиктерди, айыл чарба жерлерин жана токойлорду сактап калуу,
  •  энергияны үнөмдөгөн курулуштар,
  •  катуу калдыктарды кайра ишетүү, экинчи жолу колдонуу, кыскартуу (4R мамилеси)

ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ

Адатта “инклюзивдүү” деп аталып жүргөн адилет өнүгүү шаардагы турмуш үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө негиз салуучу принцип болуп эсептелинет. Шаар тандалма катмар үчүн эмес, бардык жарандар үчүн ыңгайлуу болууга тийиш. Ошондуктан экология жана экономика маселелери менен катар, пландоочулар өз ишинде төмөнкүдөй принциптерди эсепке алышы керек:

  •  сунушталып жаткан өзгөрүүлөр баарына пайда алып келүүгө тийиш,
  •  калктын жакыр жана аялуу катмарларынын эсебинен (аларды кысымга алып четке кагып) өзгөртүүлөр сунушталбашы керек, • базалык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк баарында болушу керек,
  •  шаардын жана айланадагы аймактардын байгерлиги баары үчүн, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар жана азчылыкка жетимдүү болууга тийиш.

ТУРУКТУУЛУК

“Жашыл өсүштүн” өзөгүндө туруктуулук принциби да жатат. Ал төмөнкүлөрдү билдирет:

  •  финансылык туруктуулук: коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана инфраструктураны тейлөөнүн баасы калк төлөгөн акча менен жабылат,
  •  жеткиликтүүлүк: кызмат көрсөтүүлөр баары үчүн алгылыктуу баада жетимдүү болушу керек,
  •  адилеттүүлүк: чыгымдарды “булгаган төлөйт” принциби боюнча акыйкат бөлүштүрүү (өтө көп керектегендер үчүн чоң өлчөмдөгү премиум баалар),
  •  ачык-айкындуулук: ачык финансылык башкаруу, өзгөчө келишимдерди түзүү (подрядчыны тандоо) этабында,
  •  эффективдүүлүк: “ошол эле акчага көбүрөөк баалуулуктар”, “Кыскарт (керектөөнү) – Кайрадан пайдалан – Оңдо – Кайра иштет” циклинин жардамы менен калдыктарды кыскартуу;
  • активдерди эффективдүү башкаруу: активдерди колдонуу жана тейлөө үчүн ресурстарды камсыз кылуу.

“Жашыл өсүш” моделинин негиздемеси (актуалдуулугу)

“Жашыл өсүш” экономикалык өсүшкө көмөктөшөт, бирок ошол эле маалда айланачөйрөнү да жакшыртат. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аймакты дагы да жакшы (активдүү) башкарууга көмөктөшөт. Ал аймактар инвесторлор үчүн жагымдуу боло тургандай инфраструктуранын жана аймактын өнүгүүсүнө багыт көрсөтүп турат. “Жашыл өсүш” эки өнөктөшкө тең пайда алып келе тургандай, башка аймактар менен синергияга умтулат. Ал урбанизацияга шарт түзгөндөй экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө инновацияларга жана жаңы технологияларга дем берет. Ошентип инвесторлорго жана девелоперлерге өзүнө пайда табуу менен көйгөйлөрдү чечүүгө катышуу үчүн мүмкүнчүлүк берет. Ал калкка берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүүлүгүн жогорулатууга, инфраструктураны эффективдүү тейлөөгө көмөктөшөт. Бул болсо узак мөөнөттүү келечекте чыгымдарды азайтат. “Жашыл өсүшкө” өтүү чектелүү ресурстарга аяр мамиле жасоо, био көп түрдүүлүктү коргоо, суунун жана абанын сапатын жакшыртуу дегенди билдирет. Мунун баары жарандардын саламаттыгына оң таасирин тийгизип, мунун натыйжасында продуктивдүүлүгүн да арттырат. Бул ошондой эле мамлекет үчүн да, жарандар үчүн да дарыланууга кеткен чыгашаларды да кыскартат. Ошондой эле пландоо улам өзгөрүп жаткан аба режимдерин, өзгөчө абанын чукул өзгөрүүсүн да эсепке алышы керек. Муну болсо дренаж системаларын долбоорлоонун нормаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана көчкү жүрүү коркунучу жогору аймактарда курулушка тыюу салуу жолу менен ишке ашырса болот.

Шаарлардын инклюзивдүүлүгүн камсыздоо жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү жана саламаттык көз карашынан гана эмес, буга чейин айтылгандай, социалдык туруктуулук көз карашынан да маанилүү. Шаарда бардык топторго, анын ичинде жакыр жана аялуу топторго акыйкат мамиле жасалса, социалдык толкундоолор үчүн себеп да аз болот. Мектептер баары үчүн жеткиликтүү болсо, билим алууда артта калган балдар азайып, сабакка баргандар көбөйүп, болочок муун жакырчылыктын чегинде жашайт деген тобокелдик да азаят. Соңунда Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы өнүгүүнүн артыкчылыктары катары үч компонентти бөлүп карайт: жакырчылыктын деңгээлин азайтуу, экономикалык өсүш жана айлана-чөйрөнү коргоо. Бул болсо “Жашыл өсүш” принциптерин киргизүү үчүн жетиштүү жүйө болуп калууда.

“Жашыл өсүш” моделине өтүү үчүн шарттарды түзүү

Пландоо процесси Кайсы бир шаарда же райондо “Жашыл өсүш” саясатынын бардык үч элементин ишке ашыруу анчалык мүмкүн эмес. Бирок бул факт ушундай саясатты кабыл алуунун маанисин азайтпайт. Саясатка ылайык, бардык аймактар пландарды иштеп чыгып, анда үч элемент караштырган максаттарга жетүү да эсепке алынат. Албетте, саясаттын үч элементтеринин бирине жетүү башка чөйрөлөрдөгү узак мөөнөттүү жетишкендиктерге зыянын тийгизбеши керек. Адамдык да, финансылык да ресурстар, ошондой эле институционалдык жана укуктук ресурстар чектелүү болгонун тааныган, ошол эле маалда бардык элементтердеги кырдаалды кантип жакшыртса болоорун көрсөткөн так схеманы камтый турган стратегияны иштеп чыгыш керек. Бул үчүн кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү жыйынтыктар үчүн так максаттуу багыттарды аныктап алуу зарыл. Бул болсо узак мөөнөттүү максаттарга жетүүдөгү прогресске көз салып турууга жардам берет. SMART1- көрсөткүчтөрүн эсепке алуу менен мониторинг системасын иштеп чыгуу милдеттүү шарт жана зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизгенде жооптуу органдарга өтө чоң жардамы тиет.

Пландоо процесси шаардын же калктуу конуштун элесин макулдашуудан башталат. Андан соң учурдагы кырдаалга анализ жасалат. Бул анализ узак мөөнөттүү элеске карата үч элемент үчүн өлчөнөт. Кемчиликтерди аныктоо үчүн SMART2-анализин колдонсо болот. Андан соң Иш-аракеттер планы даярдалып, ал биринчи кезекте муктаждыктарды канааттандырууга/“кемчи ликтерди” кыскартууга багытталат. Мында колдо болгон каражаттар, институционалдык потенциал жана укуктук, жол-жоболук чектөөлөр эсепке алынат. Бул процесске мүмкүн болушунча көбүрөөк кызыкдар жактар тартылып, ал өзүнө улуттук саясаттын жана программалардын интеграциясын камтышы керек. Өнүктүрүү саясат институту GIZ3 финансылык колдоосу менен даярдаган Аналитикалык жазууда (мында улуттук артыкчылыктарды жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктары менен макулдашуу принцибине негизделген социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландоонун модели сүрөттөлөт) белгиленгендей, тармактык саясаттардын жана программалардын горизонталдык же вертикалдык интеграциясында, ошондой эле пландарды даярдоо процессинде борбордук жана жергиликтүү бийлик органдары ортосундагы байланышта чектөө бар. Мындан улам бул эффективдүү ишке ашышы үчүн ушул структуралык көйгөйдү өкмөт менен кошо чечиш керек. Аймактык өнүгүү пландарын иштеп чыгуу бул процесстин маанилүү бөлүгү болуп эсептелинет. Кемчиликтердин баары ушул Аналитикалык жазуулардын 2-главасында сүрөттөлгөн. Аймактык пландоо системасын өзгөртүү боюнча сунуштар Аймактык-мейкиндиктик башкаруу жөнүндө Мыйзам үчүн жободо4 баяндалган. Бул жобо пландоо системасын аныктайт, ал вертикалы жана горизонталы боюнча аймактык пландоону интеграциялоого багытталган. Мында өзгөчө фокус аймактык пландарды ишке ашыруу менен планды иштеп чыгуу системасынын ортосундагы тыгыз өз ара байланышка жасалган. Бул жерде өзгөчө кызыкдар жактар катышууга тийиш. Ошондой эле жободо стратегиялар аймактык пландарды ишке ашыруу үчүн ажырагыс жана зарыл бөлүгү болуш керектиги таанылган. Алардын көпчүлүгү фискалдык, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө көрүлгөн иш-аракеттерге тиешелүү болот.

Каржылоо маселелери

Өнүгүүнү каржылоо болбосо комплекстүү мейкиндикти пландоо практикасын жакшыртуу да мүмкүн болбойт. Жогорудагы 3.2-пунктта айтылгандай, ЖӨБ кызмат көрсөтүү үчүн чоң жоопкерчиликти алат, бирок аларды аткаруу үчүн жетиштүү финансылык мүмкүнчүлүктөрү болбойт. Жергиликтүү салык салуу жергиликтүү бийлик органдарына өз ыктыярына жараша кирешелерди көбөйтүү боюнча айрым ыйгарым укуктарды бере алышы үчүн, ошондой эле инвесторлорду шыктандыруу максатында салык жеңилдиктерин колдоно алышы үчүн салыктарды чогултуу эрежелерин кайрадан карап чыгуу зарыл. Мындан тышкары көпчүлүк муниципалитеттер республикалык салыктарды чогултуудан көп эмес бөлүккө ээ болушат. Көйгөйлөрү олуттуу, ал эми ресурстары чектелүү болгон облустар башка облустарга салыштырмалуу көбүрөөк субсидияларды алышын камсыздоо үчүн теңештирүү системасын иштеп чыгуу зарыл. Түшкөн акчанын көбөйүшү жергиликтүү муктаждыктарга жооп берген долбоорлорго жана программаларга инвестиция салууга көмөктөшөт. Ошондой эле ЖӨБго өзүнүн капиталдык чыгымдарын көбөйтүүгө да жол ачат. Негизги кыйынчылык – улуттук тармактык программалардын жана долбоорлордун артыкчылыктарын аныктап жатканда ЖӨБдүн муктаждыктарынын эсепке алынуусун камсыздоо. Улуттук программаларды ишке ашыруу максатында муниципалитеттер өтүнмөлөрдү берип, конкурстан өтүшү үчүн чыгашаларды бөлүштүрүү системасын караштырса болот. Бирок ЖӨБ чыгашалардын бөлүгүн өз алдынча жабат деген шарт бар. ЖӨБ жапкан чыгашалардын бөлүгү райондун байгерлигин (байлыгын) баалоодон көз каранды. Белгиленген керектөөлөрдү жана жамаат үчүн ыктымалдуу пайдаларды эсепке алуу менен, өтүнмө ээлери үчүн артыкчылыктарды аныктоонун системасын иштеп чыгуу зарыл.

Институционалдык шарттар

Пландоо үчүн жооптуу органдар аймактарды пландоо тармагындагы бийликтик ыйгарым укуктарын жана функцияларын бөлүштүрүү концепциясын кабыл алышы керек. Кардардын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүнүн/консультанттын функцияларын бөлүштүрүү Архитектура жана шаар куруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунда (Долбоорлоо институтунда) колдонулбай келет. Бул институт аймактык пландоодо жана шаар курууда жетектөөчү принциптерди аныктоодо маанилүү ролду ойнойт. Ошону менен бирге институт ЖӨБО үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү негизги жеткирүүчү болуп саналат. Борбордук өкмөттүн деңгээлинде апелляциялар боюнча чечимдерди кароо жана чыгаруу үчүн жооптуу ведомство жок.

Архитектура, курулуш жана турак жайкоммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттик (Мамкурулуш) Экономика министрлигинин карамагында болгон саясатты түзүүгө тикелей тартылбаган техникалык ведомство катары каралууда. Курулуш үчүн көзөмөл жүргүзүүгө жоопкерчилик кайрадан Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлүп берилгендиктен Мамкурулуштун функциялары жана мандаты бир кыйла кыскарган. Мындан тышкары Долбоордук институт бир кыйла даражада өзүн өзү каржылай алууга милдеттүү болушу керек. Бул болсо институт жаңы башкы пландарды жана деталдуу пландарды же зоналоо пландарын иштеп чыгууга байланышкан ЖӨБОнун чечимдеринен өтө көз каранды болгонун билдирет. Борбордук бийлик органдарынын аймактыкмейкиндикти пландоо үчүн жооперчилиги өзүнө саясатты түзүү, мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, бул тармактагы ишмердикке көзөмөл жүргүзүү, техникалык апелляциялык соттун кызматтарын көрсөтүү өңүттөрүн камтышы керек. Милдеттерди бөлүштүрүүдө райондук деңгээлдеги аймактык-мейкиндиктик пландарга, ошондой эле муниципалитеттер үчүн пландарга жоопкерчилик тийиштүү ЖӨБОго бекитилиши керек. Эгерде бул мыйзамдар менен бекитилсе, анда аймактык жана социалдыкэкономикалык пландардын интеграциясын бир кыйла жеңилдетүүгө болот. Ошону менен бирге ЖӨБОнун Социалдык-экономикалык өнүгүү пландары (СЭӨП) ишке ашырылып жаткан улуттук долборлор жана программалар менен толуктала алышы үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экени белгиленет1 . Ыйгарым укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүү Долбоорлоо институтунун түзүмүнө таасирин тийгизет. Себеби анын учурдагы функциялары эки көз карандысыз органды түзүү жолу менен бөлүштүрүлөт. Бир орган шаардык жана аймактык пландарды ишке ашыруу менен алектесе, экинчиси стандарттарды, саясатты, мыйзамдарды аныктап, мониторинг жүргүзүп, даттануу системасын камсыз кылат. Сапатты көзөмөлдөө максаттары үчүн зарыл деп табылса, Долбоорлоо институтунун Өкмөткө караштуу борбордук органдын чегинде калган бөлүгү да шаарды жана аймактарды пландоо менен алектенген компаниялардын аккредитациясы үчүн өзүнө жоопкерчилик алса болот.

Аймактарды жана шаарларды пландоо боюнча адистер шаарды комплекстүү өнүктүрүүнүн маанисин баамдай алышы керек. Ошондой эле алар ушул тапта пландарды иштеп чыгууга тартылып жаткан техникалык кызматтардан тышкары башка адистиктердин да маанисин билиши абзел. Пландар финансылык-экономикалык анализдин жардамы менен негизделүүгө тийиш. Алар бюджетти даярдоого, акча агымдарын пландоого даяр болушу керек. Мындай акча зарыл болгон учурда сунушталып жаткан долбоордун кошумча чыгашаларын биринчи планга алып чыгат. Андан соң планды даярдоо процессинде аймактык жана шаарды пландоо боюнча адистер мобилдешүүнү үйрөнүп, кызыкдар тараптарды катышууга тартышы керек. Себеби бул пландарды даярдап, бекитүү процессинин маанилүү бөлүгү болуп калат. Кызыкдар тараптарды төмөнкүлөр аркылуу тартууга болот:

  • мэриядагы коомдук форумдар/жолугушуулар;
  • анкета толтуруу;
  •  консультацияларды/фокус топтордогу талкууларды өткөрүү.

Маңызы боюнча, аймактарды жана шаарларды пландоочулар шаарды өнүктүрүүнүн менеджерлери болуп калышы керек. Бул болсо университеттер жана институттар аймактарды жана шаарларды пландоо боюнча окуу курстарын ачышы керек дегенди билдирет.

“Жашыл өсүштүн” пландалышы керек болгон компоненттеринин мисалдары

Жашыл өсүштүн” моделин түзгөн үч элементтердин ар бирине эмнелер кирет? Төмөндөгү бөлүмдө айрым сунуштар берилди. АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ МАСЕЛЕЛЕРИ

Санитария

  •  Эл жыш жайгашкан райондордо жана борбордук ишкер райондордо канализация системасын өнүктүрүү.
  •  Эл анчалык жыш жашабаган же көп колдонулбаган райондордо дааратканалардын абалын оңдоо.
  •  Шламды жыйноо, кайра иштетүү жана колдонуу системасы.
  •  Канализациянын жөнөкөйлөштүрүлгөн системалары жана жергиликтүү тундургучтар.
  •  Гигиенага окутуу.

Суу ресурстарын үнөмдөө

  •  Сууну үнөмдүү пайдалануу маселелери боюнча окуулар.
  •  Суу пайдалануу үчүн жыйымдын прогрессивдүү ставкасы.
  •  Суу чогулган аймактарды жана суу булактарын коргоо.
  •  Жамгыр суусун пайдалануу.
  •  Шаардык райондордо сууну сиңирип алган мейкиндиктерди көбөйтүү.

Парник газдарынын чыгындысын мүмкүн болушунча азайтуу

  • Транспорт – пайдаланып бүткөн газдардын чыгындысын кыскартуу; ары-бери каттоо аралыгын кыскартуу; коомдук транспорттун абалын оңдоо; күйүүчү май колдонулбаган транспортту (велосипед, жөө басуу ж.б.) пайдаланууга шыктандыруу; автоунаа токтотуучу жайларды азайтуу же ишин жөнгө салуу; жолдорду пайдалануу үчүн акы алуу.
  •  Жашыл бак-дарактардын алдында аянттарды кеңейтүү, булганыч жерди калыбына келтирүү, бак-дарактарды коргоо жана сактоо эрежелерин киргизүү.
  •  Жылуулукту жоготууну мүмкүн болушунча азайткан архитектуралык/инженердик конструкциялар; жасалма жарыктандырууга жана муздатууга болгон муктаждыкты мүмкүн болушунча азайтуу. Үйдүн чатырларын, вертикалдык кыртыштарды жашылдандыруу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу.

Катуу калдыктар

  •  Төрт R (Reduce – пайдаланууну кысскартуу, Reuse – кайта пайдалануу, Repair – ремонт жана Recycle – кайрадан кайта иштетүү
  •  Жер семирткичтерди жана электр энергиясын чыгаруу үчүн биобөлүнүүчү калдыктарды пайдалануу.

Суу ташкындарын контролдоо

  •  Калдыктарды жыйноо ишин жакшыртуу жана дренаж каналдарын тазалоо.
  •  Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүн эсепке алуу менен дренаж каналдарынын көлөмүн көбөйтүү.
  •  Табигый жайылма жерлерди колдонууга бербей, сактоо.
  •  Автоунаа токтотмо жайларында катуу көпшөк жабууларды пайдалануу.

ЭКОНОМИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР

Атаандаштык артыкчылыктарынын концепциясы

  •  Бар болгон табигый ресурстардын жайгашкан жери.
  •  Үйрөнгөн көндүмдөр (университеттерде жана илимий-изилдөө институттарында). Кластерлерди өнүктүрүүдө синергия түшүнүгү
  •  Бирин-бири толуктаган атаандаштык артыкчылыктар ортосундагы байланыштар
  •  Бар болгон адистиктердин окуу китептерин жаңылоо
  •  Кластерлердин борборлору ортосунда транспорттук жана МКТ-коммуникацияларын жакшыртуу

ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮКТҮРҮҮ

Гендер жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын маселелери

  •  Пландоо жана чечимдерди кабыл алуу процессинде аялдар жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн өз пикирин билдирүү мүмкүнчүлүгү.
  •  Имараттардын, мамлекеттик мекемелердин жана коомдук транспорттун жеткиликтүү болгону.
  •  Менчик укуктары, турак жайга ээлик кылууда кепилдиктерди камсыздоо. Базалык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк
  •  Кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгы үчүн жеткиликтүү болгон бааны камсыз кылуу үчүн баа бычуу механизмдери.
  •  Инфраструктурага артыкчылыктуу мамлекеттик инвестициялоо, бул болсо жакырларга кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздай алмак.
  •  Коомдук мекемелердин (мектептердин, медициналык борборлордун, полиция бөлүмдөрүнүн жана өрт өчүрүү станцияларынын) жайгашкан жери – булар калктын бардык катмарларынын адекваттуу тейленүүсүн камсыздамак.
  •  Калк үчүн иш орундарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн коомдук транспорттун жетимдүүлүгү.