Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кичинекей Нурайым эми суу ташыбайт (Арал айылдык аймагы)

2019-04-04 / ЖӨБ кызматтары
Кичинекей Нурайым эми суу ташыбайт (Арал айылдык аймагы)

Арал айылдык аймагындагы Арал айылынын түштүк бетинде саз, ал эми түндүк жагында дарыя бар. Бир караганда айыл сууга муктаж эместей сезилет. Мал жана айыл чарбасы үчүн жергиликтүү тургундарга жакшы шарттар түзүлгөн.

Бирок сугат сууга муктаждык жок болгонуна карабастан айылда ичүүчү суунун тартыштыгы ар бир үй-бүлө үчүн көйгөйлүү маселе болчу. Себеби элеттиктер сууну күн сайын 1-2 км аралыктан ташып келишчү. “Менин аты-жөнүм Нурайым КАЛЫЕВА, мен 12 жаштамын. Апамдын айтуусунда, анын балалыгы да күн сайын айылдын борборундагы колонкадан флягалап суу ташуу менен өтүптүр. Иним экөөбүз эки күндүн биринде, кээде күн сайын суу ташыйбыз. Үйдөгүлөрдөн сууну үнөмдөп, өтө зарыл болбосо, колдонбой эле койгулачы деп суранабыз. Бирок баары бир апам биздин кийимдерибизди же идиштерди жууйт, ошон үчүн суунун запасы тез эле түгөнүп калат. Бул үчүн кээде уруша да кетебиз, өзгөчө кышында суу ташыгыбыз келбейт. Анын үстүнө бул өтө көп убакытты алып коет. Кышында караңгы киргенге чейин суу алып келиш үчүн кээде сабакка да барбай калам. Катуу чарчагандыктан мектепте берген үй тапшырмаларын да аткара албай калган учурлар болот. Кээде иним мени аяп, канчалык кыйын болбосун, бирок өзү ташып келет. Кышында карды эритип, жазында жамгырдын суусун чогултабыз. Мындай суу кийим-кечек же идиш жууганга жарайт. Апам үчүн атамдын кийимин жууган өтө кыйын. Бирок анын кийимин көп жууш керек. Мунун айынан апамдын ден соолугу да начарлап кетти. Кээде керме-керме кир жуугандан кийин апамдын бөйрөгү, бели ооруп, бир нече күн төшөктөн тура албай жатып калат”. Арал айылына суу жеткирүү айылдык аймак үчүн дайыма артыкчылыктуу маселе болуп келген. Бирок бюджетте каражат жетишсиз болгондуктан, бул ишке ашкан эмес. Айылдын тургунда ры ар бир үйгө суу келип турса деп кыялданганы менен, бул жакын арада орундалбай турганын жакшы түшүнүшчү.

“Менин аты-жөнүм ЖАНАЛИЕВА Айнура, мен 43 жаштамын. Мен ушул айылда өсүп чоңойгом. Балдарымдын да бала кези суу көйгөйү менен өтүп жатканына зээним кейийт. Мен иштебейм, үй тиричилиги менен алекмин. Үйдөгү жумуштарга балдарым абдан жакшы жардам беришет. Жолдошум мал жана айыл чарбасынан тышкары курулушта да иштейт. Ал негизинен жумушта болот, мен үй оокаттары менен алекмин, ал эми байкуш балдарыбыз болсо бизге суу ташыйт. Суу болбосо тиричилик да токтоп калат. Ошондуктан начар аба ырайына, кар, жамгырга карабастан балдарым сууну борбордогу колонкадан ташып келишет”, - деп айтып берди Нурайымдын апасы.

“Мал же чарба үчүн суу жетиштүү эле. Бирок таза суу маселеси абдан курч турат жана айылдагы ар бир үйгө ыңгайсыздыкты жаратууда. Ылай көчөнү аралап, күн сайын флягалап суу ташыган балдарга боорум ооруйт. Үй-бүлөмдү багуу үчүн кошумча курулушта да иштейм. Ал жактан дайыма кир кийим менен келем. Бирок жуунуп алайын десем ыңгайлуу шарт жок. Кээде акы төлөп мончого барабыз. Ал эми үй шартында эле жууна турган болсок, суу өтө көп кетет. Флягада суу аз калды дегиче эле баарыбыз тынчсыздана баштайбыз. Суунун жоктугунан улам кадыресе тиричилик шарттарын да түзө албайбыз жана үйдөгү негизги түйшүктү балдарым менен аялым көтөрөт”, - деп айтты үйдүн кожоюну.

Таза суу көйгөйү 2016-жылы айылга ЖДКЖ Долбоору келгенден баштап чечилди. Элеттиктер коомдук угууларда ичүүчү суу жана жолдорду калыбына келтирүү маселесин көтөрүп, ЖӨБ органдарынан дал ушул эки көйгөй боюнча өтүнмөнү даярдап берүүнү суранышты.

“Долбоордун конкурстук комиссиясы ичүүчү суу боюнча өтүнмөбүздү жактырып, жакын арада бизге суу келе баштаарын укканда алгач ишенген жокпуз. Бирок көп өтпөй эле жумуштар башталып, үйүбүзгө эле эсептегичтерди орнотуп коюшту. Эми суу үчүн белгиленген тариф боюнча төлөп калдык, айына 100 сомго жакын акча чыгат. Суу берээр замат мен биринчи кезекте үй-бүлөм үчүн шарттарды түзө баштадым. Эми бизде кир жуучу машине да, душу бар ванна да, суу жылыткыч да бар. Колго кир жуубай калганына аялым жетине албай отурат. Суу үчүн балдарым менен да урушпай калдык. Мурда сууну ташып келгенге жумшаган убактысын эми сабакка арнашып, атүгүл кошумча ийримдерге да бара башташты. Эми шаардыктардай эле шарттарда жашап калдык деп сыймык менен айта алам. Ичүүчү суу менен жабдуу системасынын ачылышына келген долбоордун кызматкерлери да буга күбө болушту. Мына ушул эмгеги үчүн долбоордун өкүлдөрүнө жана биздин айыл өкмөттүн кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдирип, мындан аркы иштерине ийгилик кааламакчымын. Себеби алар сонун иш жасап, элеттиктердин батасын алып жатышат. Балким алар үчүн бул майда эле иш болушу мүмкүн, бирок биз үчүн бул жашообузду өзгөртүп, шарттарды оңдоп берген чоң иш болду”.

“Ата-энебиз суу эми үйдөн эле чыга турганын айтканда иним экөөбүз абдан кубандык, атүгүл алгач ишенген да эмеспиз. Биз мындай иш кыска убакыттын ичинде эле бүтүп калат деп ойлогон эмес элек. Өзгөчө иним Нурдөөлөт абдан кубанды. Эми алыстан суу ташып келбей турганына дагы эле ишене албай жатат. Азыр үйүбүздө бардык шарттар түзүлгөн. Иним убактысынын көбүн достору менен өткөрүп, футбол ойнойт. Мен болсо сабактан калбай барып жатам, алган бааларым да оңолду. Апамдын да колу бошоп, мага үй тапшырмасын жасаганга жардам берет. Атүгүл мен англис тили боюнча кошумча сабакка да жазылдым. Англис тилинде таза сүйлөгүм келет. Мындан тышкары комуз боюнча йиримге да бара баштадым. Мага ноталарды үйрөнгөн жагат. Күүлөрдү үйрөнүп алсам эле кечинде комуз чертип, концерт коймокмун. Апам менин ийгиликтериме жетине албай отурат”.

2018-жылдын 12-октябрында Арал айылдык аймагындагы Арал жана Миң-Булак айылдарындагы жаңы конуштарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча жаңы система ачылгандан кийин 500дөн ашык адам суу менен камсыздалды. Пилоттук муниципалитет болгон айыл өкмөтү жаңы конуштардын калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча планды ишке ашырды. Муну Арал айылынан жаңы конуштарга чейин суу менен жабдуу системасын кеңейтүү жолу менен жасашты. Бул үчүн узундугу 3540 метр болгон жаңы суу түтүк системасын курушкан.

Анын баасы 4 200 135 сомду түздү. КЖАПты ишке ашыруунун алкагында айыл өкмөтү “Белек” ТСКАКБнын кызматкерлери менен бирге экономикалык жактан жүйөлүү тарифти эсептеп чыгышты. Жаңыланган тариф айылдын тургундарынын талкуусуна коюлуп, коомдук угууда тартуулангандан кийин айылдык аймактын калкы жактырды. Андан соң тариф айылдык кеңештин сессиясында бекитилди. Мурда бир адам үчүн айына 25 сом чыкчу. Жаңы эсептөөлөр боюнча тариф 1 м3 үчүн 30 сомду түздү. Эсепке алуу системасы жаңыланып, абоненттерди эсепке алчу биллинг системасы орнотулду. ТСКАКБ көчөдөгү колонка аркылуу суу берүүдөн эсептегичтер аркылуу ар бир үйгө суу жеткирүүгө өттү. Бул болсо сууга аяр мамилени камсыздап, ичүүчү суу кызмат көрсөтүү үчүн акы жыйноонун деңгээлин да жогорулатты.

Окшош материалы: