Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бешик-Жон айыл өкмөтүндө калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүү жакшыртылды

2019-04-04 / ЖӨБ кызматтары
Бешик-Жон айыл өкмөтүндө калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүү жакшыртылды

Жалал-Абад облусундагы Бешик-Жон айылдык аймагынын Бешик-Жон айылындагы 400 үй-бүлө үчүн суу менен жабдуу системасынын расмий ачылыш аземи өттү.

Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттер планы (КЖАП) “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун финансылык колдоосу алдында ишке ашырылды. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана ХЕЛВЕТАС менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда. Салтанаттуу аземге долбоордун өкүлдөрү, айылдык аймактын жашоочулары, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жана ТСКАКБнын кызматкерлери, ошондой эле Базар-Коргон раймамадминистрациясынын башчысы катышты. Акыркы 25 жылдан бери Бешик-Жон айылынын жашоочулары калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн жоктугуна нааразычылыгын билдирип келатат. ЖДКЖ долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калктын аялуу катмарынын катышуусу менен фокустопторду өткөрүүгө жардам берди. Бул жерде айылдагы эң артыкчылыктуу көйгөйлөр тандалып алынып, ААнын жигердүү адамдарынын катышуусунда өткөн чогулушта тартууланды. Биргелешкен аракеттер планына кошулган көйгөйлөрдүн бири – БешикЖон айылынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу. Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишевдин буйругу менен, айыл калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыкчу жумушчу топ түзүлдү. Бешик-Жон айыл өкмөтү “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында мыкты Иш планына өткөрүлгөн конкурста жеңүүчү деп табылган. КЖАПтын жалпы бюджети 4 810 900 сомду түзүп, анын ичинен 4 000 000 сом гранттык каражат, ал эми Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн өз салымы 810 900 сомго барабар болду.

КЖАПты ишке ашыруунун жүрүшүндө 500м3 кубаттуулугу бар резервуар толугу менен ремонттолуп, башкы суу сактагыч имараттарда ремонт иштери жасалып, ЭЦВ 6/16-140 үлгүсүндөгү жаңы тереңдиктеги насос орнотулуп, бактерициддик жабдуу коюлуп, башкаруу панели орнотулган. Андан тышкары башкы суу сактагычынын аянты суу тосмолору менен тосулуп, күзөт бөлмөсү да ремонттолуп, аны менен бирге көчөлөрдө 400 суу өлчөгүчү бар 40 даана куту орнотулган жана суу бөлүштүрүү системасындагы кудуктар менен түтүктөр калыбына келтирилип, айыл көчөлөрдө кошумча алты даана суу крандары орнотулган. Долбоорду ишке ашырганга чейин Бешик-Жон айылынын калкы ичүүчү суу катары сырттан ташылып келген жана арыктан алынган сууну колдонушчу. КЖАПты ишке ашыргандан кийин бери дегенде 400 үй кожолук таза суу менен камсыздалды, ар биринде суу өлчөгүч орнотулду. Калкты суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапатына биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу туруктуу көз салып турат.

Коомдук угууларда айылдык аймактын жашоочулары таза суунун тарифин талкуулап, жактырышты. Андан соң тариф Бешик-Жон айылдык кеңешинин сессиясында да бекитилди. Мындан кийин АӨ менен ТСКАКБ, ТСКАКБ менен абоненттер ортосунда суу менен жабдуу кызматтарын көрсөтүү боюнча кызматташтык тууралуу келишимдер түзүлдү. Бешик-Жон айылынын тургуну Нурдин КУРБАНБЕКОВ: “Биздин айылдын бардык жашоочулары, өзгөчө көп балалуу үй-бүлөлөр, жаш үй-бүлөлөр жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар “Таза суу маселеси качан чечилет болду экен?” деп 28 жыл күтүп жүрдүк. Буга чейин суу аптасына эки жолу, болгону 2-3 саатка келчү. Суунун жетишсиздигинен улам жашоочулар аны флягалап эшекке артып алып жеткирчү. Көбүнчө аялдар жана балдар кыйналып калаар эле. Жашоочулар атүгүл каналдан да суу алышчу. Бирок долбоор келип, суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсү жакшыргандан бери бардык жашоочулар суткасына 24 саат бою 1 м3 үчүн болгону 20 сомго таза сууну ала баштады. Бул чоң жетишкендик. Атүгүл жону жука сегиз үй-бүлө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен трубалар өткөрүлүп, суу үчүн акы төлөөдө 50% жеңилдик каралды”.

Бешик-Жон айылындагы фокус-топтун лидери Меңдайым АРЗИЕВА: “Үйүбүзгө таза суу күнү-түнү келип калганына жетине албай турабыз. Биз да өзүбүздүн үй-бүлөбүздөгү шарттарды оңдоп алдык: кир жуучу машинени киргизип, идиш жуучу раковинаны орнотуп, ысык жана муздак суусу бар жуунучу жайды жасап алдык. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалы канчалык жогорулаганына, алар калк менен тыгыз иш алып барып, көйгөйлүү темаларды көтөрүп, кызмат көрсөтүүлөрдү кантип жакшыртып жатканына күбө болуп турабыз”.

ТСКАКБ жумушчуларына талаптагыдай шарттарды түзүп берүү үчүн атайын жай, аспаптар, ширетүүчү аппарат, пластик куурларын ширетүү үчүн аппарат, сантехникалык жумуштар үчүн атайын кийим бөлүнүп, абоненттер менен иштөө үчүн атайын программасы киргизилген оргтехника берилди. КЖАПты ишке ашыруунун натыйжасында 400 үй кожолук жана Бешик-Жон айылынын 2500дөн ашык тургуну, Мамбеталиев атындагы №7 орто мектеп, бала бакчалар, ФАП үчүн суткасына 24 саат бою таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүү жакшыртылды.

Окшош материалы: