Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Региондорго алынган багыт: 2030-жылга перспектива
Кыргыз Республикасы жөнгө салууга болгон өнүгүүгө, анын ичинде аймактарды өнүктүрүүгө карай революциялык бурулуш жасады. Акыркы жылдары жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндө бир катар саясий эрк байкалууда жана олуттуу чечимдер кабыл алынды, муну административдик-аймактык реформадан тарта ири инфраструктуралык долбоорлорго чейин көрүүгө болот.
2025-жылдын март айында мамлекеттин аймактарга назар бурганынын белгилери комплекстүү, масштабдуу саясатка бириктирилди. Алсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 18-мартындагы №135 токтому менен 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун социалдык-экономикалык жактан комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын (мындан ары – Мампрограмма) бекитти. Бул чечим көп тараптуу күч-аракеттердин жана көлөмдүү иштердин жыйынтыгы болуп калды, аны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2024-жылы өнүктүрүү жаатында мамлекеттик эмес катышуучулардын, анын ичинде Өнүктүрүү саясат институтунун колдоосу менен ишке ашырды1. Бул окуялардын тикелей жана жигердүү катышуучусу катары “Муниципалитет” журналынын башкы редактору Надежда ДОБРЕЦОВА Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин Биринчи орун басары Чоро СЕЙИТОВдон 2030-жылга чейин региондордун өнүгүү келечегине байланышкан көптөгөн суроолорго эксклюзивдүү жоопторду алды.
– Чоро Сейитович, региондорду өнүктүрүү – бул ушунчалык кеңири түшүнүк болгондуктан, бул тууралуу сөз козголгондо административдик чек араларды кайрадан белгилеп чыккандан тарта жолдорду курууга чейин бардык нерсени түшүнүүгө болот. Ал тургай, “регион” деген сөздүн өзүн ар ким ар башкача түшүнүп, колдонуп келатат. Кимдир бирөөлөр үчүн бул жөн гана региондорду бириктирүү болсо (борборлордон айырмаланып), басымдуу көпчүлүк үчүн элет жергеси, ал эми башкалар үчүн облус же район маанисин берет. Эмесе, регион деген эмне?
– Адегенде жөнөкөйүнөн – аныктамалардан баштайлы. Чынында эле, көп жылдардан бери баарыбыз “региондор” деген сөздү байма-бай колдонуп келатканыбыз менен, бул эмне болгонун так элестете албай жатканбыз. Мамлекеттик программа, акыры, “регион” түшүнүгүнүн аныктамасын расмий колдонууга киргизип жатат. Эмесе, регион – бул окшош жана бири-бирин толуктап турган өнүгүү дарамети бар, жалпы ички жана тышкы байланыштарга ээ болгон аймактардын (облустардын, райондордун же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын) жыйындысы. Регион мейкиндик, аймак болуп саналганы бул аныктамада эң негизгиси деп эсептелет. Ал ар кандай болушу мүмкүн – элеттик, шаардык, калаалык, өнөр жайлык, коруктук. Бишкек агломерациясы – бул дагы регион. Региондун өзгөчөлүгү – ал Мамлекеттик программада пландоонун, белгилүү бир чөйрөдө же бир нече чөйрөлөрдүн (темалардын) жыйындысында таасир этүү объектиси катары каралат. Бул сапатта – пландоо жана башкаруу объектиси катары – регион административдик-аймактык бирдиктен айырмаланышы мүмкүн.
– Мамлекеттик программа кандай негизги максатты көздөйт? Жаран жана ЖӨБ органдары мамлекеттен эмнелерди күтө алышат? Ар бир аймак үчүн көбүрөөк акча бөлүнө баштайбы? Баары орточо деңгээл боюнча тең келтирилеби? Алсыздар корголобу?
– Мамлекеттик программа – бул мамлекет акыркы жылдары аймактарды өнүктүрүү чөйрөсүндө көргөн ырааттуу кабыл алынган күч-аракеттердин логикалык уландысы. Бул күч-аракеттерге административдик-аймактык түзүлүштү оптималдаштырууга, инфраструктуралык процесстерге мамлекеттик инвестицияларды багыттоого, бизнести өнүктүрүү үчүн укуктук жана финансылык шарттарды түзүүгө, ошондой эле өнүгүүнү башкаруунун жаңы механизмдерин киргизүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары кирди. Туруктуу экономикалык өсүш жана калктын социалдык бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасында аймактардын өнүгүүсүн натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу мамлекеттик программанын негизги максаты болуп саналат. Бул жерде бир нерсеге көңүл буруш керек: адамдар ири шаарларда же чакан алыскы айылдарда жашайбы, буга карабастан сөз жалпы калк жөнүндө болуп жатат. Бирок, ошону менен бирге биз ар кайсы аймактардын өнүгүү деңгээли ар башка болгонун баамдап турабыз. Мамлекеттик программа бул айырмачылыкты аймактык өнүгүү диспропорциялары деп атайт, ал эми жалпак тил менен айтканда – бул аймактык теңсиздик жана бул биз көптөн бери талаптагыдай маани бербеген өлкө үчүн көйгөй. Аймактык теңсиздик акыркы 30 жылда, эгемендик мезгилинде кескин өстү жана мунун жөнөкөй түшүндүрмөсү бар. Буга чейин, СССР мезгилинде, өнүгүүнү башкаруу өндүрүштү, товарларды чыгарууну жана бөлүштүрүүнү катуу пландоонун алкагында ишке ашырылып келген. Пландоо борбору – Мамплан – Москвада болгон жана укмуштуудай чоң СССРдин бардык аймактары үчүн өнүгүү маселелерин чечкен. Союз тарагандан кийин Кыргызстан өз аймагынын масштабында жана чегинде пландоо системасын түзгөн эмес. Жөнөкөй сөз менен айтканда, Мамплан болгон эмес, ал эми өзүбүз “Мампланды” түзгөн жокпуз. Ооба, бул мүмкүн эмес болчу, себеби ал кезде “эркин рынок”, “рыноктун көзгө көрүнбөс колу” тууралуу идеялар үстөмдүк кылып келген. Бул идеяга ылайык, жеке сектор түзүлсө суроо-талап жана сунуш тең салмактанып, бардык көйгөйлөр чечилмек. Бирок, убакыт өткөн сайын мамлекеттик башкаруунун парадигмасы, философиясы жашоонун ыргагына жараша өзгөрүп жатты. Бүгүнкү күндө “рыноктун колу” кирешелүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, коммерциялык дарамет бар жерде гана суроо-талап көйгөйүн чечери түшүнүктүү болуп калды. Бирок бардык эле аймактар ага бирдей даражада ээ эмес. Ошентип, аймактык теңсиздик көйгөйү назардан түшүп, ал эми алыскы айылдарда жана чоң шаарларда жашоо деңгээли, кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк, адамдын өнүгүүсү үчүн шарттар жагынан ажырымды салыштырууга болбой тургандай болуп калды. Ички жана тышкы миграция мунун айкын далили (2022-жылы эмгекке жарамдуу калктын олуттуу бөлүгү миграцияда жүргөн, өлкөнүн көптөгөн эмгекчил тургундары жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болушкан, ошол эле маалда согуш же табигый кырсыктар сыяктуу глобалдык себептер болгон эмес). Бул адилетсиз, мамлекеттин да, элдин да кызыкчылыгында эмес көрүнүш. Ошондуктан, Мамлекеттик программанын маанилүү максаты – аймактардын ар бир түрүнө өнүгүүнү башкаруунун өзүнө таандык ыкмаларын түзүү менен аймактык теңсиздикти кыскартуу. Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын аймактарынын эки негизги категориясын киргизди. Алар – өнүгүүсү алдыга озуп бараткан аймактар жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылган аймактар.
– Аймактардын ар бир түрүн башкаруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө сөз кылардын алдында, аймактык теңсиздикке дагы бир жолу токтолсок болобу? Бул теңсиздик канчалык чоң, ал кантип билинет жана ал өлкө үчүн кандай тобокелдиктерди жаратууда?
– Өлкөнүн өнүгүүсүндөгү диспропорциялардын калыс базасы бар – татаал тоо ландшафты, тоолуу жана түзөң экономикалардын ортосундагы чоң айырма болот. Калктын тыгыздыгындагы айырмачылыктар да эбегейсиз жана объективдүү шартталган. Бул, мисалы, жумуштуулуктун деңгээлинде 20 пайыздык көлөмдө диспропорцияны жаратат – бул өтө көп! Алсак, жумуштуулуктун эң төмөнкү деңгээли Ысык-Көл облусунда (48,9 пайыз), эң жогорку деңгээли Ош облусунда (68,7 пайыз) катталган. ИДПны өндүрүүнүн негизги үлүшү (78,0 пайыз) Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарына жана Бишкек шаарына туура келет. Ош, Баткен, Нарын, Талас облустарынын жана Ош шаарынын жыйынды үлүшү 22,0 пайызды гана түзөт. Калктын жан башына ИДП Бишкек шаарында Ош облусуна караганда жети эсе, Жалал-Абад жана Нарын облустарына караганда төрт эсе көп.
Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмүндөгү аймактык диспропорциялар абдан чоң. Алсак, Чүй облусу калктын жан башына продукциясынын көлөмү боюнча Баткен жана Ош облустарынан 21 эсе, Нарын облусунан жана Ош шаарынан 10 эсе ашат.
Жаран региондордун социалдык өнүгүүсүндөгү теңсиздик алда канча олуттуу сезип келет. Медициналык кадрлар менен камсыз кылууда кыйла чоң аймактык теңсиздик сакталууда: 10 миң адамдын дарыгерлер менен камсыз болуусунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында (тиешелүүлүгүнө жараша 22,8 жана 24,1), ал эми айрым айылдарда жана жетүүгө кыйын райондордо бул көрсөткүч 7 миң адамга 10 дарыгерден кемин түзөт.
Кесиптик, анын ичинде аймактык билим берүү системасынын олуттуу тең салмактуулугу байкалууда: кесиптик лицейлердин басымдуу бөлүгү элет жерлеринде (56 пайызы); колледждердин көпчүлүк бөлүгү шаарларда (96 пайызы) жайгашкан, ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын бир катар облустарында кесиптик лицейлерде өздөштүрүлгөн кесиптер ошол эле региондо КООЖдор сунуштаган кесиптер менен айкалышып кетпейт жана билим алуунун кийинки деңгээлинде өз адистиги боюнча окуусун улантуу үчүн кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү адистигин өзгөртүүгө же алмаштырууга аргасыз болушат.
Акыркы жылдары көрүлүп жаткан жигердүү чараларга карабастан, мектепке чейинки билим берүү программаларына жеткиликтүүлүк курч көйгөй бойдон кала берүүдө – мектепке чейинки курактагы балдардын төрттөн бирине гана ага камтылган. Ошол эле учурда аймактык ажырым чоң: эгерде Нарын облусунда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 39,3 пайызды түзсө, Ош облусунда болгону 23,9 пайызды түзөт. Мындай кырдаал мектепте билим берүүнүн сапатына да таасирин тийгизүүдө, бул жаатта да аймактык диспропорциялар белгиленип жатат. Бирок бул теңсиздик барган сайын көбөйүп жатканы алда канча начар көрүнүш! Алсак, Баткен облусу менен Бишкектин ортосундагы орто мектептик билим берүү менен камтуудагы ажырым 2017-жылы 28 пайызды түзсө, 2022-жылы ажырым дээрлик 40 пайызга чейин көбөйгөн; Ош облусу менен Бишкектин ортосундагы ажырым 2017-жылы 32 пайыздан 2022-жылы 50 пайызга чейин көбөйүп, мындай көрүнүш бардык региондордо да байкалууда.
Бул талдоо көп убакыт бою экономикалык илимдин жана коомдун назарында турган предмет болбогонун белгилей кетүү маанилүү. Биз Кыргыз Республикасынын өнүгүү көрсөткүчтөрүн башка өлкөлөр менен салыштырганга дайыма даярбыз, бирок өзүбүздүн ичибизге көз чаптырган учурларыбыз аз болот. Өлкөнүн ичиндеги айырмачылыкка көңүл бурууга убакыт келди. Бул эмне үчүн маанилүү? Жообу абдан жөнөкөй – эгерде биз бир улут жана бир өлкө болсок, анда ар бир жаран бардык аймактарда жакшы жашашын камсыз кылып, урпактарга жашоо үчүн жагымдуу шарттарды жана өнүгүү үчүн ресурстарды калтырып кетүүгө умтулууга тийишпиз. Эки жөнөкөй жооп бар – аймактардын ортосундагы адилеттүүлүк жана муундардын ортосундагы адилеттүүлүк.
– Бирок Сиз жогоруда айткандай, аймактык теңсиздик объективдүү негизге ээ. Бул жагы кандай болуп калат? Физикалык көрсөткүчтөргө жана ландашфт сыяктуу жагдайларга кантип таасир этүүгө болот?
– Аймактын ар бир түрүнө өз ыкмаларын, өнүгүүстимулдарын колдонуп, башкаруу системасын куруу керек. Мамлекеттик программа так сиздин суроого жооп берүүгө жардам берген төрт негизги милдетти анык белгилеген. Биринчиси – өсүштүн драйвери катары урбанизацияланган аймактарды өнүктүрүү. Сөз агломерацияларды жана урбанизацияланган аймактарды түзгөн шаарлар жана аларга жакын аймактар жөнүндө болуп жатат. Жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта, Чолпон-Ата, Кербен, Таш-Көмүр, Айдаркен шаарларынын административдик аймактары чектеш айылдык аймактардын эсебинен ирилештирилди. Натыйжада, шаарлардын калкынын саны 300 миңден ашык адамга көбөйүп, өлкөнүн жалпы калкынын 35,0 пайызын түзүп калды. Ал жактарда жогорку экономикалык потенциал бар, экономикалык өсүштү камсыз кылуу үчүн калкынын саны жетиштүү. Бул жерде мамлекет жогорку кошумча наркты берген тармактарды колдоого, ошондой эле урбанизациянын артыкчылыктарын пайдалануу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө көңүл бурат. Негизи эле урбанизация – бул өнүгүү стимулу, технологиялардын, маданияттын, жылыштын синоними – ушул көрүнүштөрдүн аймактарда топтолгон жыйындысы. Бирок урбанизацияга калктуу конуштарды айыл макамынан шаар макамына которуу менен гана жетишүүгө болбойт. Чыныгы урбанизация – бул инфраструктураны радикалдуу жаңыртуу, экономиканын структурасын өзгөртүү, технологиялар, санариптештирүү, жада калса жашоо образын өзгөртүү. Көчөлөр талкаланган, таштандылар туш келди жерде жаткан, канализация системасы жок, калкы майда соода менен алек болгон шаар – бул түпкү маанисинде урбанизацияланган аймак эмес, бул шаардагы бир чытырман аймак. Бул аймактарды өнүктүрүүгө карата мамлекет билимдердин экономикасын колдоого, инновацияларды, креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө жана жаш квалификациялуу кадрлардын Бишкекте жана Ошто кетишине жол бербөөгө көңүл бурат, ал эми башка шаарлашкан аймактарда инфраструктураны жана экономиканы колдоо камкордуктун предмети болуп калат.
Мамлекеттик программа озуп өнүккөн аймактарды түзүү үчүн жаңы механизмдерди киргизүүнү караштырат. Озуп өнүккөн аймак – бул инвестицияларды тартып, экономиканы тез өнүктүрүп, калктын жашоосун жакшыртуу үчүн түзүлгөн жеңилдетилген салык шарттары, жөнөкөйлөтүлгөн административдик жол-жоболору жана башка артыкчылыктары бар аймак. Бул жерде өзөктүк бизнес борборлору менен атаандаштыкка жөндөмдүү бизнес жүргүзүү үчүн шарттар түзүлүүгө тийиш: облустардын айрым административдик борборлорун которуу; инвесторлор үчүн жеңилдиктерди караган өзгөчө статусу бар аймактарды түзүү; артыкчылыктуу продукцияны чыгарууну субсидиялоо; салык жеңилдиктери; өнөр жай ипотекасы; индустриалдык парктарды жана технопарктарды, өнөр жай кластерлерин жана башкаларды түзсө болот.
– Муниципалитеттер билимдүү жаштардын агымын азайтып, креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча кандай чараларды көрүүгө болот деген суроо менен Өнүктүрүү саясат институтуна көп кайрылышат. Ал тургай көптөгөн ири шаарлар өз ыйгарым укуктарын аныктоодо кыйынчылыктарга туш болушууда жана көпчүлүккө ЖӨБ органдарында мындай аспаптар жоктой сезилет. Чын эле ушундайбы?
– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жашаган жери катары анын жагымдуулугуна таасир этүү мүмкүнчүлүктөрү көп. Албетте, биринчи кезекте инфраструктурадан баштоо керек, ал эми мамлекет акыркы жылдары муниципалитеттерге олуттуу инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү үчүн көп иштерди жасап жатат. Бирок 3-5 жылга эмес, 10- 20 жыл алдыга умтулуу зарыл. Биринчи кезекте креативдүү экономика сыяктуу жаңы багыттарда жаштар менен иш алып барыш керек. Ооба, бир караганда, бул маселеде ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү анчалык деле көп эмес. Бирок жакшылап карап көрсөк кандай болор экен? Мисалы, шаарлар жана ал тургай чоң айылдар ар кандай чыгармачыл топтордун ишмердиги үчүн жайлар менен камсыздай алышат, ошондой эле мындай топтордун калыптанышына да көмөктөшсө болот. Ушул тапта Бишкек шаарынын муниципалдык китепканаларын коворкингдерге айландыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, шаарлардын муниципалдык менчигинде турган пайдаланылбаган жайларды инвентаризациялоо жана аларды креативдүү мейкиндиктерди жана кластерлерди түзүү, ошондой эле маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн талдоо керек. Эгерде издеп көрсөк, мындан да башка мүмкүнчүлүктөр табылат. Бул жерде жарандарга кайрылып, алардын өнүгүүгө чыныгы катышуусун камсыз кылуу жолу менен жаңы чечимдерди табуу маанилүү.
– Чыныгы катышуу деген эмнени билдирет? Кыргыз Республикасында жарандын жергиликтүү өнүгүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу укугун ишке ашырууга багытталган укуктук жана реалдуу иштеген механизмдер аз эмес. Мунун өзү жетиштүү эмеспи?
– Бул механизмдер негизинен отчеттуулукту, чечим кабыл алуу процессине катышууну күчөтүүгө багытталган. Бул маанилүү жана ушул механизмдерди жана практиканы сактап калуу үчүн күч-аракет жумшоо зарыл. Бирок башка маанисинен алып караганда, Мамлекеттик программа реалдуу салым, жарандар менен биргеликте долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү, салык төлөөчүлөр, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар катары жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу деген түшүнүктөрдү камтыйт. Үйүңдүн жанындагы таштанды төкчү полигонду өз колуң менен тазаласаң бул чыныгы катышуу болуп саналат. Жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүгүндө жарандардын катышуусу үчүн шарттарды түзүү ЖӨБ органдары жана мамлекет үчүн биринчи кезектеги жана негизги милдет болуп саналат. Алгачкы олуттуу кадам жасалды – жергиликтүү жамааттардын демилгелерин мамлекеттик бюджеттен каржылоо механизмин түзүүгө багытталган дагы бир мамлекеттик программа кабыл алынды, ал 2025-жылы ишке ашырыла баштайт.
– Ал эми Мамлекеттик программа өлкөнүн урбанизацияланган борборлорунан экономикалык өнүгүүсү артта калган алыскы, тоолуу жана башка айыл аймактары үчүн эмнелерди сунуштайт?
– Биринчи кезекте артта калып жаткан аймактар деп айтпашыбыз керек. Биз табияттын уникалдуу өзгөчөлүктөрүн баалап, аларды келечек муундар үчүн сактап калууга тийишпиз. Ошондуктан, бүт аймакты урбанизацияланган жана технологиялык кылуу жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Тоодогу жайыттарда химиялык заводдорду куруу канчалык көп пайда алып келсе да, буга жол берилбейт. Биз жаратылышты да, маданиятты да, жашоо образын да сактап калууга тийишпиз. Мунун баары материалдык жана материалдык эмес байлыгыбызды жана мурасыбызды түзгөн нерселер. Ошондуктан, өнүгүүгө аяр мамиле жасоо керектигин түшүнүү менен, биз көптөгөн аймактарды өзгөчө көңүл бурулууга тийиш болгон аймактардын тобуна киргиздик.
Райондордун бир бөлүгү үчүн туризм артыкчылыктуу багыт болуп калмакчы. Бирок бул “туруктуу” туризмдин принциптерин бекем сактоого негизделген туризм болушу керек; айрыкча, эгерде туристтик ишмердик өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, токой чар-баларында же ага чектеш жерлерде жүргүзүлсө, айлана-чөйрөнү коргоонун, биологиялык көп түрдүүлүктү жана табигый экосистемаларды сактоонун талаптары эске алынууга тийиш. Бул аймактардагы туризм социалдык жана маданий өлчөмгө ээ болушу керек – аялдардын, балдардын жана жаштардын өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берип, ошол эле учурда майыптыгы бар адамдар жана мобилдүүлүгү чектелген адамдар үчүн жагымдуу чөйрөнү (жумушчу да, ошондой эле туристтик да) түзүү, жергиликтүү маданиятты, салттуу билимдерди, кол өнөрчүлүктү ж.б. сактоого көмөк көрсөтүү менен жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана инклюзивдүүлүктү камсыз кылууга салым кошуу.
Айрым аймактарда айыл чарба аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулмакчы. Мамлекеттик программа агроөнөр жай интеграциясынын жана кластерлердин механизмдерин киргизүүнү карайт: арзан насыяларга жеткиликтүүлүк: инвестицияларды комплекстүү башкаруу: айыл чарбасындагы ишкердик активдүүлүккө жаштардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыгуусун жогорулатуу.
– Көптөгөн айылдык аймактарда (жарандар да, ЖӨБ органдары да) айыл чарбасында жаштардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердик активдүүлүгүнө кызыгуусун арттырууну өтө маанилүү деп эсептешет. Бул тапшырма кулакка жагымдуу угулуп, көптөн бери айтылып келатат. Бирок аны иш жүзүндө кантип ишке ашырса болот – муниципалитеттер муну жасай алабы же мамлекеттин колдоосу зарылбы?
– Элеттик райондордон кеткен жаштардын агымын азайтууга жана алардын айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө кызыгуусун жогорулатууга, келечектеги дыйкандарды окутуп, кесиптик багытты берүүгө региондордо агроборборлорду (өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, КЭУлардын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана регионалдык окуу жайларынын долбоорлорунун көмөгү менен) түзүү саясаты көмөк көрсөтөт. Бул практика улантылып, кеңейтилет, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен жаш элеттик ишкерлерге гранттар бөлүнөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (райондор) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ошондой эле маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүп, дыйкандар менен жаштар үчүн кесиптик багыт берип, алардын бирикмелерин, кооперацияларын колдоо менен кырдаалга таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аймакты экономикалык жактан адистештирүү, аймактар аралык кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү ж.б. бийликтин ишинин дагы бир маанилүү багыты болуп саналат.
Мамлекет ишкердик активдүүлүккө дем берүү максатында жарандарга, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө айыл чарба чөйрөсүндө ишканаларды ачууга жана өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт. Колдоо жабдууларды, үрөндөрдү, чийки затты, малды ж.б. сатып алууну же жергиликтүү чийки затты кайра иштетүү боюнча бизнести баштоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү камтыйт (сафлор майын өндүрүү боюнча чакан цехтерди, койдун жүнүн кайра иштетүү боюнча, мобилдүү саан пункттарын уюштуруу, союу цехтеринде тери көтөрүүчү аппараттарды, чакан канаттуулар фермаларын орнотуу сыяктуу). Ошондуктан, ЖӨБ органдары көйгөйлөрү менен жалгыз башына калбайт.
– Мамлекеттик программада көп орун “мейкиндик” деген модалуу сөзгө бөлүнгөн экен. ЖӨБ органдары социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун жаңы методикасына ылайык программаларга мейкиндикти башкаруу боюнча чараларды киргизүүгө тийиш. Эреже катары, бул тапшырма адамдарды айраң таң калтырат. Маселеге элеттик муниципалдык кызматкердин көзү менен карасак, сөз эмне жөнүндө болуп жатат?
– Мейкиндик маселеси “жаңы нерсе – бул унутта калган эскиси” деген сөздү жакшы чагылдырып турат. Эсиңизде болсо керек, советтик мектепте экономикалык география деген сабак бар болчу, анда СССРде өндүрүш күчтөрү кантип жайгаштырылганы каралып, эмне үчүн Уралга металлургия заводдорун куруп, ал эми Өзбекстанда пахта өстүргөн жакшы, Байкал-Амур магистралы эмне үчүн зарыл дегенди түшүндүрүп берчү. Биз программаларды жана өнүктүрүү стратегияларын жазабыз, аларды долбоорлор жана көрсөткүчтөр менен толтурабыз, бирок биз бардык пландарыбызды жана иш-аракеттерибизди конкреттүү бир жерге, мейкиндикке “байлаганды” унутуп калабыз, региондордун табигый жана экономикалык чектерин, тигил же бул мейкиндиктердин дараметин баамдай бербейбиз. Заманбап экономикалык илимде жана мамлекеттик башкаруу жөнүндө илимде тигил же бул аймактын физикалык, экономикалык, социалдык мүнөздөмөлөрүн мыкты пайдалануу, тобокелдиктерди баамдоо, ал тургай географияны жана экономиканы аң-сезимдүү жана максаттуу чаралар менен өзгөртүү үчүн мейкиндикти башкарууга жана өнүктүрүүгө зор маани берилет. Өлкөбүздү, регионубузду мейкиндикте көргөндө, биз коңшулар кайсы жерде жана кандай таасир этерин, кайсы жерге жол куруш керектигин, адамдардын тийгизген таасиринен коруктун аймагын коргой турган жерди түшүнө баштайбыз. Бул жагынан алганда, мейкиндиктик ой жүгүртүүнүн жакшы мисалы – Кытай лидери Синь Цзинпиндин “Бир алкак – бир жол” деп аталган демилгеси, анда континенттин экономикасын өнүктүрүү мейкиндиктин алкагына коюлган. Бул бизге көптөн бери жетишпей келатат. Көптөгөн муниципалитеттерибизде өнүгүүнүн мейкиндик пландары – башкы пландар, деталдуу пландоо пландары, курулуштун укуктук зоналаштыруу пландары жок. Ошондуктан биздин калктуу конуштар мейкиндикте туш келди “жайылып” жатат, бизде ансыз да тартыш болгон жерлер жакында такыр эле калбай калат. Муниципалитеттин чыныгы өнүктүрүү программасы мейкиндик планынан өзүнчө ишке ашырылыбашы керек. Пландоонун бардык максаттары жана милдеттери мейкиндик схемасына киргизилүүгө тийиш – бала бакча кайда болот, соода кварталы каерде, көп кабаттуу курулуш каякта, ал эми келечек муундар үчүн резерв кайсы жерде болот. Бизге калктуу конуштардын тышындагы аймактар үчүн да мейкиндик схемалары керек. Бүгүн кайсы жерде эч нерсе болбосо да, эртең бизге ошол жерде магистраль эмне үчүн керек болот? Же аэропортчу? Же корукчу? Же кэмпингчи? Жерлерди категорияларга бөлүп коюу жетишсиз, алардын максаттуу багытын так аныктап, келечектеги мейкиндикти элестетүү зарыл – ал кандай болот жана кантип колдонулат. Ошондуктан өлкөдө мейкиндик пландарынын системасы – улуттук мейкиндик схемасы, регионалдык жана жергиликтүү мейкиндик пландары түзүлүүгө тийиш.
Калктуу конуштардын схемаларын жасоо кымбатка турса да, эң жөнөкөй вариант. Региондун деңгээлинде мейкиндикти пландаштыруу үчүн көбүрөөк аналитикалык жана башка күч-аракеттер талап кылынат; өлкөнүн деңгээлинде бул кыйла татаал болот. Бирок, эмне кылыш керек – бул жаңы модадагы милдет эмес, мен жогоруда айткандай, бул кадыресе туура маңыз мамлекеттен өнүгүүнү башкарууда мейкиндик факторун эске алууну талап кылат. Баса, административдик-аймактык реформага карата алганда, артыкчылыктарды туура пайдаланып, тобокелдиктерди күчөтпөө үчүн региондордун административдик чек араларына жаңы мейкиндиктик көз караш менен карашыбыз зарыл.
ЖӨБ органдарына келе турган болсок, алардын колунда мейкиндикти башкаруунун аспаптарынын жетишээрлик чоң топтому бар. Алар: башкы пландар, укуктук зоналарга бөлүү, жерлерди трансформациялоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары менен өз ара аракеттенүү. Буга чейин бул маселелер СЭӨПга киргизилбей, ЖӨБ органдарынын да эмес, архитектура органдарынын колунда өз алдынча “жашап келгени” көйгөй болгон. Мамлекеттик программа мейкиндикти башкаруунун жаңы системасынын алкагын белгилейт.
– Баса, система жана СССР жөнүндө сөз болуп калбадыбы. Мамлекеттик программа башкаруу системасына арналган өзүнчө бөлүмдү камтып, комплекстүү чараларга басым жасайт, пландардын жана программалардын иерархиясы жөнүндө баяндайт. Улуу муундагы адамдарда бул СССРдин Мамлекеттик планы менен окшош дегендей ойду жаратат жана Сиз жогоруда да бул “монстрды” эстедиңиз. Бирок биз пландуу экономикадан баш тартпадык беле? Рынок экономикасынын философиясы менен андагы мамлекеттин ролунун ортосунда карама-каршылык жокпу?
– Жалпы дүйнөлүк тенденция мындай – эркин рыноктун абсолюттук натыйжалуулук теориялары көптөн бери акыркы баскычтагы чындык болбой калган. Бардыгы конкреттүү өлкөгө, анын табигый өзгөчөлүктөрүнө, көлөмүнө, географиялык жайгашуусуна, ал тургай маданиятына, тарыхына жана менталитетине көз каранды болот. Рынок механизмдеринин тийгизген таасиринин жана натыйжалуулугунун даражасы айырмаланышы мүмкүн, бул жерде рынок чече албаган жана эч качан чечпей турган өнүгүүнүн көптөгөн өңүттөрү жана көйгөйлөрү бар. Бирок мамлекет бул маселелер жок деп түр көрсөтө албайт. Бийлик калктын бардык топторун көрүп, бардык тобокелдиктерди баалап, бардык топтор жана аймактар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бериши керек. Кыргызстан – рельефи өтө татаал (мейкиндикти эстесеңиз), көп түрдүү жана көп улуттуу, уникалдуу жаратылыш ресурстары бар чакан өлкө. Гармониялуу туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн бардык факторлорду эске алуу менен, өнүгүүнү комплекстүү пландоо жана башкаруу талап кылынат. Иш жүзүндө алар бири-бирине карама-каршы келбеген, өз ара бири-бирин колдоп, натыйжалуулугун күчөтүп турган бирдиктүү системага бардык программаларды жана стратегияларды так байлашыбыз керек дегенди билдирет.
Мамлекеттик программа биринчи кезекте тармактык мамлекеттик өнүктүрүү программаларында өзүнүн өзгөчөлүгү, максаттуу көрсөткүчтөрү бар региондор пайда болушу керектигин белгилеген. Экинчи маселе – жергиликтүү өнүктүрүү программаларын жалпы өлкөлүк, улуттук программалар менен байланыштыруу зарыл. Биз биринчи кадамды жасадык – жогоруда сиз айткандай, жергиликтүү программаларды иштеп чыгуунун жаңы методикаларын киргиздик. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу программаларын райондук программалар менен байланыштырдык. Албетте, иш жүзүндө кырдаал азырынча ойдогудай мес, бирок, биз комплекстүү пландоонун бул системасын ырааттуу түрдө куруп чыгабыз.
Зарыл болгон, бирок азырынча жок элемент – бул пландоо борбору, ал бардык көрсөткүчтөрдү топтоп, карама-каршылыктардын, кайталоолордун жоктугун көзөмөлдөй алмак. Ооба, бул кандайдыр бир мааниде Мампланды эске салышы мүмкүн. Бирок башка өңүттөрүн да унутпайлы. Биринчиден, санариптештирүү да бизди ушундай борборду түзүүгө түртүп жатат. Экинчиден, совет маалындагы нерсенин баары эле жаман же акылсыз болгон эмес. СССРдин Мампланында эбегейсиз чоң өлкөнү өнүктүрүүнү пландаган көрүнүктүү, дүйнөлүк деңгээлдеги экономисттер иштеген. Тилекке каршы, эгемендик алгандан кийин жана СССРдин Мамлекеттик планы менен операциялык байланышты жоготуп алган соң биз эч кандай “акыл кошчу” башкаруу борборун түзө элекпиз, “рыноктун көзгө илинбеген колуна” ишеним артып келебиз. Маалыматтарга, сапаттуу божомолдорго, жарандардын бардык топторунун артыкчылыктарына, бардык аймактардын келечегине жана дараметине, кыргызстандыктардын азыр жашап жаткан жана келечектеги муундарынын кызыкчылыктарына негизделген өзүбүздүн башкаруу системабызды курууга убакыт келди.
– Фантастикадай угулуп жатат. Бирок, ошол эле учурда, мындай системаны түзүү эчак бышып жетилген дегендей сезим бар. Жасай алаар бекенбиз? Себеби, бул көптөгөн жетекчилердин ой жүгүртүүсүн өзгөртүүнү, олуттуу ресурстарды, олуттуу саясий чечимдерди жана эркти талап кылат эмеспи…
– Ооба, бул оңой эмес. Бирок убакыт бизди жөн гана “шаштырбастан”, “түрткүлөй” баштады. Ал эми саясий эрк жетиштүү. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жакында эле санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү тууралуу чечими – бул да координациялык борборлорду түзүү багытында жасалган кадам. “Акыл кошчу” жана ресурстук борборлор күчтүү жана ыйгарым укуктуу башкаруу органдары менен биргеликте бул милдетти аткара алышат. Эң татаалы жана узак мөөнөттү талап кылганы – бул ой жүгүртүүнү өзгөртүү. Бирок бул жерде жардамга санариптештирүү келет, анын таасири астында эң консервативдүү акылдарда да өзгөрүүлөр тездейт. Образдуу маанисинен алып караганда, “сандар” баарыбызды өз алкагынан чыгарбай жатат, биз муну каалайбызбы же жокпу – рационалдуулук логикасынан алганда алдыга түрткүлөп жатат. Жөнөкөй эле мисал келтирейин. Дүйнөнүн канча өкмөтү, анын ичинде Кыргызстан нак акчанын көмүскө жүгүртүлүшү менен күрөштү? Накталай эмес эсептешүүлөргө өтүү үчүн канча күч-аракет жумшалганын айтып бүтүрө албайбыз! А бирок бул маселе эки жылдын ичинде чечилди – бүгүнкү күндө накталай эмес эсептешүү менен жада калса базарда бир килограмм картошка да сатылып жатат. Башкаруу системасы санариптештирүүгө оңой эле берилбейт. Бирок бул жерде да дайындар базалары, санариптик аспаптар борборлоштурулуп, синхрондоштурулганда гана сапаттуу секирикти байкайбыз. Ошондо биз каалайбызбы же жокпу, пландоо жана божомолдоо бир жерден өз ордун табышат. Пландоону башкаруу боюнча чоң бюрократиялык машинаны түзүүнүн кажети болбойт – “сандар” көптөгөн процесстерди кескин арзандатып, тездетет.
– Бул санариптештирүүнүн таасири жергиликтүү өз алдынча башкаруудан баш тартууну билдирип калбайбы? “Жансыз машина”, “сандар” башкаруу системасынын бул бөлүгүн “эки чайнап, бир жутуп” койбойбу?
– Жок. Себеби санариптештирүү канчалык кубаттуу болгону менен аспап бойдон кала берүүдө. Биздин көп жүздүү, бирок ынтымактуу улутубуз абдан өзгөчө жана өзүнүн иденттүүлүгүн абдан коргоп келет. Ал эми иденттүүлүк жергиликтүү жамааттарга таянат. Жергиликтүү жамааттар болуп турган чакта алар өз алдынча жана өз жоопкерчилиги алдында чече турган маселелер да чыга берет. Ал эми бул – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алынган Мамлекеттик программанын да, санариптештирүүнүн таасири астында да иш жүзүндө жана башкаруу системасында сапаттуу өзгөрүүлөргө даярдануусу зарыл. Биринчиден, “Санарип Аймак” аркылуу санариптик пландоонун жаңы модулдары киргизилет. Экинчиден, биз социалдык-экономикалык өнүгүүнү пландоо системасын бюджеттик пландоо системасы менен байланыштырабыз. Бул табигый түрдө маалыматтардын, статистиканын сапаты үчүн жоопкерчилигин жогорулатат, себеби жергиликтүү бюджеттердин көрсөткүчтөрү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн маалыматтарына көз каранды болот, ал эми ал көрсөткүчтөрдү төмөндөтүү же жогорулатуу финансылык кесепеттерге алып келет. Үчүнчүдөн, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу эле, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү башкарууга санариптик аспаптарды киргизүү керек болот – муну эл, үнөмдүүлүк жана натыйжалуулук милдеттери талап кылат. Төртүнчүдөн, көбүрөөк көңүл, билим жана убакыт мейкиндик пландарын, шаар куруу маселелерин талап кыла баштайт – биз мындан ары туурасынан кеңейе албайбыз, бардык жерлерде көп кабаттуу курулушка өтүшүбүз керек, ал эми бул инфраструктурага таптакыр башка талаптарды коёт. Жарандар ошондой эле инфраструктурадан мурдагыдан көбүрөөк нерселерди күтүп жатат – саркынды сууларды чыгаруунун, канализациянын, таштандыларды башкаруунун, абаны башкаруунун жаңы системалары керек.
Жогоруда айтылгандай, жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүдө, анын ичинде инновацияларда жаңыча мамиле жасоо талап кылынууда; социумду өнүктүрүүдө кескин чечимдерди кабыл алуу зарыл – биздин улутту түптөө процесси да жергиликтүү жамааттарда жүрүп жатат. Ар бир адамдын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү – мамлекеттик билим берүү системасынын гана эмес, маданият, спорт, эс алуу үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдети, себеби бүгүнкү күндө адамды өнүктүрүүнүн көптөгөн факторлору дал ушул чөйрөлөрдө топтолгон. Жалпысынан алганда, жумуш көп. Ал үчүн көп билим да талап кылынат.
“Колубуздан келээр бекен же жокпу” деп суроо койбойт элем. Бизде тандоо жок, себеби региондор – бул Кыргызстан. Алардын өнүгүүсүн башкаруу системасы – дүйнөнүн саясий картасында биздин мамлекеттин жашап кетүү маселеси. Бирок бизде бул үчүн туура ресурстар бар, эң негизгиси жолду баамдап, туура максаттарды коё билишибиз керек. Ал эми Мамлекеттик программа бул багытта чоң кадам таштап жатат. Бирок мамлекеттин да жардамчылары бар. Алар: жергиликтүү жамааттардын өздөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана сиз, мамлекеттик эмес сектор, жарандык коом. Сизден да салым кошуу талап кылынат.
– Кызыктуу маегиңиз жана бөлүп берген убактыңыз үчүн чоң рахмат!
Окшош материалы:
-
№2 (160) / 2025-03-03 Мамажунус АБИЛОВ: өнүктүрүү программасы Ноокат районунун жашоочуларынын суроо-талаптарына жана дараметине негизделген
-
№2 (160) / 2025-03-03 Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун КРнын Жогорку Кеңешине баяндамасы (кабыл алынган мыйзамдардын ЖӨБдү өнүктүрүүгө тийгизген таасири жөнүндө)
-
№2 (160) / 2025-03-03 ЖӨБ органдарынын ишине тиешелүү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КР Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин айрым сунуштарынын тизмеги
-
№1 (159) / 2025-01-30 “Муниципалитет” журналы окурмандарын Жаңы жыл менен куттуктап, өз жазылуучуларына – салттуу жаңы жылдык электрондук ойнотуунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды!
-
№11 (157) / 2024-12-02 Жергиликтүү кеңештерге шайлоо-2024: шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү жана USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун маалыматтык өнөктүгү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Улуттук Урбан форуму-2024: Кыргызстан үчүн шаардаштыруунун чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Жергиликтүү кеңештердин болочок депутаттарын окутуу: ЖДКЖ долбоорунун колдоосунун жыйынтыктары жана келечеги
-
№10 (156) / 2024-11-07 Үй-бүлөлүк зомбулук: жамааттар каршы, бирок бул көрүнүш менен кантип натыйжалуу күрөшсө болот?