Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо-2024: шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү жана USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун маалыматтык өнөктүгү

2024-12-02 / Көңүл чордонунда
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо-2024: шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү жана USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун маалыматтык өнөктүгү

Руслан ДОСАЛИЕВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жергиликтүү кеңештер менен иштөө боюнча координатору, ӨСИ; Салия АКУЛОВА, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын (БАЖБА) долбоорлор боюнча менеджери

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыгы менен 2024-жылдын 17-ноябрына жалпы республика боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалган. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы болду.

2024-ЖЫЛЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРГЕ ШАЙЛООНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Административдик-аймактык реформанын натыйжасында 231 айылдык жана 33 шаардык кеңеш түзүлгөн. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдында Кыргыз Республикасынын Президенти «“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон, ал расмий жарыяланып, 2024-жылдын 6-августунда күчүнө кирген.

Кабыл алынган Мыйзамда шайлоо өткөрүүнүн негизги тартибин өзгөртүү каралган эмес: шаардык кеңештер мурдагыдай эле пропорционалдык система боюнча – партиялардын талапкерлердин тизмесин көрсөтүүсү аркылуу, ал эми айылдык кеңештерде шайлоо – көп мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.

Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун айрым эрежелери өзгөрдү:

  • шаардык кеңештерге шайлоодо саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу  7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлдү;
  • талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө партиялар кеңештеги мандаттардын санына барабар санда талапкерлерди көрсөтүшөт (буга чейинкиден бир жарым эсе көп);
  • айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жокко чыгарылды (мурда күрөөнүн суммасы 1000 сом болчу);
  • майыптыгы бар адамдардын жигердүү шайлоо укугун ишке ашыруу механизмдери кеңейтилүүдө. Алсак, 49-берененин 7-бөлүгү саясий партияларды шаардык кеңештерге саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин түзүүдө 1ден кем эмес майып талапкерди киргизүүгө милдеттендирген пункт менен толукталган;
  • майыптыгы бар адамдар үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүнө конкреттүү талаптар белгиленген;
  • ар бир участокто шайлоочулардын максималдуу саны 2500дөн 3000ге чейин көбөйтүлдү;
  • административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбеши үчүн талаптар күчөтүлдү. Алсак, 17-1-беренеде талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого көмөктөшүүчү ишти жүзөгө ашыруу үчүн тартууга жол берилбеген адамдардын тизмесине аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери кошулган;
  • кызмат адамдарын шайлоого катышуу бөлүгүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлерге коюлган талаптар күчөтүлдү. Алсак, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына ат салышуу ниети болгон учурда кимдер ыйгарым укуктарын убактылуу, ал эми кимдер толугу менен токтото турганы боюнча түшүндүрмө киргизилди.

Атап айтканда, шайлоого катышкан учурда: депутаттарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматчылар, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун 30 пайыздан ашык үлүшү бар юридикалык жактар жана алардын бөлүмдөрү ыйгарым укуктарын толугу менен токтотушат.

Эгерде шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуунун натыйжасында талапкерлерге жана партияларга берилген добуштар жараксыз деп табылса, анда алар кийинки шайлоолорго катышууга укугу жок экендиги бекитилди. Мындай учурларда партия киргизген шайлоо күрөөсү да кайтарылып берилбей тургандыгы белгиленген.

Ошондой эле аралыктан добуш берүүнү колдонуу 2024-жылы өткөрүлгөн шайлоонун өзгөчөлүктөрүнүн бири болду. Добуш берүүнүн бул ыкмасы туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочуларга сунушталат.  

Мыйзамдардагы олуттуу өзгөртүүлөрдү эске алуу менен депутаттыкка талапкерлерге бул өзгөртүүлөр жөнүндө туура маалымат берүү маанилүү милдеттердин бири болуп калды. Бул үчүн USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын жарыялоого, жергиликтүү кеңештин депутаты үчүн Колдонмону, талапкер үчүн эскерткичти жана маалыматтык брошюраны иштеп чыгууга КР БШКга колдоо көрсөттү. Бул материалдар аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө талапкерлерге шайлоо процессинин ченемдерин туура түшүндүрүүгө, ал эми талапкерлерге – учурдагы мыйзамдардын талаптары жөнүндө толук жана так маалымат алууга жардам берди.

Жалпысынан 6384 мандатка Кыргызстандын 33 шаардык жана 231 айылдык кеңешинде 15 380 адам талапкер болду. 

2019-жылдан тарта Кыргыз Республикасын Өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо ар бир шайлоо округу боюнча бир жыныстагы талапкерлер үчүн мандаттардын 30 пайыздан кем эмесин резервге калтыруу ченеми колдонулуп келүүдө. Аялдар калктын 52 пайыздан ашыгын түзгөндүгүнө карабастан, айылдык кеңештердин деңгээлинде мурдагы чакырылыштагы шайлоо органдарында алардын өкүлчүлүгү төмөн болгон.

1-сүрөт. 2024-жылы шаардык кеңештерге шайлоодо атаандаштык, жынысын эске алуу менен

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аял талапкерлерди колдоо эмне үчүн маанилүү болуп турат? Биринчиден, жергиликтүү бийлик органдарында аялдардын төмөн өкүлчүлүгү бул органдардын ишинин натыйжалуулугун төмөндөтүп жатат, себеби чечим кабыл алууда гендердик ракурстун баалуу перспективасы жок болуп баратат. Экинчиден, эл аралык изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча, аялдардын катышуусу коррупцияны азайтууга, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана аймактарды экономикалык өнүктүрүү маселелерине көбүрөөк көңүл бурууга көмөктөшүүдө.

Бир жыныстагы адамдар үчүн мандаттарды резервге алуу ченемин ишке ашыруу менен акыркы 5 жылда айылдык кеңештердин аял депутаттарынын өкүлчүлүгүн 9,6 пайыздан 38,76 пайызга чейин жогорулатуу мүмкүн болду. 2024-жылы өткөн шайлоодо аял талапкерлердин жакшы активдүүлүгү байкалды.

Акыркы беш жылда өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары жана аял депутаттардын жигердүү ишмердиги коомдо гендердик квотанын зарылдыгы жөнүндө оң пикирди калыптандырды, муну Өнүктүрүү саясат институту 2024-жылдын жайында жүргүзгөн социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары да тастыктап турат. Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү (79%) квотаны тигил же бул түрдө колдой турганы анык болду. Тактап айтканда, 30 пайыздык квотаны респонденттердин 56% колдогон, аялдар үчүн 50 пайыздык квота жөнүндө пикирлер да болгон (38%). Аял депутаттардын ишине баа берген респонденттердин көпчүлүгү (62,1%) аял депутаттар өз милдеттерин абдан жакшы аткарып жатат деген пикирди карманышат.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРГЕ ТАЛАПКЕР АЯЛДАР ҮЧҮН МААЛЫМАТТЫК СЕМИНАРЛАР 

Кыргызстандын жети облусунда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында бир күндүк 14 семинар өткөрүлдү, ага 634 адам катышып, алардын 609у аялдар болду. Семинарлар 38 районду жана 16 шаарды камтып, аялдарга жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу, шайлоо процесси жана талапкерлерди каттоо жол-жобосу жөнүндө маалымат берүү үчүн кеңири платформаны түздү. Төрайымдын орун басары Тынчтык ШАЙНАЗАРОВ башында турган КР БШКнын 8 мүчөсү семинардын баяндамачылары болушту.

КР БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык ШАЙНАЗАРОВ, КР БШКнын мүчөлөрү: Анара ДУБАНБАЕВА, Искендер ГАЙПКУЛОВ, Абдыжапар БЕКМАТОВ, Айдана ЖУПУЕВА, Акбалык ЖУМАЛИЕВА, Узарбек ЖЫЛКЫБАЕВ, Алтынбек КУБАТБЕКОВ алдыдагы шайлоолордун өзгөчөлүктөрү, депутаттыкка талапкер катары каттоого документтерди тапшыруунун тартиби жана мөөнөттөрү, үгүт эрежелери жана башка маселелер тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, төмөнкү темаларды козгошту:

  • жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жана талапкерлердин укуктары;
  • талапкерлердин тизмесин түзүүдөгү квоталар жана талаптар;
  • шаардык жана айылдык кеңештердеги шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү;
  • саясаттагы аялдардын ролу жана гендердик көп түрдүүлүктүн мааниси;
  • талапкерлерди каттоонун жана “Электрондук талапкер” порталын пайдалануунун эрежелери;
  • шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн принциптери жана этаптары;
  • шайлоо процессинде талапкерлер үчүн коопсуздук жана кепилдик маселелери.

Семинарлардын жүрүшүндө катышуучулар суроолорду берүүгө, туш болуп жаткан көйгөйлөрдү талкуулоого жана өздөрүнүн шайлоодогу жигердүүлүгүн жакшыртуу боюнча идеяларды даярдап алууга мүмкүнчүлүк алышты. Талкуулардын жүрүшүндө айтылган сунуштамалар жергиликтүү өз алдынча башкарууда аялдар үчүн системалуу колдоону түзүү, жаңы жана тажрыйбалуу депутаттардын ортосунда тажрыйба алмашуу зарылдыгына басым жасайт.

Семинарлар аялдарга мыйзамдагы өзгөрүүлөр жана шайлоо процесси жөнүндө маанилүү билимдерди гана бербестен, ошону менен бирге тажрыйба алмашуу жана аял талапкерлерди колдоо тармагын түзүү үчүн платформа болуп берди. Иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча катышуучулардын 90% берилген маалыматтар түшүнүктүү жана жеткиликтүү болгонун белгилешти, ошондой эле өткөрүлгөн иш-чара-ларга абдан канааттанганын айтышты. Мындан тышкары, катышуучулардын 85% семинарлар аларды шайлоого катышууга шыктандырганын, ал эми 83% башкаларга да катышууну сунуштоого даяр экендигин билдиришти. Бул маалыматтар аялдардын саясий жигердүүлүгүн жана жергиликтүү бийлик органдарына катышуусун жогорулатуу үчүн мындай иш-чараларды уюштуруунун маанилүүлүгүн тастыктап турат.

Маалыматтык семинарлар менен бирге 18 онлайн-консультациялар да өткөрүлүп, аларга жергиликтүү кеңештерге талапкер болгон миңден ашык аял катышты. Семинарлар абдан кеңири темаларды камтыды: ЖӨБ органдарынын иш-аракеттеринин негиздеринен жана шайлоо процессинен тарта шайлоо алдындагы өнөктүктүн практикалык аспекттерине чейин, анын ичинде коммуникациялык платформа жана көндүмдөрдү да үйрөтүү, катышуучу талапкерлер ортосунда тажрыйба алмашуу болду.   

Аял талапкерлер үчүн маалыматтык семинарларды уюштуруу алардын саясий мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө жана жергиликтүү кеңештерде гендердик теңчиликти камсыз кылууда маанилүү кадам болуп саналат. Бул иш-чаралар аялдарды саясий процесске гана тартпастан, ошону менен бирге жергиликтүү өз алдынча башкарууда аялдардын ролун кабылдоону да өзгөртүүгө көмөктөшүп жатат.

Өткөрүлгөн семинарлар – аялдарды жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процесстерине тартуунун узак жолундагы алгачкы гана кадамдар. Аялдарды алардын депутаттык ишине даярдоонун жана колдоонун, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин деңгээлинде эркектер менен эриш-аркак иштешүүнүн зарылдыгы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында ӨСИнин андан аркы аракеттери үчүн негизги багыт болуп саналат.

USAIDДИН “ИЙГИЛИКТҮҮ АЙМАК 2” ДОЛБООРУНУН ӨНӨКТӨШТӨРҮНҮН АЯРЛУУ ТОПТОР ҮЧҮН МААЛЫМАТТЫК ӨНӨКТҮГҮ

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо процессинин маселелери боюнча калкты ар тараптан маалымдоо боюнча маалыматтык өнөктүккө долбоордун өнөктөштөрү – “Жарандык катышуу” коомдук фонду жана “Интербилим Ош МБ” коомдук бирикмеси да тартылды.

2-сүрөт. 2024-жылы айылдык кеңештерге шайлоодо атаандаштык, жынысын эске алуу менен

3-сүрөт. 2024-жылы шаардык кеңештерге шайлоодо атаандаштык, жынысын эске алуу менен

Долбоордун өнөктөштөрү октябрь айынан баштап добуш берүү күнүнө чейинки мезгилде жарандарды шайлоо процессинде маалымдоо жана активдештирүү боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп чыгышты, муну төмөнкү сандар да ырастап турат: 43 маалыматтык жолугушуу өттү, 2912 адам катышты, социалдык тармактарда 385 миң катталуучу тартылды, 25 видеоролик чыкты.

Улуттар ортосундагы ынтымак маселелерине өзгөчө көңүл бурулду, ошондуктан маалыматтык өнөктүктүн алкагында Улуттук китепканада “Кыргызстан элинин Ассамблеясы” ассоциациясы жана этностук коомдук бирикмелер менен маалыматтык жолугушуу өттү. Иш-чара жарандардын шайлоо процессине катышуусун жана маалымдуулугун жогорулатуу боюнча өнөктүктүн алкагында КР Маданият министрлигинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын колдоосу менен уюштурулду. КР БШКнын төрайымы Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА шайлоону калыс өткөрүүгө багытталган маанилүү жаңылыктарды белгиледи: “КР БШКнын төрайымы катары толук жоопкерчилик менен билдирем, бүгүнкү күндө шайлоого таасир этүү мүмкүн эмес жана жергиликтүү кеңештердин сапаттык курамы жарандардын 17-ноябрда жасай турган тандоосунан гана көз каранды болот. Мен шайлоого кайдыгер мамиле жасабоого жана сөзсүз шайлоо участокторунда добуш берүүгө чакырам”.

Жаштар өнөктүктүн өзүнчө максаттуу аудиториясы болушту. “Жарандык катышуу” коомдук фонду “Кыргызстан жаштар кыймылы” уюму менен биргеликте КР жаштар жана улуттук диаспоралар үчүн “Катыш! Танда! Шайла!” деп аталган иш-чараны уюштурушту. Борбордук шайлоо комиссиясынын, ӨСИнин колдоосу менен өткөн бул иш-чара жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө жаш жарандардын маалымдуулук деңгээлин жогорулатты.

Тактап айтканда, Ош облусунда БШКнын мүчөсү Акбалык ЖУМАЛИЕВАнын катышуусу менен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу жаштардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында бир катар маалыматтык жолугушуулар өттү. Шайлоочулар менен жолугушуулар Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак, Алай районунун Гүлчө айылдарында ар кандай форматта өттү. Мындай жолугушууларды уюштурууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери да жигердүү көмөктөшүштү. Ошондой эле маалыматтык жолугушууларга региондо жашаган этностук жамааттардын өкүлдөрү да катышты.

Майыптыгы бар адамдар өнөктүктүн дагы бир маанилүү максаттуу аудиториясы болду. Майыптыгы бар адамдардын саясий жана коомдук жашоого жана жергиликтүү жамааттардын жашоосуна катышуусу учурдагы стереотиптерге, жаңылыш көз караштарга жана социалдык обочолонууга каршы күрөшүү үчүн абдан маанилүү. Майыптыгы бар адамдардын өз жамааттарынын саясий жана коомдук турмушунда жигердүү ролун камсыз кылуу менен алардын укуктарынын сакталышын камсыз кылса болот. Мындан тышкары, бул коомдун бардык мүчөлөрүнүн муктаждыктарын жакшыраак чагылдырууга мүмкүндүк берип, укуктук жана саясий базада майыптык маселелерин эске алууга да жардам берет. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору шайлоо процесси боюнча Брайль тилинде маалыматтык брошюраларды даярдады. Бул материалдар БШКнын төрайымы Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВАнын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан БЕКЕШОВдун катышуусунда Кыргызстандын Азиздер жана дүлөйлөр коомуна өткөрүлүп берилди.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жетекчиси Сабина ГРАДВАЛЬ бул күч-аракеттер текке кетпегендигин белгиледи: “Шайлоо аягына чыккандан кийин жакшы иштер жасалгандай сезимде калдык. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун командасы жана анын өнөктөштөрү шайлоо өнөктүгүн натыйжалуу колдоо багытында көп күч жумшашты. Биз өзгөчө көңүл бурган жарандардын аярлуу категорияларынан – аялдардан, жаш жарандардан, майыптыгы бар адамдардан кайтарым байланыш алдык. Бул маалыматтык өнөктүк биздин жалпы максаттарыбызды бөлүшкөн өнөктөштөрүбүз менен натыйжалуу  кызматташтыктан улам ушундай ийгиликтүү өттү. Биздин Долбоордун, ӨСИнин жана анын өнөктөштөрүнүн БШК менен тыгыз байланышта ишке ашырылган аракеттери өлкөнүн булуң-бурчуна маанилүү кабарды жеткирүүгө жардам берди. Өзгөрүүлөр биринчи кадамдан – өз өлкөңдүн жашоосуна жигердүү катышуудан башталарын чогуу далилдей алдык. Маалыматтык өнөктүктүн алкагында белгилүү инсандар – Акжол МАХМУДОВдун, Владислав ШУЛИКОнун жана Нурик ЭЛЬДИЯР УУЛУнун катышуусу менен бир катар видеороликтер даярдалды, алар жергиликтүү шайлоого назарды бура алышты. Видеодогу каармандар жарандарга жөнөкөй, бирок маанилүү билдирүү менен кайрылышты: “Сиздин добушуңуз маанилүү!”. Алар шайлоого катышуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жарандарды өлкөнүн келечегине ишенүүгө жана алдыдагы шайлоого жигердүү катышууга шыктандырышты. Бул роликтер шайлоо тууралуу эскертүү гана болбостон, ошону менен бирге Кыргызстандын келечегиндеги өз ордубуз тууралуу ой жүгүртүүгө түрткү берген чакырык болуп калды. Ар бир жаран өз үнүн жеткирүүгө укуктуу экенине биз ишенебиз! 2024-жылкы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына жергиликтүү кеңештердин институтунун маанилүүлүгүн далилдегенге, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө айылдардын жана шаарлардын нагыз жаран катары өздөрүн көрсөтүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар”.

*** 

Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге шайлоо өлкөнүн турмушунда өзгөчө актуалдуу жана маанилүү болду, себеби алар өткөрүлгөн административдик-аймактык реформанын жыйынтыктары менен байланыштуу болду. Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык реформа административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүүгө, учур талабына, коомдун керектөөлөрүнө жана келечектеги чакырыктарга жооп берген башкаруунун жаңы системасын түзүүгө багытталган. Эми жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын алдында алдыдагы 5 жылда ЖӨБдүн аткаруу органы менен биргеликте жергиликтүү өнүгүүнүн эң көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча чоң милдет турат. Бул үчүн жарандардын пикирлерин жана суроо-талаптарын эске алып, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ырааттуу ишин уюштуруу керек болот. Ошондуктан, жергиликтүү кеңештердин жаңы депутаттары үчүн окууну уюштуруу USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун кийинки кадамы болмокчу.

 

Окшош материалы: