Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун КРнын Жогорку Кеңешине баяндамасы (кабыл алынган мыйзамдардын ЖӨБдү өнүктүрүүгө тийгизген таасири жөнүндө)

2025-03-03 / Көңүл чордонунда
Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун КРнын Жогорку Кеңешине баяндамасы (кабыл алынган мыйзамдардын ЖӨБдү өнүктүрүүгө тийгизген таасири жөнүндө)

Өмүрбек АЛМАНБЕТОВ, Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзу

Акыркы жылдары жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана өркүндөтүү Кыргыз Республикасынын бийлик органдарынын ишинин маанилүү бөлүгү болуп калды. 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу КР Жогорку Кеңешине мыйзамдардын ЖӨБдү өнүктүрүүгө тийгизген таасирин баалоого арналган баяндаманы сунуштады. Бул баяндама 2020-жылдан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ишке ашырылышына көп жылдык мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы болду. Баяндама Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча Комитеттин жыйынында жана парламенттин пленардык жыйынында каралып, жактырылды.

БАЯНДАМАНЫН ТАРЫХЫ ЖАНА МАКСАТТАРЫ

ЖӨБ Союзу ЖӨБ органдарынын, алардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин катышуусу менен жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан масштабдуу изилдөөлөрдүн жыйынтыгы болуп саналган баяндамаларды туруктуу негизде даярдап келет. Мындай изилдөөлөр төмөнкү максаттарды көздөйт:

  • кабыл алынган мыйзамдардын натыйжалуулугун талдоо;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кыйла натыйжалуу, ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү системасын түзүү үчүн ченемдик базаны жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда түз байланышты орнотуу;
  • чечимдерди кабыл алуу процессинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын эсепке алуу механизмин күчөтүү.

Жер-жерлерде жарандардын жашоосун жакшы жагына бурууга багытталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө эске алынуучу сунуштамалар бул материалдардын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Мында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө мыйзамдардын тийгизген таасири калыс көрсөткүчтөрдү пайдалануу менен бааланат.

2024-ЖЫЛЫ КР ЖӨБ СОЮЗУНУН  КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНЕ БАЯНДАМАСЫ

2021-2024-жылдары кабыл алынган мыйзамдар-дын Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүүгө тийгизген таасири боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине баяндама 2022-жылдын 16-ноябрындагы №106 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 41-пунктуна ылайык даярдалды.

Регламентке ылайык Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө мыйзамдардын тийгизген таасири жөнүндө баяндаманы угууга укуктуу. Бул баяндама эки жылда бир жолу даярдалып, аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесин бириктирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмеси (ассоциация, союз) Жогорку Кеңештин кароосуна берет.

Бүгүнкү күндө “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу” юридикалык жактардын бирикмеси республикадагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын улуттук деңгээлде коргогон легитимдүү ассоциация болуп саналат.

Мыйзамдын ушул ченемине ылайык, 2024-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында баяндама угулду. 2024-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык сессиясында баяндама жасады.

Бул документ ЖӨБ органдарына мыйзамдардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, ошондой эле алар менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ортосундагы коммуникациялык байланыштарды чыңдоого тийгизген таасири жөнүндө өзүнүн жалпы пикирин жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда бул механизм Жогорку Кеңешке өзүнүн көзөмөл функцияларын аткарууга, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө таасирин тийгизген мыйзамдарды өркүндөтүүгө көмөктөшөт жана жаңы мыйзамдарды кабыл алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

БАЯНДАМАНЫН ӨЗӨКТҮК ТЫЯНАКТАРЫ

Баяндаманы даярдоонун жүрүшүндө ЖӨБ Союзу 500 респонденттин арасында анкетаны толтуруу жолу менен сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоого катышкандардын арасында шаарлардын мэрлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, мэриялардын жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле муниципалдык ишканалардын кызматкерлери болду.

Жогорку Кеңеш 2021-жылдан 2024-жылга чейинки мезгил аралыгында кабыл алган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тиешелүү 82 мыйзамга талдоо жасалып чыкты. Бул тизмеден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө өзгөчө көбүрөөк таасирин тийгизген 10 негизги мыйзам тандалып алынды. Бул мыйзамдардын таасирин баалоо анкеталык сурамжылоонун, ошондой эле фокус-топтордун, тегерек столдордун жүрүшүндө жана WhatsApp-тайпаларындагы талкуулардан алынган маалыматтарга негизделди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү талдоого алынган 10 мыйзамдын ичинен сегизинин таасирине оң баасын беришти, ошол эле учурда эки мыйзам терс бааланды.

Баяндамада ЖӨБ органдары таянып жаткан мыйзам чыгаруу базасы кеңири жана кээде ашкере экендиги белгиленген. 2024-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына тиешелүү 170 мыйзам күчүндө болгон. Бирок финансылык каражаттардын жана административдик ресурстардын тартыштыгынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул мыйзамдарды толук аткарууда кыйынчылыктарга туш болууда. Айрым бир учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн тикелей ыйгарым укуктарына кирбеген милдеттерди чечүүгө аргасыз болуп келишет, бул кошумча финансылык жана административдик оорчулуктарга алып келүүдө.

Баяндамада 2021-жылы кабыл алынган “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөчө көңүл бурулду. Бул мыйзам буга чейинки эки мыйзамды (жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзам жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө мыйзам) бириктирип, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу негизги ченемдик-укуктук акт болуп калды.

Баяндамада берилген талдоо мыйзамдарды иш жүзүндө колдонуудан тартып, алардын аймактардагы жашоо деңгээлине тийгизген таасирине чейин бир нече өңүттөрдү камтыйт. Баяндамада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына тиешелүү болгон мыйзамдардын сапаты, жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлинде чечимдерди кабыл алуу процессине жарандардын катышуусу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Жергиликтүү тургундар бул процесстер тууралуу дайыма эле жетиштүү кабардар болуп, тартыла бербейт, бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна таасирин тийгизип жатат деген маанилүү тыянакты жасоого болот.

СУНУШТАМАЛАР ЖАНА СУНУШТАР

Баяндамада сүрөттөлгөн байкоолордун жана көйгөйлөрдүн негизинде КР Жогорку Кеңешинин комитеттерине жана депутаттарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ишин өркүндөтүү үчүн жергиликтүү жана борбордук бийликтердин ортосундагы координацияны жакшыртуу максатында мыйзам актыларына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу үчүн жаңы механизмдерди киргизүү сунушталды.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар аткарылган иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекеттин саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири катары жергиликтүү өз алдынча башкарууну мындан ары өркүндөтүү маанилүү болгонун айтышты. Баяндама жактырылып, мыйзамдарга андан ары өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн бир катар сунуштар эске алынды.

Жергиликтүү бийлик менен жарандардын өз ара байланышын жолго салып, чечимдерди кабыл алуу процессинде алардын пикирлерин эске алуу механизмдерин түзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын финансылык жактан колдоону күчөтүү маселеси көтөрүлдү, бул жергиликтүү демилгелерди жана программаларды ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги фактору болуп саналат.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууга тикелей жана кыйыр түрдө таасир тийгизген мыйзамдарды талдап чыгып, инвентаризация жүргүзүү боюнча Комитеттин алдында бириктирилген жумушчу топтун түзүлүшүн Жогорку Кеңештин жактырганы да маанилүү фактор болуп калды.

ПЕРСПЕКТИВАЛАР

Бул баяндама Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүү боюнча ишти улантуудагы маанилүү кадам болду. Баяндама бийликтин учурдагы көйгөйлөрдү ачык талкуулоого жана аларды чечүү жолдорун издөөгө даярдыгын тастыктап турат, бул болсо жергиликтүү жамааттарды андан ары өнүктүрүү жолундагы маанилүү этап болуп саналат.

Түшкөн сунуштарды жана парламенттин аларды жактырганын эске алуу менен, ЖӨБ Союзу мындан ары да сунушталган өзгөртүүлөрдүн ишке ашырылышына көз салып турмакчы жана алардын өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө тийгизген таасирине талдоо жасайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү боюнча жумуштарды улантуу маанилүү болот, бул система жарандардын кызыкчылыгында иштейт жана Кыргызстандын аймактарындагы жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшөт.

 

Окшош материалы: