Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ДОНОРЛОРДУН ФОРУМУ: аймактарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары – өнүгүү боюнча өнөктөштөр көрсөткөн колдоонун келечеги

2019-12-23 / Көңүл чордонунда
ДОНОРЛОРДУН ФОРУМУ: аймактарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары – өнүгүү боюнча өнөктөштөр көрсөткөн колдоонун келечеги

“Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү” деп аталган жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда Биргелешкен алкактык документ сунуш кылынды. Бул Форум 2019-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВдун катышуусу менен өткөн. Биргелешкен алкактык документти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңеши жана тармактык документтерди иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн биргелешкен жумушчу топтордун мүчөлөрү даярдашкан

“Муниципалитет” журналы бул документ жалпысынан жогорку сапатта даярдалганын, анда сөз болгон коркунучтар жүйөлүү, ал эми сунуштар тең салмактуу болгонун белгилейт. Бирок артыкчылыктуу катары тандалып алынган кластерлерди өнүктүрүүнүн багыттары экономика чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын орто мөөнөттүү чараларынын бири катары гана каралса болоорун белгилейбиз. Институттарды бекемдөө жана каржылоону өркүндөтүү боюнча чаралар системалуу таасирге ээ. Ошондуктан ал мамлекет үчүн да, өнүгүү боюнча өнөктөштөр (донорлор) үчүн да жогорку даражадагы приоритет катары каралууга тийиш. “Муниципалитет” журналы назарыңызга аймактардын өнүгүүсүнө арналган бул документтин үзүндүлөрүн сунуш кылат.

Аймактык өнүгүү жаатында учурдагы коркунучтар

Аймактык өнүгүүдө көп тармактуу, көп деңгээлдүү жана көп максаттуу (социалдык, экономикалык, экологиялык) стратегиялар болушу керек. Кыргызстандын регионалдык өнүгүүсүндө бир нече негизги чакырыктар бар. Алар төмөнкүлөргө байланыштуу болууда: аймактарда экономиканын жана жеке сектордун өнүгүүсүнүн чектелүү болушу, ошондой эле аймактарды өнүктүрүүгө дем берип, колдоо көрсөтүү үчүн каржылоонун системалуу механизмдеринин жоктугу. Бул тапшырмаларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга Аймактык саясат боюнча концепциясында өсүш башаты катары көрсөтүлгөн 20 шаар аныкталган. Бул шаарлар аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы болуп беришет. Бул саясатты ишке ашыруу мурдагыдай эле бир катар көйгөйлөр менен байланыштуу болууда. Мисалы, өсүш башаттары түрдүү экономикалык өндүрүштүк кластерлерди түзүү үчүн негиз болуп бериши керек. Ушул тапта чийки затты алып чыгып кайра иштеткенге чейинки, маркетинг жана сатууга чейинки нарктын чынжырчасын камтыган, интеграцияланган өндүрүштүк кластерлер Бишкек шаарында жана Чүй облусунда гана түзүлгөн. Мындан тышкары өсүш башаттары жана экономикалык кластерлер үчүн жагымдуу шарттар болушу керек. Бул шарттар муниципалитеттердин, шаарлардын, облустардын жана борбордук бийлик органдарынын деңгээлинде сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр болгон учурда түзүлөт. Бул түрдүү муниципалитеттердин өсүш башаттарында жана кластердик чөйрөдөгү координациялоо жана кызматташтык маселелерине байланыштуу. Ошондой эле эффективдүү кызматтарды көрсөтүү үчүн бийликтин түрдүү деңгээлдеринин жоопкерчилиги, потенциалы жана каржысы тууралуу сөз болууда. Мунун баары жагымдуу ишкер чөйрөсүн жана инвестициялык климатты камсыз кылуу максатында зарыл. Түрдүү аймактар жана муниципалитеттер ортосунда өндүрүштүк активдерди, мамлекеттик жана жеке инвестицияларды бөлүштүрүүдө кирешеге, теңсиздикке жана дисбаланска байланышкан өлкө деңгээлиндеги кошумча маселелерге анализ жүргүзүп, зарыл болгон чараларды кабыл алуу менен чечсе болот. Жогоруда айтылгандардан улам кийинки бөлүмдөрдө аймактардагы экономикалык кластерлердин өнүгүүсүнө, регионалдык өнүгүүнүн институционалдык механизмдерине жана аймактык өнүгүүнү каржылоо механизмдерине тиешелүү болгон кырдаалга жасалган анализди сунуш кылабыз.

Аймактарда кластерлердин өнүгүүсү

Мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтык жолго салынышы керек. Бул көйгөй майда дыйкандардан жана жеке ишкерлерден, чакан жана орто ишканалардан баштап, ири компанияларга чейинки бардык субъекттерди камтыйт. Бул көйгөй өсүш башаттарынын жана экономикалык кластерлердин стратегиялык өнүгүүсүнө бут тосушу ыктымал. Бизнести өнүктүрүү жана аймактык платформаларга, бизнес кызматтарын көрсөткөн борборлорго инвестиция салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрүп жаткан чаралар жер-жерлерде бизнестин бардык эле муктаждыктарына жооп бере бербейт. Мындан тышкары татаал бюрократиялык жолжоболор жана коррупциялык тобокелчиликтер бар. Мунун айынан айрым ишкерлердин мамлекеттик институттарга карата мамилеси тескери болууда, алар мамлекет менен кандайдыр бир кызматташтыкты түзүүнү каалабай жатышат.

Аймактарда өндүрүштүк-сатуучу чынжырчалардын өнүгүүсүнө жараша колдо болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Өндүрүштүн жана кайра иштетүүнүн инновациялык технологияларын толук кандуу колдонуу максатында жеке сектор үчүн негизги жогорку кесипкөй консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өнүктүрө берүү зарыл. Бул кызмат көрсөтүүлөр – ветеринардык колдоо көрсөтүү, кайра иштетүү, логистика, техникалык консультациялар, тестирлөө жана сертификациялоо, кредиттөө, маркетинг жана башкалар. Антпесе, азыркыдай абалда жеке компаниялар жаңы рынокторго кире албай, бул көрүнүш продукцияны сатууга, аны кайра иштетүүгө, сорттоого жана таңгактоого таасирин тийгизип жатат. Жеке соода жана кайра иштетүүчү инфраструктура (мал союлчу, жер-жемиш сактоочу жайлар, соода жана логистикалык борборлор ж.б.) өндүрүштүк-сатуучучынжырчаларга жалпы анализдин негизинде өнүкпөй жатат. Мындай анализди аймактардагы колдо болгон же өнүгүп келаткан өндүрүштүк жана кластердик борборлордун айланасында жеке бизнес менен өнөктөштүктө жүргүзүш керек.

Жолдорго, ирригацияга, энергия жана суу менен жабдууга байланышкан инфраструктуралык чектөөлөр, тийиштүү маалыматты алууда тоскоолдуктар (мисалы, мыйзамдар, субсидиялар, экспорттук мүмкүнчүлүктөр) бизнестин өсүшүнө жол бербей жатат. Колдо болгон өндүрүштүк жана социалдык инфраструктура дайыма эле эффективдүү колдонула бербейт, кээде зоналандыруу жана жер түзүү эрежелерин да бузуп жатат. Шаарлардын өнөр жай зоналарында өнүгүү үчүн шарттар болгону менен, энергетикалык кубаттуулуктун тартыштыгы байкалышы мүмкүн. Ошол эле маалда бизнестин басымдуу бөлүгү борбор калаада да, облустук борборлордо да топтоло бергендиктен өндүрүш факторлорунун баасы өсүп, жер участоктору тартыш болуп жатат.

Улуттук стратегияларды жана программаларды даярдап жатканда жеке сектордун жанажергиликтүү өндүрүштүн абалы жетиштүү деңгээлде эсепке алынбай жатат. Азыркы стратегиялар жана программалар аймактардын экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү боюнча ыкмаларды жана чараларды сүрөттөйт. Мындай документтер адатта “жогорудан төмөн карай” деген принцип менен иштелип чыгат. Кээде жеке сектордун жана жергиликтүү өндүрүш факторлорунун иш жүзүндөгү муктаждыктары көп жакшы эсепке алынбай калууда. Ошентсе да улуттук стратегиялык документтерде өлкөнүн социалдыкэкономикалык өнүгүүсүндө жеке сектор канчалык маанилүү болгону белгиленип келет. Өндүрүштүк кластерлердин органикалык түрдө өсүшүнө азыркыдан бир кыйла олуттуу колдоо көрсөтүш керек. Алар жергиликтүү жамааттардын жана/же калктын аярлуу катмарынын муктаждыктарын жана артыкчылыктарын чагылдырууга тийиш. Мындан тышкары айрым программалар өлкөнүн экономикасы атаандаштык артыкчылыктарга ээ болгон рыноктордун улам өзгөрүп турган талаптарын, мүмкүнчүлүктөрүн жана чектөөлөрүн ойдогудай деңгээлде эсепке албай жатат. Чакан жер ээлеринин жана дыйкандардын тең укуктуулугун, аларга карата адилет мамиле жасоо маселесин көтөрүп чыгуу үчүн кошумча мамлекеттик колдоо зарыл болууда. Бул процесске тартылган башкаруу органдарынын функциялары/жоопкерчилиги жана өз ара байланышы азыркыга салыштырмалуу тагыраак болушу керек. Алдыңкы практика көрсөткөндөй, регионалдык экономикалык өнүгүү жеке сектордун муктаждыктарын чагылдырган, улам өзгөрүп турган, оор рынок шарттарына көнүү үчүн ийкемдүү шарттарды сунуш кылган стратегияларга таянууга тийиш. Бул стратегиялар мамлекеттик жана жеке сектордун субъекттерине жаңы рынокторго чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Ошондой эле атаандаштыкты жогорулатат жана экономикалык кластерлердин өнүгүү ыктымалдуулугун арттырат.

Институционалдык механизмдер

Мамлекеттик башкаруунун институционалдык механизмдери жана структуралары аймактарды өнүктүрүү жаатындагы күч-аракеттерге колдоо көрсөтүү үчүн азырынча күчтүү боло албай жатат. Аймактардын эффективдүү жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында анын экономикалык өңүттөрүн пландап алыш керек. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу системаларынын райондук, облустук жана борбордук администрациялар менен өз ара байланышын аныктап, макулдашып алуу зарыл. Бул үчүн өкмөттүн ичиндеги мамилелердин эффективдүү системасын түзүп, компетенттүү жергиликтүү өз алдынча башкарууну камсыз кылуу абзел.

Мындан кийинки ролдорду жана милдеттенмелерди тактап алуу зарыл. Аймактарды өнүктүрүүгө байланышы бар түрдүү тармактар үчүн жооп берген бир нече мамлекеттик орган бар. Бирок алардын ортосундагы координацияны жакшыртса болот. Мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын милдеттери жана функциялары так бөлүштүрүлгөн эмес. Бул болсо маалымат алмашууда маселе жаратып, иштерди кайра кайталап жасоого шарт түзүшү ыктымал. Ошондой эле мыйзамдарда айрым кемчиликтерден улам зарыл болгон тапшырмаларды аткарууда чектөөлөр болушу мүмкүн.

Мамлекеттик пландоону жергиликтүү пландоого шайкеш келтирүү оор тапшырма бойдон кала берүүдө. Мамлекеттик пландоону жергиликтүү пландоого шайкеш келтирүү процесси өтө оор болууда жана так координациялоодон көз каранды болуп жатат. Мамлекеттик органдар улуттук деңгээлде иштеп чыккан программалар ЖӨБ органдары даярдаган жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына дайыма эле шайкеш келе бербейт. Мындан тышкары муниципалитеттерге жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүү пландарында борбордоштурулган тармактык жана аймактык программалардын максаттарын чагылдыруу оңой болбой жатат. Себеби бул программаларды ишке ашыруунун айрым механизмдери, каражаттар жергиликтүү деңгээлде болбой жатат. Маалыматтардын негизинде социалдык-экономикалык жана аймактык пландоонун заманбап ыкмаларын колдонуу үчүн талаптагыдай билим жергиликтүү бийлик органдарында жок. Атүгүл улуттук деңгээлде да маалыматтарга негизделген пландоо жана болжолдоо үчүн модель ушул кезге чейин жок. Мындан тышкары бардык деңгээлдерде пландоо негизинен инфраструктуралык долбоорлорду “жогорудан төмөн карай” ишке ашырууну караштырат. Мындай учурда жергиликтүү муктаждыктарга жана артыкчылыктарга дыкат анализ жасалбай калууда. Жүздөгөн муниципалитеттер менен өкмөт ортосунда диалогду жана өз ара аракеттенүү механизмдерин жүзөгө ашыруу үчүн системалуу платформа азыркы учурда жокко эсе. Бул механизмдер жергиликтүү жана аймактык деңгээлдерде бюджеттик жана стратегиялык пландоону жеңилдетип, координациялоого шарт түзмөк.

Бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдарынын отчеттуулугу. Мыйзамдарга ылайык, жергиликтүү бийлик органдары менен калктын ортосундагы өз ара мамилелер ачык-айкындуулукка жана отчеттуулукка негизделүүгө тийиш. Иш жүзүндө болсо жергиликтүү бийлик органдары жарандык көзөмөлдү камсыз кылбай эле иш алып барууда. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары өз электораты алдында отчет берүү канчалык маанилүү болгонун баамдай албай жатышат. Бул болсо өз кезегинде алардын өз милдеттерин аткаруу үчүн жоопкерчилигин азайтууда. Жарандар, өзгөчө аялдар, ички мигранттар, этностук азчылыктар жана калктын башка аярлуу катмарлары жергиликтүү лидерлерди маанилүү маселелерди чечүүгө, жамааттын турмушундагы чечимдерди кабыл алууга көп жакшы тарта албай жатышат.

Бюджет аралык мамилелердин учурдагы системасын аймактардын өнүгүүсү жана жергиликтүү башкаруулар үчүн жакшыртууга болот. Азыркы теңдештирүү системасы жергиликтүү бийлик органдарын кирешени көбөйтүүгө шыктандырган жок. Себеби кирешени канчалык көбөйтсө, республикалык бюджеттен алынган теңдештирүүчү грант ошончолук кыскарат. Ошентип, салык төлөмдөрүнүн көбөйүшү жергиликтүү бюджеттин аймакты өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу маселелерин чечүүгө, жеринде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга же жамааттын артыкчылыктуу маселелерин чечүүгө кеткен чыгымдарын реалдуу түрдө көбөйтпөйт. Мындан тышкары теңдештирүү формуласынын ачык-айкындуулугунда айрым бир кыйынчылыктар бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында да, коомчулукта да теңдештирүүчү грант кантип түзүлөрү тууралуу толук маалымат жок. Бул болсо коррупциялык тобокелчиликтерди көбөйтүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн бюджетин сапаттуу түзүүгө тоскоол болуп жатат. Атүгүл, ЖӨБ органдары мамлекеттик структуралар өткөрүп берген функцияларды аткарууга адам жана финансы ресурстарын да бөлүштүрүшү керек. Маморгандар бул функцияларды адатта республикалык бюджеттен талаптагыдай каржылоо бөлбөй эле өткөрүп беришет. Мындай көрүнүш ЖӨБ органдарынын өзүнүнмилдеттүү функцияларын аткаруу жөндөмүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал. Мындан тышкары жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси барган сайын эле кеңейүүдө, ал эми ушундай кошумча тапшырмаларды аткаруу үчүн аларды каржылоо схемаларына түзөтүүлөр киргизилбей жатат.

Аймактардын өнүгүүсүн колдоо үчүн кызмат көрсөтүү жана жергиликтүү деңгээлде жеке секторду өнүктүрүү азыркыдан бир кыйла эффективдүү болууга тийиш. Мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы функциялардын азыркыдай бөлүштүрүлүшү бир көрүнүштү жаратты: аймактардын өнүгүү жаатында башкаруу деңгээлдери менен структуралар ортосунда жоопкерчилик ар башкача кабыл алынууда. Аймактардын эффективдүү өнүгүүсүндө дагы бир көйгөй – учурда администрациялык-аймактык түзүм 453 айыл өкмөтүнөн жана 31 шаардан турат. Бул шаарлардын көлөмү да, потенциалы да ар кандай. Мындан тышкары кадрлардын төмөн потенциалы жана бир жерде көпкө кармалбаганы да ЖӨБ органдарына аймактарды стратегиялык, комплекстүү өнүктүрүүгө бут тосуп жатат. Кадрлардын бир жерде көпкө кармалбай, орун которуштуруусуна аймактарда маянанын аздыгы жана турмуш шарттын начардыгы себеп болуп жатат. Ошондой эле ЖӨБ органдарына жеке сектор менен эффективдүү байланыш түзүү үчүн тажрыйба же механизмдер жетишсиз болууда. Таза суу менен жабдуу түзүмү өңдүү муниципалдык ишканалар адатта эффективдүү иштеп кете албай, пайда таппай калууда.

Каржылоо механизмдери

Каржылоонун азыркы механизмдери аймактарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында стратегиялык инвестицияларды жүзөгө ашырууга жол бербей жатат. Аймактардын өнүгүүсү жеке сектор көтөрүп чыккан демилгелерден көз каранды болот. Бирок өсүү жолунда олуттуу тоскоолдуктарды жеңүү үчүн өкмөттүн колдоосу да талап кылынат. Мындай тоскоолдуктар – жергиликтүү инфраструктуранын, базар объекттеринин, бизнести колдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, каржылоонун, жагымдуу саясий чөйрөнүн жоктугу.

Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун ортосунда олуттуу теңсиздик байкалууда. Кыргыз Республикасында аймактардын өнүгүүсүн каржылоонун азыркы системасы жети облустук жана 36 райондук Аймактарды өнүктүрүү фондуна (АӨФ) негизделет. Бул өнүктүрүү фонддорунун басымдуу бөлүгүн кен казуу тармагы каржылайт жана бул тармактан түшкөн кирешени Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бөлүштүрүп берет. Бирок жаратылыш ресурстарын өздөштүрүүдөгү регионалдык диспропорция ар кайсы аймактардагы өнүгүү артыкчылыктары үчүн бөлүнгөн ресурстардын көлөмүндө айырмачылыктардын пайда болушуна алып келди.

Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жатканда өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражатына болгон көз карандуулук ушундай долбоорлордун туруксуз болушуна себепчи. Көпчүлүк мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жаңы капиталдык курулушту айтпай эле коёлу, инфраструктураны оңдоо жана калыбына келтирүү үчүн да каражат тартыш. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен бөлүнгөн трансферттер аймактарды өнүктүрүүгө багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо үчүн жетишсиз болууда. Мисалы, суу менен жабдуу/агып чыкма сууну тазалоо, энергетика, жолдор, билим берүү жана саламаттык сактоо, коомдук имараттар жана курулмалар өңдүү долбоорлорго акча зарыл. Мындан тышкары жергиликтүү аймактарды өнүктүрүү, каражатты үнөмдүү пайдалануу маселесинде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн кайсы долбоорлор өзгөчө зарыл деп аныктоого жергиликтүү бийлик органдарынын потенциалы жетпей жатат.

Аймактардын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө мамлекеттик каражатты бөлүү жол-жобосун азыркыдан бир кыйла эффективдүү кылса болот. 2018-жылдан тартып аймактарды өнүктүрүү өкмөттүн негизги артыкчылыктуу маселелеринин бири болуп калды. Мындан тышкары 2019-жылы Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун 512 млн. сом көлөмүндөгү каражаты жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун колдоого багытталмакчы. Ошондой эле аймактардагы чакан жана орто ишкерчиликтин өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында республикалык бюджеттен 2 млрд. сом бөлүндү. Бирок бул каражатты өздөштүрүү үчүн бир кыйла убакыт зарыл. Мындан тышкары аймактардын деңгээлинде өнүгүүгө чындап жол ачкан жүйөлүү долбоорлор тартыш болуп жатат.

Аймактарды өнүктүрүүдө колдоого муктаж болгон артыкчылыктуу программалык багыттар

Кыргызстандагы аймактарды өнүктүрүүдөгү негизги маселелерди чечүү үчүн улуттук, аймактык жана жергиликтүү кызыкдар жактардын, ошондой эле улуттук жана эл аралык бизнес жамааттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн кошумча даректүү жана стратегиялык күч-аракеттери талап кылынууда. Маанилүүсү – бул күч-аракеттер реформанын жана өзгөрүүлөрдүн негизги артыкчылыктарына багытталып, бардык кызыкдар жактар ортосунда координация жакшы болууга тийиш. Ошондуктан Кыргызстандын Өкмөтү жана өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр аймактарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн күч-аракеттерин активдештирип, кызматташтыкты күчөтүүгө милдеттенишет. Тагыраак айтканда: а) аймактарда экономикалык кластерлердин өнүгүүсүнө; б) аймактарды өнүктүрүүнүн институционалдык механизмдерине; в) аймактарды өнүктүрүүнүн каржылоо механизмдерине өзгөчө көңүл бурулат. Төмөндөгү пункттарда реформанын белгиленген багыттары жөнүндө сөз болмокчу. Бул пункттар Өнүгүү форумунун жыйынтыгы боюнча мындан ары жасалчу иштердин алкагында каралууга тийиш.

Экономикалык кластерлер

Өкмөт жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр жеке жана жарандык секторлор менен бирге экономикалык кластерлерди ишке ашыруу үчүн алкактык негизди иштеп чыгуу зарыл экенин түшүнүп турушат. Бул кластерлер аймактардын экономикалык өнүгүүсүндөгү кыймылдаткыч күчкө ээ. Өкмөт өнүгүү боюнча өнөктөштөр, жарандык коом жана жеке сектор менен биргелешип, төмөнкүдөй өзөктүк принциптерди эсепке алуу менен, ушундай алкактык негизди даярдашы керек.

Рыноктук экономикалык кластерди өнүктүрүү. Кыргызстан үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү рынокторду аныктап алып картирлөө зарыл, бул рыноктордун мүмкүнчүлүктөрүн жана талаптарын баалаш керек, ал эми андан аркы иш аракеттер жана иш-чаралар ушул талаптарды эсепке алуу менен даярдалышы керек. Мунун натыйжасында жеке сектордун кызыкдар жактарында жумуш орундарын түзүп, кирешесин көбөйтүүгө жол ачкан бизнес үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

Жеке сектор жетектөөчү ролду аткарып, экономикалык кластерди өнүктүрөт. Жеке сектордун кызыкдар жактарынын кызыкчылыктары жана рыноктук мүмкүнчүлүктөрү бул кластерди өнүктүрүүдө негизги кыймылдаткыч күч болушу керек. Бул болсо өнүгүү үчүн туруктуу импульсту камсыз кылат. Муну жеке сектор ишке ашырат жана мамлекеттик каржылоодон же саясий артыкчылыктардын өзгөрүүсүнөн көз каранды болбойт (алар менен чектелбейт). Чындыгында кластер катализатордун ролун аткарган көп сандагы нарк чынжырчаларын эффективдүү айкалыштыруунун эсебинен аймактык экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылышы керек.

Жеке секторго багыт алган жагымдуу ишкер чөйрөнү түзүү. Өкмөттүк мекемелер баштапкы кадам катары назарын жеке сектордун муктаждыктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө бурушу керек. Өнүгүүгө көмөктөшүү максатында социалдык жана экологиялык туруктуулукка тиешелүү маселени чечүүдө бул үчүн зарыл болгон ченемдик-укуктук базаны түзүүгө умтулуп, калктын аярлуу катмарына, анын ичинде чакан дыйкандарга өзгөчө көңүл бурууга тийиш.

“Төмөндөн жогору карай” экономикалык кластерин бара-бара өнүктүрүү. Рыноктун улам өзгөрүп турган татаал талаптарын көңүлгө алуу менен, жеке сектордун кызыкдар жактары (мамлекеттик колдоосу алдында) “аягынан” пландоодон оолак болушу керек. Мунун ордуна алар аз-аздан баштап, алынган сабактарды жана аныкталган муктаждыктарды эсепке алуу менен масштабына жана оордугуна жараша өнүгүүгө умтулушу керек. Бул ошондой эле кластердин кызыкдар жактары ортосундагы ишенимдин көбөйүшүнө көмөкчү болот. Бул болсо ишкер кызматташтыкты жана өз ара окууларды кеңейтүү багытында социалдык капиталды көбөйтүү үчүн убакытты жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат.

Экономикалык кластерлердин ортосундагы кызматташтыкты жана атаандаштыкты кеңейтүү. Өнүккөн рыноктордун (мисалы, ЕАЭБдин ири чекене сатуучуларынын) талаптарына шайкеш келүү үчүн зарыл болгон санды, сапатты жана убакытты камсыз кылуу үчүн жеке сектордун кызыкдар жактары ортосундагы кызматташтык чечүүчү мааниге ээ. Ошентсе да бардыгына ички мотивация берүү үчүн өндүрүшчүлөр, кайра иштетүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр ортосунда атаандаштыктын компонентин колдоп, мүмкүнчүлүккө жараша иш алып баруу зарыл. Чакан ишканалардын муктаждыктарына өзгөчө көңүл буруш керек. Ал эми азыркы саясат негизинен ири структураларга багыт алган.

Институционалдык механизмдер

Өкмөт жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр аймактардын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүчү институционалдык түзүлүштү өркүндөтүү маселелери боюнча комплекстүү консультациялык механизмди түзүү зарылдыгын баамдап турушат. Ал болсо жарандык жана жеке секторлорду камтышы керек. Консультациялардын механизми институционалдык механизмдерге байланышкан коркунучтарды жана чектөөлөрдү баалап, карап чыгуу боюнча диалог үчүн платформанын ролун аткарышы керек. Бул аймактарды өнүктүрүү максатында башкаруунун түрдүү деңгээлдеринде милдеттерди жана жоопкерчиликти секторлор боюнча так бөлүштүрүүнүн алкагында горизонталдык да, вертикалдык да маселелерди камтыйт. Бул болсо аймактарды өнүктүрүүнүн негизги аспаптарынын бири катары пландалган администрациялык-аймактык реформаны даярдап, ишке ашыруу үчүн маанилүү өбөлгө болуп эсептелинет. Артыкчылыктарды аныктап, чараларды көрүү зарылчылыгына жараша өнүгүү боюнча өнөктөштөр өкмөттүн өтүнүчү боюнча техникалык жардам көрсөтө алышмак. Бул жардам натыйжа бербеген институционалдык механизмдерди кайра карап чыгып, администрациялык-аймактык реформаны жүргүзүү үчүн шарт түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында ишке ашмак. Консультациялар механизминин алкагында талкууну жана кайра карап чыгууну талап кылган негизги маселелер төмөнкүлөрдү камтыйт.

Тийиштүү жана тартылган мамлекеттик органдардын алкагында аймактарды өнүктүрүү үчүн так жоопкерчиликти белгилөө жана тастыктап берүү. “Аймак” концепциясы жана аймактарды өнүктүрүү үчүн тийиштүү функциялар менен жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын тиешелүү администрациялык-аймактык түзүмдөрүнө (муниципалдык, райондук, облустук, республикалык түзүмдөрүнө) өткөрүлүшү керек.

Жергиликтүү калктын кызыкчылыктарынын жана муктаждыктарынын негизинде мамлекеттик пландоону жергиликтүү пландоо менен, ошондой эле жергиликтүү социалдык-экономикалык пландоо жана аймактык пландоо менен үндөштүрүү. Социалдык-экономикалык пландоо мейкиндикти пландоонун жана башкаруунун улуттук моделине таянып, башкаруунун түрдүү деңгээлдерин бири-бири менен байланыштырышы керек. Ал улуттук программалар менен кызыкчылыктардын ишке ашырылышын да, жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктары менен муктаждыктарынын эсепке алынышын да кепилдөөгө тийиш. Жергиликтүү бийлик органдары менен улуттук деңгээлдин ортосундагы диалог/өз ара байланыш механизми (анын ичинде муниципалитеттер ассоциациялары аркылуу) колдоо табышы керек. Бул ошондой эле өлкө Туруктуу өнүгүү максаттарына канчалык жете алганына мониторинг жүргүзүү көз карашынан алганда да абдан актуалдуу болуп турат. Стратегиялык пландоодо жана жергиликтүү өңүктүрүүдө жыйынтыктардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн климаттын өзгөрүүсү өңдүү факторду да эсепке алыш керек. Климаттын өзгөрүүсү биринчи кезекте суу ресурстарына таасирин тийгизет. Бул болсо азык-түлүк, энергетикалык коопсуздук жана экономикалык өсүш үчүн өтө маанилүү. Ошентип, суу чарба ведомстволору, башкармалыктар жана улуттук кызыкдар жактар ортосундагы координацияны камсыз кылуу зарыл. Ошондой эле тиешелүү жамааттар менен муниципалитеттерди суу ресурстарын комплекстүү башкарууну пландоо процессине тартыш керек (тереңирээк анализ үчүн суу ресурстары боюнча атайын главаны караңыз). Кыргызстанда Күн тартиби-2030 улуттук өкмөттүн жана жарандык коомдун жол жолдоочулугуна жана жетектөөсүнө негизделет. Ал эми аймактык жана жергиликтүү кызыкдар жактарды тартуу чечүүчү мааниге ээ болот. Себеби аймактык деңгээлде көп күч-аракет жумшалышы керек.

Жергиликтүү бийлик органдарынын отчеттуулугун жакшыртуу. Жарандар алдында отчеттуулукту күчөтүү үчүн жагымдуу саясий чөйрөнү түзүш керек. Жергиликтүү бийлик органдарынын жергиликтүү калк менен өз ара аракеттенүүсүнүн алдыңкы практикасы кеңири жайылууга тийиш; мындай практика үчүн механизмдерди өкмөт өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун колдоосу менен өнүктүрүп, бекемдеши керек. Ошондой эле ЖӨБдүн ишине коомдук мониторинг жана баалоо жүргүзүү механизмдерин жана практикасын өнүктүрүп, жайылтуу зарыл. Жергиликтүү кеңештердин мүчөлөрүнүн потенциалы менен компетенттүүлүгүн алардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын милдеттүү окутуу системасын киргизүү жолу менен бекемдеш керек.

Бюджеттик камсыздалгандыкты теңдештирүү системасын өркүндөтүү. Теңдештирүүчү грантты эсептөөнүн формуласын өркүндөтүү чөйрөсүндө өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосуна муктаждык бар. Бул болсо жергиликтүү деңгээлде жаңы бюджеттик саясатты түзүүгө жол ачат. Ушул саясат боюнча, Кыргыз Республикасынын бардык айылдык аймактарында өнүгүү бюджеттери болуп, анда өзүнчө бөлүнгөн киреше булактары да каралат. Финансы министрлиги жана ЖӨБ, өнүгүү боюнча өнөктөштөр гендердик баланс жана социалдык жактан инклюзивдүү бюджеттөөнү колдошу керек.

Кызматтарды эффективдүү көрсөтүү жана жергиликтүү деңгээлде жеке секторду өнүктүрүү үчүн башкаруучу түзүмдөрдү өркүндөтүү. Өкмөт өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен башкаруу түзүмүн оптималдаштырып, мамлекеттик органдар менен ЖӨБ ортосунда функцияларды так бөлүштүрүүгө умтулушу керек. Ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмесин тактап алуу абзел (анын ичинде ЖӨБ жөнүндө Кодексти даярдоо жолу менен). Өнүгүү боюнча өнөктөштөр аймактарды өнүктүрүүнү башкаруу жаатында аймактардын потенциалын баалоодо өкмөткө колдоо көрсөтүшү керек (мисалы, муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык, аймактарды бириктирүү, администрациялык жана аймактык реформа тууралуу маалымат менен камсыздоо үчүн функционалдык чөйрөлөрдү4 баалоо жолу менен). Кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым функцияларын, мисалы, таштандыны жок кылуу жана айлана-чөйрөнү коргоону аймактык деңгээлге өткөрүп берсе болот. Негизги кызыкдар жактар (ЖӨБ, жарандык коом, мамлекеттик органдар) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жана мотивациясын жогорулатуу үчүн механизмдерди түзүшү керек. Бул механизмдер – түз өз ара аракеттенүү жана профсоюздар, ассоциациялар аркылуу билгендери менен бөлүшүү. Өнүгүү көрсөткүчтөрүнө канчалык жеткенин баалоо үчүн мамлекеттик органдардын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүнүн ишинин эффективдүүлүгүнө комплекстүү баалоону киргизүү абзел. Мамлекеттик-жеке диалог үчүн конкреттүү форматтарды жана платформаларды түзүш керек.

Аймактарды өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында өсүш башаты катары аныкталган 20 шаарды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү. Аталган Концепциянын алкагында бул шаарлардын Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын даярдап, ишке ашыруу боюнча иштерди улантуу маселеси абдан маанилүү. Өнүгүү боюнча өнөктөштөр муниципалдык башкарууну реформалоого жардам бере алышат. Алар ошондой эле маанилүү объекттерге түз инвестиция салса болот. Бул иштер өсүш башаты катары аныкталган шаарларды өнүктүрүүгө түрткү болот.

Каржылоо механизмдери

Өкмөт жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр өлкөнүн активдерин эксплуатациялоону жана тейлөөнү каржылоо боюнча программалык системаны түзүү зарыл болгонун, жарандык сектордун катышуусу менен аймактарга эффективдүү инвестиция салуу, коомдук көзөмөлдү киргизүү зарылчылыгын мойнуна алышат. Өкмөт өлкөнүн инфраструктурасын эксплуатациялоону жана тейлөөнү толук камсыз кылуу үчүн каржылоонун атайын булактары киргизилген программалык системаны түзүү, инвестициялык долбоорлорго колдоо көрсөтүү, зарыл болгон каражаттарды эффективдүү бөлүштүрүү аракеттерин уланта бериши керек. Аймактарды өнүктүрүүнү каржылоого карата программалык мамиле туруктуулукту камсыздоо үчүн жетиштүү болгон, жылдык бюджеттик ассигнациялардан көз каранды болбогон тармактык кирешелерди бөлүп алууга жардам бермек. Учурдагы бюджеттик ассигнациялар жана жергиликтүү сектордун кирешеси керектөөчүлөрдөн алынган төлөмдөргө, жыйымдарга, салыктарга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, коммуникацияга коюлган тарифтерди чогултууга негизделген. Учурдагы система адатта коромжуларды кайтарууну камсыз кылбайт жана тармактардын басымдуу бөлүгүндөгү туруктуулукту камсыздоо ишин оорлотот. Өзгөчө бул техникалык тейлөө, инфраструктураны калыбына келтирүү жана жаңысын куруу өңдүү тармактарда билинүүдө. Толугу менен каржыланган тармактык программаны иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон кадамдар төмөнкүдөй:

Сектордун кирешелерин аныктоо. Аймактарды өнүктүрүүгө акча бөлүп, каржылоону турукташтырууга карай биринчи кадам – айыл чарба, туризм жана транспорт өңдүү тармактардын кирешелери толугу менен корголушу керек. Бул кадам тармактын каржылоосун турукташтырууга көмөк көрсөтүү жана ар бир өзөктүк тармакта каражаттын таңсыктыгын так аныктоо максатында жасалат.

Комплекстүү пландоонун улуттук системасынын бир бөлүгү болгон аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун программалоо механизмин түзүү. Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн мамлекеттик каржылоо ачык-айкын жана отчеттуулукту кепилдеген тармактык жана аймактык программалар аркылуу жүзөгө ашырылышы керек. Бул максатта учурда иштеп жаткан аймактарды өнүктүрүү фонддорун адаптацияласа болот же жаңы аймактарды өнүктүрүү программасын түзсө болот. Кандай болгон күндө да аймактарды өнүктүрүү программалары Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейин Улуттук өнүгүү стратегиясына, аймактарды өнүктүрүү стратегияларына шайкеш келтирилиши керек жана башка иштеп жаткан инвестициялар менен координацияланышы керек. Бул механизм кандай гана болбосун, өкмөттүн пландоо, артыкчылыктарды аныктоо жана ишенимдүү экономикалык анализдин негизинде аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун тандап алуу боюнча ачык-айкын системасын түзүшү керек. Финансы министрлиги өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен программалык бюджеттөөгө пландалган техникалык жардамды киргизүүсү маанилүү этап болот. Андан соң финансылык башкаруу жана пландоо процесстерин санарип форматка которуу боюнча иштерди жасап, улантуу зарыл. Бул процесс аспаптарды комплекстүү пландоону жакшыртууга жардам берет.

Аймактарды өнүктүрүү долбоорлорунун туруктуулугун жана каржылоосун камсыз кылуу үчүн ички каржылоону көбөйтүү. Инфраструктураны эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө жаатында муктаждыктарга баалоо жасалгандан кийин, өзгөчө артыкчылыктуу инвестицияларды аныктап алган соң каржылоого болгон муктаждык менен түшкөн акчанын ортосундагы балансты камсыз кылуу үчүн мамлекеттик стратегияны иштеп чыгыш керек. Баштапкы программага өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн жаңы инвестицияларга каражат бөлүүсү кирсе болот. Бирок туруктуулукту камсыздоо үчүн ички ресурстар ар бир сектордун эксплуатациялык муктаждыктарын жана керектөөлөрүн камсыз кылууга тийиш. Туруктуу субсидияларга муктаж болгон энергетика, транспорт жана суу менен жабдуу өңдүү тармактар ишенимдүү ички каржы булактарын аныктап алышы керек.

Аз камсыз болгон аймактарга олуттуу субсидияларды берүү, бакубат аймактарга бөлүнгөн улуттук трансферттерди кыскартуу максатында чөйрөсүнө жараша ар кандай көлөмдө болушу ыктымал жергиликтүү долбоорлордун жергиликтүү каржылоосунун үлүшүн түзүү. Жергиликтүү бийлик органдарынын салымы жана катышуусу жергиликтүү деңгээлде аймактардын өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик алуу сезимин күчөтөт. Бирок пайдалуу кен казууга төлөнгөн роялтини эффективдүү пайдалануу үчүн фонддордун каражаттары же аймактарды өнүктүрүү багытындагы башка демилгелер улуттук деңгээлде бириктирилип, стратегиялык жол менен бөлүштүрүлүшү керек. Мындай учурда өнүктүрүү стратегиясы пайдалуу кен кайсы жерде казылса, ошол аймактын муктаждыктарына жараша даярдалууга тийиш. Өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каржылоодон бара-бара баш тартуусу узак мөөнөттүү сунуш болууда. 

Окшош материалы: