Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Юридикалык кеңеш
Аскердик-эсепке алуу жана паспорттук столдордун иши, башкы план жана жаш адистерге пособие тууралуу
Башкы план тууралуу, жаш адистерге пособие тууралуу,аскердик-эсепке алуу столунун мөөрү тууралуу.
Суроолорду муниципалитеттердин жашоочулары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана ЖӨБ органдарынын кызматкерлери беришүүдө.
Жооптор ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун юристтери Асель Мамбетова жана Нурдин Кумушбеков тарабынан даярдалды
Башкы план тууралуу
Жергиликтүү кеңештин депутатынын суроосу
- Айылдык аймактын Башкы планын иштеп чыгуу жана алуу милдети толугу менен айыл өкмөтүнө жүктөлгөн. Мамлекеттик каттоо Башкы план үчүн эч жооптуу эмес. Бирок Башкы планды иштеп чыгуу үчүн каражатка ээ болбогон айылдык аймактар эмне кылат?
- “КР шаар куруу жана архитектура жөнүндө” КР мыйзамынын 13-беренесинин 5-пунктуна ылайык, калк отурукташкан аймактардын башкы пландарынын долбоорлору КР мыйзамдары тарабынан орнотулган тартипте бекитилет. Калктуу пункттардын чегинин сыртында жайгашкан жерлер тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турат. КР Жер кодексинин 18-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, райондук кеңеш жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен айылдык округдун, поселоктун кеңешинин макулдугу менен элеттик калктуу пункттардын жана поселоктордун курулушунун долбоорлорунун башкы пландарын бекитет. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 8-пунктуна ылайык, АӨ аймактагы курулуштун башкы планын иштеп чыгат жана ишке ашырат. 2010-жылдын 5-февралында КР өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаменти (МКК) тууралуу жобонун 1-пунктуна ылайык, Департамент ведомство алдындагы МККнын бөлүм алды деп эсептелет. Ал жер кадастрын, кадастр картографиясын, кыймылсыз мүлккө укукту каттоону жүргүзөт, кыймылсыз мүлккө катталган укуктардын мамлекеттик жактан корголушун камсыздайт жана анын функциясына Башкы планды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу кирбейт.
Ушундан улам башкы планды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн милдети деп саналат жана бул максаттарга кеткен чыгашалар жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
Жаш адистерге пособие тууралуу
Жаш педагогдун суроосу
- Мектептин жаш адистерине 10 минималдык эмгек акы өлчөмүндө пособиени төлөп берүүгө ЖӨБ органдары милдеттендирилген. Бирок айыл өкмөтү акчанын жетишсиздигинен улам пособиени төлөй албайт. Эмне кылам?
- Чындыгында эле “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамынын 32-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, 2003-жылдын 30-апрелинен тарта ишке орношуу үчүн элеттик мектептерге келген жаш адистерге
жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен 10 минималдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку пособие чарбалык керектөө үчүн берилет. Жогорудагы мыйзам 2011-жылдын 5-июлунда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРмыйзамы кабыл алынганга чейин эле кабыл алынган. Анын 18-беренесинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына тиешелүү жергиликтүү маанидеги маселелер орнотулган. Билим берүүнү камсыздоо маселеси, анын ичинде эмгек акы жана мугалимдерге пособие төлөө аларга киргизилген эмес. Анын үстүнө “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 10-беренесинин 7-пунктуна ылайык, мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкеш келген мектепке чейинки, мектеп жана профессионалдык билим берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктарына кирет.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 65-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтү мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүп, өз чечимдерин ага шайкеш келтириши керек болчу. Бирок бул иш жасалган эмес.
“Ченемдик укуктук акттар жөнүндө” КР мыйзамынын 10-беренесине ылайык, ченемдик укуктук акттын структуралык элементи – ал эми биздин учурда бул “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамынын 32-беренесинин 8-бөлүгү – өз аракетин буга чейин кабыл алынган ченемдик укуктук акттагы жоболор карама каршы келген жаңы ченемдик укуктук акт кабыл алган учурда токтотот.
Ушундан улам элеттик мектепке ишке орношкону келген жаш адистерге бир жолку пособиени айыл өкмөтү эмес, мамлекеттик бийлик органдары бериш керек.
Аскердик-эсепке алуу столунун мөөрү тууралуу
Суроону айыл өкмөтүнүн кызматкери узатты
- “КР жарандарынын жалпы аскердик милдеттемелери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” 2009-жылдын 9-февралындагы №43 КР мыйзамынын 14-беренесинин негизинде ЖӨБ органдарынын башчылары төмөнкүлөргө милдеттүү: аскер кызматкерлерин, аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырыла тургандарды аскердик-эсептик документтеринде тиешелүү райондук аскер комиссариаттардын аскердик эсепке алганы тууралуу белгиси болгон учурда аларды жашаган жери боюнча каттоого тургузуу (каттоодон чыгаруу). Аскердик кызматка жана аскердик чогулууларга жарандарды чакырууга көмөктөшүү. Ушул эле мыйзамдын 15-беренесинин 4-пунктуна ылайык, ЖӨБ органдары жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууга көмөктөшөт. 32-беренеде жарандарды альтернативалык кызматка чакырууда ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Мен Ленин АА 2007-жылдан бери аскердик-эсепке алуу столунда инспектор болуп иштейм жана ушул убакытка чейин АӨ аскер кызматкерлерин эсепке алуу үчүн мөөрлөр жок. Муну менен аскер комиссариаты алектенет. Анда ЖӨБ органынын ролу эмнеде камтылган?
- “КР жарандарынын жалпы аскердик милдеттемелери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” 2009-жылдын 9-февралындагы КР мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык, аскерге чакырылууга милдеттүүлөрдү жана чакырылгандарды аскердик эсепке алардын райондук (шаардык) аскер комиссариаты алат, ал эми алар болбогон калк отурукташкан аймактарда эсепке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алат. Ушул мыйзамдын 13-беренесинин 1-пунктуна ылайык, жарандарды аскердик эсепке алуу биринчи жолу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу мамлекеттик бийлик органдары, облустук жана райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт. ЖӨБ органдарынын аскердик эсеп боюнча милдеттемелери ушул мыйзамдын 14-беренесинде орнотулган. Ага ылайык, ЖӨБ органдарынын башчылары өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдү жасоого милдеттүү: аскердик эсепке алынганы (аскердик эсептен чыгарылганы) тууралуу аскердик-эсептик документтеринде тиешелүү райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын белгиси болгон учурда аскер кызматкерлерин, аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылгандарды жашаган жери боюнча каттоого тургузуу (каттоодон чыгаруу); райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына аскерге милдеттүүлөрдүн, чакырылгандардын жана чакырыла тургандардын сандык жана сапаттык курамы тууралуу маалымат берүү; аскердик кызматка жана аскердик чакырууларга жарандарды чакырууну уюштурууга, чакырыла тургандарды эсепке алууга көмөктөшүү; аскерге милдеттүүлөрдүн жана чакырылгандардын аскердик эсеп тууралуу Жобонун сакталышына көзөмөл жүргүзүү.
Ошентип ЖӨБО райаскеркомиссариаттар аркылуу алгачкы аскердик эсепке алуу менен алектениш керек, эсепке алынганы (чыгарылганы) тууралуу аскер комиссариатынын белгиси болгон учурда гана аскер кызматкерлерин каттоого тургузуу жана каттоодон чыгаруу.
Анткен менен Коргоо министрлигинин катында ““Айыл өкмөтүндө аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылгандарды эсепке алуу жөнүндө” Көрсөтмөнүн III бөлүмүнүн 18-пунктунун “г” пунктчасынын негизинде аскердик эсепке алынган аскерге милдеттүүлөрдүн аскер билеттеринде жана каттоо карточкаларында (үй китепчесинде) VII бөлүмдө айылдык округдун аскердик-эсепке алуу столунун инспектору аларды эсепке алуу жана эсептен чыгаруу тууралуу белги мөөрүн басат” деп айтылат.
Мындан тышкары ушул мыйзамдын 12-беренесинин 4-пунктуна ылайык, аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырыла турган куракка жеткен жарандарды аскердик эсепке алуу, эсепке тургузуу жана андан чыгаруу Кыргыз Республикасынын өкмөтү бекиткен Аскерге милдеттүүлөрдүн жана аскер кызматына чакырыла турган куракка жеткен жарандардын аскердик эсебин жүргүзүү жөнүндө Жобо менен аныкталат (Аскердик эсеп жөнүндө жобо).
Альтернативалык кызмат өтөө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттемелери “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативалык кызматтар жөнүндө” КР мыйзамында көрсөтүлгөн. Анын ичинде төмөнкү милдеттер бар: райондук (шаардык) чакыруу комиссиялардын жана жарандарды алгачкы аскердик каттоого тургузуу жана жарандарды аскер кызматына жана аскердик чогулууларга жөнөтүүнү уюштуруу боюнча комиссиялардын ишин уюштуруу үчүн райондук (шаардык) аскер комиссариаттарын жабдууланган чакырык (чогултуу) пункттары жана зарыл болгон санда кызматкерлер жана жумушчулар менен камсыздоо, аскердик-эсептик персоналды тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен кармоо (41-берене), аскердик жана альтернативалык кызматтарга жарандарды чакырууну уюштурууга көмөктөшүү (15-берене).
Ушул мыйзамдын 32-беренесинин 3-пунктуна ылайык, альтернативалык кызматты өтөө тартиби КР өкмөтү тарабынан аныкталат (2009-жылдын 18-майында КР өкмөтү бекиткен “Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативалык кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо). Бул жободо ЖӨБ органдарынын башчыларынын милдеттери көрсөтүлгөн,анын ичинде, мисалы, жарандардын альтернативалык кызматты өтөөсүнө байланыштуу маселелер боюнча аскер комиссариаттары менен биргелешип иш алып баруу (4-пункт), альтернативалык кызматты өтөп жаткандарды аскердик комиссариатка чакырылганы тууралуу маалымдап туруу жана алардын өз убагында келишине көмөктөшүү; альтернативалык кызматты өтөп жаткан кызматкердин үй-бүлөлүк абалы, ден соолугу, билими, адистиги, жашаган жеринин дареги жана башка маалыматтары өзгөргөн учурда бул өзгөрүүлөрдү анын эсептик картасына киргизүү жана бир апталык мөөнөттүн ичинде бул тууралуу аскер комиссариатына маалымат берүү (11-пункт).
Райондук аскер комиссариатынан сөгүш тууралуу
Суроону АӨ кызматкери узатты
- Аскер кызматына жана альтернативалык кызматка чакырууда ЖӨБ органдары райондук аскер комиссариатына жардам берет. Бирок райондук аскер комиссариаты альтернативалык кызматты өтөп жаткан аскер кызматкеринин 3 жылдык кызматы үчүн 12 000 сом өлчөмүндө акча төлөмүн КР Коргоо министрлигинин атайын эсебине өз убагында жибере албаганы үчүн аскердик-эсепке алуу столунун (АЭС) инспекторуна дайыма эле сөгүш жарыялап келет.
Райондук аскер комиссариаты жергиликтүү өз алдынча башкарууга мыйзам тарабынан бекитилбеген функциясы үчүн сөгүш жарыялоого укугу барбы, же бул тууралуу башка инструкцияларда же жоболордо көрсөтүлгөнбү?
- Чындыгында эле “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери жөнүндө,аскердик жана альтернативалык кызматтар жөнүндө” КР мыйзамына жана 2009-жылдын 18-майында КР өкмөтү бекиткен “Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативалык кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө” Жобого (мыйзамдын 32-беренесинин 4-пункту жана Жобонун 9-пункту) ылайык, альтернативалык кызматты өтөөдө альтернативалык кызматтын кызматкери чакырылган жери боюнча райондук (шаардык) аскер комиссариаттары аркылуу КР Коргоо министрлигинин атайын эсебине акча төлөмдөрүн котороору каралган. Жобонун 5-пунктунда ошондой эле ЖӨБ органдарынын башчылары менен биргелешип, аскер комиссариаттары аркылуу Куралдуу Күчтөрдүн
Башкы штабы жарандарды альтернативалык кызматка чакырууну башкараары, алардын альтернативалык кызматтан өтүүсүн жана акча каражаттарын которуусун көзөмөлдөөрү көрсөтүлгөн. Аскер комиссарлары жарандардын альтернативалык кызмат өтөөсүн эсепке алышы, альтернативалык кызматты өтөөнүн тартибинин сакталышы үчүн жооптуу, аларга альтернативалык кызматтын кызматкерлерин эсепке алуу,кызмат өтөө убагында эсептик-аскердик жана башка эсептик документтерди жүргүзүү, ошондой эле жарандардын альтернативалык кызмат өтөөсүнө, алардын акча каражаттарын которуусуна көз салуу милдети да жүктөлгөн (Жобонун 6-пункту).
Ушундан улам АЭС инспектору альтернативалык кызматтын кызматкери которгон акча каражаттары үчүн жооптуу эмес.
“Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативалык кызматтар жөнүндө” КР мыйзамындагы 41-берененин 2-пунктуна ылайык, аскердикэсептик персонал тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен кармалып келет, аскердик-эсептик персоналды дайындоо, которуу, иштен бошотуу же кыскартуу райондук (шаардык) аскер комиссарларынын макулдашуусу боюнча гана ишке ашырылат.
ЖӨБ органынын аскердик-эсептик столдун (АЭС) инспектору муниципалдык кызматкер деп эсептелет жана “Муниципалдык кызмат тууралуу” КР мыйзамынын 18-беренесине ылайык, муниципалдык кызматкерге дисциплинардык жазаны ишке алуу жана бошотуу укугуна ээ болгон кызматтагы адам бере алат, дисциплинардык жаза чараларын колдонуу тартиби жана шарттары КР эмгек мыйзамдарына ылайык бекитилет.
АЭС инспектору өз милдеттерин 2004-жылдын 23-февралында КР өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы айылдардагы жана поселоктордогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык инструкциясына, АЭС инспекторунун кызматтык инструкциясына ылайык аткарат. Ошондой эле ал айыл өкмөт аппаратынын муниципалдык кызматтагы адамы, мындан тышкары тиешелүү аскер комиссариатына жооптуу кызматтагы адам деп эсептелет. ЖӨБнун башчысы тиешелүү аскер комиссариаты менен макулдашып, КР мыйзамында көрсөтүлгөн процедураларга ылайык, инспекторду иштен бошотот.
Ушундан улам аскер комиссарынын АЭС инспекторуна карата дисциплинардык жаза колдонууга – сөгүш жарыялоого укугу жок.
Паспорттук стол тууралуу
Суроону АӨ кызматкери узатты
- АЭС инспектору 2004-жылдын 23-февралында КР өкмөтүнүн токтому менен бекитилген,
паспорттук эсепти жүргүзүү маселеси боюнча №91 “Кыргыз Республикасындагы айылдардагы жана поселоктордогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык инструкциясынын” негизинде иш алып барган. Анткен менен 2011-жылы ПВ жана КИБ (Паспорттук-визалык жана каттоо иштер бөлүмү) жетекчисинин Буйругунун негизинде АЭС инспекторунан эч кандай түшүндүрмөсүз каттоо жана паспорттук эсептен чыгаруу мөөрүн алып кетишти. Кайсы документтин (мыйзамдын же Өкмөттүн токтомунун же жаңы инструкциянын) негизинде айыл өкмөтүнөн жарандарды паспорттук эсепке тургузуу функциясын тартып алышканын түшүндүрүп берүүңүздү өтүнөм.
- “Ички миграция жөнүндө” 2002-жылдын 30-июлундагы КР мыйзамынын 13-беренесине ылайык,
жашаган жери жана КРнын чегинде жүргөн жери боюнча жарандарды каттоого алуу бекитилет жана жарандарды каттоо үчүн жооптуулар – жарандарды каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктуу кызматтагы адамдары аныкталат. Ушул мыйзамдын 15-беренесинин 1-пунктуна ылайык, жарандарды каттоого тургузуу органы болуп жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эсептелет. Ал эми жарандарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы болбогондуктан каттоочу орган болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы эсептелет.
Ушул мыйзамды ишке ашыруу максатында 2004-жылдын 4-декабрында КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген КР жарандарын жашаган жери жана турган жайы боюнча каттоо жана каттоодон
чыгаруунун эрежелери тууралуу Жобо кабыл алынган. Анын 5 жана 9-пункттарында жарандарды жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо үчүн жооптуу деп ички иштер органдары бар болгон калк отурукташкан пункттардагы ички иштер органдарынын жана башка калктуу пункттарда – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызматтагы адамдары аныкталат.
2009-жылдын 22-октябрында ““Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн структурасы жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” КР Президентинин указы менен КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) түзүлдү. Бул кызматка КР ИИМ карамагынан алып, паспортторду берүү боюнча функциялар өткөрүлүп берилди. Жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук акттарга ылайык, 2009-жылдын 17-ноябрында Өкмөт “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө” Жобо кабыл алды. Ал жободо МКК КР ИИМдин жарандарга жашаган жери боюнча паспорт берүү жана каттоо боюнча паспорттук-визалык көзөмөлдү башкаруу жаатында укук мураскери болду.
КР Конституциясынын 113-беренесине жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп бериле алат. Жарандарды каттоо, паспорттук режимдин эрежелеринин аткарылышына көзөмөлдү жүргүзүү, жарандарды орнотулган тартиптин негизинде каттоого тургузуу же каттоодон чыгаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга кире алаары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесинин 6-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн.Анткен менен ушул тапта мыйзамдар кабыл алына элек жана мындай өткөрүп берүү тууралуу келишимдер түзүлгөн эмес.
2004-жылдын 23-февралында КР өкмөтүнүн токтому менен Кыргыз Республикасындагы айылдардагы жана поселоктордогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык инструкциясы кабыл алынган. Анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ошолордун негизинде айылдардын жана поселоктордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кызматтык инструкциясын иштеп чыгуу жана жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитүү сунушталган. Паспорттук эсепти жүргүзүү боюнча типтүү кызматтык инструкцияга ылайык, паспорттук эсепти жүргүзүү боюнча милдеттемелер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы тарабынан райондук ички иштер бөлүмүнүн паспорттук столдун жетекчиси менен макулдашуу боюнча айыл өкмөт аппаратындагы адистердин бирине жүктөлөт. Мына ушул нерсе сиздин да АӨ жасалган: силерде милдеттер аскердик-эсепке алуу столунун инспекторуна жүктөлгөн.
МКК департаментинин катында “бүгүнкү күндө ЖӨБО жарандарды каттоого тургузуу жана чыгаруу үчүн өз мөөрүнө ээ. Ошентсе да ушул тапта Департамент жарандарды каттоо үчүн ЖӨБОга бирдиктүү мөөрдү бекитүү иштери жүрүүдө” деп белгиленген.
Ушундан улам ЖӨБО Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) Калкты каттоо департаментинин аймактык органдары болбогон жерлерде жарандарды каттоого тургузуу жана чыгаруу иштерин жүргүзүүдө.
Мындай буйруктун пайда болушун “Ички миграция жөнүндө” КР мыйзамынын 15-беренесинде каралгандай, МКК өзүнүн аймактык бөлүмчөлөрү аркылуу паспорттук эсепти жүргүзүүнү караштырып жатканы менен түшүндүрсө болот. Бул мыйзамга ылайык, жарандарды каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык органдары жок болгон калк отурукташкан аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каттоочу орган деп эсептелет.
Окшош материалы:
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Муниципалдык кызмат жөнүндө
-
№1 (147) / 2024-01-31 Административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча кадрларды кыскартуу тууралуу
-
№1 (147) / 2024-01-31 Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысын дайындоо жана бошотуу тууралуу
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Жер тууралуу
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Муниципалдык кызматты футбол клубундагы иш менен айкалыштыруу тууралуу
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Турак жай куруу үчүн участокко коюлган санитардык талаптар тууралуу
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Жергиликтүү кеңештин төрагасы алмашканы жөнүндө КР Юстиция министрлигин кабарлоо тууралуу
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын окутууга жана алардын квалификациясын жогорулатууга жергиликтүү бюджеттен акы төлөө тууралуу