Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Акимдер айылдык чогулуштарга эмне үчүн катышат? Райондук жергиликтүү мамадминистрациялар менен ЖӨБдүн ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсүнүн мисалдары

2019-06-17 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Акимдер айылдык чогулуштарга эмне үчүн катышат? Райондук жергиликтүү мамадминистрациялар менен ЖӨБдүн ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсүнүн мисалдары

2019-жылдын кыш мезгилинин этегинде ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чүй облусундагы төрт максаттуу муниципалитетинде айылдык чогулуштар өткөн эле. Иш-чаранын күн тартибине ылайык, чогулуштарда айыл өкмөт башчылары 2018-жыл үчүн Социалдык-экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП), анын ичинде Биргелешкен аракеттер планын (БАП) ишке ашыруунун жыйынтыктары тууралуу калкка отчет беришти.

ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын райондук мамлекеттик администрация жетекчилери – акимдер жана райондук мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү менен жыл сайын пландуу түрдө өтчү жолугушуулары менен айкалышты. Акимдердин жана райондук мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен айылдык чогулуштар төм. айылдарда өттү:

• Таш-Мойнок АА (Аламүдүн району),

• Фрунзе АА (Панфилов району),

• Кызыл-Туу АА (Сокулук району) жана

• Ак-Башат АА (Жайыл району).

“Эң жакшы жыйынтыктардын бири – бул ишчаралар ЖӨБ органдары менен мамлекеттик бийликтин атынан райондук мамлекеттик администрациялардын тыгыз иш алып баруусу канчалык пайдалуу жана натыйжалуу болоорун көрсөттү. 2018-жылы СЭӨП жана БАПтын алкагында жасалган иштер тууралуу АӨ башчыларынын кенен отчетун баса белгилеш керек. Бул отчеттордо ар бир көйгөй боюнча так жана түшүнүктүү сандык, сапаттык маалыматтар берилген. Мындан тышкары чогулуштарда Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун (БМжБТ) төрагалары да отчет беришти. Алар 2018-жыл үчүн АӨ ишине жүргүзүлгөн мониторинг жана баалоонун жыйынтыктарын беришти. Ошондой эле райондук мамлекеттик кызматтардын – РИИБ, РЭС, РАЙОНО, Салык кызматынын, Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин, веткызматтын, финансы башкармалыгынын, ДЭП, МАИ ж.б. өкүлдөрү да өз ишинин жыйынтыктары менен бөлүштү, – деп айтып берди Долбоордун мыкты практика боюнча адиси Гуляим ШАМШИДИНОВАі.

Ичүүчү суу, ички жолдорду оңдоо, электр линияларын төшөө жана көчөлөрдү жарыктандыруу, бала бакчалардын жетишсиздиги, мектептеги билим берүү, коомдук транспорт, балдардын борбордук көчөлөрдөгү коопсуздугу, спортту өнүктүрүү, жайыттар, сугат суу ж.б. өңдүү көйгөйлөр талкууланганы чогулуштун маанилүү бөлүгү болду. Эл болсо тигил же бул көйгөйдү чечүү боюнча ар кандай сунуштарды берди. Суроо-жооптор бардык иш-чаралардын маанилүү учуру болду. Мында ЖӨБ органдары жана райондук кызматтардын өкүлдөрү жергиликтүү жамааттан түшкөн суроолорго жооп берип, сунуштарды угуп, жазып алышты. Бул чогулушта калк «кожо көзүнө» эмес, толук жоопторду алышты. Чогулуштун бардык тараптары өз мүмкүнчүлүктөрүнө жана пландалган ишине жараша жооп кайтарып жатты. Мисалы, “Эмне үчүн ЖӨБ органы РЭС менен чогуу бир көчөнүн ордуна катары менен эки көчөгө устундарды жана чырактарды орнотуп салбайт?” деген суроого АӨ башчысы бул жылы бюджетте ушул иш үчүн каражат каралбаганын, бирок кийинки жылдын бюджетине киргизүүгө аракет жасай турганын айтты. Ал эми РЭСтин өкүлү анын бюджетинде бул жылы бир гана көчөгө каражат бөлүнгөнүн, жазында бардык иштер жасала турганын айтты. Жүрөктү өйүп бүткөн, РЭСтин кызмат көрсөтүүсүнө байланышкан дагы бир маселе өтө кызуу талкууга алынып, оң жагына чечилди.

Көпчүлүк адамдар инспекторлордун ишине жана электр энергиясы үчүн тарифтин жогору болгонуна, жалпысынан РЭСтин ишине даттанышты. Алар бир эле маселе боюнча районго бир нече жолу барып-келүүгө мажбур экенин айтышты. РЭСтин жетекчиси мындай кемчиликтерди мойнуна алды. Ал эми айылдык кеңештин төрагасы мындай сунуш берди: аптасына бир жолу РЭСтин инспектору айыл өкмөтүнүн имаратына келип, адамдарды кабыл алат. Бул болсо негизинен пенсионерлердин түйшүгүн жеңилдетмек. РЭСтин жетекчилиги бул сунушка макул болуп, бир жуманын ичинде маселени чечээрин айтты. Жалпысынан чогулушка 660 адам катышты, алардын ичинен 265и – аялдар. Бул болсо катышуучулардын жалпы санынан 40 пайызды түзөт:

• Ак-Башат АА: 135 адам, алардын 44ү аялдар (32%);

• Таш-Мойнок АА: 192 адам, алардын 101и аялдар (53%);

• Фрунзе АА: 200 адам, алардын 48и аялдар (24%);

• Кызыл-Туу АА: 133 адам, алардын 72си аялдар (54%);

Мындан тышкары бул иш-чаралардын алкагында чогулуш өткөн ар бир муниципалитетте ЭҮЖӨБОЖ Долбоору райондук деңгээлде тажрыйба алмашуу сапарын уюштурду. Аларга 18 максаттуу эмес муниципалитеттин өкүлдөрү – АӨ башчылары, АК төрагалары жана жооптуу катчылар катышты. Ошондой эле райондук, облустук жана республикалык ЖМКнын өкүлдөрү да болду. Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары жергиликтүү жамаат, ЖӨБ органы жана раймамадминистрациянын ортосундагы талкууларга жана мазмундуу отчеттуулукка күбө болушту. “Чогулушка чейин биз маалымат өнөктүгүн өткөргөнбүз: муниципалитеттин жашоочуларын эл көп жүргөн жерлерге афишаларды жана жарыяларды илип, чакыруу барактарын таратып маалымдадык. Мындан тышкары маалыматтык бюллетенди даярдап, аны чогулуш маалында бардык катышуучуларга, анын ичинде тажрыйба алмашуу үчүн келген конокторго таратып бердик. Түшүнүктүү болсун деп СЭӨПны жана БАПты ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча отчетту презентация форматында даярдадык”, - деп айтып берди Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары. Бул муниципалитет тажрыйба алмашуу максатында райондогу кесиптештерин өз алдынча чакырган.

“30-январда райондук деңгээлде, 5-февралда бардык райондордун катышуусу менен облустук деңгээлде коллегия өткөн. Ушул иш-чаралардан кийин айыл өкмөт башчылары менен биздин муниципалитеттердин жашоочулары менен да ушундай жолугушууларды уюштурууну чечтик. Ар бир аймакта, ар бир айылда жашоочулар үчүн актуалдуу болгон өз көйгөйлөрү бар. Бүгүнкү жолугушуунун негизги максаты – силердин мага, айыл өкмөт башчысына, айылдык кеңештин депутаттарына же төрагаларына, райондук кызматтардын жана ведомстволордун жетекчилерине даректелген сурооңорду, сыныңарды, сунуштарыңарды угуу. Булардын баары бүгүн силер менен жолугушуу үчүн атайын келишти. Адамга эмне керек? Жакшы жол, таза суу, жарык. Бардык жерде бул маселелер бирдей эле. Буга байланыштуу биз бардык жерлерде күн тартибине бирдей программаны койдук – башчынын 2018-жылы жасаган иши тууралуу Отчет, план-факт, силердин райондук кызматтардын дарегине суроолоруңар. Бүгүн өтө көп суроолор болду. Өзгөчө электр энергиясы жана анын тарифи боюнча суроолор көп. Бардык жетекчилер суроолорду жазып алышты, бул протоколго да кирди. Бир дагы суроо жоопсуз калбайт деп сөз берем. Бүгүнкү жолугушууга келип бергениңер үчүн рахмат”, - деп айтты Фрунзе айылдык аймагынын тургундарына кайрылып жатып Панфилов районунун акими РАИМКУЛОВ Мелис.

Түрмөктү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль ЖАМАНКУЛОВА даярдады, ӨСИ Жалпы редакция – Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары, ӨСИ

Окшош материалы: