Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

III. Экономикалык бакубаттык жана өнүгүү үчүн чөйрөнүн сапаттуулугу

2018-11-07 / Көңүл чордонунда

3.2. Өнүктүрүү үчүн туруктуу чөйрөнү түзүү. Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү (Стратегиянын 50-54-беттери) Келечекке көз караш: Регионалдык шаарларда жана айылдык аймактарда жашаган жарандын турмушунун сапаты борбордун калкынын жашоо-турмушунун сапатына максималдуу жакындайт жана калктуу конуштардын географиялык жайгашуусуна карабастан олуттуу айырмаланбайт. Ар бир региондун өзүнүн жагымдуу жактары болот, алар адамды өз турмушун “кичи мекени” менен байланыштырууга жүйөлөштүрөт. Ар бир жаран, жамаат, уюмдар өз шаарын, айылын, регионун өнүктүрүү максатында өздөрүнүн демилгелерин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алууга шарттар түзүлөт. Өлкөнүн региондорунда инвестицияларды тартуу жана бизнести өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт. Региондор өздүк өнүгүү программаларын ишке ашыруу үчүн зарыл мүмкүнчүлүктөрдү алышат.

Жаран өлкөнүн аймагында жашаган жерине карабастан, менчиктин ар кандай түрлөрүндө сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды коюучуларды тандоо мүмкүнчүлүгүн алышат. Региондордо социалдык өнүктүрүү өндүрүмдүү иш менен камсыз кылууну дем берүүгө, калктын кыйла муктаж катмарын колдоого багытталат. Региондорду ийгиликтүү өнүктүрүү бүткүл Кыргызстанды ийгиликтүү өнүктүрүүнүн кепили болуп саналат. Өлкөнүн шаарлары жана айылдык аймактары турмуштук жактан туруктуу, өлкөнүн жарандарынын жашоосу үчүн туруктуу, коопсуз жана ыңгайлуу болууга тийиш, бул ички миграцияны кыскартууга жана жер-жерлерде жаш адистердин отурукташып калуусуна мүмкүнчүлүк берет. Дайыма эле “туурасынан кеңейүүгө мүмкүн эмес, жогору карай өсүү керек”. Биз шаарларыбыздын жана айылдарыбыздын образын өзгөртүүгө, заманбап көрүнүшкө келтирүүгө тийишпиз, бул мейкиндиктик пландоого жана өнүгүүгө жаңы мамилени талап кылат, архитектуралык жана курулуш нормаларына жана стандарттарга талаптарды күчөтөт. Ошону менен бирге, бул шаардык маданиятты жана өнүгүү чөйрөсүн түзүүнү милдеттендирет. Шаарды өнөр жай, финансы жана маданий борбор катары эле өнүктүрбөстөн, адамдардын жүрүм-турумунун жана бири-бири менен мамилесинин маданиятын, адамдын адеп-ахлактык, укуктук жана саясий маданиятын да калыптандыруу зарыл. Региондордун экономикасы “өсүш жерлерин” түзүүгө негизденет, алар жетишилген ийгиликтерге жараша мамлекеттин атынан преференциялар менен камсыз болушат. Региондор инвестицияларды, анын ичинде мамлекеттик инвестицияларды алуу укугу үчүн атаандашат. Региондор өндүрүүнүн жана керектөөнүн сарамжалдуу моделдерин түзүүгө муктаж, бул аларды өлкөлүк экономикалык мейкиндикке органикалуу интеграцияланууга мүмкүнчүлүк берет. Урбанизация, өнүктүрүүнүн таяныч чордону катары ири региондук калктуу пункттарды түзүү, аларда логистикалык борборлорду жана өнөр жай ишканаларын түзүү жакын жайгашкан аймактар менен өндүрүштүкэкономикалык байланыштардын туруктуулугун, чакан жана орто бизнестин реалдуу интеграциялануусун камсыз кылат.

Региондордун чыгарылуучу продуктулардын чектелүү санына адистешүүсү региондордо ири жана атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштү өнүктүрүү үчүн өбөлгө болот. Ошону менен бирге башкаруу системасы лидер региондор менен экономикасы чабалдыгына байланыштуу колдоого муктаж региондордун ортосундагы балансты камсыз кылат, жашаган аймагына карабастан жаранга мамлекеттин социалдык жана башка кепилдиктерин аткарышын камсыз кылат. Региондун өнүгүүсүн пландаштыруу геомаалыматтык жана демографиялык маалыматтарга таянган жаратылыштык, социалдык жана экономикалык бардык факторлорду комплекстүү мейкиндиктик пландаштыруунун заманбап түшүнүгүнө негизденген. Региондук өнүгүүнү пландаштыруу өнүгүүнү пландаштыруунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана түзөтүүнүн бирдиктүү механизминде ар кандай тармактардын пландарын жана башкаруу деңгээлдерин байланыштырган улуттук системанын алкагында заманбап технологияларды пайдалануу менен жүргүзүлөт. Пландаштыруунун бул системасы өнүгүүнүн республикалык бюджетинин жана бюджет аралык мамилелердин негизи болушу керек. Өзгөчө кырдаалдар менен байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүүнү, мыкты технологияларды киргизүүнүн жана кен казуу ишканаларынын ишине контролдукту күчөтүүнүн эсебинен жер жана суу ресурстарынын булганышын кыскартууну камсыз кылуу зарыл. Натыйжалуу энергетикалык жана ирригациялык тармактарды, жол жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, калктуу конуштарды таза ичилүүчү суу жана суу бөлүштүрүүчү системалар менен камсыздоо мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Жергиликтүү бийлик органдарынын негизги милдети жер-жерлерде өнүгүүнү камсыз кылган экономикалык жана социалдык субъекттерди түзүү болмокчу. Региондорду өнүктүрүү жагында төмөнкү артыкчылыктуу милдеттер аныкталды. Мамлекеттик, муниципалдык жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүү рыногун түзүү. Мамлекет ар кандай уюштурууукуктук түрүндөгү субьекттердин кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө тартылышына дем берүү үчүн шарттарды камсыз кылат. Жүйө фактору баа түзүү, тариф саясаты, субсидиялоо принциптери, мамлекеттик, муниципалдык, социалдык заказды кызмат көрсөтүүлөрдү мыкты коюучулардын арасында жайгаштыруунун өз ара пайдалуу системаларына негизденет. Жеке жана коммерциялык эмес сектор мамлекеттик жана муниципалдык органдарды алар үчүн мүнөздүү эмес функцияларды аткаруудан бошотуп, кызматтарды көрсөтүүнүн негизги функцияларын өзүнө алып, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден ашыкча жүктөм алынышы керек. Бизнес – пландаштыруу принцибинин негизинде “өсүш жерлер” – таяныч шаарлары жана айылдык аймактар өнүктүрүлөт.

Аймактык мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын милдети экономика, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, социалдык коргоо чөйрөсүндө өнүктүрүү субьекттерине алардын демилгелерин ишке ашыруу, адамдык жана финансылык ресурстарды тартуу үчүн максималдуу жагымдуу шарттар түзүлгөн чөйрөнү калыптандырууда турат. Бул максаттарда ЖӨБО окутуу, региондордун экономикасын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу зарылчылыгы маселелеринде алардын квалификациясын жогорулатуу максатка багыттуу жүргүзүлөт. Жергиликтүү жетекчилердин иши тартылган инвестициялар жана кайрадан түзүлгөн жумушчу орундар боюнча бааланат. Шаарларды өнүктүрүү инфраструктуралык мүнөздөгү ыкчам көйгөйлөрдү чечүүгө эмес, өнүктүрүүнүн колдо болгон факторлорун пайдаланууга жана илгерилетүүгө, ийгиликтүү демилгелерди жана долбоорлорду колдоого негизденет. Пландоонун жана башкаруунун комплекстүү системасы региондорду өнүктүрүүдөгү диспропорцияны кыскартууга мүмкүндүк берет. Өнүгүү боюнча функцияларды натыйжалуу аткарууга жергиликтүү бийликтин жөндөмсүз болушу административдик-аймактык реформаны өткөрүүнү шарттайт. Реформанын башкы максаты – эл үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамлекеттик башкаруу системасынын вертикалын, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну оптималдаштыруу. Демек, аймактык башкаруу системасын реформалоонун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жаңы административдик аймактык бөлүнүшү түзүлөт, ага пландоонун жана башкаруунун комплекстүү системасынын алкагында натыйжалуу жөнгө салынуучу объективдүү социалдык-экоРегиондордун өнүгүүсүн басаңдаткан, региондук экономиканын өсүшүнө экономикалык түрткү берүүнү жокко чыгарган, региондогу жашаган элге социалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн деңгээлин ылдыйлаткан бардык факторлорду чечкиндүү түрдө жоюшубуз керек. Региондорду зарыл болгон мыйзамдык колдоо жана финансылык ресурстар менен камсыз кылуу, ошондой эле экономиканы региондорго буруу үчүн экономикалык зарыл мотивацияны түзүү маанилүү болуп эсептелет.

Аймактык башкаруунун жаңы модели жарандардын жашоо турмушунун сапатын жакшыртууда аймактык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатууга негизденет. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында региондордун адистешүүсүн жана өзгөчөлүгүн эске алуу менен улуттук, ошондой эле мамлекеттик тармактык программаларды ишке ашыруу боюнча жаңы милдеттер коюлган. Бул үчүн аларга зарыл башкаруучулук, административдик ыйгарым укуктар берилет, ошондой эле мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөө ыйгарым укуктары берилет1 . Жергиликтүү бийлик башкаруунун реалдуу заманбап механизмдерин өздөштүрүүсү абдан маанилүү. Кайра карап чыгуу жана аймак менен тармакты байланыштырган тармактык башкаруудан комплекстүү башкарууга өтүү зарыл. Биз Кыргыз Республикасынын аймактарын башкаруу жана чек арасынын коопсуздугун сактоо үчүн аракеттүү механизмдерди түзүшүбүз керек. Чек ара аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү атайын экономикалык чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен катар эле чек ара коопсуздугун камсыз кылуу менен да жетишилет

 

Окшош материалы: