Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аймактарды өнүктүрүү: Кыргызстандын жаңы шаарлары жана аларды түптөөгө ким тоскоол болуп жатат ?

2018-11-07 / Көңүл чордонунда

1. Кыргыз Республикасындагы шаардаштыруу Шаардаштыруунун масштабдары жана формалары Кыргыз Республикасынын калкы учурда 5,7 миллион адамдан турат жана жыл сайын калктын өсүш темпи 2,2% болуп, региондогу эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Кыргызстан калкынын 35% жакыны шаардык райондордо жашайт. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, Өзбекстанда калктын 50%, Казакстандан 50% ашыгы шаарда жашайт. (Борбор Азиядагы шаардаштыруу, ЭСКАТО, 2014). 1994-жылдан 2014-жылга чейин 20 жыл аралыгында шаар калкынын үлүшү Казакстанда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда өстү, бирок Кыргызстан менен Тажикстанда ошол эле мезгил үчүн 2% жана 9% төмөндөдү. Шаардаштыруунун темпи жогору болбосо да, шаар калкынын иш жүзүндөгү өсүш темпи өлкө калкынын өсүш ыргагынан ашууда. Негизинен шаарлардын калкы ички миграциянын эсебинен өсүүдө. Башкача айтканда, өлкөдөгү шаарлардын калкы жыл сайын 100 000 адамга көбөйүүдө.

Эгерде бул өсүш бир шаарда болсо, анда ал өлкөдөгү жети ири шаардын катарында болмок. Бул өсүштүн басымдуу бөлүгү ири шаарлардын Бишкек жана Оштун элеттик райондоруна туура келет. Бул шаарлар туруктуу өсүп, учурда алардын калкынын жыйындысы өлкөдөгү бардык шаардык калкынын 60% ашыгын түзөт. Ири шаар борборлорунун жанында орто көлөмдөгү төрт шаар (Жалал-Абад, Каракол, Токмок жана Өзгөн) жайгашкан. Андагы калктын саны 50 миңден 100 000ге жетет, бул болсо Кыргызстандын шаардык калкынын жалпы санынан 25% түзөт. Шаар калкынын калган бөлүгү калкынын саны 50 миң жашоочудан аз болгон 19 чакан шаарда жашайт, бул болсо өлкөнүн шаардык калкынын 15% түзөт. Ошентип, КР шаарларынын өнүгүүсүндө баланс сакталбаганын, эки ири шаарга гана басым жасалып жатканын көрүп турабыз. Мунун натыйжасында башка урбанизацияланган аймактардын экономикалык өнүгүүсүнүн потенциалы, артта калып жаткан облустарды бир фокуста өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү азайып жатат. Шаардык аймактардын өнүгүүсү айлана-чөйрөгө зыян келтирүүдө. Айыл чарба багытындагы жерлердин аянттары кыскарып, углеводороддордун чыгындысы көбөйдү. Ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап өсүп жатат. Мындан тышкары жашоого болбой турган, кооптуу участоктордо курулуштун эсебинен да, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепетинен улам экстремалдуу аба шарттарынын эсебинен да табигый кырсыктар көп болууда.

Шаардаштыруу жана жакырчылык

Дүйнө жүзү боюнча шаарлардын улуттук ИДПга кошкон салымы 70% түзөт1 . Шаарларда жакырчы лыктын деңгээли элет жергесине салыштырмалуу дайыма төмөн болуп келет. Саламаттык сактоону комплекстүү изилдөө (KIHS) берген маалыматка ылайык, 2008-жылы Кыргызстанда шаар калкынын 26%, айылдык райондордо 36% жакырчылыкта жашай турганы аныкталган. Изилдөөнүн маалыматына ылайык, региондор ортосунда айырма бар. Бирок көпчүлүк региондордо бул ажырым шаарлар менен айылдык райондор ортосунда сакталууда. Өнүгүү жагынан алып караганда эң тез өскөн жана үстөмдүк кылган Бишкек шаарында калктын 16% гана жакырчылыкта жашайт2. Бирок негизги кызмат көрсөтүүлөргө (суу менен жабдуу, канализация, электр, жылуулук жана телекоммуникациялар) жеткиликтүүлүктүн жоктугу көз карашынан алып караганда, айылдык райондор көп кырдуу жакырчылыктын бир кыйла жогорку деңгээлдерин көрсөтүшкөн. 2008-жылы элеттик райондордогу калктын 91% көп жагынан куру калган шарттарда жашай турганы аныкталган. Муну менен катар жокчулуктун интенсивдүүлүгүнүн орточо көрсөткүчү 58% түзгөн (б.а., аз камсыздалгандар көрсөткүчтөрдүн жарымынан көбү боюнча муктаж). Шаардык райондордо таралгандык жана интенсивдүүлүк пайызы бир кыйла төмөн болгон (ылайыгына жараша 51 жана 49 пайыз). Шаарларда кырдаал 2008-жылдан 2012-жылга чейинки мезгил аралыгында бир топ жакшырган. Шаардык райондордо калктын аз камсыздалган бөлүгү 30% кыскарганы байкалган. Ал эми элеттик райондордо жакырчылыктын деңгээли 16% төмөндөгөн. Шаардык райондордо “кирешеси боюнча” жакырлар перифериялык райондордо басымдуулук кылат. Ушул эле райондордо көп кырдуу жакырчылыктын (“жоготуулар боюнча”) деңгээли жогору, өзгөчө бейформал конуштарда – бул жакка шаардык калктын өсүшүнүн олуттуу үлүшү туура келет. Мындан тышкары билим берүү жана жумуштуулук деңгээлдери, ошондой эле жумуштуулук жана жакырчылык деңгээлдери ортосунда оң корреляция бар. Шаардык райондор жогорку билим алуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет, натыйжада жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү да кеңейет. Шаарларда саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жакшыраак. Калктын 100 000 адамына Бишкекте 277 жана Ошто 243 дарыгер туура келет. Салыштыра турган болсок, республиканын башка бөлүктөрүндө 100 000 адамга 150 дарыгер туура келет4 . Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, жакырчылык медициналык тейлөөнүн жана ага жеткиликтүүлүктүн начардыгы менен байланышта турат.

Шаардаштыруунун чыгымдары

• Айыл чарба багытындагы жерлерди жоготуу жана шаарлардын жыш өсүүсү

Шаардаштыруудан көп пайда алууга мүмкүн болгону менен, чыгымдары да бар. Алар текши болбой, келечек муунга терс таасирин тийгизиши ыктымал. Шаардык райондордун өсүшү табигый ресурстарды, аны менен катар айыл чарба багытындагы жерлерди жоготууга алып келди. Бул болсо өз кезегинде улуттук азык-түлүк коопсуздугунун азайышына жеткирди. Жакында эле Кыргызстандын шаардык райондорунда жер пайдаланууга жасалган анализ көрсөткөндөй, бардык шаарлар кеңейип жатат, атүгүл, калктын саны өспөгөн же көп деле жакшы өспөгөн шаарлар да кеңейүүдө. Буга ылайык шаарлардын калкынын жыштыгы да азаюуда. Мисалы, Бишкекте 2000-жылдан 2015-жылга чейинки мезгил аралыгында калктын саны 18,6%, ал эми шаардын аймагы 36,5 пайызга көбөйгөн. Макул, бул тенденцияны борбор калаа өсүп жатат деген көз караштан алып түшүндүрсө болот. Бирок Сүлүктү өңдүү чакан шаарлар үчүн мындай түшүндүрмө көп туура келбейт – бул шаарларда калктын саны 3%, ал эми шаардын аянты ушул эле мезгил аралыгында 70% көбөйгөн1 . Муну бир канча себептер менен түшүндүрсө болот. Жер кодекси кабыл алынгандан кийин бардык жарандарда жерге ээлик кылуу укугу пайда болду. Муну менен катар менчиктештирилген коммуналдык үйгө (коммуналдык турак жайдын менчик ээлеринин балдары түзгөн, жаңы пайда болгон үй кожолуктары, же ушул тапта иштебеген ишканалар берген жатаканалардан көчүрүлгөндөр) укугу болбогон жарандарга, кайрадан курулган коммуналдык турак жай бирдиктери болбогон учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу тандап алган жерлерде участоктор берилген. Мындай өнүгүүнүн башка бир себептери: 1) өзгөчө ири шаарларда жер участокторуна байланышкан спекулятивдик мүнөздөгү бүтүмдөр: жер жана менчик чет өлкөдө иштеген көптөгөн эмгек мигранттары үчүн узак мөөнөттүү жакшы инвестиция катары каралууда2 ; 2) 2005- жылы жана 2010-жылы элдик көтөрүлүштөрдөн кийинки башаламандык – Бишкектин четиндеги жерлер көп учурда мыйзамсыз басып алынган; 3) курулушту көзөмөлдөө жаатында аймактардын өнүгүүсүн пландоо системасы иштебей жатат. Иш жери шаардын борбору бойдон калып жаткан чакта, шаарлардын “жөрмөлөп тароосунун” жыйынтыгы күн сайын ары-бери каттоого кеткен убакыттын көбөйүшүнө, мындан улам парник газдарынын чыгындысынын көбөйүшүнө жана абанын булганышына алып келүүдө. Бул болсо өз кезегинде борбордук райондордогу температурага таасирин тийгизип жатат – бул райондор ушундай таасирди азайтуу үчүн көбүрөөк электрэнергиясын керектөөдө. Бишкектин ар кайсы райондорунда шаардын четине салыштырмалуу температура 5-10оС жогору. Акыркы 20 жылда шаардагы бак-дарактардын саны 75% кыскарганы да кырдаалды татаалдаштырды3. Ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап өсүп жатат. Мындан тышкары жашоого болбой турган, кооптуу участоктордо курулуштун эсебинен да, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепетинен улам экстремалдуу аба шарттарынын эсебинен да табигый кырсыктар көп болууда.

ICFI компаниясы Дүйнөлүк банк үчүн жүргүзгөн изилдөө4 калктын азыркы өсүш ыргагын эсепке алуу менен, 2025-жылга чейин Бишкектин өнүгүүсүнүн төрт сценарийинин баасын баалады. Бул баага шаардык курулуш үчүн колдонулган айыл чарба багытындагы жерлердин альтернативалык баасына, аймактарды тейлөөгө кеткен чыгашаларга, арыбери каттоолордун баасынын өсүшүнө жана CO2 чыгындыларынын көбөйүшүнө жасалган баалоо кирет. Бир сценарийге ылайык, шаар айыл чарба багытындагы жерлерди кошумча трансформациялоонун эсебинен кеңейген эмес. Ал эми экинчи сценарий боюнча, шаардагы курулуштар азыркыдай жыш жайгашуусу сакталат деген шарттарда курулган. Үчүнчү жана төртүнчү сценарийлер боюнча, турак жай курулушунун жыштыгы 20 пайызга азаят. Жыштык азайган сценарийде жерге кеткен чыгымдар эң төмөн болгон, калган чыгымдар пропорционалдуу эмес өсүп турган. Бирок шаарды кеңейтүү үчүн жерлерди сатып алууга коюлган чектөөлөр жерге болгон баанын көбөйүшүнө алып келмек. Буга жараша чыгымдар да жогоруламак. Көбүрөөк туура келген сценарийди аныктап алуу үчүн пайдага жана чыгымга дыкат анализ жасалыш керек. Бирок азырынча жаңы шаардык түйүндөрдү (активдүүлүктүн борборлорун) өнүктүрүү өңдүү чечимдерди карап чыгыш керек. Бул болсо ары-бери каттоого, жумушка барып-келүүгө, соода кылууга кеткен убакытты азайтмак. Ошондой эле ушундай альтернативалуу борборлорду өнүктүрүүгө инвестицияларга колдоо көрсөтүү зарыл. Бул чечимдерди киргизүү, каржы булактарын табуу жана ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү жана мүмкүнчүлүгү көп факторлордон көз каранды. Алардын бири – бул биз төмөн жакта, 2-главада сөз кылган шаардык пландоо системасы.

Табигый жана антропогендик кырсыктар коркунучунун көбөйүүсү

Өлкөдөгү шаар элинин 75% жашаган 80 ири калктуу конуш (бардык ири шаарларды кошкондо) жер титирөө ыктымалдуулугу жогору аймактын 20 пайызында орун алган. Медведев – Шпонхойер – Карниктин интенсивдүүлүк шкаласы боюнча бул аймактарда жер титирөөнүн күчү 9 баллдан ашышы ыктымал (MSK-64). Курулушта жана аны пландоодо тобокелдиктерди азайтууга багытталган эрежелер сакталган учурларда жогоруда айтылган коркунуч олуттуу көйгөй болбойт. Бирок мындай эрежелер практикада колдонулбаган учурда адамдар жана инвестициялар үчүн тобокелдик бир кыйла жогорулайт. Статистика боюнча, жер титирөө менен жер көчкү чогуу Кыргызстанда өлүм санынын 90%, экономикалык жоготуулардын 97% түзөт1 . Шаардын ушундай түрдө өнүгүүсүнүн натыйжасында шаардын структурасы татаалдашты – райондордун бир бөлүгү жаңыланууда, ошол эле маалда бир бөлүгү туурасынан жана өйдө көздөй кеңейип жатат, ал эми калган бөлүгү начарлоодо. Шаардык мейкиндиктин жаңы типтери түзүлүүдө: көп функционалдуу шаардык ядролор, шаар борборунда жогорку класстагы көп батирлүү үйлөр, совет доорунан калган эски курулуштар, кунары кеткен өнөр жай зоналары жана эң негизгиси – шаардын четиндеги уруксат берилбеген жана жарымжартылай уруксат алынган курулуштар (жаңы конуштар). Мындай жаңы конуштар шаардын жакыр райондорунда бүтпөй калган же кароосуз калган үйлөрдөн турат. Ал эми шаардын четиндеги формалдуу конуштардын өнүгүү ыргагы жай жүрүүдө2. Бишкектин өнүгүүсүндөгү көйгөйлөр төмөнкүдөй: шаардын жыш болуп өсүүсү, элементардык кызмат көрсөтүүлөр болбогон райондор, табигый кырсык коркунучу жогору жерлердеги курулуштар, жол тыгыны жана абанын булгануусу, ачык мейкиндиктин барган сайын азайып жатышы, сел жүрүү коркунучу. Бул көйгөйлөрдүн айрымдары кароосуз калган аймактары бар болгон башка шаарлар үчүн да актуалдуу.

2. Пландоо системасы

Аймактардын өнүгүүсүн пландоо жана шаардык пландоо

Аймактарды өнүктүрүү пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агент тик өзөктүк ролду ойнойт. Аймактарды пландоого жана курулушка тиешелүү мыйзам долбоорлорун сунуштоо, шаар куруу жана курулуш ченемдерин белгилөө, Долбоорлоо институту (Шаар куруунун КИИДИ) жана башка органдар менен башкы жана деталдуу пландарды иштеп чыгуу ушул агенттиктин милдетине кирет. Курулушка уруксат берүү өңдүү эле башкы жана деталдуу пландарды бекитүү муниципалитеттин (Бишкек шана Ошту кошпогондо) жоопкерчилигинде. Уруксат берилген курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөөнү негизинен архитектуранын жергиликтүү органы менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин тийиштүү бөлүмү жүзөгө ашырат. Мейкиндиктик жана шаардык пландоо системасы совет мезгилинен бери көп деле өзгөргөн жери жок. Жерди пайдаланууга карата коюлган талаптарды аныктоо үчүн шаблонго салынган стандарттар жана ченемдер колдонулуп келет. Шаарды пландоо биринчи кезекте шаар курууну долбоорлоого байланыштуу болот. Пландарды даярдоого салынган инвестициялар чектелүү болгондуктан, эрежеге ылайык, көп учурда өнүгүүнүн пландалбаган тенденцияларына байланышкан шаардын улам өсүп жаткан керектөөлөрү демилге катары көтөрүлбөстөн, жөн гана реакция катары болуп калууда. Буга пландоо үчүн жооптуу болгон органдардын чабалдыгы да себеп болуп жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзам башкы пландарды жана жеринде пландарды иштеп чыгуу үчүн жоопкерчиликти ЖӨБго жүктөйт. Бирок Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин (АКТКЧ МА – Мамкурулуш) кайра уюштурулушу Архитектура жана шаар куруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун (МДИ) ишин субсидиялоо иштебей калганын, себеби институт өзүн өзү каржылашы керектигин билдирет. Бул болсо ЖӨБдөн бюджеттик каражатты МДИге (же тийиштүү классификациясы бар жеке долбоор түзүүчүгө) заказ бере тургандай бөлүштүрүүнү, башкы пландарды, ошондой эле деталдуу пландарды жана ченемдик актыларды кайра карап чыгууну же иштеп чыгууну талап кылууда. Каражаттын жоктугуна байланыштуу көпчүлүк муниципалитеттер үчүн башкы пландарды иштеп чыгуу артыкчылыктуу тапшырма болуп саналбайт. Ошондой эле ЖӨБго планды иштеп чыгууга техникалык тапшырманы даярдап, ушул ишти контролдоого потенциал жетпейт. 1800 калктуу конуштун 10 пайызында гана жаңы (2001-жылдан кийин иштелип чыккан) башкы пландар бар. Калктуу конуштардын 48% 1991-жылга чейин иштелип чыккан башкы план бар. 31 шаардын ичинен (Ош жана Бишкек шаарларын кошкондо) 13үндө гана бекитилген пландар бар же алар даярдалуу, бекитүү процессинде турат. Көпчүлүк калктуу конуштарда аймактык пландар 20 жылдан ашык убакыттан бери кайра каралган эмес жана өзгөргөн эмес1 . Долбоорлоо институтунун “кардары” болуу үчүн ЖӨБ органдарында потенциал жетишсиз болгондон тышкары, аларга башкы план менен муниципалитеттин социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын ортосундагы байланышты камсыз кылуу да оор болуп жатат. ЖӨБ органдары курулуш иштери планга ылайык жүрүшүн камсыз кылуу үчүн гана өзүн жооптуу деп эсептейт. Шаарды өнүктүрүү пландарынын (башкы пландардын) көпчүлүгү башка тармактар үчүн кесепеттерди эске албастан даярдалган жана өзүнө планды жүзөгө ашыруу стратегияларын камтыбайт.

Аймактарды өнүктүрүү пландарынын мазмуну жана пландарды иштеп чыгуу механизми облустарды/региондорду өнүктүрүү жөнүндө чечимдер борбордо кабыл алынгандан бери көп деле өзгөргөн жок. СССР кулагандан кийин саясий жана экономикалык чөйрөлөрдөгү олуттуу өзгөрүүлөр пландарды кайра иштеп чыгууга, алардын мазмунуна жана ишке ашырууга карата таптакыр башкача мамиле жасоону талап кылууда. Совет мезгилинде бардык жерлер мамлекетке тиешелүү болчу жана финансы базарында баасы болгон эмес, мамлекетте баасы боюнча жарамдуу жана жеткиликтүү жер ресурстарын издөө түйшүгү да жок болчу. Жер кодекси кабыл алынгандан кийин жерлердин басымдуу бөлүгү менчиктештирилип кетти. Ал эми Жарандык кодекс жер участокторунун ээлерин коргойт. Базар экономикасынын шарттарында пландарды иштеп чыккандар экономикалык өсүшкө (же түшүүгө), калктын санынын өсүшүнө ылайык жер жана инфраструктура үчүн талаптарды киргизе алышкан жок. Ошентип, мейкиндикти пландоо системасы толук ачык-айкындыктан белгисиздикке өтүп, план түзүүчүлөр таасирин тийгизе албаган факторлордон көз каранды болуп калды. План түзүүчүлөр өз мамилесин да өзгөртүүгө мажбур болушту: жер пайдаланууну илимий нормалардын жана стандарттардын негизинде пландоодон өнүктүрүү типтерине жараша түрдүү аймактардын артыкчылыктарына жараша пландоого өтүштү. Мындай пландоо аймактарды ойдогудай өнүктүрүүгө дем берген же бут тоскон административдик, финансылык жана башка факторлорду эсепке алат. Бул болсо аймактарды өнүктүрүү пландары социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары (СЭӨП) менен тыгыз байланышта болушу керек дегенди билдирет. Учурда пландар ишке ашыруу программасы, чыгашаларды баалоо, пландын ишке ашырылышын каржылоо боюнча сунуштар менен бекемделген эмес. Айрым гана учурларда план же жеке инвестордун демилгеси боюнча, же мамлекеттик долбоор үчүн иштелип чыгат. 

Мындан тышкары сунушталган пландардын таасири тийчү жарандардын коомдук талкууларды жана консультацияларды өткөрүү укуктары Шаар куруу жөнүндө мыйзамда каралган. Бирок пландарды иштеп чыгуу жана бекитүү процессинин түрдүү этаптарында пландарды коомчулук жана кызыкдар жактар менен талкуулоо кантип өтүш керектиги мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Пландоо илимий процесс катары каралууда жана процесс саясатташтырылып, планды иштеп чыгуу боюнча жумуштар үзгүлтүккө учурап же создугуп кетет деген кооптонуулардан улам адистер бул процесске кызыкдар адамдардын (коомчулуктун жана жашоочулардын) катышуусуна даяр эмес. Мунун ыктымалдуу кесепеттеринин бири – кызыкдар жактардын планга тиешеси жок болуп калат. Пландарды сактоо үчүн институционалдык потенциалдын чабалдыгын, саясий эрктин жоктугун жана коррупцияны эске алганда, пландар шаардагы калктуу конуштардын мейкиндиктик структурасын өнүктүрүү үчүн колдонмо болбой калышына алып келүүдө. Бул болсо өз кезегинде туура келбеген аймактарда (кооптуу деп табылган ж.б.) уруксат берилбеген курулуштарга жол ачууда. Ошондой эле КРда мейкиндикти пландоодо колдонулган технологиялар башка өлкөлөрдөн артта калууда. Айталы, санариптик картографиялоо жана аймактардын пландарын жалпы улуттук геомаалыматтык системанын негизинде иштеп чыгуу жөнүндө сөз болууда. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматы жер участокторун жана кадастрларды каттоо үчүн ушундай системаны колдонуп келатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде да өзүнүн санариптештирилген маалымат базасы бар, шаар куруу пландары, эрежеге ылайык, кагаз карталарын колдонуу менен иштелип чыгат. Кагаз карталары жана планшеттер убакыт өткөн сайын жараксыз абалга келип, сандардын тактыгы жана ишенимдүүлүгү жагынан алып караганда санарип карталарга жетпейт. План түзүүчүлөр колдонгон маалыматтарды, мисалы, кооптуу зоналар, тарыхый эстеликтер жайгашкан жерлер, экологиялык жактан аярлуу райондор, республикалык маанидеги жолдорду куруу пландары жана ири инфраструктуралык долбоорлор жөнүндө маалыматтарды жайгашкан жерине негизделген социалдык-экономикалык маалыматтар менен кошо базалык картага жеңил эле көчүрүп чыкса болот (эгерде бул маалыматтар санарип түрүндө болсо). Бул болсо план түзүүчүлөргө долбоорлоонун варианттарын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Мындан тышкары инвесторлордо жер пайдалануу (уруксат берилгендери) жөнүндө, райондордун чегиндеги курулмалардын абалы тууралуу маалыматтары бар болсо, алар өз иш-аракеттерин болжолдоп, пландай алышмак. Эгерде бул маалыматтар бир порталда топтолсо, анда инвестициялардын көбөйүшүнө көмөктөшөт. Мындай санариптик маалымат регистрлерди салыктарды жыйноону жакшыртуу жана мамлекеттик активдерди сатууда ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн колдонулса болот. Бул болсо ЖӨБдүн финансылык абалын да оңдойт. Атүгүл регистрлердин базасында курулушка уруксат берүүчү документтерди берүүнүн маалыматтык системасын да иштеп чыкса болот. Бул болсо жарандарга жана компанияларга уруксатты тезирээк жана буга жараша арзаныраак алууга шарт түзөт. Дагы бир маанилүү жагы – мындай система аймактарды өнүктүрүү пландарын даярдап, ишке ашырууда ачык-айкындуулукту жана пландардын инклюзивдүүлүгүн камсыздамак. Бул система дагы толугураак иштелип чыгып, масштабы кеңейтилиши керек. Ошондо ал план түзүүчүлөр үчүн да, жергиликтүү экономика үчүн да өзүн бир топ актамак.

Литвада Юстиция министрлигине караштуу Регистрлер борбору түрдүү ведомстволор биргелешип колдоно ала турган маалыматтар базасынын (регистрлердин) системасын иштеп чыккан. Борбордо 11 реестр бар, аларга жер жана кадастр маалыматтары, пландоо жана бир катар башка маселелер боюнча маалыматтар, ошондой эле бардык адамдар үчүн демографиялык, медициналык маалыматтар, жарандык ишканалардын каттоосу тууралуу маалыматтар кирет. Башка министрликтерде жана мекемелерде өзүнүн ресурстары бар. Айталы, Айлана-чөйрө министрлиги өз системасын иштеп чыккан, анын жардамы менен үй куруучулар бир эле порталдан жер участокторунун статусу жөнүндө маалыматты таба алышат. Бул маалыматтык система жалпы ГИС-картасын колдонот, ал болсо Регистрлер борборунун маалымат базалары менен интеграцияланган. Курулушка уруксат алууну каалагандар онлайн түрүндө арыз бере алышат жана муниципалитеттин же министрликтин порталынын жардамы менен арыз берүүнүн жүрүшүнө көз салып тура алышат. Мисалы, “Вильнюс Планас” муниципалдык ишканасы маалыматтардын 120 катмары бар ГИС-системасын иштеп чыккан. Алардын арасында жер алдындагы инфраструктура жана учурдагы жер пайдалануунун, шаар куруунун регламенттери тууралуу маалыматтар, конкреттүү райондогу же жер участогундагы чектөөлөр тууралуу маалыматтар бар. Бул болсо коммуналдык компанияларга аймактарды өнүктүрүү көз карашынан алганда шаардык түйүндөргө болгон жүктү баалоого жардам берет. Бул ошондой эле шаардагы курулуш жүрбөгөн, бош турган участокторду аныктоонун эсебинен муниципалитеттерге кирешесин көбөйтүп алууга жардам берди. Кеңири коомчулук үчүн негизги маалымат акысыз берилет. Ал эми маалыматтарды коммерциялык максаттарда колдонгондор төлөгөн акы системаны эксплуатациялоого жана иштеп чыгууга кеткен чыгымды жаап турат.

АКТКЧ МА шаар курууну жана курулуш тармагын реформалоо боюнча сунуштарын даярдады. 2017 – 2025-жылдарга курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясы негизги стратегиялык багыттарды камтыйт. Алар: мыйзамдар, институционалдык пландоо, шаар куруу жана архитектура, курулуш материалдарын өндүрүү, курулуштун жана имараттардын энергоэффективдүүлүгү, турак жай курулушу, экологиялык коопсуздук, бюджеттик баалоо жана башкалар. Божомолдор боюнча, программада каржылоону талап кылган жумуштар өтө көп. Ал арада 2013-жылы Мамлекеттик долбоорлоо институту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Шаар куруу кодексинин долбоорун сунуштады. Бул кодекс Стратегияга сунушталган маселелердин ушул өңдүү чөйрөсүн камтыйт. Бирок кодекстин долбоорунда пландоо системасы (пландардын иерархиясы), ошондой эле пландарды макулдашуу жана даттануу процесси сүрөттөлгөн эмес. Ошондой эле кодексте СЭӨП менен шаар куруу пландары кантип байланыштырылып, макулдашылат деген маселе каралбай калган. Пландарды даярдоо жана бекитүү процессинде кызыкдар жактардын эффективдүү катышуусун камсыз кылуу системасы кодексте көрсөтүлгөн эмес. Шаар куруу кодексинин долбоору кайра карап, толук иштеп чыгуу үчүн Мамкурулушка кайтарылган.

Социалдык-экономикалык пландоо системасы

Кыргыз Республикасында өнүктүрүү маселелерин улуттук Өкмөт жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА) аркылуу, ошондой эле ЖМА жана жеке сектор уюмдары аркылуу ишке ашырат. Өлкөдө өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташтыгы аркылуу ишке ашырылган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизми өнүгө баштады. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда эки автономдук система иштейт: мамлекет жана муниципалитеттер. Мындай системанын натыйжасында “биринчиден, жергиликтүү жамааттарда жашаган жарандар өз муктаждыктарын өкмөткө жеткире алышпайт; мамлекеттик программаларда алардын муктаждыктары чагылдырылганын көрүшкөн жок. Экинчиден, өкмөттүн программалары (тармактык же тематикалык) аларды жеринде, жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде, жашоочулардын күтүүлөрүнө жана муктаждыктарына ылайык ишке ашыруунун эффективдүү механизмдерин караштырган эмес. Натыйжада мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары улуттук жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө байланышкан муктаждыктарды канааттандыруу жаатында кандайдыр бир деңгээлде алсыз болууда”12. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдыкэкономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жооптуу. Аны менен катар, ЖӨБО аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, калкты ичүүчү суу менен жабдуу, турак жай чарбасы, жергиликтүү маанидеги жолдор, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн да жооп беришет. Мындан тышкары мыйзамда жергиликтүү кеңештин макулдугу менен өкмөт ЖӨБОнун функцияларынын тизмесин кеңейте алаары да белгиленген.

Борбордук деңгээлде министрликтер жана ведомстволор Улуттук өнүктүрүү стратегиясын жетекчиликке алышат, аны КР Президенти кызматына киришкенден кийин бекитет. Бирок бул стратегия улуттук деңгээлдеги максаттарды чагылдырат, ал эми алар болсо жергиликтүү өнүгүүнүн конкреттүү муктаждыктарына дайыма эле үндөшө бербейт жана жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу маселелерин дайыма эле эсепке ала бербейт. Бардык министрликтердин жана ведомстволордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ар кайсы деңгээлдеринде – облустардын, райондордун жана айылдык аймактардын деңгээлдеринде өкүлчүлүктөрү бар. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга (ЖМА) жергиликтүү деңгээлде министрликтердин программаларын жана тапшырмаларын ишке ашырууну камсыз кылуу тапшырылган. Ошону менен бирге жетекчилик бийликтин вертикалы боюнча, “жогорудан төмөн карай” – жергиликтүү башкаруу органдарынын бир нече деңгээлдери аркылуу жүзөгө ашырылат. ЖМАнын негизги жоопкерчилиги – жамааттардын муктаждыктары тууралуу маалыматты алып, болочоктогу программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууда алардын эсепке алынышын камсыз кылуу эмес, өз секторундагы ишти каттоо. Бардык тармактар кызмат көрсөтүүнүн жана аймактык пландоонун бекитилген стандарттарын колдонушат. Буга карабастан стандарттардын негизинде пландоого карата жасалган мындай мамиле адатта жергиликтүү деңгээлде ресурстар чектелүү болгондуктан ишке ашырылбай калууда. GIZдин буюртмасы боюнча пландоонун азыркы системасына жасалган изилдөөдө Өнүктүрүү саясат институту маанилүү жагын белгилейт: министрликтердин борбордук аппараттарынын көпчүлүк программалары “декларативдүү” мүнөзгө ээ жана жергиликтүү деңгээлде кантип ишке ашырса боло турганы жөнүндө толук маалыматты камтыбайт1 . Андан ары авторлор аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн пландоо үчүн жолжоболордун бирдиктүү жана так топтому болбогун белгилешет. Бул жол-жоболор улуттук артыкчылыктарды жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктары менен интеграциялоого, жамааттардын керектөөлөрүн аныктоого, мамлекеттик өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу маалында эсепке алууга, аймакты өнүктүрүүнү пландоодо борбордук мамлекеттик органдардын, алардын аймактык бирдиктеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролдорун жана өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин аныктоого жол бермек”. КР Экономика министрлигинин 27-февралдагы №45 Буйругунда комплекстүү пландоонун мазмуну жана формасы тууралуу кеңири камтылган. Бирок процесс тууралуу айтылган эмес.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тиешелүү аймактардын жашоочуларынын керектөөлөрүнө жооп бергидей программаларды ишке ашыруу менен алектенишпейт. Алар негизинен стандарттык статистикалык маалыматтарды чогултууга басым жасашат. Бул маалыматтар болсо, учурдагы тармактык программалардын максаттарына, тапшырмаларына жана көрсөткүчтөрүнө байланган эмес. Мындан тышкары МЖА райондук деңгээлде мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын координациялабайт. Мындан улам МЖА жашоочулардын биринчи кезекте чечилиши керек болгон муктаждыктарын эсепке албаган инвестицияларга артыкчылык берип коюшу ыктымал. Ушуну менен бирге МЖАда бул процесске кандайдыр бир жол менен кошулуу үчүн ыйгарым укуктары жок2. Мамлекеттик программалардын ишке ашырылышына көзөмөл жүргүзүү системасы жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик программалардын рационалдуу жана натыйжалуу ишке ашырылуусуна көмөктөшкөн жок. Мамлекеттик программалардын эффективдүүлүгү жөнүндө отчеттуулук Жогорку Кеңешке сектордук отчетторду берүү менен гана чектелип калууда.

Айлана-чөйрөнү коргоону башкаруу системасы (АКБС)

Кыргызстанда “айлана-чөйрөнү коргоо” түшүнүгү советтик жаратылышты коргоо системасынын негизинде түптөлүп калган. Бул система негизинен сейрек жана жоголуу коркунучу алдында турган айбанаттарды (фаунаны) жана өсүмдүктөрдү (флораны) коргоого, жумушчу класстын жана дыйканчылыктын өкүлдөрүнө жеткиликтүү болгон айлана-чөйрөнүн санитардыкэпидемиологиялык фонун камсыз кылууга байланыштуу болчу. Салыштырмалуу жакындан бери эле “айланачөйрөнү коргоо” жана андан кийин “экологиялык менеджмент” түшүнүктөрү табигый ресурстарга, антропогендик таасирге жана индустриалдык муундун техникалык прогрессине карата глобалдык көз карашка байланыштуу туюндурулуп калды. Бул түшүнүктөр жаратылышты/айлана-чөйрөнү “климаттын өзгөрүүсү”, “жерлердин ээн калуусу” жана “биологиялык көп түрдүүлүктү жоготуу” өңдүү түшүнүктөр менен байланыштырып турат. КР Өкмөтүнүн стратегиялык программалары жер, суу жана биологиялык ресурстарды үнөмдүү пайдалануу турмуш-тиричиликти камсыз кылуу үчүн зарыл шарт, жумушсуздукту жана жакырчылыктын деңгээлин азайтууда маанилүү фактор деп тааныйт. Ошондой эле бул ресурстар өлкөнүн мындан кийинки экономикалык өсүшүн жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз үчүн маанилүү. 2003-жылы миң жылдыктын максаттарын жүзөгө ашыруу жөнүндө доклад кырдаалды мындайча мүнөздөгөн эле: “...өнөр жай өндүрүшүнүн азайышынын натыйжасында Кыргызстанда айланачөйрө үчүн берилген салыштырмалуу тыныгуу туура эмес колдонулуп жатат”. Бирок шаарлардын ээ-жаа бербей өсүшү жана тоо-кен ишканалардын көзөмөлсүз иши кырдаалды начарлатты.

Абанын булгануусунда шаарлардын үлүшү чоң, шаарлар энергиянын негизги керектөөчүлөрү жана катуу тиричилик калдыктарынын негизги бөлүгүн чыгарышат. Болгондо да бул процесстер циклдүү жана өз ара байланышта. Абанын булгануусунун негизги булактарына1 төмөнкүлөр кирет: жылуулук, коммуналдык чарбалык, транспорт (негизинен жеке автотранспорт) жана өнөр жай2. Көпчүлүк шаарларда бак-дарактардын саны олуттуу түрдө кыскарды жана алардын сапаты да начарлады. Буга жеке турак үйлөрдүн жана коммерциялык имараттардын курулушу, көчөлөрдүн кеңейип жатышы, жаңы жолдордун салынышы да себепчи болду (мисалы, Бишкекте калктын жан башына бак-дарактардын саны 1980-жылы 21 чарчы метр болсо, 2014-жылы 7 чарчы метрге чейин кыскарган). Буга чейин айтылгандай, шаарлар түшүмдү көп берүүчү айыл чарба жерлерин трансформациялоонун эсебинен кеңейди. Шаарлардын айланасындагы айыл чарба жерлерин жана токойлорду мыйзамсыз трансформациялоодон, курулуштардан коргоо жана сактоо план түзүүчүлөр жана экологдор үчүн маанилүү милдеттердин бири болуп саналат. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу жаатындагы улуттук саясатты Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттик (АЧжТЧКМА) даярдап, ишке ашырууда. 2005-жылга чейин бул функция Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык болчу. Аталган министрлик кайра түзүлүп, анын функциялары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) менен АЧжТЧКМА ортосунда бөлүштүрүлгөн. Жаратылыш ресурстарын башкаруу маселелерине Айыл чарба жана суу чарба министрлиги жана мурдагы Отун-энергетикалык ресурстар жана кайра иштетилчү өнөр жай министрлиги да катышып келди. Башка министрликтер жана ведомстволор тармактык фокусуна жараша (мисалы, транспорт), ошондой эле өкмөттүн стратегиялык программаларын ишке ашыруунун алкагында айлана-чөйрөнү коргоо маселелери менен алектенүүдө. Климаттын өзгөрүүсү жаатындагы саясатты Климаттын өзгөрүүсү боюнча координациялык комитет (КӨКК) жүзөгө ашырат. Бул – вице-премьер-министрдин төрагалыгы алдындагы жогорку деңгээлдеги өкмөт аралык комитет.

Учурдагы системанын күчтүү жактарына төмөнкүдөй демилгелерди, стратегияларды жана практикаларды киргизсе болот: Мамлекеттик агенттик КРнын климаттык туруктуулук боюнча пилоттук программасынын алкагында Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулуктун стратегиялык программасы боюнча ишти баштады (АӨБ, ЕБРР жана Дүйнөлүк банктын биргелешип каржылоосу); • шаар курууну долбоорлоодо колдонулган илимий ыкма айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоону эсепке алат, • инфраструктураны долбоорлоого коюлган талаптарды климатка туруктуу чечимдердин жана параметрлердин пайдасына кайра карап чыгуу (АӨБ, ЕБРР жана Дүйнөлүк банктын долбоорлорунда), • ири жана орто шаарларда жашоо сапатын жакшыртуу максатында ЕБРР зайым берип, инвестициялар программасын жүзөгө ашырууда жана жакында эле “Жашыл шаарлар” зайымдар программасын ачкан; • отун-энергетикалык тармактагы мыйзамдар климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан ченемдерди камтыйт, ошондой эле алар Улуттук энергетикалык программада жана 2010-2025-жылдарга ТЭК Стратегиясында берилген; • “Юнисон Групп” коомдук фонду энергияны үнөмдөө жана керектөөчүлөр үчүн энергоэффективдүүлүк идеяларын ийгиликтүү ишке ашырып жатат. Бул болсо маалымдоо боюнча жалпы улуттук өнөктүктөр, тейлөө сапаты боюнча борборлордун иши, бизнес менен мамлекеттин өнөктөштүгү аркылуу ишке ашууда; • “Юнисон Групп” координациялаган Кыргызстандын Климаттык түйүнү жигердүү иш алып барууда. Түйүн климаттын өзгөрүүсүнө адаптацияланууга багытталган иш-аракеттерди илгерилетүү жана координациялоо үчүн бейөкмөттүк механизм катары иштейт. Бирок азыркы системада бир катар кемчиликтер да бар. Эл аралык Валюта фондунун маалыматтары боюнча, Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоого кеткен чыгашалардын деңгээли өтө төмөн. 2011- жылы ал өлкөнүн ИДП 0,1% гана түзгөн. Бул болсо республикалык бюджеттен 0,4% гана бөлүндү дегенди билдирет1 . АЧжТЧКМА – айлана-чөйрөнү коргоо боюнча негизги ведомство. Бирок учурда анын статусу министрликтен төмөн. Бул болсо экологиялык артыкчылыктарды экономикалык иштер менен интеграциялоодо кыйынчылыктарды жаратууда2. Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгына өнөктөш катары башка кызыкдар жактарды (бизнести, жер ээлерин, коомдук уюмдарды) тарткан көп тараптуу өнөктөштүк жетишпей жатат. Ошондой эле АЧКБ саясатын иш жүзүндө даярдап, ишке ашыруунун ортосунда ажырымдар бар. Мисалы, жергиликтүү СЭӨПда айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баалоо жүргүзүлбөйт. ПРООНдун “Үч глобалдык экологиялык конвенцияны ишке ашыруу үчүн улуттук потенциал” аттуу изилдөөсү (2005-жыл) системада төмөнкүдөй кемчиликтерди аныктап чыкты: тармактык жана институционалдык байланыш жок; коомчулук жана системанын катышуучулары айлана-чөйрөнү коргоо тууралуу көп жакшы кабардар эмес; эффективдүү дем берүү жана аны түшүнүүнү жакшыртууга болгон мотивация жетишсиз; коррупция; институционалдык монополизм, ресурстар үчүн жашыруун “күрөш”; кадр саясаты чабал.

Уландысын “Муниципалитет” журналынын кийинки санынан окуй аласыз

Окшош материалы: