Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдарынын ишине тиешелүү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КР Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин айрым сунуштарынын тизмеги

2025-03-03 / Көңүл чордонунда

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке:

  • “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 27-беренесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү маанидеги маселелерге инвентаризация жүргүзүү жана жергиликтүү маанидеги реалдуу жана артыкчылыктуу маселелерди так аныктап алуу. Мындай тактоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз милдеттерин натыйжалуу аткарууга жана жергиликтүү бюджетти пландоонун сапатын жакшыртууга көмөктөшөт;
  • ушул эле мыйзамга мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөр жана алардын ишинин натыйжалуулугу жөнүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын маалымдуулугун жогорулатуу максатында аларды үзгүлтүксүз окутуу механизмин, ошондой эле бул окутууга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүгө уруксат берүүнү караган ченемдерди киргизүү зарыл;
  • мыйзамга жергиликтүү кеңештердин сессияларын онлайн форматта өткөрүүнү жана сессияларга катышуу укугун ишеним кат аркылуу башка депутатка өткөрүп берүүнү чектеген атайын ченемдерди киргизүү зарыл;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн натыйжасында эки жылда бир жолу өткөрүлүүчү аттестация жарым жылда бир өткөрүлүүчү баалоого алмаштырылды (11-берене). Бирок, баалоо процессин жакшыртуу максатында баалоонун критерийлери так көрсөтүлгөн эмес, ошондуктан бул критерийлерди тактап, аныктап алуу зарыл;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине шайкеш келтирүү жана кызматкерлердин мотивациясын жогорулатуу максатында кызмат орду убактылуу бош турган кызматкердин функционалдык милдеттерин аткарып жаткан кызматкерге (же кызматкерлерге) кызматтык маянасынын 30 пайыздан кем эмес өлчөмдө үстөк төлөө мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл (21-берене);
  • “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” КР Мыйзамында көрсөтүлгөндөй, жергиликтүү деңгээлде географиялык объекттерге адамдардын ысымдарын ыйгарууга жана кайталап ыйгарууга тыюу салуу жөнүндө маселени карап чыгуу сунушталат. Бул чара Кыргызстан элинин тарыхынын, маданиятынын жана баалуулуктарынын ажырагыс бөлүгү катары географиялык аталыштарды сактоого, ошондой эле географиялык объекттерге адамдардын ысымдарын жапырт түрдө ыйгаруу практикасын токтотууга багытталган. Мындай өзгөртүү (Мыйзамдын 6-беренеси) улуттук мурас катары жер аталыштарынын маанисин сактап калууга жардам берет жана келечек муундар үчүн тарыхый жана маданий баалуулуктардын так чагылдырылышын камсыз кылат;
  • “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 50-беренесинде айыл өкмөтүнүн карамагында түзүлгөн же анын башкаруусуна берилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер болушу мүмкүн экендигин көрсөткөн ченемди киргизүү зарыл;
  • “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамында жана КР Граждандык кодексинде учурдагы чакырыктарды жана мезгилдин талаптарын эске алуу менен муниципалдык ишканаларды түзүүнүн жана алардын иштөө тартибин жөнгө салуучу ченемдерди жана механизмдерди караштыруу зарыл.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү боюнча комитетке:

  • “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” КР Мыйзамынын 2-беренесинин “Терминдер жана аныктамалар” бөлүмүнө жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүгө мораторий киргизилгенге чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же алардын укук мураскорлору чечим кабыл алган жер участоктору үчүн айрым терминдерди же аныктамаларды кароону киргизүү зарыл.
  • “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамы жер участокторун трансформациялоо жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин ыйгарым укуктары бөлүгүнө толуктоолорду киргизүүнү талап кылат. Бул чара мыйзамдын жоболорун КР Жер кодексине шайкеш келтирүүгө багытталган, анда облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин мындай ыйгарым укуктары каралган.

Социалдык саясат боюнча комитетке:

  • маданият чөйрөсүндөгү мыйзамдарды административдик-аймактык реформанын жыйынтыгына шайкеш келтирүү зарыл, ага ылайык жергиликтүү бюджеттен каржылануучу маданият кызматкерлерин дайындоо жана бошотуу боюнча функциялар жана ыйгарым укуктар Маданият министрлигинен ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилген.

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетке:

  • “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамына муниципалдык менчикти башкаруу тартибине карата тактоолорду киргизип, бул процессти аныктоочу механизмдерди иштеп чыгуу зарыл. Бул иш жүзүндө муниципалдык менчикти башкаруунун так белгиленген тартибинин жоктугуна байланыштуу болуп жатат, бул жергиликтүү кеңештер үчүн чечимдерди кабыл алууда кыйынчылыктарды жаратууда;
  • “Керектөө калдыктары жөнүндө” КР Мыйзамына “калдыктарды чогултуу” түшүнүгүн киргизиш керек, анда калдыктарды чогултуу тартибин беките турган, ошондой эле отчеттуулуктун түрлөрүн (статистикалык, салыктык, экологиялык, жер) аныктай турган органды көрсөтүү зарыл. Мисалы, калдыктар менен иштөө тартибин же регламентти, салыктар (мүлк жана жер) боюнча статистикалык отчеттуулуктун унификацияланган формасын, экологиялык жыйымдарды иштеп чыгуу зарыл;
  • “Керектөө калдыктары жөнүндө” КР Мыйзамында “коммуналдык калдыктар” түшүнүгүн колдонууда тизмеде калдыктардын түрлөрүн жана пайда болгон тармагын, алардын коркунучтуулук классын бөлүп көрсөтүү, ошондой эле экологиялык жыйымдардан кызмат көрсөтүүнүн уюштуруучусун бошотуу зарыл. Буга байланыштуу мындай калдыктар үчүн статистикалык отчеттуулуктун атайын формасы каралууга тийиш;
  • “Керектөө калдыктары жөнүндө” КР Мыйзамында калдыктарды көмүү үчүн 11 айлык мөөнөттү эске алуу менен техникалык регламент иштелип чыгууга жана калдыктар үчүн адистештирилген кампаларды куруу үчүн нормативдер аныкталууга тийиш деген ченем каралсын;
  • “Керектөө калдыктары жөнүндө” КР Мыйзамында калдыктардын ар кандай категориялары, анын ичинде медицина, курулуш, транспорт, текстиль, булгаары өнөр жайы жана башкалар үчүн тармактык регламенттерди түзүү зарыл;
  • кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү менен тейленип жаткан жарандардын ортосунда милдеттүү түрдө келишим түзүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетке:

  • Жаңы конуштарда, калктуу конуштарда электр жабдууларын сатып алуу жана орнотуу жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылуу маселелери боюнча бөлүштүрүүчү компаниялардын ыйгарым укуктарын тактап, конкреттештирүү үчүн “Электр энергетикасы жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Бул колдонуудагы мыйзамдарда ушул милдеттер так жазылбагандыгына байланыштуу мындай көрүнүш бөлүштүрүүчү компаниялардын, ЖӨБ органдарынын жана керектөөчүлөрдүн ортосунда жаңы калктуу конуштарда керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылууда көйгөйдү жаратат.
 

Окшош материалы: