Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Курманбек айылдык аймагынын Жоон-Күнгөй айылындагы суу менен жабдуу системасы колдонууга берилди.

2019-04-04 / ЖӨБ кызматтары
Курманбек айылдык аймагынын Жоон-Күнгөй айылындагы суу менен жабдуу системасы колдонууга берилди.

Жалал-Абад облусундагы Курманбек айылдык аймагынын Жоон-Күнгөй айылындагы 2134 жа шоочу үчүн суу менен жабдуу системасынын расмий ачылыш аземи өттү.

Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттер планы (КЖАП) “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун финансылык колдоосу алдында ишке ашырылды. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана ХЕЛВЕТАС менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда. ЖДКЖ долбоорунун колдоосу алдында калктын аярлуу катмарынын катышуусу менен фокус-топтор өткөрүлдү. Ал жерде айылдагы эң артыкчылыктуу көйгөйлөр тандалып алынып, ААнын жигердүү адамдарынын катышуусунда өткөн чогулушта тартууланды. Биргелешкен аракеттер планына кошулган көйгөйлөрдүн бири – Жоон-Күнгөй айылынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу. Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.БАКИРОВдун буйругу менен Жоон-Күнгөй айылынын калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыкчу жумушчу топ түзүлдү. Курманбек айыл өкмөтү “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында мыкты Иш планына өткөрүлгөн конкурста жеңүүчү деп табылган.

КЖАПты ишке ашыруунун жүрүшүндө ЖоонКүнгөй айылында узундугу 2866 метр болгон түтүк өткөрүүчү линия төшөлгөн, 150 м3 болгон жаңы резервуар курулган, тереңдиги 150 метр болгон скважина тазаланган, ЭЦВ 6/16-140 үлгүсүндөгү жаңы тереңдиктеги насос орнотулуп, бактерициддик жабдуу коюлган. Натыйжада ар бир үй кожолугу ичүүчү суу менен жабдуу системасына кошулду. Мындан ары элеттиктер көчөдөгү колонканы колдонбой калышты, ал эми ар бир үй кожолукта суу өлчөгүчтөр орнотулуп, ага ылайык колдонулган суу үчүн акы алына баштады. Бул өз кезегинде суу менен жабдууда жана колдонууда ачык-айкындуулукту камсыз кылды. Жоон-Күнгөйгө долбоор келгенге чейин калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүлчү эмес, элеттиктер сууну жердин алдынан алып ичишчү.

Долбоордун жалпы баасы 5 034 194 сомду түздү, анын ичинен гранттык сумма – 3 200 956 сом, ал эми айыл өкмөтүнүн өз салымы 1 833 238 сом болду. Суу түтүк линиясы ар бир короого өткөрүлдү. Эми Жоон-Күнгөй айылында 418 үй кожолукта жашаган 2134 адам күнү-түнү ичүүчү суу менен камсыздалды. Кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тариф иштелип чыгып, Курманбек айылдык аймагынын тургундарынын коомдук талкуусуна коюлду. Талкуунун жыйынтыгы боюнча, 1 м3 таза суу үчүн 26 сом көлөмүндө тариф орнотулуп, ал Курманбек айылдык кеңешинин сессиясында бекитилди. АӨ менен ТСКАКБ, ТСКАКБ менен ичүүчү сууну керектөөчүлөр ортосунда суу менен жабдуу кызматтарын көрсөтүү боюнча кызматташтык тууралуу келишимдер түзүлдү. Жаңы системаны колдонууга берүүнүн натыйжасында Курманбек айылдык аймагынын эки миңден ашуун жашоочусу ичүүчү сууга жете алышты. Бул кызмат көрсөтүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн муниципалитет аутсорсинг жана жүйөлүү тарифти эсептеп чыгуу өңдүү башкаруунун инновациялык механизмдерин өздөштүрдү.

Жоон-Күнгөй айылынын жашоочусу Омор ЖАМАНКАРАЕВ: «Советтер Союзу кулагандан кийин биздин айылда таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүү болгон эмес, элеттиктер жердин алдынан суу алып ичишчү. Бул сууну 5-10 метр тереңдиктен суу насосу менен алып чыгышчу. Бирок бул суу туздуу болуп, санитардык талаптарга жооп берген эмес. Учурда ЖДКЖ Долбоорунун жардамы менен бул кызмат көрсөтүү боюнча жумуштар жыйынтыкталып, анын натыйжасында ар бир үй кожолукка трубалар өткөрүлүп, эсептегичтер орнотулуп, жашоочулар суткасына 24 саат бою суу менен камсыздалып калды. Биз заманбап стандарттар боюнча шарттарды түзүп, үйлөргө кир жуучу машинелерди, суу жылыткычтарды орнотуп, жуунуучу жайды жасап алдык. Суу менен жабдуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү, сапаты жана туруктуулугу элеттиктердин үмүтүн актап жатат”. ТСКАКБ жумушчулары үчүн шарттарды түзүү максатында бөлмө бөлүнүп, абоненттер менен иштөө үчүн атайын программасы бар оргтехника менен камсыздалды. Ошондой эле үзгүлтүксүз иштөө үчүн генератор, металлдан жасалган кулпусу бар аспаптар үчүн куту, DWP-1500,1500Вт пластик трубаларын ширетүү үчүн аппарат да сатып алынды.

Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу – бул үзгүлтүксүз жүрчү процесс экенин түшүнүш керек. Ал жаңы жабдууну сатып алуу жана имаратты же суу менен жабдуу системасын оңдоо менен чектелбейт. Эң негизгиси – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызмат көрсөтүүнү башкаруудагы жакшы көндүмдөр болуш керек. Алар болсо кызмат көрсөтүүнүн сапатын кепилдейт, муниципалитеттин бардык жашоочуларына жеткиликтүү жана туруктуу болот. Жергиликтүү салым менен толукталган швейцариялык гранттын максаты – бул механизмдерди иштеп чыгууда чукул муктаждыктарга реакция жасоо. Бул механизмдер жарандар менен муниципалитеттин ортосундагы мамилелерди бекемдейт, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин жогорулатат, долбоордун эсебинен каржыланган инфраструктуралардын туруктуулугун камсыз кылат.

Окшош материалы: