Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өнүктүрүү саясат институтунун комплекстүү пландоо системасына карата комментарий

2018-11-07 / Көңүл чордонунда
Өнүктүрүү саясат институтунун комплекстүү пландоо системасына карата комментарий

Улуттук стратегиядагы комплекстүү пландоого тиешелүү пунктка жакшылап токтолуу зарыл: “Стратегиялык документтерди даярдоонун жана кабыл алуунун, ошондой эле аны бюджеттик процесс менен байланыштыруунун бирдиктүү регламентин иштеп чыгууну жана бекитүүнү, документтердин форматын, анын катышуучуларын, жол-жоболорун, тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынат. Бул мыйзам Кыргызстанда мейкиндикте, аймактарда пландоону караган комплекстүү пландоонун системасын курууга багытталат.

Пландоонун комплекстүү системасы мамлекеттик бюджеттик инвестицияларды, бюджеттер аралык мамилелерди башкаруунун негизи болуп калат жана инвесторлор менен жарандар үчүн багыт болот”. Эмесе, сөз комплекстүү пландоо системасы тууралуу болуп жатат. Мунун артында эмне турат? Сунуш ӨСИден түшкөндүктөн бул системага карата өз көз карашыбызды чечмелеп берүүнү туура көрдүк. Сунушталган чаралардын айрымдары Улуттук стратегияга кирген жок, алардын баарын эле мамлекет жана коом колдоп кеткен жок. Бирок алардын көбү менен жакындан таанышып, талкууласа болот.

Комплекстүү пландоо системасы эмне үчүн керек?

Пландалган чаралардын ийгилиги жана Кыргыз Республикасынын келечегине карата көз карашка жетүү башкаруу органдарынын сапаттуу өз ара аракеттене алуу жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды болот. Бул болсо пландоо системасынын жана өнүгүүнү башкаруунун алкагында ишке ашат. Региондук өнүктүрүүнүн дисбаланстарына байланышкан тобокелдиктерди алдын алуу үчүн, ошондой эле аймактарда – өсүш жерлеринде өнүгүүгө дем берүү үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында биринчи кезекте пландоонун жана аймактардын өнүгүүсүн башкаруунун улуттук системасын түзүш керек. Пландоонун жана региондук өнүгүүнү башкаруунун улуттук комплекстүү системасы мейкиндиктик, экономикалык, социалдык өнүгүүнүн өңүттөрүн камтып, пландардын так иерархиясын белгилеп, башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү көйгөйүн чечиши абзел. Бул үчүн система төмөнкүдөй элементтер менен камсыздалууга тийиш: • комплекстүү пландоо жана аймактардын өнүгүүсүн башкаруу жөнүндө өзүнчө мыйзам түрүндө укуктар шарттар менен; • мамлекеттик башкаруу органы менен, анын милдетине ушул мыйзамды аткаруу жана пландоо менен региондук өнүгүүнү башкаруу функцияларын аткаруу кирет; • аймактарды өнүктүрүүдө процессти уюштуруу жана биринчи кезектеги тапшырмаларды аткаруу үчүн зарыл болгон финансылык, маалыматтык жана адам ресурстары менен.

Комплекстүү пландоо жана региондук өнүгүүнү башкаруу жөнүндө мыйзам

Өзүнчө мыйзам түрүндөгү укуктук шарттар аймактардын өнүгүүсүн пландоодо ачык-айкын системаны түзүүгө жол ачат. Ал туруктуу өнүктүрүүнүн мейкиндиктик, экономикалык, социалдык жана экологиялык максаттарына жана милдеттерине интеграциялаган комплекстүү ыкмага негизделет. Мыйзам “регион” деген түшүнүккө так жана баарына түшүнүктүү болгон аныктама берет. Бул болсо заман талабына ылайык келген түшүнүгүндө аймактык саясат үчүн жаңы негиз болуп берет. Административдик жактан алып караганда мыйзам өнүгүүнү пландоонун бардык деңгээлдеринде өз ара байланышты жана иерархияны түзөт. Ага улуттук алкактык план, регионалдык тармактык пландар, регионалдык аймактык пландар жана жергиликтүү (муниципалдык) пландар кирет; пландоо процессине катышкан башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин аныктайт, пландарды аткаруучулардын жоопкерчилигин, мониторингге карата талаптарды жана түрдүү деңгээлдерде пландарга өзгөртүүлөрдү киргизүү карата талаптарды аныктайт. Улуттук өнүктүрүү стратегиясы Улуттук алкактык пландын өзөгүн түзүшү мүмкүн. Улуттук алкактык план өлкөнүн жалпысынан орто мөөнөттүү мейкиндиктик жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн пландайт, төмөн жакта турган деңгээлдердин пландарын иштеп чыгуу үчүн негизги параметрлерди аныктайт. Регионалдык алкактык пландар Улуттук планды жана аймакты өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен иштелип чыгат. Регионалдык пландар конкреттүү регион үчүн Улуттук план аныктаган өнүгүүнүн багыттарын көрсөтүп берет. Ошондой эле өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүштөрүнө ылайык райондордун жана шаардык агломерациялардын өнүгүүсүнүн алкактык пландары үчүн өнүгүүнүн жалпы алкактарын көрсөтөт. Райондун же шаардык агломерациянын алкактык планынын максаты – аймактардын өнүгүүсүнө багыт берүү, жергиликтүү жамааттардын, жеке сектордун, ыктымалдуу инвесторлордун бардык муктаждыктарын жана демилгелерин координациялоо. Андан соң аймактарды өнүктүрүүнүн жергиликтүү планы турат. Бул – социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жергиликтүү программасын ишке ашыруунун мейкиндиктик планы, ошондой эле жерди пайдалануунун деталдуу планы. Ал жер участокторун жана инфраструктуралык курулмаларды жана тарамдарды пайдалануунун түрлөрүн аныктайт. Мыйзам пландоо процессинин айкындуулугуна карата талаптарды белгилейт; жарандардын пландоо, мониторинг жүргүзүү процессине катышуу, пландарга түзөтүүлөрдү киргизүү, даттануу жана апелляция берүү формаларын жана ыкмаларын аныктайт.

Мыйзам өнүгүүнү пландоочу кесибин жана пландоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн инфраструктурасын жаратуу үчүн негиз түзөт. Мейкиндиктик жана социалдык-экономикалык факторлорду эсепке алуу менен өнүгүүнүн заманбап пландарын даярдоо дисциплинардык мамилени иштеп чыгууну талап кылат. Башкача айтканда пландоочулардын, экономисттердин, социологдордун, экологдордун, картографтардын, геологдордун, табигый кырсыктардын тобокелдиктерине мониторинг жүргүзүү боюнча аналитиктердин, транспорт боюнча адистердин, гидрологдордун биргелешип иш алып баруусу талап кылынат. Ошондой эле рынок жана финансы боюнча аналитиктер, мамлекеттик финансы боюнча адистер берген маалыматтар эске алынышы керек. Мыйзам мына ушундай дисциплиналар аралык командаларды түзүү үчүн шарттарды пайда кылып, аларды комплекстүү пландоо процесстерине тартуунун жол-жоболорун жана талаптарды белгилейт.

Пландоо жана региондук өнүгүүнү башкаруу процесстерин уюштуруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу болгон мамлекеттик орган жөнүндө акт

Комплекстүү пландоо жана башкаруу боюнча улуттук системанын натыйжалуу иштеши ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бар болушун талап кылат. Бул орган аймактардын өнүгүүсүн пландоо жана башкаруу процесстерин уюштуруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу болот. Аталган мамлекеттик органда комплекстүү пландоо процессинде тармактар аралык өз ара аракеттенүүнүн талаптагыдай деңгээлин камсыз кыла алчудай ыйгарым укуктары болушу керек. Ошондой эле бул орган өнүктүрүү пландарынын аткарылышын көзөмөлдөө, мониторинг жана баалоонун жыйынтыктары боюнча аларга түзөтүүлөрдү киргизүү функцияларын аткарышы керек. Пландоонун сапатын камсыз кылуу максатында аталган мамлекеттик органдын иши санарип технологияларды, маалымат базаларын колдонууга негизделиши керек. Орган статистиканы, санарип жана геомаалыматтарды кошкондо, комплекстүү пландоо процесси үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуу жана талдоо процессинде негизги заказчы болушу керек. Бул үчүн аталган орган менен “Түндүк” системасы ортосунда так аныкталган өз ара мамилелер түзүлүшү керек. Аталган мамлекеттик органдын функциялары жана ыйгарым укуктары ченемдик укуктук актыда аныкталууга тийиш, анын формасы жана статусу аталган ыйгарым укуктуу органдын формасынан жана статусунан көз каранды болот. Бул актта региондордун өнүгүүсүндө мамлекеттик бюджеттик инвестицияларды башкаруунун принциптери, бюджет аралык мамилелер аныкталып, аймактарды өнүктүрүүгө катышкан инвесторлор үчүн багыттар көрсөтүлөт. Туруктуу ён=кт=р== фонду жён=ндё мыйзам Туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө, өзгөчө региондорду – өсүш жерлерин өнүктүрүүгө карата мамлекеттин максаттуу күч-аракеттери, ошондой эле экономикалык дарамети чабал аймактардын артта калуу тобокелдиктерин болтурбоого багытталган компенсациялык чаралары республикалык бюджеттен жана каржылоонун башка булактарынан талаптагыдай каржыланууга тийиш. Бул үчүн Туруктуу өнүктүрүү фондун түзүү жана иштетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды караштыруу зарыл. Бул болсо атайын мыйзамды кабыл алууну талап кылат. Туруктуу өнүктүрүү фондун каржылоонун бюджеттен тышкаркы мүнөзү жана аны башкаруунун сектор аралык мүнөзү анын маанилүү принциби болушу керек. Фонд калдык прицниби боюнча каржыланбашы керек жана конъюнктуралык саясий кызыкчылыктардан көз каранды болбоого тийиш. Ошондуктан аны каржылоонун булагы улуттук байлыктарды пайдалануудан түшкөн кирешенин бир бөлүгүн түзүшү керек. Бул – биринчи кезекте жер казынасын пайдалануудан жана мамлекеттик менчикти улутташтыруудан түшкөн киреше. Кирешенин бул булактары Кыргыз Республикасынын элинин бардык муунунун менчиги болуп саналгандыктан, алар азыркы өкмөттүн күнүмдүк муктаждыктарын каржылоого эмес, өнүктүрүү максаттарына, узак мөөнөттүү келечекке, болочок муундардын бакубаттыгына багытталууга тийиш. Улуттук байлыкты сактап, аны көбөйтүү үчүн, туруктуу өнүктүрүүнүн келечектеги максаттарына жетүү үчүн Фонд жаңыланма капитал принциби боюнча иштеши керек. Бул үчүн капиталга инвестиция жасап, учурдагы иштерди инвестициялардан киреше алууга багытташ керек. Фондду башкаруу өнүктүрүү субъекттери катары мамлекеттин, коомдун жана бизнестин паритеттүү катышуусу принцибине негизделүүгө тийиш. Фонд Кыргыз Республикасынын жана анын аймактарынын келечегин түптөгөн, башкаруунун коллегиалуу органы аныктаган туруктуу өнүктүрүүнүн ар кайсы чөйрөлөрүндө мультипликативдүү узак мөөнөттүү эффектке жетүүгө багытталган долбоорлорду жана программаларды акыга жана акысыз негизде каржылашы керек.

“Муниципалитет” журналы комплекстүү пландоо чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалга жасалган анализди сунуштайт. Бул анализ Дүйнөлүк банктын консультанттарынын жардамы менен даярдалды. 

Окшош материалы: