Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамажунус АБИЛОВ: өнүктүрүү программасы Ноокат районунун жашоочуларынын суроо-талаптарына жана дараметине негизделген

2025-03-03 / Көңүл чордонунда
Мамажунус АБИЛОВ: өнүктүрүү программасы Ноокат районунун жашоочуларынын суроо-талаптарына жана дараметине негизделген

Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары Мамажунус АБИЛОВ негизги долбоорлорду ишке ашырууну гана көзөмөлдөбөстөн, ошону менен бирге райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана аткаруу үчүн жооптуу Координациялык кеңешти да жетектейт.

Район жигердүү өнүгүүдө, артыкчылыктардын катарында туризм, айыл чарба үчүн шарттарды жакшыртуу, логистикалык борборлорду куруу жана жумуш орундарын түзүү бар. Жыйынтыктарга таянсак, Ноокат инфраструктураны өнүктүрүү, өнөр жай ишканаларын куруу жана жумуш орундарын түзүү жаатында мамлекеттик деңгээлдеги уникалдуу долбоорлорду ишке ашырууга мисал боло алат. Бирок райондо, тактап айтканда, Ноокат шаарында канализация жана газ менен камсыздоонун жоктугу чечилбеген чоң көйгөйлөр бойдон кала берүүдө.

– Акимдин орун басары менен Координациялык кеңештин төрагасынын милдеттерин айкалыштыруу оор эмеспи?

– Тескерисинче, бул мага райондун болгон дараметин көрүүгө, инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүнүн, ишкерлерди колдоонун жана негизги тармактарды өнүктүрүүнүн ортосунда тең салмактуулукту табууга жардам берет. Мындай кош ракурс элдин чыныгы суроо-талаптарын эске алууга, чоо-жайына көңүл бурууга, иштеп кетчү пландарды түзүүгө жана региондун дараметин ачууга мүмкүндүк берет.

– 2024-жылдын ноябрь айында Ат-Башы районунда болгон экенсиз. Бул иш сапары маалында өзүңүз үчүн кандай жаңы нерселерди ачтыңыз?

– Ат-Башыдан абдан жакшы таасирлер менен кайтып келдик. Аймактарды өнүктүрүү системалуу мамилени талап кылаарына, ал эми аймактардын горизонталдуу кызматташуусу идеялар, мыкты тажрыйбалар менен алмашуу үчүн стимул бере аларына дагы бир жолу ынандык. Бизде болбогон нерселерди Ат-Башыда көрдүк, өзгөчө инновациялык китепкана жакты. Бизде азырынча санариптештирүү элементтери бар китепканабыз жок, маалымат алуу үчүн QR-коддорду колдонбойбуз. Бирок биз ушул тажрыйбаны да өзүбүздө колдонууга аракет кылабыз.

Ат-Башыда кышкы туризмди өнүктүрүп жатышкан экен, бизде мүмкүнчүлүктөрүбүз бар болгону менен, мындай туризм такыр жок. Биз эки жылдан бери лыжа инфраструктурасын түзсөкпү деп ойлонуп келатабыз: долбоорлорду даярдап, жер маселелерин чечип жатабыз. Жада калса асма жолдорду курууга даяр болгон инвесторлор да табылды. Ылайыктуу жерди кылдаттык менен тандап алуу гана калды.

Туризм аркылуу биз маданиятыбыздын өзгөчөлүгүн жеткиргибиз келет. Мисалы, улуттук колориттеги мейманканаларды курууну каалайбыз. Мындай мейманканада бардык ыңгайлуулуктар болот – туристтер бир эле учурда эс алып, иштей алышы үчүн эс алуу жайларынан баштап жыйындар залына чейин болот. Тилекке каршы, Ноокат районунда бир дагы заманбап мейманкана жок, бирок биздин Абшыр-Ата жана Кыргыз-Ата деген кооз жерлерибизге туристтердин агымы жыл сайын көбөйүп баратат.

Туризмди өнүктүрүүнүн заманбап тренддерин эске алып, биз туристтер токтоп, душка түшүп, ысык чай ичип, күчкө толуп, QR-коддор аркылуу туробъекттер жөнүндө маалымат ала турган рестпоинттерди1 кура баштадык. Ош – Ноокат трассасынын ашуусунда биринчи рестпоинттин курулушу бүтөйүн деп калды, ал эми Жийде айылында курулуш иштери жакында башталат, үчүнчүсү болсо планга киргизилди. Бул чакан санитардык зоналар саякаттоону алда канча ыңгайлуу кылат.

Туристтик объектилерди түзүү – бул көбүрөөк ишкерлердин укугу. Тилекке каршы, Ноокатта ишкерлердин жигердүү иш-аракеттерине бош жердин жоктугу терс таасирин тийгизүүдө. Райондо калк жыш жайгашкандыктан, бош участоктор дээрлик калган жок. 

– Аймактын брендин түзө ала турган кандай “өзгөчөлүктөр” райондо бар?

– Ноокат районунун айыл чарба бренди – бул мисалы, “Ноокат алмасы” бренди катары кеңири белгилүү алмалар. Бир нече жылдын ичинде биз бул жемиштерди өстүрүүдөн сатууга чейин чынжырчаны түзө алдык. Акыркы маанилүү жаңылык – Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-министр Бакыт ТӨРӨБАЕВдин катышуусу менен чоң муздаткыч кампанын ачылышы болду, бул кампада 1 200 тонна айыл чарба продукциясын сактоого болот. Бул сактоочу жайдын жардамы менен багбандар алган түшүмүн ошол заматта эмес, жыл бою сатууга мүмкүнчүлүк алышты, бул болсо алардын кирешелүүлүгүн жогорулатып жатат.

Логистикалык борборду “Ноокат алмасы” кооперативи курган, ал 300гө жакын багбандын башын бириктирет, ошондой эле биздин колдообуз менен бакчаларды кеңейтип, борборду куруу үчүн жер бөлүнгөн2.  Донордук уюмдар муздатуучу жабдууларды сатып алууга жана бизнес-планды даярдоого жардам беришти. Азыр кампада салмагы 600 тонна болгон продукция бар, 200 тоннасы сатылды. “Ноокат алмасы” багбандарды окутуу менен да алектенет, себеби брендди колдоо үчүн чоң көлөмдөгү жемиштер керек. Бул үчүн биз кыйла күч-аракет жумшап келатабыз: окуу корпустары курулду. Кийинки жылы сорту төмөн алмаларды кайра иштетүү үчүн цехтерди курууну пландап жатабыз, мындай алмалар ширелерди, джемдерди, кыямдарды өндүрүү үчүн ылайыктуу. 

– Өнүктүрүү программасына өнөр жай өндүрүшүнүн тармактары кирдиби?

– Ноокат району пайдалуу кендерге – алтынга, күмүшкө, гипске, уранга, вольфрамга, таш көмүргө бай. Ошондуктан СЭӨПга биз тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүнү киргиздик.

Ушул тапта цемент заводунун курулушу жүрүп жатат. Майдалагычтар, трансформаторлор орнотулуп калды. Февралда өндүрүш жана экспорт башталат. Курулуп жаткан завод Ош облусундагы эң ири цемент заводу болуп эсептелет. Бул Өзбекстанга, Тажикстанга жана Орусияга сатуу үчүн жылына 1,2 миллион тонна кубаттуулуктагы, экспортко багыт алган өндүрүш болот. Бул долбоор үчүн ички инвестициялар тартылып, администрация жер маселесин трансформация жолу менен чечип берди. Белгилүү болгондой, Ноокат районунда “Түштүк-Кыргыз цемент” заводу иштейт. Анын айырмачылыгы – продукция өлкөнүн ичинде сатылып, Ош облусунун керектөөсүнүн 40% камсыз кылат.

Мындан тышкары, көмүр казып алып, аны брикеттерге таңгактоо боюнча ишкананы ачууну пландап жатабыз. Планда көмүрдүн калдыктарынан жер семирткичтерди чыгаруу боюнча долбоор бар.

Жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушу – бул Ноокатта ишке ашырылып жаткан ири улуттук долбоор. Мамлекет Кытайдан инвестор тартты. Баасы 260 миллион АКШ долларын түзгөн ишкана 102 гектар аянтты ээлейт жана түштүк облустарда ушундай жалгыз завод болуп саналат. Заводдун ачылышы менен Өзбекстандан жер семирткич сатып алуу зарылчылыгы болбойт, тескерисинче, өзүбүз коңшу өлкөлөргө экспорттой алабыз. Ноябрь айында завод үчүн Кытайдан 15 миллион долларлык жабдуулар импорттолгон, ишкана ушунчалык чоң болгондуктан, техника 22 оор жүк ташуучу унаа менен алып келинген. Жабдуулар топурактын асылдуулугун жогорулатуу үчүн колдонулган жогорку сапаттагы гуминдик жер семирткичтерди чыгарууга мүмкүндүк берет. Өндүрүш 2025-жылы ишке берилет деп пландаштырылган. Башында жылдык кубаттуулугу 100 миң тоннаны түзөт, толук кубаттуулукка чыккандан кийин жылына 500 миң тоннага чейин жер семирткич чыгарылат. Жалпысынан алганда долбоорду ишке ашыруу төрт этап менен өтөт, алардын алкагында айыл чарба техникаларын чогултуу боюнча заводдун курулушу каралган. Заводдо 2 миңден 3 миңге чейин адам иштейт, штаттын 90% жергиликтүү тургундардан турат. 

– Дагы кандай кызыктуу объектилер пландаштырылып жатат?

– Бизде чөптүн жоктугунан улам мал барбаган жайыттар бар. Мындай жайыттарда күн кечке тийип турат, ошол себептен мындай жерлер күн панелдерин орнотуу үчүн эң ылайыктуу болуп саналат. Жакында эле күн панелдерин орнотуу үчүн 1000 гектар жер трансформацияланды. Кытайдан 50 гектар жерге панелдерди орнотууну каалаган инвестор келди. Бирок бул азырынча пландарда гана бар. Мындан тышкары чакан ГЭС курулуп жатат, учурда экинчи агрегаттын курулушу уланууда. 

– Координациялык кеңештин жыйынында райондун эки негизги көйгөйү – канализациянын жана газдын жоктугу тууралуу сөз болду. Эмне үчүн бул маселелерди чечүү мынчалык оор болуп жатат?

– Чындыгында эле бизде көптөн бери чечилбей келаткан эки чоң көйгөй бар. Биринчиси – канализация. Ноокат 2003-жылдан бери расмий түрдө шаар болуп эсептелет, бирок бул жерде канализация системасы курулбагандыктан, көп кабаттуу үйлөрдү курууга мүмкүнчүлүк жок. Бирок, калктын саны өсүп жатат, ал эми мындан ары куруу мүмкүн эмес – бул үчүн жер жок. Учурда шаарда совет доорунда курулган эски эки кабаттуу эки үй “өз доорунун соңуна чыгып калды”. Бул үйлөрдө жашап жаткан адамдар сууну кол менен ташууга, ал эми колдонгон сууну ылдый ташып түшүрүүгө аргасыз болууда.

Айыл чарба багытындагы жерлерди үйлөрдү курууга бере албайбыз, антпесе райондун азык-түлүк коопсуздугу көз каранды болгон азык-түлүктөрдү өндүрө албай калабыз.

Башка бир көйгөй – газдаштыруу. Райондогу бир дагы үйдө жаратылыш газы жок. Адамдар көмүр, отун же отундун башка альтернативалык түрлөрүн колдонууга аргасыз болуп жатышат. Газ түтүктөрүн Кызыл-Кыя шаарынан жана Оштон тартып келүү мүмкүн.

Эки көйгөй тең шаардык инфраструктуранын өнүгүшүнө тоскоол болуп, сырткы келбетине гана эмес, жашоо сапатына да тиешелүү болуп жатат. Бул көйгөйлөрдү чечүүгө ири финансылык каражаттар талап кылынат жана чечим мамлекеттик деңгээлде кабыл алынышы керек.

Ноокат району транзиттик түйүн болуп саналат, ал аркылуу Кыргызстандын Баткен облусуна жана коңшу Өзбекстанга баруучу жалгыз жол өтөт. Мындай жагдай соода жана маданий байланыштардын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк   берээри талашсыз. Бирок биз альтернативалык жолду курушубуз керек. Транзиттик автоунаалар шаарды булгап, тыгын көп болууда. 

– Жергиликтүү бийлик аялдарга жана калктын аярлуу катмарына көңүл буруп жатабы?

– Аялдарды жумуш менен камсыз кылуу зарылдыгы тууралуу Координациялык кеңештин жыйындарында бир нече жолу сөз болгон. Жигердүү аялдардын демилгеси менен Көк-Бел, Н. Исанов, Кара-Таш, Жаңы-Ноокат, Найман айылдык аймактарында тигүү цехтери ачылган. Алардын ар биринде 40тан 100гө чейин аял иш менен камсыз болгон. Бул цехтердин курулушун ЖӨБ органдары каржылап, андан кийин имараттар пайдаланууга берилген. Учурда өндүрүштүк кубаттуулуктар жеке ишкерлерге ижарага берилип келет. Алар ижара акысын, салыктарды төлөп, жумуш орундарын түзүп жатышат. 

– Координациялык кеңештин иши сизди канааттандырабы? 

– Албетте. Кеңештин бардык мүчөлөрү бизнес үчүн шарттарды түзүү керек дегенге кошулат. Дал ушул бизнес бардык багыттарда өнүгүү үчүн зарыл болгон жергиликтүү бюджетти түзөт эмеспи. Кеңешке аялдар, ишкерлер, жаш активисттер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар кирди. Биз мындан ары да ырааттуу жана сапаттуу иштөөнү көздөп жатабыз.

______________ 

1 Рестпоинт (Rest Point) – каттамдагы пункт (аялдама), бул жерде туристтер жана саякатчылар үчүн эс алуу, маалымат алуу, гаджеттерди кубаттоо үчүн шарттар түзүлгөн.

2 КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтому менен Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы аркылуу “Аргоөнөржай” комплексин өнүктүрүү үчүн узак мезгилге жер тилкелери бөлүнгөн. Ошондой эле аянты 0,19 гектар болгон жерде жемишти кургатуу жана шире өндүрүү цехин куруу сунушун райондук комиссия карап чыгып, жогору турган органга жиберген.

Окшош материалы: