Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ленин айылдык аймагындагы муниципалдык сейил бак жамааттын социалдашуусу үчүн жаңы жерге айланды.

2019-04-04 / ЖӨБ кызматтары
Ленин айылдык аймагындагы муниципалдык сейил бак жамааттын социалдашуусу үчүн жаңы жерге айланды.

Ленин айылында жаңыланган эс алуу багынын расмий ачылышы болду. Эми айылдын ар бир тургунунда, негизгиси жаштар жана балдарда бош убактысын коопсуз, жарыктандырылган, акысыз Wi-Fi бар, таза сейил бакта өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Сейил бакта ыңгайлуу отургучтар, ошондой эле селкинчектер, дөбөлөр жана турниктер орнотулган балдар аянтчасы бар. Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттер планы (КЖАП) “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун финансылык колдоосу алдында ишке ашырылды. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана ХЕЛВЕТАС менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда. Гранттын жалпы суммасы 3 100 000 сомду түздү. Айыл өкмөтү өз салымы катары кошумча 355 130 сом бөлдү. Ленин айылынын жашоочусу Чынара ТИЛЕКЕЕВА буларды белгиледи: “Мен 35 жаштамын, күйөөм экөөбүздүн беш балабыз бар. Күйөөм карапайым жумушчу, мен болсо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү Муслим аттуу баламды 13 жылдан бери чоңойтуп келатам. Муслим өзү баса албайт, бирок көчөгө чыккысы келет. Балам менен барайын десем ыңгайлуу жер жок. Балдар аянтчасы да, кинотеатрлар да, маданий эс алуу үчүн ыңгайлуу жер да жок. Ленин айылында элеттик сейил бак бар болчу, бирок ал көп жылдардан бери кароосуз калып, ал жерде эч кандай шарттар болгон эмес. Сейил бакта мал жайылып, ар кайсы жерде таштанды жатчу, бак-дарактары куурап калган. Айтор кызыктуу жана көзгө жагымдуу эч нерсе болгон эмес. Ошентип көп убакыт балама шарт түзө албай кыйналып жүрдүм. Буга байланыштуу көчө комитетинин төрагасына да бир топ кайрылдым. Бул көйгөй тууралуу ЖДКЖ Долбоорунун колдоосунда өткөн фокус-топто да айткам. Биздин фокус-топтун катышуучулары Ленин айылындагы сейил бактын кызмат көрсөтүүлөрүн айылдагы артыкчылыктуу маселе катары аныкташты. Айылдык аймактагы чогулушта биз сейил бактын зонасында маданий эс алуу жана бош убакытты өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүнү тартуулап, чогулушка катышкандардын басымдуу бөлүгү маданий эс алууну артыкчылыктуу деп тандап алышты.

Ошентип, 2017-жылы Ленин айыл өкмөтү “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жардамы менен айылдык сейил бакты калыбына келтирди. Бул үчүн бак-дарактар санитардык тазалоодон өткөрүлүп, аймактын айлана-тегереги тазаланып, сейил бактын тегереги тосмолонуп, отургучтар коюлуп, түнкүсүн жарык берчү лампалар орнотулду. Мындан тышкары балдар аянтчасы да курулду; селкинчектер, дөбөлөр, кум төгүлгөн аянтчалар, турникеттер орнотулуп, аттракциондор үчүн аянтчаларга шарт түзүлдү. Бардык жолдорго брусчатка төшөлүп, коляска сүйрөгөн энелер жана балдар үчүн ыңгайлуу болуп калды. Сейил бактын аймагында жаңы даараткана курулуп, фонтан орнотулуп, ирригациялык система калыбына келтирилди. Ошондой эле маалыматтык такталар (электрондук жүгүртмө саптар) орнотулуп, эс алуучулар үчүн акысыз WI-FI коюп бердик. Сейил бакты калыбына келтиргенден кийин бул жерде ар кандай иш-чаралар, майрамдар өткөрүлүп калды. Балдар бакчасынан жана мектептерден балдар көп келе баштады.

Эми биз Муслим экөөбүз сейил бакка дайыма келип турабыз. Ага бул жер абдан жагат. Себеби сейил бакта аба таза, айлана-тегерек кооз болуп, ары-бери сейилдегенге да, эс алганга да кызыктуу болуп калды. Муслим активдүү болуп, башка балдар менен да ойноп жатат. Ленин айылында 17 улуттун өкүлдөрү жашайт. Сейил бак түрдүү улуттагы аялдардын башын бириктирген жерге айланды. Бул жерге балдары менен келген аялдар достошуп, бири-бири менен баарлашып, конокко чакырышып, жаңылыктар менен бөлүшүп турушат.

Жаштар болсо бош убактысында бакка эс алганы, аттракциондордо ойноп, акысыз интернет колдонуп, бири-бири менен баарлашуу үчүн келишет. Мурда маданий эс алуу үчүн шарттар түзүлбөгөндүктөн жаштар жагымсыз окуяларга туш болгон учурлар болуп турчу. Азыр болсо ар кайсы айылдарда жашаган кары-картаңдар, жаштар, окуучулар жана балдар чогуу эс алып, достошуп, ойноп, жаңылыктар менен бөлүшүп, айтор бош убактысын ушул жерде өткөрүп калышты. Жаз келээри менен аялдар жана балдар, окуучулар сейил бакты тазалап, жашылдандыруу боюнча ишембиликтерге жигердүү катышат. Муну менен алар айылдын өнүгүүсүнө өз салымын кошууда. Биздин элеттик сейил бак дайыма кооз, жашыл, таза жана кызыктуу болушун каалайбыз”.

Окшош материалы: