Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ менен ЖМАнын өз ара мамилелери тууралуу

2019-06-17 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын же анын жетекчилеринин кайсы пландарын жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары беките алат же муну жасашы керек?

Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын ченемдерине ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрация ЖӨБ органдарынын ишине кийилигишүүгө жана ЖӨБ органдарынын кандайдыр бир өнүгүү программаларын (пландарын) жана башка документтерин бекитүүгө укугу жок. Мындан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнүн өнүгүү программаларын (пландарын) жана башка документтерин бекитүү үчүн берүүгө милдеттүү эмес. Ошону менен бирге жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишин мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди башкарууга катышууга жарандардын конституциялык укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү аркылуу тиешелүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта жүзөгө ашырат (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренеси). “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрация аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын долбоорун бекитет, аларды аткарууну уюштурат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү мамлекеттик администрацияга алардын суроо-талабы боюнча өз планын берүүгө укуктуу, муну менен жергиликтүү мамлекеттик администрация райондун социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын даярдап, бекитип жатканда эсепке алышат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 110-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жана алардын кызмат адамдары өз иштеринде жергиликтүү кеңешке отчет беришет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин 3-бөлүгү боюнча, жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык, жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт, жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программаларын бекитет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесине ылайык, мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, жергиликтүү жамааттын алдында – өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрация жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өзүнүн өз ара мамилелер бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды жетекчиликке алат. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрация аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы катары райондун аймагында Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын макулдашылган иштерин, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттерин камсыз кылат. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, райондун аткаруу бийлигинин органдары өз ишин жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды айкалыштыруу, мамлекеттик администрация менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ажыратуу принциптеринин негизинде жүзөгө ашырат. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештердин жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт.

Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү кеңештердин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шаардык, айылдык, райондук кеңештин сессиясында аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо маселелери чечилет. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, айыл өкмөтү аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат.

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун, ЖӨБ Союзунун биргелешкен аракети менен даярдалды. Аларга “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору колдоо көрсөттү. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат (ЭҮЖӨБОЖ Долбоору). Консультанттар: Бектурган ОРОЗБАЕВ, Нуржан КОЖОШЕВА, Нуржан МАМЫРАЛИЕВА

 

Окшош материалы: