Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы модели

2019-04-04 / ЖӨБ кызматтары
Кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы модели

2019-жылдын 24-апрелинде Бишкекте “Кыргыз Республикасында кызмат көрсөтүүнүн тейлеме моделин өнүктүрүү” деген темада семинар өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасындагы коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн модели менен тааныштыруу максатында уюштурулду. Бул модель жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын “тейлеме мүнөздөгү” заманбап талаптарына, ошондой эле калк менен жергиликтүү жамааттын муктаждыктарына жооп берет. “2018-жылы “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун (PSI) колдоосу алдында 2018 – 2023-жылдарга жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын оптималдаштыруу боюнча чаралардын Планы иштелип чыккан. Бул План 2018-жылдын 23-августунда КР Экономика министрлиги менен ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖӨБЭММА) биргелешкен Буйругу менен бекитилген. Буга кошумча, КР Экономика министрлигинин кайрылуусунун негизинде PSI долбоору бекитилген Планды ишке ашырууга колдоо көрсөткөн. Тагыраак айтканда, “коомдук кызмат көрсөтүүлөр” моделин даярдоого колдоо жасалды. Бул модель Пландагы №1 тапшырма болчу. Өткөн жылдын октябрь айында Экономика министрлиги көрсөтмө берүүчү алгачкы семинарды өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул семинар улуттук жана чет өлкөлүк тажрыйбаны эсепке алуу менен, КРда кызмат көрсөтүүлөрдүн тейлеме моделин өнүктүрүүгө карата методикалык мамилени талкуулап алуу максатында өткөрүлдү”, деп айтты PSI Долбоорунун жетекчиси Асель МАМБЕТОВА. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, долбоордук топтордун мүчөлөрү, эксперттер жана донордук уюмдардын өкүлдөрү катышкан (баары болуп 63 киши катышты) семинардын жүрүшүндө эксперттик топтун ишинин жыйынтыгы берилди:

  • “Кыргыз Республикасында коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн модели: концептуалдык мамилелер”, эксперт – ТРЕТЬЯКОВ А.В.
  • “Кыргыз Республикасында коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы моделинин административдик тиби”, эксперт – МУРЗАЕВ С.К.
  • “Кыргыз Республикасында коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы моделинин гуманитардык тиби”, эксперт – МАДЕЮЕВ А.Н.,
  • “Кыргыз Республикасында коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы моделинин турмуш тиричилигин камсыздоочу кызмат көрсөтүүлөрү”, эксперт – БАЛТАГУЛОВ Д.Т.
  • “КРда коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы моделинин финансылык механизмдеринин маселелери”, эксперт – ЧЕКИРОВ А.А.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасынын учурдагы моделинин өзөгүн 2014-жылдын 17-июлундагы №139 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамы түзөт. Аталган Мыйзам “мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр” түшүнүгүнө укуктук аныктама берип, бул чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасындагы өзөктүк субъекттердин (аткаруучулар менен керектөөчүлөрдүн) ортосундагы мамилелердин принциптерин аныктап, анын уюштуруучулук жана укуктук механизмдеринин негизги бөлүктөрүн белгилейт. Ал механизмге төмөнкүлөр кирет:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлер системасы;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр өндүрүшүнүн административдик регламенттери;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн ыкмалары;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү.

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр” түшүнүгүнүн аныктамасы бул Мыйзамда бир нече өзгөчөлүккө ээ. Алардын бири – “юридикалык жана жеке жактардын суроо-талаптарын аткаруу”. Бул Мыйзам жөнгө салган чөйрөдөн түрдүү деңгээлдердеги бийлик органдарынын милдеттерине кирген турмуш тиричиликти камсыз кылуу кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыздоо боюнча ишмердигинин кеңири түрү чыгарылган (ичүүчү суу менен жабдуу, жылуулук менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу, жолдор ж.б.). Башкача айтканда, кызмат көрсөтүүлөрдүн чөйрөсүнөн жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагында ЖӨБ органдары жооптуу болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн чоң тизмеси алынган. ЖӨБ органдары бул маселелерди 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык аткарчу. Ошондой эле “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамы кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучу катары мекемелерди гана аныктаганын, муну менен инфраструктуралык кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды чыгарып салганын белгилей кетиш керек. Натыйжада муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине кошулган кызмат көрсөтүүлөрдүн саны болгону 12 аталыштан турат.

Мыйзам юридикалык жана жеке жактар мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарына кайрылган башка бир катар мамилелерди жөнгө салбайт. Мисалы, лицензиялык-уруксат берүүчү функцияларды аткаруу боюнча иштерди жөнгө салбайт. Коомдук бийлик органдарынын ишинин бул түрлөрү 2013-жылдын 19-октябрындагы №195 “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” КР Мыйзамы менен жөнгө салынат. Муну менен бирге өз ара мамилелердин бул түрү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү менен окшош жактары көп. Бул – лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн түрлөрүнүн реестри (жүзгө жакын), юридикалык жана жеке жактардын кайрылууларынын белгиленген тартиби, жыйынтыкты даярдоонун регламентациясы, мониторинг жана баалоо, электрондук форматка өткөрүү, “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жана электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу кызмат көрсөтүү ж.б.

ТЫЯНАК. Бүгүнкү күндө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестри негизинен социалдык жана административдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт. Алар “Административдик ишмердүүлүктүн негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө”, “КР калкын социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө” жана башка КР Мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Ошентип, кызмат көрсөтүүнүн колдонуудагы системасы укуктук базасы ар башкача болгондуктан бир түрдүү жөнгө салынбай келүүдө. Натыйжада калк, бизнес жана жалпысынан коомчулук муктаж болгон сапаттагы жана көлөмдөгү кызмат көрсөтүүгө дайыма эле жете бербейт. Бул болсо бардык деңгээлдердеги коомдук бийлик органдарына карата ишенимди азайтып, Кыргыз Республикасынын жарандарынын бакубатчылык деңгээлин жогорулатууга бут тосууда.

СУНУШТАМА. Ушул жана башка көйгөйлөрдү чечүү үчүн коомдук бийлик органдары жооптуу болгон кызматтарды көрсөтүү тутумун өнүктүрүү зарыл. Муну тейлеме модель багытындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонуудагы уюштуруучулук-укуктук механизмин биротоло иштеп чыгуу жолу менен ишке ашырса болот.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы моделинде кабыл алынган ыкмалар

Жогорудагы көйгөйдү чечүүдөгү ыкмалардын бири – тейлеме мамлекеттин концепиясынын жана коомдук байгерлик теориясынын идеялары менен жоболору, алардын категорияларын жана түшүнүктөрүн колдонуу. Мамлекеттик / муниципалдык тутумду өнүктүрүүнүн тейлеме идеясы классикалык схемага таянат: “кызмат көрсөтүүнү өндүрүүчү – керектөөчү”. Мында мамлекеттик институттардын туруктуулугу жана легитимдүүлүгү жеке жана топтук кызыкчылыктар менен муктаждыктарды эффективдүү аныктоого жана ишке ашырууга байланышкан1 . Башкарууну “тейлеме” жагынан уюштурууда эффективдүүлүктүн үстөмдүк кылуучу көрсөткүчү болуп “керектөөчүлөрдүн канааттануусу” эсептелинет. Бул үчүн башкаруучулук ишмердиктин максаттары менен тапшырмаларын нормалоого карата комплекстүү ыкманы колдонуу зарылчылыгы негизделип берет (административдик, экономикалык, социалдык, маалыматтык, укуктук формалардын, усулдардын, ыкмалардын жана жолдордун системага салынган өз ара байланышы). Жашоо үчүн маанилүү камсыздоо жана коопсуздук үчүн жоопкерчилик мамлекетке жүктөлөт. Мамлекет ар бир адамдын жана алардын топторунун муктаждыктары менен кызыкчылыктарын канааттандырууну кепилдөөгө тийиш.

Коомдук бийлик органдары жооптуу болгон кызмат көрсөтүүлөр тууралуу жалпы түшүнүктү коомдук байгерлик теориясы берет2 . Белгилүү болгондой, байгерлик бул – материалдык жана материалдык эмес каражаттар, алар түрдүү муктаждыктарды канааттандырат, өзүнчө адамдарга да, жалпысынан коомго да пайда алып келет. Байгерликтин түрдүк кеңири курамы бар. Алардын чоң бөлүгү жеке керектөө үчүн кызмат көрсөтүүнүн мүнөзүнө ээ. Ага жеткиликтүүлүк керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөргө жекече кайрылуусун жана ошол кызматтарды алуу үчүн акы төлөөсүн талап кылат. Мындай кызмат көрсөтүүлөргө мисалдар: маалымкаттарды, уруксаттарды берүү, каттоо, окутуу, абонемент менен китепканада тейлөө. Калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндө бул ар кандай жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүү (жумушсуздук, кош бойлуулук боюнча, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ж.б.), протездерди даярдоо жана берүү, жарандардын айрым категорияларына санаторийге-курортко жолдомолорду берүү жана башкалар. Мындай байгерликтин бир кыйла үлүшүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр түзөт.

Коом муктаж болгон байгерлик же кызмат көрсөтүүлөр бар. Алардын өзгөчөлүгү – жамааттык муктаждык бар, бардык каалоочуларга эркин жана бирдей даражада берилет. Бул жерде алардын эки түрүн бөлүп алса болот: керектөөчүлөрдүн жеткирүүчүлөргө кайрылуусун талап кылган жана талап кылбаган. Биринчи тибине мисалдар: ичүүчү суу менен жабдуу, таштанды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү. Мындай кызмат көрсөтүүлөрдү чогуу алгандан улам аларды коммуналдык деп да атап коюшат. Алардын басымдуу бөлүгүн коммерция лык жана жеке уюмдар жеткире алышат. Коомдук байгерликтин экинчи тибинин мисалдары: мыйзамдар, коргонуу, укук коргоо, мектепте билим берүү, унаа жолдору, телерадиоберүү жана башкалар. Жергиликтүү деңгээлде бул – көчөлөрдү жарыктандыруу, светофорлор, сейил бактар, музейлер, китепканалар жана башкалар. Коомдук бийлик органдарынын жана алардын уюмдарынын мындай кызмат көрсөтүүлөрү коомдук байгерлик болуп саналат. 

Коомдук байгерликтин бул тиби мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө таандык болгон белгилерге ээ эмес. Тагыраак айтканда, кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жана аны конкреттүү адам үчүн берүүгө байланышкан кайрылуунун өтүнмө тартиби жок. Жогоруда айтылгандай, байгерликтин бөлүштүрүлүшү “мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү” түшүнүгү канчалык көп кырдуу болгонунан кабар берет. Мында алардын түрлөрү менен керектөөчүлөрдү камсыз кылуу боюнча иштин өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу зарылчылыгы бар. Бул болсо коомдук мааниге ээ болгон байгерлик катары кабыл алынган “коомдук кызмат көрсөтүү” түшүнүгүн киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттин өз милдеттенмелеринин алкагында жеке жана юридикалык жактарга алардын суроо-талабы боюнча аткарылат. Бул кызмат көрсөтүүлөр алардын укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдык кызыкчылыктарын канааттандырууга, же жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында пайда болгон милдеттенмелерин аткарууга багытталган. Коомдук мааниси бар байгерлик – бул байгерликти колдонууга жеке жана юридикалык жактардын жалпы кызыкчылыгы бар, ошондуктан мамлекеттин, коомдук бийлик органдарынын милдети болуп саналат. Ошентип, “коомдук кызмат көрсөтүүлөр” термини “мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр” термининен да кеңири мааниде колдонулат жана аны да кошо камтыйт.

Бул кызматтарды мамлекеттик да, мамлекеттик эмес да түзүмдөр көрсөтө алышат. Негизгиси – коомдук кызмат көрсөтүүгө коомчулуктун кызыгуусу, социалдык мааниси болушу керек. Мисалы, бардыгы калктын корголбогон категорияларына колдоо көрсөтүүгө, суу менен туруктуу жабдууга, ден соолукту бекемдөөгө жана спорт менен алектенүүгө, билим жана медициналык жардам алууга ж.б. кызыкдар. Бул кызматтарды ким көрсөтөт – керектөөчү үчүн бул экинчи пландагы маселе. Аны чечүү бир катар жагдайлардан көз каранды. Ошону менен бирге бул жерде кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруунун эффективдүүлүгү негизги критерийлердин бири болуп саналат. Ошентип, эгерде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик түзүмдөр түздөн түз аткарышы керек деп эсептелинсе, анда коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик органдар өз алдынча жеткире алат же аларды тыштан уюмдарды тартуу менен уюштура алат.
 
Коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн тейлеме моделинин концепти
Моделдин теориялык жана методологиялык өзөгү болуп “тейлеме мамлекеттин”, “коомдук бийликтин”, “коомдук байгерликтин” жана “коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн” түшүнүктөрүнүн аппараты эсептелинет. Бул түшүнүктөрдүн баары бири-бирине сиңишип кетчү мүнөзгө ээ.
Тейлеме мамлекет. Тейлеме мамлекетте анын маңызы жана багыты индивидге кызмат кылууда камтылган. Мындан улам индивид менен өз ара аракеттенүү боюнча мамлекеттин ар бир ишмердиги мамлекеттик (коомдук) кызмат көрсөтүү болуп калат. Тейлеме мамлекет – бул коомдук бийликти уюштуруунун өзгөчө саясий формасы, анын өзүнүн атайын башкаруу аппараты бар, ал индивиддерге коомдук кызмат көрсөтүүгө багытталат. Ошондой эле адамдын татыктуу турмуш тиричилигин, анын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздаган социалдык-укуктук кепилдиктер системасы да бар.
Коомдук кызмат көрсөтүүлөргө индивиддин, же топтордун ар кандай жигердүүлүгү чөйрөсүндөгү коомдук бийликтин (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын) ишмердигин киргизебиз. Бул иштер өз Укуктарын жана Милдеттенмелерин ишке ашырууга жана аларга соңку байгерликти түзүүгө байланыштуу болот.
 
Коомдук байгерликтер. Башкарууну “тейлеме” жактан уюштурууда “керектөөчүлөрдүн канааттануусу” эффективдүүлүктүн үстөмдүк кылуучу көрсөткүчү болот. Ошону менен бирге керектөөлөр жеке да, коомдук да (жамааттык) боло алат. Бул керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жеке, жамааттык жана коомдук байгерликтер өндүрүлөт. Байгерликтин тигил же бул тибин бөлүп кароодо эки белги критерий болуп берет: өзгөчөлүк жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк.

Эгерде байгерликти бир гана адам колдонсо, бир эле маалда башка адамдар колдоно албаса, анда ал жеке болуп саналат. Б.а., мындай байгерликти колдонуп жатканда атаандаштыкка жөндөмдүүлүк да, бул байгерликке башка бирөөнүн жетүүсүн чектөө мүмкүнчүлүгү да бар (бир эле адам колдонот). Эгерде байгерликти жамааттын мүчөлөрү гана колдоно ала тургандай шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгү бар болсо, анда ал жамааттык (клубдук) болот. Эгерде байгерликти бир адам колдонуп, бирок башкалар да колдоно ала тургандай болсо, ал коомдук байгерлик болуп саналат. Б.а., мындай байгерликти бир гана адам көрө албайт (улуттук коргонуу, коомдук коопсуздук, экология). Сунушталып жаткан моделде таза жеке байгерлик каралбайт. Себеби мындай байгерликти коомдук бийлик органдары эмес, базар камсыз кылат. Ошол эле маалда модель кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү үчүн керектөөлөр жана аларга шайкеш байгерлик тууралуу кеңири түшүнүктү колдонууну сунуштайт: Таза коомдук байгерлик. Коомдук тармакта өндүрүлгөн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, алар коомдук кызыкчылыкты канааттандыруу үчүн кызмат кылат. Турмуш тиричиликти камсыз кылган байгерлик. Күнүмдүк – коомдун бардык мүчөлөрү алышы керек болгон байгерлик. Жамааттык (клубдук) байгерлик. Социалдык жактан зарыл болгон жана коомдук мааниси бар байгерлик. Коомдук кызмат көрсөтүү катары жалпы экономикалык мааниси бар ишмердиктин айрым түрлөрү.

Коомдук бийлик

Бул байгерлик үчүн кандайдыр бир деңгээлде коомдук бийлик (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдары) жооптуу. Коомдук бийлик бүгүн да, келечекте да төмөнкүлөр үчүн жооп берет (жоопкерчиликти алат): кызмат көрсөтүүлөрдүн бар болушу, жеткиликтүүлүгү (кеңири маанисинде), сапаты жана Коопсуздугу үчүн. Бул үчүн коомдук бийлик:

  • калкка коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнү жана жеткирүүнү уюштурат.
  • бул маселеде бизнес жана жарандык коом менен бирге иш алып барат.
  • кызмат көрсөтүүлөрдү көзөмөлдөө, мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессин уюштурат.
  • каржылоонун ар кандай түрлөрүн, анын ичинде аралаш түрүн колдонот.

Коомдук кызмат көрсөтүүлөр. Модель кызмат көрсөтүүлөрдүн үч тибин бөлүп карайт:

  • материалдык (физикалык чөйрөнүн байгерлиги);
  • гуманитардык (адамдын ички чөйрөсүнүн байгерлиги);
  • административдик (укуктук чөйрөнүн байгерлиги).

Коомдук кызмат көрсөтүү – бул мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары өзүнүн конституциялык Укуктарын жана Милдеттенмелерин ишке ашырууда Адамдын (топтун) жашоосун жана ишмердигин колдоо боюнча жасаган иштердин натыйжасында пайда болгон коомдук байгерлик.

Коомдук кызмат көрсөтүү – мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын юридикалык жана жеке жактарга коомдук байгерликти алууга болгон суроо-талаптарын канааттандырууга, коом алдында өзүнүн конституциялык укуктарын жана милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган ишмердиги.

Коомдук кызмат көрсөтүүнүн жалпы критерийлери:

  • юридикалык, жеке жактан же ыйгарым укуктуу органдардан / жактардан кызмат көрсөтүүгө суроо-талап бар.
  • мамлекеттик органдын же ЖӨБ органдын мыйзамдар менен бекитилген милдеттенмелери, ыйгарым укуктары, компетенциясы бар;
  • коопсуздукту камсыз кылуу, ден соолукту сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдын/ЖӨБ органдын жарандар алдында милдеттенмеси бар.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн тибине киргизүү үчүн критерийлер

  • Турмуш тиричилик менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр. Критерийлер: коомдук байгерлик адамдын жашоосу жана ишмердиги үчүн чөйрөнү объективдүү жакшыруусу менен мүнөздөлөт (сандык мүнөздөмөлөрү бар: көлөмү, салмагы ж.б.).
  • Гуманитардык кызмат көрсөтүүлөр. Критерийлери: коомдук байгерлик адамдын руханий, интеллектуалдык жана физикалык абалынын өнүгүүсүн мүнөздөйт. Коомдук байгерликтин стандарттарына жетүү адамдын өзүнүн катышуусуна көз каранды болот.
  • Административдик кызмат көрсөтүүлөр. Критерийлер: Коомдук байгерлик адамдын жашоосу жана ишмердиги үчүн укуктук негизди белгилейт.

 

 

Окшош материалы: