Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мектепти каржылоого кеткен чыгымдар тууралуу

2019-06-17 / Юридикалык кеңеш

2020-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорунда орто мектептерди каржылоого кеткен чыгымдарды пландаш керекпи?

2019-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри менен өткөн кеңешменин №17-1321 Протоколунун III Бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, орто билим берүүчү мекемелерди (мектептерди) каржылоону жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которуу баскыч-баскычы менен жүргүзүлөт:

• 2020-жылы – айылдык аймактардагы орто билим берүүчү мекемелер;

• 2021-жылы – райондук жана облустук маанидеги шаарлардагы орто билим берүүчү мекемелер;

• 2022-жылы Бишкек жана Ош шаарларындагы орто билим берүүчү мекемелер.

Бирок аталган Бөлүмдүн 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке орто билим берүүчү мекемелерди республикалык бюджетке каржылоого которууга байланышкан тийиштүү иштерди жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тездетүү тапшырмасы берилген. Ошентип, ченемдик укуктук актыларга белгиленген өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин орто мектепти күтүүгө кеткен чыгашаларды жергиликтүү бюджетке, анын ичинде 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин долбооруна киргизүү зарыл.

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун, ЖӨБ Союзунун биргелешкен аракети менен даярдалды. Аларга “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору колдоо көрсөттү. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат (ЭҮЖӨБОЖ Долбоору). Консультанттар: Бектурган ОРОЗБАЕВ, Нуржан КОЖОШЕВА, Нуржан МАМЫРАЛИЕВА

Окшош материалы: