Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугу инфраструктурага инвестиция жасагандан да маанилүү (“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун 2015-2019-жылдардагы жыйынтыктары)

2019-04-04 / Көңүл чордонунда
Кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугу инфраструктурага инвестиция жасагандан да маанилүү (“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун 2015-2019-жылдардагы жыйынтыктары)

2019-жылдын апрелинде “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун (мындан ары – ЖДКЖ Долбоору) биринчи фазасы жыйынтыкталды. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылайт жана ХЕЛВЕТАС менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда.

Кыргыз Республикасы үчүн бул долбоордун инновациялуулугу – кызматты туруктуу көрсөтүү инфраструктурасына инвестициялар эмес, жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүнө шайкеш келген кызмат көрсөтүүлөр процессин уюштуруу жана анын туруктуулугун камсыз кылуу маселелери артыкчылыктуу болгон. Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бизнес процесстерди, кызмат көрсөтүүнү башкарууну бир калыпка салып, анын келечектеги туруктуулугу жөнүндө ойлонуп, керектөөчүлөр менен ыктымалдуу жеткирүүчүлөрдүн каалоосунун негизинде форматын аныктап алууга жардам берди. Долбоор ошондой эле техникалык жардамды башкарууда биринчи жолу айрым бир жаңы ыкмаларды колдонду. Мисалы, жер-жеринде активдүүлүктү түз уюштургандын ордуна, долбоор ушул иштерди жасоону ЖӨБ органдарына тапшырды. ЖӨБ органдары өз алдынча талкууларды, окууларды уюштуруп, сатып алууларды өткөрүп, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырышты. Ошентип, долбоор ЖӨБ органдарына өзүнүн потенциалын гана күчөтпөстөн, муну менен кошо алардын жергиликтүү бизнес жана жамаат менен жемиштүү байланыштарын да күчөттү. Долбоор ийгиликтүү болгонунун маанилүү бир фактору – ал “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) изи менен барды. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорун Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ЖДКЖ Долбоору үчүн пайдубалды даярдап берди – максаттуу муниципалитеттерге жарандардын үнүнө жакшылап кулак тосконду, жергиликтүү өнүгүү саясатын аныктап, ишке ашырууда алардын муктаждыктарын толук эсепке алганды үйрөттү. ЖДКЖ Долбоорунун гранттык программасы кенен болгон. Ошондуктан ЖӨБ органдары үчүн жагымдуу болду. Адатта ЖӨБ органдары мындай долбоорлорду инфраструктурага инвестиция тартуунун булагы катары гана карап келишет. Бирок ЖДКЖ Долбоору өз өнөктөштөрүнүн алдына – Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы 30 максаттуу муниципалитетке жаңы тапшырмаларды койду. Инвестициялык долбоорду иштеп чыгып, ишке ашыргандан тышкары максаттуу муниципалитеттер биринчи жолу техникалык жардам грантын ишке ашыруу зарылчылыгын көрүштү. Бул грант кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер Планын (КЖАП) иштеп чыгып, жер-жерлерде Долбоордун иш-чараларынын логистикасын камсыз кылуу үчүн берилет. Бул грант бардык 30 пилоттук муниципалитетке бирдей көлөмдө берилип, жергиликтүү бюджетке которулду (Ысык-Көл облусунда долбоор 11 муниципалитетте, Жалал-Абад облусунда 19 муниципалитетте иштеди). Бул грант кызмат көрсөтүүлөрдү жана инвестицияларды уюштуруу иштерин пландоо жаатынан алып караганда ЖӨБ органдары үчүн жакшы машыгуу болуп берди. Бул машыгуудан өткөндөн кийин ЖӨБ органдары КЖАПты ишке ашырууга грант ала алышты. Бирок КЖАПты иштеп чыгуу кызмат көрсөтүүнү уюштуруу иштерине автоматтык түрдө каржылоо алуу дегенди билдирбейт. Каржылоого ээ болуш үчүн ЖӨБ органдары олуттуу конкурстук сыноолордон өтүп, долбоордун жана мамлекеттик органдардын алдында гана эмес, ошондой эле башка ЖӨБ органдарындагы кесиптештеринин алдында да өзүнүн иш-аракеттер планын коргоп бериши керек. Бул финансылык жардам да жергиликтүү бюджетке которулуп, ЖӨБ органдары мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык колдонушкан. Бул болсо муниципалдык кызматчылардан сатып алуулар багытындагы көндүмдөрүн бир кыйла жакшыртууну талап кылды.

Гранттык программанын алкагында ЖДКЖ Долбоору жалпы суммасы 97 819 715 сомго 38 КЖАПты колдоп берди. Ошону менен бирге муниципалитеттердин өз салымы 32 137 955 сом болду. Бул болсо гранттан 32 пайызды түздү. Ал эми минималдуу талаптар 10 пайыз болушу керек эле. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тибинин алкагында каржылоонун түзүмүн диаграммадан көрө аласыз. Белгилей кетчү бир жагдай бар: күтүүлөргө карабастан турак жай-коммуналдык чарба жана ичүүчү суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүлөрдө үстөмдүк кылган темага айланган жок. Иш жүзүндө жергиликтүү жамааттар билим берүү жана маданият тармактарындагы кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну бирдей үлүштө талап кылышкан. Билим берүү чөйрөсүндө (мектепте жана мектепке чейинки) 11 кызмат көрсөтүү колдоого ээ болду. Анын ичинде өзгөчө билим берүүгө муктаждыгы бар балдар үчүн эки адаптациялык класска колдоо көрсөтүлдү. Таза суу менен камсыздоо жаатында жана маданий, бош убакытты уюштуруу (сейил бактар, маданий жана спорттук кызмат көрсөтүүлөр) жаатында 9 кызмат көрсөтүү колдоого ээ болду. Аймакты көрктөндүрүү, көчөлөрдү жарыктандыруу жана таштанды чыгаруу боюнча сегиз кызмат көрсөтүү колдоого ээ болду. 2019-жылдын апрель айында Каракол жана Жалал-Абад шаарларында ЖДКЖ Долбоорунун биринчи фазасынын ишинин жыйынтыгы боюнча аймактык семинарлар өткөрүлгөн. Семинарга Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы пилоттук айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана айылдык кеңештин төрагалары, жергиликтүү консультанттар/тренерлер, долбоордун аймактык координаторлору катышкан. Ошондой эле семинарга муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар болгон пилоттук эмес айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү да чакырылган. Жалпы жонунан семинарларга жүз адам катышты.

Долбоордун жетекчиси Асель МАМБЕТОВА 2015-жылдын май айынан 2019-жылдын апрелине чейин долбоордун алкагында аткарылган иштердин жыйынтыгы менен тааныштырды. Ошондой эле долбоордун иши жөнүндө тасма көрсөтүлдү. Бул тасма Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында тартылган. Катышуучулар кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу пландарын иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашууда долбоордун ролу чоң болгонун белгилешти. Мында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иштин бардык чөйрөлөрүн камтыган жөнөкөй жана жеткиликтүү методика чоң жардам болгону айтылды. Катышуучулар ичүүчү сууга жана таштанды чыгарууга тарифтерди эсептөө методикасы боюнча алган билими абдан жардам бергенин белгилешти. Күтүлүп жаткан кыйынчылыктар төмөнкүдөй болчу: башталгыч этабында бардык эле кызматкерлер кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча башкарууга байланышкан чечимдерди кабыл алууга даяр эмес болчу. Себеби инфраструктура дайыма артыкчылыктуу маселе эле. Мамлекеттик сатып алуулар порталы менен иштөөдө да көйгөйлөр аз болгон жок. Бирок долбоордун эксперттик колдоосу менен бардык түшүнүксүз маселелер жеринде чечилди. Катышуучулар кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, өз муниципалитеттеринде көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды чечүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле алган билими жана көндүмдөрү менен бөлүшүп, долбоордон үйрөнгөн методологияны колдонуу жолдорун талкуулашты. Катышуучулар катуу тиричилик калдыктарын (таштандыны) жыйноо, чыгаруу жана жок кылуу иштерин уюштуруу чөйрөсүндөгү жергиликтүү маа нидеги маселелерди чечүү үчүн муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык; калкты ичүүчү суу менен жабдуу; калктуу конуштарда муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу; тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо; инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча маселелерди да талкуулашты.

Ысык-Көл облусундагы Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Иличбек КОЧКОРОВ кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу методикасынын жардамы менен Ак-Сай айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча өз пландарын ишке ашыра алганын, айылдык аймактын жашоочулары үчүн маалымат борборун иштетишкенин өзүнүн баяндамасында айтып берди. Бул пландарды ишке ашыруу үчүн башка булактардан каражаттар тартылган. Ошондой эле бул методика боюнча таштандыны жок кылуу пландары да даярдалып жатат. Максаттуу эмес айыл өкмөттөрүнөн келген катышуучулар бардык маселелерди талкуулап бүткөн соң өз пикирлерин айтышты. Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт АКМОЛДОЕВ:

“Бизди дагы семинарга чакырганыңар жакшы болду. Себеби биз Долбоордун өнөктөшү болгон кошуналарыбыздын жетишкендиктерин көрө алдык. Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу чөйрөсүндө айылдык аймактардын потенциалын жогорулатуу – бул долбоордун муниципалитеттерди өнүктүрүүгө жасаган чоң салымы. Мына ушул долбоордун ишинде мен бир маанилүү нерсени көрдүм: биздин айылдык аймактардагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн ЖӨБОнун, калктын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн ресурстарын бириктирүү мүмкүнчүлүгү бар экен. Биздин айыл өкмөтү да ЖДКЖ өңдүү ушундай долбоордун өнөктөшү болгусу келет”.

Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы Болот МАМБЕТОВ: “Биз Болот Мамбетов айыл өкмөтү боюнча долбоордун ишинин жыйынтыктарын көрүп турабыз. Кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча максаттуу муниципалитеттер бир кадам алдыда экен. Ошондуктан биз да максаттуу айыл өкмөтү болуп, бардык билимге жана көндүмдөргө ээ болуп, биздин айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда финансылык жардам алгыбыз келет”.

Пилоттук айыл өкмөттөрдүн катышуучулары долбоор кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу канчалык зарыл болгонун көрсөтө алганын, техникалык жардамын, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин аңсезимин өзгөрткөнүн баса белгилешти. Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Аскат КУБАТОВ буларды айтты:

“Биз кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууда финансылык жана методикалык жардам бергени үчүн долбоорго ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Долбоордун жардамы менен мамлекеттик сатып алуулар порталы менен иштөө жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрин иштеп чыгуу боюнча билимге ээ болдук. Долбоор баштаган ишти калтырып койбостон, аягына чейин чыгарганы менен айырмаланат”.

Балыкчы шаарынын биринчи вице-мэри Алишер ТАБАЛДИЕВ буларды белгиледи:

Балыкчы шаарындагы борбордук сейил бакта бош убакытты өткөрүүгө шарттарды түзгөнгө жардам бергени үчүн долбоорго абдан ыраазыбыз. Ошондой эле долбоордун жардамы менен ичүүчү сууга жана таштанды чыгарууга тарифтер эсептелип, бекитилди. Мындан тышкары долбоордун алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуулугу боюнча муниципалдык ишканалардын кызматкерлерин окутуу боюнча чоң иштер жасалды. Бул үчүн Швейцариянын элине терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”.

 
 

Окшош материалы: