Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
“Муниципалитет” журналы окурмандарын Жаңы жыл менен куттуктап, өз жазылуучуларына – салттуу жаңы жылдык электрондук ойнотуунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды!
Гуляим ШАМШИДИНОВА, БАЖБАнын кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу боюнча менеджери
Жаңы жылдын алдында Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) “Муниципалитет” журналынын редакциясы менен биргеликте журналдын жазылуучуларынын арасында байгелерди салттуу жаңы жылдык электрондук ойнотууну өткөрдү. Ойнотууга катышуу үчүн жазылуучулар Google-формасында дээрлик 600 анкетаны толтуруп, журнал тууралуу өз пикирлерин билдиришти.
Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгүн – 83% – муниципалдык кызматчылар, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин кызматкерлери түзөт. Дээрлик бардык жазылуучулар журналды көп окуй тургандыгын тастыкташты: 53% – журналдын ар бир санын калтырбай окуйт; 19% – көп окуйт.
Журналдын кагаз жана электрондук формасынын айкалышы мурдагыдай эле популярдуу бойдон кала берүүдө. Бирок акыркы үч жылда журналдын кагаз формасын гана тандагандар салыштырмалуу анча-мынча азайганы байкалды (жылына үч пайызга жакын), ал эми эки форманы тең – кагаз жана электрондук формаларды тандап алгандардын өсүш ыргагы да ошондой.
Жалпысынан журналдын 1600 жазылуучусу бар, алардын ичинен көпчүлүк бөлүгүн ЖӨБ органдары түзөт. Журналга ошондой эле мамлекеттик органдар, муниципалдык ишканалар жана мекемелер, коммерциялык эмес уюмдар, жогорку окуу жайлары жана жарандар жазылышууда. Журналдын популярдуулугу өсүп жатат, муну ага жазылгандардын санынын көбөйгөнү да тастыктоодо. Жазылуучуларга ыраазычылык билдирүү максатында БАЖБА жана редакция жаңы жылды утурлай салтка айланып калган байгелерди ойнотууну уюштурду.
Ойнотуунун жалпы байге фонду 200 000 (эки жүз миң) сомду түзүп, “КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн колдоосу менен БАЖБАнын өздүк каражаттарынан камсыздалды. Бул каражатка оргтехника сатып алынды, ошондой эле БАЖБА Академияда окууга сертификаттарды жана 2025-жылга “Муниципалитет” журналына акысыз жазылууларды байге катары бөлүп берди.
2024-жылдын декабрь айында ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталында онлайн-форматта байгелерди электрондук ойнотуу өттү, ага “Муниципалитет” журналынын жазылуучулары, БАЖБАнын жана журналдын редакциясынын өкүлдөрү, ошондой эле беш адамдан турган комиссиянын мүчөлөрү катышты.
Берилген өтүнмөлөрдүн жалпы саны 1000ге жакын болду, бирок алардын 400дөн ашууну ар кандай себептерден улам ойнотууга катыштырылган жок. Анкеталардын ойнотууга катыштырылбай калышынын кеңири таралган себеби – алар туура эмес жана толук эмес толтурулган. Байгелерди электрондук ойнотууга 155 субъекттен 588 анкета катышты (жазылуунун бир субъектисине жазылуулардын санына жараша).
"Муниципалитет" журналынын жазылуучуларынын журналдын форматы, пайызы боюнча каалоолору, декабрь 2024-ж.
Журналдын жамааты иш-чарага жигердүү катышкандардын бардыгына ыраазычылыгын билдирет. Мындай иш-чаралар менен БАЖБА өз ара байланышты жана өз ара маалымат алмашууну бекемдеп, натыйжалуу кызматташууну жана өнөктөштүктү кеңейтип, жергиликтүү башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү чөйрөсүндө маанилүү жана өз убагында маалыматты берип келатат.
2024-жылдын 12-декабрында – ойнотуу өткөрүлгөн күнү – ага 70 адам катышты, алардын дээрлик бардыгы журналга жазылган ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү болушту. Онлайн-ойнотуу БАЖБАнын өнөктөш уюмдарынын жана долбоорлорунун өкүлдөрүнөн турган комиссиянын катышуусунда ачык-айкын өттү. Ойнотуунун жеңүүчүлөрү электрондук рандомайзер аркылуу аныкталды, ал ар кандай белектерден турган беш лотту ойнотту.
Баш байгени – ноутбукту – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтү утуп алды.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл өкмөтү жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтү 2 (эки) проектор түрүндө байгелерди алышты.
2 (эки) көп функционалдуу принтер түрүндөгү байгелерди Чолпон-Ата шаарынын мэриясы жана Талас облусунун Беш-Таш айыл өкмөтү алышты.
“Муниципалитет” журналына 2025-жылга 10 (он) акысыз жазылуу түрүндөгү кызыктыруучу байгелерди утуп алгандар:
- Кадамжай шаарынын мэриясы;
- Чолпон-Ата шаарынын мэриясы;
- Ноокат шаарынын мэриясы;
- Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтү;
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик Баатыр айыл өкмөтү;
- Чүй облусунун Москва районунун Нарзан айыл өкмөтү;
- Ош облусунун Ноокат районунун Т. Кулатов айыл өкмөтү;
- Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айыл өкмөтү (3 байге).
БАЖБАда окууга 5 (беш) сертификат түрүндөгү кызыктыруучу байгелерди алгандар:
- Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү;
- Чолпон-Ата шаарынын мэриясы;
- Жалал-Абад шаарынын мэриясы;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жайылма айыл өкмөтү;
- Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл өкмөтү.
Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелерди салтанаттуу түрдө тапшыруу үчүн 18-декабрда БАЖБА жана “Муниципалитет” журналынын редакциясы Бишкекте жеңүүчүлөрдүн катышуусу менен офлайн жана онлайн иш-чара өткөрүштү. “Муниципалитет” журналынын жазылуучулары – Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы Адис ӨМҮРАЛИЕВ; Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азамат АМАНОВ; Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зууракан АКУНОВА өз белектерин алып кетишти. Зууракан Эсенкановна мындай пикири менен бөлүштү: “Биздин аймак конкурстун эң башкы байгесин утуп алат деп эч ойлогон эмесмин, себеби журналга жазылгандардын көбү ЖӨБ органдары, алардын ар биринде бир нече жазылуу бар, ошондон улам бизде утуп алуу мүмкүнчүлүгү аз болчу. Биздин аймак көп жылдан бери журналдын жазылуучусу болуп келген, бирок буга чейин бир дагы жолу байгелерди уткан эмеспиз. Бул жылы биз 17 жазылууну тариздедик, аларды айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине, жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана “Таза кызмат” муниципалдык ишканасына таратып беребиз. Журналда бардыгыбыз үчүн пайдалуу маалыматтар абдан көп, ЖӨБдүн башка органдарынын мыкты тажрыйбалары өзгөчө маанилүү, муну ар бир аймак үчүн зарыл болгон практикалык тажрыйба алмашуу деп койсок да болот. ЖӨБдүн башка органдарынын тажрыйбасы бизди жаңы чечимдерди издөөгө, натыйжалуу башкарууга жана өнүгүүгө шыктандырып жатат. Журналга жазылууну сөзсүз улантып, мындан ары да жаңы жана кызыктуу маалыматтарды күтө бермекчибиз. Анкетада “Журналды кайсы тилде алгыңыз келет?” деген суроо болгон эле. Журнал, албетте, эки тилде тең болушу керек. Ошондой эле басма версиясынан тышкары, журналдын электрондук версиясы да керек, ошондо ал көбүрөөк адамдар үчүн жеткиликтүү болот. Сиздерге ийгилик каалап, ортодогу кызматташтыгыбызды бекемдей беребиз!”.
Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын, “Муниципалитет” журналынын редакциясынын жана өнөктөштөрдүн атынан жеңүүчүлөрдү куттуктап, бардык жазылуучуларга иштерине ийгилик, жаңы жетишкендиктерди каалайбыз! Журналга жана порталга жазылуунун алкагында көп жылдык кызматташууңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Жаңы 2025-жылыңыз менен куттуктайбыз! Бул жыл чечкиндүү жана креативдүү идеялардын, жаңы ачылыштардын, рационалдуу жана инновациялык чечимдердин, чоң мүмкүнчүлүктөрдүн жана олуттуу жеңиштердин жылы болсун!
Окшош материалы:
-
№11 (157) / 2024-12-02 Жергиликтүү кеңештерге шайлоо-2024: шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү жана USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун маалыматтык өнөктүгү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Улуттук Урбан форуму-2024: Кыргызстан үчүн шаардаштыруунун чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Жергиликтүү кеңештердин болочок депутаттарын окутуу: ЖДКЖ долбоорунун колдоосунун жыйынтыктары жана келечеги
-
№10 (156) / 2024-11-07 Үй-бүлөлүк зомбулук: жамааттар каршы, бирок бул көрүнүш менен кантип натыйжалуу күрөшсө болот?
-
№9 (155) / 2024-09-20 Жергиликтүү шайлоодо кыргызстандыктарды кандай жаңылыктар күтүп жатат?
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-30 Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы: жоопкерчиликтүү жергиликтүү жамаат + натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу = аймактарда жашоо үчүн мыкты шарттар
-
№2 (148) / 2024-02-13 ЖӨБ органы үчүн татаал чечим: муниципалдык ишканабы же жекеби?
-
№2 (148) / 2024-02-13 ЖӨБ органдары, көңүл буруңуз! Муниципалдык ишканаларды түзүүдө жана башкарууда кетирилген жалпы каталар