Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ДОНОРЛОРДУН ФОРУМУ: аймактардын өнүгүүсү инфраструктурага инвестициянын эсебинен эле ишке ашпайт. Өнүгүүнү пландоо жана башкаруу системасы зарыл

2019-12-23 / Көңүл чордонунда
ДОНОРЛОРДУН ФОРУМУ: аймактардын өнүгүүсү инфраструктурага инвестициянын эсебинен эле ишке ашпайт. Өнүгүүнү пландоо жана башкаруу системасы зарыл

“Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү” деп аталган жогорку деңгээлдеги өнүгүү форуму 2019-жылдын 19-ноябрында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өттү.

Форумга Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ, мамлекеттик органдардын жетекчилери, донордук агенттиктердин, өнүгүү банктарынын жана эл аралык долбоорлордун жогорку даражадагы өкүлдөрү катышты. Форумдун программасы Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү болгон өнүгүүнүн беш багытын талкуулоого арналды. Алар: аймактарды өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу; санариптештирүү; адам капиталын өнүктүрүү; суу ресурстарын башкаруу, климаттын өзгөрүүсү жана табигый кырсыктарды азайтуу.

КРнын биринчи вице-премьер-министри К. А. БОРОНОВ жана Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Кендис МАКДЕЙГАН аймактардын өнүгүүсүнө жана инвестициялык климатты жакшыртууга арналган биринчи тематикалык панелдин модераторлору болушту. Бул КР Президенти башынан аягына чейин залдан угуп отурган жалгыз тематикалык панель болду.

Талкуу КР вице-премьер-министри З. М. АСКАРОВдун “Аймактардын өнүгүүсү жана инвестициялык климатты жакшыртуу” аттуу баяндамасынан башталды. Вице-премьер-министр аймактардын өнүгүүсүнө карата төмөнкүдөй сунуштарды жана чараларды белгиледи :

  • администрациялык-аймактык реформаны жүргүзүү;
  • бюджет аралык мамилелерди өркүндөтүү;
  • аймактардын өнүгүүсүнө кластердик принципти киргизүү;
  • социалдык инфраструктураны реалдуу муктаждыктарга шайкеш өнүктүрүү;
  • аймактарда кадрлардын потенциалын жогорулатуу, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жер ресурстарын эффективдүү башкаруу;
  • бизнес менен жергиликтүү бийлик ортосундагы диалогдун механизмдерин иштеп чыгуу.

Талкууну Борбор Азия боюнча реконструкциялоо жана өнүктүрүүнүн Европа банкынын аймактык директору Нил МАККЕЙН улантты. Директор Кыргызстанга чет өлкөлүк инвесторлор жапырт келет деп күтүп отура бербестен, ички инвестициялар үчүн шарттарды түзүп берүүнү сунуш кылды. Андан соң GIZ уюмунун Борбор Азиядагы экономикалык өнүгүү боюнча улук эксперти Асель Узагалиева жана КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек АЛЫМКУЛОВ аймактарда ресурстарды мобилдештирүүнүн жана ички инвестицияларды тартуунун мисалдарын келтиришти. КРнын Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар СЫДЫКОВ инвестициялык жамааттын президентке берген негизги сунуштарын санап берип, ички жана чет өлкөлүк инвесторлордун үмүттөрү окшош болгонун белгиледи. Ошондой эле баяндамачы децентралдаштырууга карата мамилени кайра карап чыгууну сунуш кылды. Ал жер-жерлерде башкаруунун кайсы бөлүгү менен иштеш керектигин инвесторлор так билбей жатканын белгиледи: мамлекеттик органдар мененби, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мененби – бул так белгилүү болбой жатат.

Панелдин дагы бир баяндамачысы Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору Надежда ДОБРЕЦОВА болду. Форумдун катышуучуларынын ичинен жалгыз гана ДОБРЕЦОВА аймактардын өнүгүүсүнө бут тосуп жаткан башкаруудагы системалуу көйгөйлөргө аудиториянын көңүлүн бурду. Дискуссиянын модератору Кэндис МАКДЭЙГАН узаткан суроолорго Н. ДОБРЕЦОВАнын жооптору мындайча болду:

Улуттук жана жергиликтүү бийлик органдары өздөрүнүн жергиликтүү жана аймактык өнүгүү пландарын кантип даярдашат? Бул пландарды алар кантип координациялайт жана Улуттук өнүгүү стратегиясы менен кантип макулдашууда? 

Бул суроо мага катышуучулардын назарын бир маселеге бурууга мүмкүнчүлүк берип жатат: аймактардын өнүгүүсүндөгү фундаменталдык көйгөй – коомдук бийлик институттарынын чабалдыгы. Бул чабалдык кетирилип жаткан бир топ каталардан улам билинүүдө. Менин баамымда, алардын ичинен негизгиси – пландоо системасынын жоктугу. 

Ондогон мамлекеттик программалар жана 484 жергиликтүү өнүгүү программасы пландоо системасында өтө чоң башаламандыкка себеп болууда. Иш жүзүндө пландоо системасы деле жок. Эгемен мамлекетти түптөй баштагандан бери биз совет мезгилиндегидей Мамплан өңдүү структураданбаш тартканбыз. Бирок мунун ордуна эч нерсе түзө алган жокпуз. Биз рынок экономикасы “көрүнбөгөн колу менен”1 өзү эле баары үчүн бардыгын пландап коёт деп божомолдогонбуз. Бирок убакыт көрсөткөндөй, мындай үмүт акталган жок, эч кандай өзүнөн өзү комплекстүү пландоо болуп кеткен жок. Азыр болсо пландоонун уюштурулган системасынын жоктугу структуралык, тамыр жайган көйгөйгө айланганы белгилүү болду. Биринчи кезекте мунун далили – мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдары ортосунда тигинен жана ЖӨБ органдарынын өздөрү менен аймактар ортосунда түзүнөн өз ара байланыштын механизмдери жок. Мындан тышкары мейкиндикти пландоо да жок – башка пландарды жана программаларды айтпай эле коёлу, Кыргызстанда атүгүл Улуттук өнүгүү стратегиясынын картографиялык көрүнүшү жок. Башкача айтканда, биз өз келечегибизди пландоо системасы аркылууда, визуалдык түрдө да, карталардын жана схемалардын жардамы менен да элестете албайбыз.

Эмне кылыш керек? Жооп даяр: социалдык-экономикалык жана мейкиндикти пландоону бириктирген, башкаруу органдарынын өз ара пландарын жана иш-аракеттеринин иерархиясын түзгөн комплекстүү пландоо системасын түзүш керек.

Социалдык-экономикалык пландоого карата ушул тапта санариптештирүүнүн улуттук саясатынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинен баштап маалыматтарды чогултуу жана анализдөө системасын түптөөгө чейин уникалдуу мүмкүнчүлүк пайда болду. Улуттук статистика комитети жана ЖӨБЭММА “Санарип аймак” Долбоорунун алкагында муниципалитеттер боюнча дайындар базасын түзүүгө киришти. Алар “чарба китебин” (же үй кожолуктар тууралуу маалыматтарды эсепке алуу китебин) санарип маалыматтардын комплексине айландырууда. Бул комплекс аймакта жашаган элдин жыйындысы катары муниципалитеттин жалпы социалдык-экономикалык абалын да, ошол аймактагы эл үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип берген башкаруу органынын абалын да сүрөттөйт. Бул биринчи гана кадам. Андан соң аналитикалык моделди түзүү зарыл. Бул модель чогултулган маалыматтардын негизинде өнүгүүнү башкарууга, түзөтүүлөрдү киргизүүгө, келечектин ар кандай сценарийлерин курууга жол ачат. Дүйнөлүк банктын колдоосу менен (АРИС аркылуу) пландоонун математикалык аналитикалык модели даярдалууда. Бул модель маалыматтарды ЖӨБдүн деңгээлинде киргизүүгө шарт түзөт. Мисалы, инвестициялар тууралуу маалыматтарды киргизип, соңунда кандай болоору көрүнүп турат. Айталы, эгерде 2020-жылы Көк-Жар айылдык аймагында ирригацияга 100 млн. сом инвестиция салса, беш жылдан кийин бул аймакта өндүрүш жылына 15 миллион сомго өсөт, элдин кирешеси жылына 7 миллион сомго көбөйүп, 40 жумуш орун түзүлүп, 20 жаңы үй курулат. Маалыматтарга негизделген жана математикалык болжолдорго таянган комплекстүү пландоо инвестициялардын натыйжалуулугуна жана эффективдүүлүгүнө мына ушундай баа берет.

Башкаруу деңгээлдерин бири-бири менен байлап, мамлекеттик саясат менен жергиликтүү деңгээл ортосундагы ажырымды жоготуш үчүн пландарда катуу иерархия болушу керек. Мында улуттук деңгээлдеги пландар төмөн жактагы пландарга стратегиялык тапшырмаларды жана чектөөлөрдү коёт. Бул чектөөлөр, мисалы, климаттын өзгөрүүсүнө, суу балансын башкарууга, таштандыга жана жаратылыш ресурстарын колдонууга байланыштуу болушу мүмкүн. Иерархия ар бир деңгээлдеги пландарды түзүү үчүн зарыл болгон баштапкы маалыматтар менен эки тараптуу алмашууга жол ачышы керек. “Төмөндөн жогору карай” багытында жергиликтүү пландар аймактардын кызмат көрсөтүүлөргө жана инвестицияларга муктаждыктарын тармактык министрликтердин пландарына өткөрүп берүүгө тийиш. “Жогорудан төмөндү карай” багытта мамлекеттик пландар муктаждыктарды бириктирүүгө тийиш.

Бул кандай иштеши керектигин социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун мисалында карап чыкса болот. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун орто мөөнөттүү этабынын (2018-2023-жылдары) биринчи кезектеги кадамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылдыАймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялоо жөнүндө” Жарлыгында аймактарда социалдык кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча ыйгарым укуктарды ЖӨБ органдарына өткөрүп берүү сунуш кылынган. Бул социалдык кызмат көрсөтүүлөр интернаттык мекемелерге альтернатива болуп берет деп каралган. ЖӨБ органдары оор турмуштук кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам көрсөткөн, жоопкерчиликтүү ата-эне болгонду үйрөткөн, кары-картаңдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана балдар күндүз бара турган борборлорду ачуу жолу менен кызмат көрсөтүүнү жеткире алышат. Бирок бул иштер өтө жай жасалып жатат. Себеби башкаруу органдары тарабынан инерциялык каршылык көрсөтүлүүдө. Атүгүл, социалдык кызмат көрсөткөн кандайдыр бир мамлекеттик борборлорду куруу өңдүү мурдагыдай ыкмаларды колдонуу сунушталып жатат. Башкача айтканда, мамлекеттик орган башкаруу системасындагы кемчиликтерди көрмөксөнгө салып, инфраструктура куруш керек деген эскичил көз карашты карманууда. Бирок бул маселеде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ЖӨБ органынын пландары менен маалыматтары ортосунда жетиштүү байланыштын жоктугу иштин илгерилебей жатканынын негизги себептеринин бири. Албетте, башка да себептер бар. Мисалы, маморгандар түз таасир тийгизе албай калуудан, ыйгарым укуктардан жана ресурстардан ажырап калуудан коркушат. Бирок бул коркуу сезими толук маалыматтын жоктугунан жана пландалган келечекти так элестете албагандыктан пайда болууда. Иш жүзүндө өкмөт ар бир айылда социалдык кызмат көрсөткөн борборлорду кура албай турганы талашсыз. Ошол себептен ЖӨБ органдары өз пландарында социалдык кызмат көрсөтүүгө болгон муктаждыкты далилдей алышы керек. Алар мындай муктаждыкты мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын планына киргизүүгө жетише алышы абзел. Өз кезегинде маморган ЖӨБ органдарына тийиштүү ыйгарым укуктарды жана ресурстарды өткөрүп берип, бул кызмат көрсөтүүнү жергиликтүү бийликтин колу менен ишке ашырууга тийиш.

Мейкиндикти пландоодо биз этеги көрүнбөгөн пландарды жана өнүгүү стратегияларын түзгөнгө көнүп калганбыз. Бирок өзгөрүүлөр сөз менен сүрөттөлбөшү керектигин жана мындай мүмкүн да болбогонун түшүнүшүбүз керек. Биз иш жүзүндөгү абалды жана күтүп жаткан жыйынтыкты карталардын жана схемалардын жардамы менен көз алдыбызда элестете алышыбыз керек. Бул карталар жана схемалар өзгөрүүлөрдүн натыйжасында келечекте боло турган жыйынтыкты, биз өлкөнү кандай көргүбүз келсе, ошону чагылдырып берет. Биздин колубузда бир гана план бар. Бул – калктуу конуштардын башкы пландары. Бирок бул план да бардык эле шаарларда боло бербейт. Башкы планы бар элеттик муниципалитеттер саналуу гана. Мейкиндикти пландоо системасын түзүүнүн алгачкы кадамы – өндүрүүчү күчтөрдү ар кайсы жерге жайгаштыруу боюнча улуттук мейкиндиктик схеманы түзүү, мейкиндикти пландоонун аймактык жана жергиликтүү деңгээлдерин киргизүү. 

Ошондой эле пландоонун объекттерин да өзгөртүш керек. Райондордун жана облустардын административдик чек арасы буга чейин эле бөлүштүрүлгөн. Буга кошумча өз алдынчалуулук эйфориясынын эпкини менен түзүлүп калган көптөгөн майда муниципалитеттер да бар. Мына ушулардын баары пландоонун түрдүү деңгээлиндеги чөйрөлөрүнө бириктирилип, кайра түзүлүшү керек. Бирок бул администрациялык чек аралардын реформасын чукул арада жасаш керек дегенди билдирбейт. Адегенде аймактык жана жергиликтүү маанидеги пландоонун чөйрөлөрүн аныктап алуу зарыл. Бул үчүн өнүгүүнүн иш жүзүндөгү потенциалына, учурда бар болгон жана келечекте боло турган ички регионалдык жана тышкы байланыштарга таяныш керек. Пландоо чөйрөлөрүн администрациялык чек араларды кайра түзүп чыкпастан эле өкмөттүн чечими менен киргизсе болот. Пландоо системасы администрациялык-аймактык реформа үчүн пайдубалды түптөй алат. Реалдуу маалыматтардын, пландоо моделинин жана мейкиндиктик схемалардын негизинде гана биз болочок администрациялык чек аралар кандай болушу керектигин көрө алабыз. Ал эми азырынча биз ирилештирүүнүн зарылчылыгы тууралуу абстрактуу түрдө гана сөз кылып жатабыз. Биз кимди, эмне үчүн ирилештириш керектигин түшүнө албай турабыз. 

Көп жакшы өнүкпөгөн аймактарды алга сүрөө үчүн өкмөт улуттук ресурстардын акыйкат бөлүштүрүлүшүн кантип камсыздай алат? 

Ресурстарды аймактардын ортосунда акыйкат бөлүштүрүп, эч ким артта калбашы керек деген өнүктүрүү принциптерин сактоо үчүн биз бул аймактардын муктаждыктарын жакшы түшүнүп алууга тийишпиз. Бул маселени жергиликтүү, аймактык жана улуттук деңгээлдерде түзүлгөн пландардын иерархиясы чече алат. 

Бюджеттик ресурстарды жана мамлекеттик инвестицияларды бөлүштүрүү практикасы кайра каралып чыгышы керек. Айталы, капиталдык салымдарды пландоо да комплекстүү пландоо системасына, анын аймактык бөлүгүнө байланууга тийиш. Ошондой эле инфраструктура коомдун жана бизнестин келечекте пландалып жаткан муктаждыктарына шайкеш кантип өнүгөт деген комплекстүү деңгээлдеги ой жүгүртүү болушу абзел.

Теңдештирүү формуласы да кайра каралып чыгышы керек. Бул тууралуу көптөн бери эле сөз болуп келатат. Бирок азырынча эч ким эркин көрсөтүп, бюджеттик камсыздалгандыкты теңдештирүү системасын кайра карап чыга элек. Натыйжада атүгүл коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү жана инфраструктураны каржылоодо бир гана облустун чегинде өтө чоң айырма келип чыгууда. Мисалы, Аламүдүн районундагы айылдык аймактарда бир адамга ТКЧ 1216 сомго каржыланат. Ал эми Панфилов айылдык аймагында бул үчүн 109 сом гана же 11 эсе аз каражат бөлүнөт. Ак-Талаа районундагы аймактарда социалдык коргоого бөлүнгөн каражат – бир адамга 221 сомду түзөт, Кадамжай жана Манас райондорунда болсо, бир адамга 10 сом гана же 22 эсе аз бөлүнөт. Өсүш башаты катары аныкталган шаарларда деле кырдаал чеке жылыткан жок.

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда салыктарды бөлүштүрүү маселесине терең ой жүгүртүү менен мамиле жасаш керек. Бул багытта жылыш бар. Айталы, жакында эле жергиликтүү бюджеттерге киреше салыгынын 100% өткөрүлүп берилген. Бирок жакыр жашаган аймактардын басымдуу бөлүгүнүн финансылык абалына бул эч кандай таасирин тийгизбейт. Себеби мындай аймактарда киреше салыгын ала тургандай бизнес деле жок. Ошондой эле киреше салыгы сатуудан алынган салыкты жокко чыгаруунун натыйжасында аймактар жоготкон акчанын ордун толуктай алган жок. Жалпысынан жергиликтүү бюджеттердин өсүш темпи байкалган жок. Бириктирилген бюджетте жергиликтүү бюджеттердин үлүшү да көбөйбөй жатат.

Аймактардын тең салмактуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн бюджет аралык мамилелер муниципалитет менен өкмөттүн ортосунда макулдашуу процессинин предметине айланышы керек. Капиталдык салымдарды теңдештирүүнүн, салыктарды бөлүштүрүүнүн тийгизип жаткан таасири мына ошол макулдашуунун предмети болууга тийиш.

Ресурстарды аймактар ортосунда пландап, бөлүштүрүү системасы мамлекеттин милдети болгонун моюнга алуу зарыл. Жеке сектор бул ишти жасай албайт. Инвестицияларды көбөйтүү, кластерлерди түптөп, өнүктүрүү багытында көп жумуш жасай алабыз. Бирок эгерде коомдук бийлик институттары өзүнүн системалык милдеттерин аткара албаса, анда бул күч-аракеттер текке кетет, бардык өзгөрүүлөр туруктуу боло албайт. Донорлордун инфраструктурага жасаган инвестицияларынын басымдуу бөлүгү жөн эле кумга сиңген сууга окшоп жатканын тана албайбыз. Себеби институттар түптөлгөн эмес, башкаруу системасы жолго салына элек. Ал эми башкаруу пландоодон башталат эмеспи. Ошондуктан комплекстүү пландоо системасы болбосо, башкаруу да, аймактардын өнүгүүсү да мүмкүн болбойт.

 

___________


1 Көрүнбөгөн кол - XVIII кылымдын соңунда, XIX кылымдын башында жашаган шотландиялык философ Адам Смиттин метафорасы. Ал жакшы коомдук тартип индивиддер жасаган жоруктардын атайын эмес кесепети катары пайда болгон принципти билдирет. XIX кылымдын этегинен тартып “көрүнбөгөн кол” образы суроо-талап менен сунуштун ортосундагы теңдикке жетүүнүн, ресурстардын оптималдуу бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуунун рыноктук механизмдериндеги тенденцияларды аныктоо үчүн колдонула баштаган. Буга рыноктук либерализм менен пландуу экономиканын жигердүү карама-каршылыгы шарт түзгөн. “Рыноктун көрүнбөгөн колу” термини ХХ кылымдын 90-жылдары өтө белгилүү болчу. Бул мезгилде жаңы постсоветтик өлкөлөр чет өлкөлүк консультанттардын колдоосу алдында өзүнүн пландуу экономикасын активдүү түрдө талкалай башташкан. Ал маалда саясатчылар коомго “рыноктун көрүнбөгөн колу” пландуу экономиканы алмаштырып, баарын өсүп-өнүгүүгө жеткирет деп убада беришкен эле.

 

Окшош материалы: