Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Улуттук Урбан форуму-2024: Кыргызстан үчүн шаардаштыруунун чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү
Надежда ДОБРЕЦОВА, ӨСИнин башкаруусунун төрайымы, Улуттук Урбан форумунун “Шаардаштыруунун чакырыктары” панелинин модератору
2024-жылдын 16-октябрынан 18-октябрына чейин Бишкекте Улуттук Урбан форуму өттү. Форумду өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бишкек шаарынын мэриясы, “MoveGreen” коомдук бирикмеси, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу, Өнүктүрүү саясат институту, “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү уюштурду.
Иш-чара жигердүү жарандардын, алдыңкы эл аралык жана улуттук эксперттердин жана Кыргызстандын 33 шаарынын мэрлеринин ортосунда диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн платформа түзүү максатында уюштурулду. Катышуучулар шаардаштыруунун актуалдуу чакырыктарын талкуулап, шаардык жана айылдык жамааттардын тездик менен көбөйүп жаткан муктаждыктарын чечүү үчүн натыйжалуу чечимдерди карап чыгышты.
Форум шаарлардын ортосунда өнөктөштүк байланыштарды түзүп, шаарды өнүктүрүүнүн жаңы стратегияларын түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп калды. Форумга Кыргыз Республикасынын бардык шаарларынын мэрияларынын, Улан-Батордун мэриясынын, Түркиянын үч шаарынын, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин Союзунун, Орусиядагы шаарлардын союзунун, “Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер” Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Евразия бөлүмүнүн, Казань шаарынын өкүлдөрү, Казакстандын Жергиликтүү жамааттарынын элдик конгрессинин төрагасы, Франциядан, Германиядан, АКШдан эксперттер, Кениядан БУУ-Хабитаттын өкүлдөрү, аймактык өнүктүрүү жана “көлөмдүү” дайындар боюнча эл аралык эксперттер, шаардык активисттер, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Форум гибриддик форматта – эксперттик жана коомдук форматта өттү. Форумдун алкагында өткөрүлгөн эксперттик сессиялар шаарлардын мэриялары үчүн да, жарандар үчүн да чоң мааниге ээ болду. Сессиялардын жүрүшүндө туруктуу өнүгүүнүн глобалдык чакырыктарынын жана максаттарынын маанисинен алып караганда шаардаштыруу процесстеринин улуттук өзгөчөлүктөрү жана милдеттери аныкталды. Ошондой эле шаарларды туруктуу өнүктүрүүнүн мыкты эл аралык тажрыйбаларын шаарды башкаруу процессине интеграциялоо маселелери талкууланды. Форумдун аянтчасы Кыргыз Республикасынын шаарларынын ортосундагы горизонталдык байланыштарды чыңдоого шарт түздү.
Кеңири коомдук программа глобалдык тенденциялардан урбанизациянын чакырыктарына чейин ар кандай темаларды жана форматтарды камтыды. Форумдун форматы тажрыйба алмашууга жана бейформал жагдайда өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө мүмкүндүк берди.
ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ ҮЧҮН ШААРДАШТЫРУУНУН ЧАКЫРЫКТАРЫ
ӨСИнин башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА Форумдун негизги темаларынын бири болгон урбанизация чакырыктарына арналган панелдик дискуссиянын модератору катары чыкты.
Шаардаштыруунун заманбап түшүнүгү шаарда же элет жергесинде жашаган калктын жөнөкөй үлүшүнүн алкагынан чыгууда. Урбанизацияланган аймактар технологияны жана билимди, адамдык жана финансылык ресурстарды, соода, логистикалык жана туристтик агымдарды бир жерде топтоо менен улуттун өнүгүүсүнүн постиндустриалдык каркасын түзүп жатат. Ошону менен бирге шаарлар жана шаардаштырылган аймактар өздөрүнүн өзгөчөлүү чакырыктарына да туш болууда, алар жамааттардын башкаруу органдары менен тыгыз синергиясын талап кылып жатат, себеби шаар чөйрөсүндө орун алып жаткан кризистердин жана чакырыктардын кесепеттерин биргелешкен күч-аракеттер менен гана башкарууга болот, бул шаарларды жана алардын тургундарын аярлуу абалда калтырууда.
Шаарлар үчүн урбанизациянын жалпы алкагын түзө алган бирдиктүү мамлекеттик саясат Кыргызстанда көптөн бери болгон эмес. Бирок 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарында берилген багыттарды карманып, КР Экономика жана коммерция министрлиги Аймактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгууга киришти. Аны менен тааныштырып, Мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Максим СЕМЕНЯК сөз сүйлөдү. “Мамлекеттик саясаттагы шаардаштыруу: келечекти пландайлы” деп аталган баяндамасында М. СЕМЕНЯК мамлекеттик программанын долбоору урбанизациянын алкагын белгилегенин, анда шаарларды өнүктүрүүнү регионалдык саясаттын негизги багыттарынын бири катары аныкталганын, келечекти башкаруунун комплекстүү мүнөзү, региондордун келечегин пландаштыруу жана болжолдоо ресурстары жана механизмдери жана андагы шаардык аймактардын орду жөнүндө айтып берди. Дал ушул шаардык аймактар аймактарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү катары өлкөнү өнүктүрүүнүн таяныч каркасын түзүп берүүгө тийиш.
Панелдик талкуу андан ары “шаардаштыруу” түшүнүгүнүн маанилерине өттү, алар кеңири маанисинен алып караганда калктын жөнөкөй өсүшү менен чектелет, бирок чыныгы урбанизация технологияларды жана алардын таасири астында жашоо сапатынын өзгөрүшүн билдирет. Жаңы жашоо шарттары өз кезегинде өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн билдирет. “Примитивдүү” шаардаштыруу болсо жашоонун сапатына көңүл бурбастан, шаарлардын калкынын санынын тушкелди өсүшүн көрсөтүп, кээ бир мегаполистердин мисалдары көрсөткөндөй, өлкөнү “жок кылып алышы” мүмкүн. Бул процесс жаңыдан баамдалып жаткан чакырыктардын, анын ичинде климат өзгөрүп жаткан шарттарда азыркыдан да кыйла көзөмөлдөнүшү керек. Кыргызстандын региондорун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында бул чакырык белгиленген, бирок азырынча так план жок. Ошондуктан, “климат чөйрөсүндө жергиликтүү деңгээлде саясатты даярдап жатканда бийлик эмнеге таяна алат?” деген суроо панелдик талкуунун маанилүү суроосуна айланды.
КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ: ШААРЛАР ЖАНА ШААР БИЙЛИКТЕРИ ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ БАШКАРУУГА ДАЯРБЫ?
Бул суроого жоопту “Климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери менен күрөшүүдө шаарлардын өзгөчөлүктөрү жана мүмкүнчүлүктөрү: Кыргызстандын алты шаарынын мисалы” деп аталган баяндамасында Биляна ЧОБАНОВА берди. ЧОБАНОВА Мэрлердин климат жана энергетика боюнча глобалдык макулдашуусунун – климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу келечекти курууга умтулган шаарлардын эл аралык альянсынын өкүлү. Альянс климат жана туруктуу энергетика жаатындагы жергиликтүү иш-аракеттерди активдештирүү үчүн муниципалдык жана регионалдык бийликтер менен күч-аракетти бириктирүүгө мүмкүндүк берет. 2024-жылы Глобалдык макулдашуу 13 200дөн ашык шаарды бириктирет, бул шаарларда 144 өлкөдөн 1 миллиарддан ашык адам жашайт.
Глобалдык макулдашууга кошулган шаарлар климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу боюнча 190 000ден ашык чараны көрүштү. Мында алар климаттык саясатты кошумча пайда алуу үчүн, анын ичинде жумуш орундарын түзүү, коомдук саламаттыкты жакшыртуу, күчтүү социалдык инклюзивдүүлүк, биологиялык көп түрдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн колдонуп жатышат.
Кыргызстандын шаарларынын мэриялары аба табынын кескин жогорулашына, суунун тартыштыгына туш болуп жатышат, жарандар климаттын өзгөрүшүнөн улам жашоо шарттын начарлаганына даттанууда. Мэрияларга атайын билим керекпи жана муниципалитеттер климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү боюнча иш-аракеттер пландарына кандай чараларды киргизе алышат? Биляна Кыргызстандын алты шаарында – Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас жана Токмок шаарларында мэриялардын ишин мисал келтирди. Бул мэриялар климаттык багыттагы иш-аракеттер планын түзүшкөн, алар жалпысынан кызмат көрсөтүү, калкты маалымдоо, имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу менен байланышкан бир нече багыттардын тегерегинде топтолгон.
Мындай пландарды иштеп чыгуу зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышына баа берүүнү, тобокелдиктерди жана аярлуулукту баалоону жана энергияга жеткиликтүүлүктү баалоону камтыган баштапкы баалоо баскычынан башталат. Зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышына баа берүү келечектеги динамиканы көзөмөлдөө үчүн мындай зыяндын деңгээлин гана эмес, ошону менен бирге негизги антропогендик булактарды аныктоого да жардам берет, бул болсо зыяндуу заттарды азайтуу боюнча натыйжалуу чараларды даярдоого шарт түзөт. Жалпак тил менен айтканда, баалоо “азыркы кырдаал кандай?” деген суроого гана эмес, ошону менен бирге “ким күнөөлүү жана эмне кылыш керек?” деген суроолорго да жооп берет. Тобокелдиктерди жана аярлуулукту баалоо адамдардын, активдердин, жашоо каражаттарынын жана айлана-чөйрөнүн аярлуулугун баалоону камтыйт, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууга өзүнүн аярлуу абалын баамдоого мүмкүнчүлүк берет. Жөнөкөй сөз менен айтканда: баалоо “ким жана эмне үчүн өзгөчө коркунучта жана бул бийликке кандай таасир этет?” деген суроолорго жооп берет. Энергияга жеткиликтүүлүк баалоо – бул электр энергиясына жана экологиялык таза тамак-ашка жетүүнү камтыган бир нече көрсөткүчтөрү бар маалыматтык панель.
Баалоонун жыйынтыктарынын негизинде Кыргызстандын алты шаары иш-аракеттер планын даярдап чыгышты. Бул пландарга имараттардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча 39 иш-чара, катуу тиричилик калдыктарын жана саркынды сууларды башкарууну жакшыртуу боюнча 36 иш-чара; транспортту жакшыртуу боюнча 27 иш-чара жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча 41 иш-чара, анын ичинде калк үчүн маалыматтык иш-чаралар камтылган.
Түз таасирден – атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын кыскарткандан тышкары пландар кошумча пайда алууга көмөктөшөт. Алар: абанын сапатын жакшыртуу, имараттагы климатты жакшыртуу, шаардыктардын ден соолугун чыңдоо; жакырчылыкты кыскартуу; жаңы жумуш орундарын түзүү жана бизнести активдештирүү; транспорт тыгынын жана шаардын ызы-чуусун азайтуу; энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана экологияны жакшыртуу.
Бирок панелдик талкуунун катышуучулары иш-аракеттер пландары өз алдынча иштебей турганын, конкреттүү укуктук чөйрөдө гана ишке ашаарын белгилешти. Имараттарга жана мейкиндикти пландаштырууга жана шаар курууга байланыштуу климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу боюнча көптөгөн чаралар талап кылынууда. Бул шаарлардын өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизген мыйзамдардын өтө толук сүрөттөлгөн чөйрөлөрүнүн бири. Ал канчалык бакубат? Климаттык реалдуулуктун маанисинен алып караганда сапаттуу урбанизацияга кандайча жардам берет же тескерисинче тоскоол болобу?
Бул суроолорго жооптордун бир бөлүгүн БУУ-Хабитаттын өкүлү Анна КВАШУК “Шаар куруу (шаарды пландаштыруу) жана климаттык реалдуулук: Кыргызстандын укуктук жолу” аттуу баяндамасында берди.
Кыргызстанда шаарды пландаштырууну жөнгө салуучу көптөгөн мыйзамдар жана ченемдик актылар бар, бирок колдонуудагы укуктук система дайыма эле климаттык тобокелдиктерди эске ала бербейт. Колдонуудагы мыйзамдар шаарлардын климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуусуна канчалык жардам берет же, тескерисинче, тоскоол болуп жатат? Нарын шаары бул чакырыктар менен кантип күрөшүүдө жана башка муниципалитеттер кандай сабак ала алышат? Анна КВАШУК мыйзамдар шаарлардын туруктуулугун бекемдөө жана алардын тургундарын климаттык тобокелдиктерден коргоо максатында натыйжалуу курал боло алышы үчүн кайсы чаралар ийгиликтүү иштеп жатканын жана кайсынысын кайрадан карап чыгуу керектигин айтып берди.
БУУ-Хабитаттын колдоосу менен Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкарууга, шаар курууга, айлана-чөйрөгө, жаратылыштын коркунучтарына, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө тиешелүү мыйзамдарга 113 критерийдин негизинде 5 тематикалык багытта талдоо жасалып чыккан:
-
институттардын мүмкүнчүлүктөрү;
-
пландаштыруунун системасы жана аспаптары;
-
климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча чараларды пландаштыруу;
-
климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу боюнча чараларды пландаштыруу;
-
финансылык жана экономикалык аспаптар.
Жалпысынан Кыргызстандын мыйзамдык жоболорунун 29,2% мыйзам чыгаруу маселелери жана БУУ-Хабитаттын климаттын өзгөрүүсү маселелери боюнча Инструментарийине шайкеш келет. Кыргызстандын мыйзамдарына Нарындын контекстине ыңгайлашкан түзөтүүлөрдү кошо алганда, ыктымалдуу түзөтүүлөр боюнча 50 сунуштама берилди. Бул документ шаар курууну климаттык саясаттын артыкчылыктары менен үндөштүрүү максатында Кыргызстандын мыйзамдарын өнүктүрүү үчүн баалуу колдонмо болуп саналат.
Ошондой эле Кыргызстандын курулуш ченемдерине Укуктук талдоо жасалып, анда өлкөнүн ондогон нормативдик-укуктук актылары каралды. Документ курулуштагы ченемдер жогорку стандарттарды көрсөткөн тармактарды аныктайт, ошондой эле Кыргызстанда туруктуу жана ыңгайлаштырылган шаардык чөйрөнү түзүүгө көмөк болчу сунуштарды камтыйт. Бул талдоодо курулуштагы ченемдер төмөнкү климаттык милдеттерди чечүүгө канчалык көмөк көрсөтөөрү каралды:
-
белгилүү бир аймакта күн нуруна жана катуу шамалга имараттардын багыт алышы;
-
турак жайлардын жана аймактардын инсоляциясы (күн нурунун түз тийүүсү);
-
мүмкүн болушунча көбүрөөк табигый жол менен желдетүү;
-
чагылдыруучу үстүңкү катмарларды жылуулоо, ошондой эле чатырдын беттерин желдетүү;
-
буу тосмолоо, фасаддык айнек, боёк жана башка материалдар;
-
жайкы аптапта түштөн кийин күндүн түз нурларын тосмолоо, бирок кыш мезгилинде күн нуру менен камсыз кылуу.
Жалпысынан Анна КВАШУК көрсөткөн укуктук талдоонун жыйынтыктары кийинки максаттарга жетүүгө багытталган:
- мыйзамдарды өркүндөтүү, аны глобалдык стандарттарга жана мыкты тажрыйбаларга шайкеш келтирүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо (мисалы, Париж келишими);
- климаттык өзгөрүүлөрдү эске алган жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүн камсыз кылган туруктуу жана ыңгайлаштырылган шаардык чөйрөнү түзүү;
- тажрыйба алмашуу жана эл аралык эксперттерди тартуу, бул болсо Кыргызстандын шаарларынын өнүгүүсүнө инновациялык ыкмаларды жана технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берет;
- эл аралык инвесторлор үчүн көбүрөөк укуктук ишенимдүүлүктү камсыз кылуу, бул шаарларды туруктуу өнүктүрүүгө чет элдик инвестицияларды тартууга көмөктөшөт.
Климаттын өзгөрүүсү, геосаясий туруксуздук, кирешенин аздыгы, айыл чарбасындагы эмгектин оордугу адамдарды шаарларда отурукташууга түртүп жатат. Бирок кризистик кырдаал түзүлгөндө, адамдын алы жетпеген мүнөздөгү чыныгы коркунуч жаралганда өзүн-өзү сактап калуу туюму бизди шаарлардан качууга мажбурлайт. Ошентсе да адамдар шаарларды өнүгүүнүн чордону катары көрүп, шаар жергесине умтула берээри талашсыз. Бирок ички миграциянын башкарылгыс мүнөзү, чет жакаларда эч көзөмөлсүз үйлөрдүн курулушу, шарттары начар жаңы конуштар заманбап маанисинен алып караганда шаардаштырууга кирбейт. Адамдын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүп, заманбап шаардын адамдык капиталынын сапатын жакшыртуу үчүн атайын шаардык саясат талап кылынат. Түркиянын мисалы эмнеден кабар берет? Түркиянын Кожаэли бөлүгүндөгү Башискеле муниципалитетинин мэри Мехмет ЯСИН ОЗЛЮ Түркиядагы шаарды өнүктүрүү философиясын поэтикалык түрдө сүрөттөп, талкууну адамдык өлчөмгө өткөрдү. Шаардын ыпылас чет жакасы – бул шаардаштыруу эмес. Заманбап шаардын жаркыраган фасадынын артында көбүнчө социалдык инфраструктурасы начар өнүккөн, адамдын өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрү аз, мигранттардын айырмалуу жамааттарынан жана башка аярлуу категорияларынан түзүлгөн жакыр аймактар турат. Социалдык кызмат көрсөтүүлөр системасы аркылуу адамдын өнүгүүсү үчүн шарттарды теңдештирүүдө шаардык бийликтин ролу зор жана ийгиликтүү боло алат. Заманбап шаардагы социалдык блок жергиликтүү бюджеттин жарымынан көбүн түзүшү мүмкүн, бирок бул акчаны кантип натыйжалуу сарпташ керек дегенге келгенде Түркиянын шаар бийлиги адамдардын муктаждыктарын, анын ичинде руханий, материалдык эмес өңүттөрүн эске алуу менен чечип келишет.
Шаардык жамааттын жана шаардык мейкиндиктин “бирдиктүү кездемесин” түзүү, шаар ичиндеги жамааттарды (мисалы, Кыргызстандын борборлорундагы жаңы конуштарды) жалпы шаардык өнүгүүгө интеграциялоо шаардык жашоонун дагы бир заманбап сапатын – калктын мобилдүүлүгүн талап кылат. Бишкектин тең жарымы эртең менен түндүк тарапка жана борборду көздөй, кечинде түштүккө жана чет жаканы көздөй багыт алганда, биз Бишкекте калктын мобилдүүлүгүнө күбө болуп, бул кыжырыбызды келтирип, “маршруткаларды” айыптап, жаңы автобустар көп үмүттү бергени менен, кырдаалды өзгөртө албай жатканын сөз кыла баштайбыз. Эмнелер себеп болуп жатат? Биз жаман автобустарды сатып алдыкпы же аларга начар айдоочуларды иштетип койдукпу же башка көрсөткүчтөр жана чечимдер барбы? Ушул суроолорго жооп табуу максатында талкуу транспорт чөйрөсүнө өттү. Транспорт – бул шаардын кан айлануу системасы болуп саналат, анын сапаты көбүнчө шаардын “жүзү” гана эмес, ошону менен бирге анын өнүгүүсү жана бакубатчылыгы үчүн негизги фактор болуп эсептелет.
Шаардык транспортту өнүктүрүү чөйрөсүндөгү эксперт Елена ЕРЗАКОВИЧ шаарлардын транспорттук системаларынын туруктуулугу биз ойлогондон алда канча жөнөкөй экенин белгиледи. Шаарда ким негизги ролду ойной турганы – адамбы же автоунаабы, туруктуу транспорттун баасы канча экенин жана Кыргызстандын шаарлары үчүн эл аралык методикаларды жана ыкмаларды колдонууга болобу дегенди түшүнүү үчүн заманбап шаарлардын транспорт системаларын өнүктүрүү маанисинен алып караганда бир катар параметрлерге көз салып, баа бериш керек. Елена Туруктуу шаардык транспорт индексин (SUTI) мисал катары келтирди. Бул индекс шаарлардагы туруктуу шаардык транспорт системаларынын натыйжалуулугун жалпылоого, көзөмөлдөөгө жана салыштырууга жардам берет. SUTI – шаардык транспорт системаларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн баалоо үчүн көрсөткүчтөрдүн структурасы. Индекс транспорт системасын, туруктуу шаардык транспорттун социалдык, экономикалык жана экологиялык өңүттөрүн чагылдырган 10 көрсөткүчкө негизделген. SUTI көрсөткүчтөрү шаардагы транспорттун натыйжалуулугунун абалын чагылдыра алат. SUTI’нин кылдаттык менен тандалып алынган он көрсөткүчү пландаштыруу, жеткиликтүүлүк, коопсуздук, сапат жана ишенимдүүлүк, зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышы өңдүү элементтерди камтыйт. Алматынын мисалында SUTI индекси шаардык транспорт саясатынын артыкчылыктарын аныктоого кандайча жардам берип жатканын көрүүгө болот. Атап айтканда, Алматыда индекс учурдагы транспорттук пландар өнүгүү, мультимодалдык инфраструктура жана жигердүү орун которуу маселелерин жакшы чагылдырарын көрсөттү. Ошондой эле салыштырмалуу бакубатчылык маселелерде белгиленген финансылык жеткиликтүүлүк чөйрөсүндө жакшы маанилер белгиленген, мисалы, транспорт салыштырмалуу арзан болот. Коомдук транспорттун сапаты жана ишенимдүүлүгү жана коомдук транспорт системасынын эксплуатациялык чыгымдары жаатында бакубатчылык бир кыйла аз болгону байкалат. Ушул сыяктуу өлчөөлөр шаарлар үчүн коомдук транспорт чөйрөсүндө жакшы чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.
ПАНЕЛДИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ: АДАМ ШААРДЫ ТҮЗӨТ, АЛ ЭМИ ШААР АДАМ ҮЧҮН ӨНҮГӨТ. ПЛАНДАШТЫРУУ, ШААР КУРУУ, ТРАНСПОРТТУК ЖАНА КЛИМАТТЫК ТУРУКТУУЛУК ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЧЕЧИМДЕРДИН САПАТЫН КАНТИП ЖОГОРУЛАТСА БОЛОТ?
Урбанизацияланган аймактар технологияны жана билимди, адамдык жана финансылык ресурстарды, соода, логистикалык жана туристтик агымдарды бир жерге топтоо менен улуттун өнүгүүсүнүн постиндустриалдык каркасын түзүп жатат. Ошону менен бирге шаарлар жана шаардаштырылган аймактар өздөрүнүн өзгөчөлүү чакырыктарына да туш болууда, алар жамааттардын башкаруу органдары менен тыгыз синергиясын талап кылып жатат, себеби шаар чөйрөсүндө орун алып жаткан кризистердин жана чакырыктардын кесепеттерин биргелешкен күч-аракеттер менен гана башкарууга болот, бул шаарларды жана алардын тургундарын аярлуу абалда калтырууда.
Кыргызстанда сапаттуу шаардаштыруу үчүн (азыркы деңгээл 40% жетпегендиктен ойлонуп көрчү жерлер өтө көп) урбанизация боюнча билимдерди башкаруу борборлорун, дайындарга негизделген жана натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну колдоо үчүн талдоо жана болжолдоо органдарын түзүү керек.
Кыргызстандын шаарларынын мэриялары климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча өздөрүнүн иш-аракеттер пландары үчүн натыйжалуу чараларды түзүп, аткара алышы үчүн климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча атайын билимге муктаж.
Имараттарга жана мейкиндикти пландаштырууга жана шаар курууга карата климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартуу боюнча көптөгөн чараларды көрүү зарыл. Мында мыйзамдарды өзгөртүүгө өзгөчө көңүл буруу керек, себеби мыйзамдар бул чакырыкты болжол менен 30 пайызга гана эске алып жатат. Мыйзамдар шаарлардын туруктуулугун бекемдөө жана алардын тургундарын климаттык тобокелдиктерден коргоо үчүн натыйжалуу курал болуп берүүгө тийиш.
Ички миграциянын башкарылгыс мүнөзү, чет жакаларда эч көзөмөлсүз үйлөрдүн курулушу, шарттары начар жаңы конуштар заманбап маанисинен алып караганда шаардаштырууга кирбейт. Адамдын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүп, заманбап шаардын адамдык капиталынын сапатын жакшыртуу үчүн атайын шаардык саясат талап кылынат. Социалдык кызмат көрсөтүүлөр системасы аркылуу адамдын өнүгүүсү үчүн шарттарды теңдештирүүдө шаардык бийликтин ролу зор жана ийгиликтүү боло алат, бирок социалдык маселелерге олуттуу чыгымдар өлчөнүүчү натыйжаларга алып келиши керек.
Заманбап шаардын негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири – анын шаар калкынын мобилдүүлүгүн камсыз кылган, мейкиндигин түзгөн транспорттук туруктуулугу. Ар башка чаралар керектүү натыйжа бере албайт, транспорт саясатын түзүүдө комплекстүү ыкмаларды жана так көрсөткүчтөрдү колдонуш керек. Мында транспорттук пландардан жана зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышынан баштап, ылдамдыкка чейин, ар бир кожолукка жана коопсуздукка тийгизген таасири өлчөнөт.
Окшош материалы:
-
№11 (157) / 2024-12-02 Жергиликтүү кеңештерге шайлоо-2024: шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү жана USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун маалыматтык өнөктүгү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Жергиликтүү кеңештердин болочок депутаттарын окутуу: ЖДКЖ долбоорунун колдоосунун жыйынтыктары жана келечеги
-
№10 (156) / 2024-11-07 Үй-бүлөлүк зомбулук: жамааттар каршы, бирок бул көрүнүш менен кантип натыйжалуу күрөшсө болот?
-
№9 (155) / 2024-09-20 Жергиликтүү шайлоодо кыргызстандыктарды кандай жаңылыктар күтүп жатат?
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-30 Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы: жоопкерчиликтүү жергиликтүү жамаат + натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу = аймактарда жашоо үчүн мыкты шарттар
-
№2 (148) / 2024-02-13 ЖӨБ органы үчүн татаал чечим: муниципалдык ишканабы же жекеби?
-
№2 (148) / 2024-02-13 ЖӨБ органдары, көңүл буруңуз! Муниципалдык ишканаларды түзүүдө жана башкарууда кетирилген жалпы каталар
-
№1 (147) / 2024-01-31 “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Коалициясы жана “Муниципалитет” журналы жаңы 2024-жыл менен куттуктайт!