Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ Союзу жана ӨСИ Кыргыз Республикасындагы мыйзамдардын ЖӨБдүн өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу КР Жогорку Кеңешине Баяндама даярдашты

2019-12-23 / Көңүл чордонунда
ЖӨБ Союзу жана ӨСИ Кыргыз Республикасындагы мыйзамдардын ЖӨБдүн өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу КР Жогорку Кеңешине Баяндама даярдашты

Баяндама эмне үчүн зарыл?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен түз байланыш үчүн жергиликтүү жамааттарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында (мындан ары – ЖӨБ) каналдар туруктуу эмес жана башаламан. КР Өкмөтү парламентке отчет берип жатканда ЖӨБ органдарынын пикири көп жакшы эсепке алынбай келет. Ошондуктан КР ЖК жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы кырдаалды жана ЖӨБ үчүн өзүнүн мыйзам чыгаруу ишинин жыйынтыктарын үч жол менен гана баалайт: же аткаруу бийлигинин сөзүнө ишенет, же айрым депутаттардын жеке байкоолорунун негизинде жыйынтык чыгарат, же болбосо жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары - ЖМК) чыккан маалыматтардын негизинде баалайт. Бирок КР ЖК кабыл алган мыйзамдардын ЖӨБго жана бул мыйзамдарды аткаруу боюнча өкмөттүн ишине тийгиз ген таасирине объективдуу баа берүү үчүн бул маалымат булактарын жетиштүү деп айтууга болбойт.

КР Жогорку Кеңешине маалыматтын альтернативдүү булагы, жергиликтүү жамааттар жана ЖӨБ органдары менен туруктуу түз байланыш зарыл. Булар мамлекеттик аткаруу бийлигинен же ЖМКдан түшкөн маалыматтарды атайын же атайлап эмес бурмалануусуна жол бербейт. ЖӨБ органдарынын ичинен 60 пайыздан ашыгы колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин ишке ашырууда пайда болгон маселелер боюнча КР ЖКга жана КР Өкмөтүнө кайрылып турушат (сейрек кайрылгандар – 55,2%, көп кайрылгандар – 5,8%). ЖӨБ органдарынын жарымынан көбү (51,2%) КР ЖК жана КР Өкмөтү алардын кайрылуусуна жооп катары маалымат беришпей турганын ырасташат. Мындай кайрылуулардын санынын көптүгү жана ар бир ЖӨБ органы менен жекече баарлашуу жогорку башкаруу органдары үчүн административдик көйгөйдү жаратууда. Ошондуктан өз ара аракеттенүүнүн жаңы каналын түзүш керек. КР Жогорку Кеңешине карата айтсак, ушул Баяндама мына ушундай канал болуп бере алат.

Тилекке каршы, узак убакыттан бери ЖӨБдүн чабал үнү анын кызыкчылыктарын саясий жана экономикалык конъюктурага курмандыкка чалууга, КР ЖК депутаттардын көзүндө айрым чечимдердин ЖӨБ үчүн болжолдуу кесепеттерин бурмалоого алып келди. Мисалы, мугалимдерге айлык акыны төлөп берүү милдеттенмесинин бир бөлүгүн ЖӨБ органдарына жүктөп коюшканда мына ушундай болгон. Бирок билим берүү мамлекеттин функциясына кирет, ал эми КР ЖК бюджеттерди бөлүштүрүүнүн принциби, мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарынын принциби бузулуп жатканы тууралуу маалыматка ээ болгон эмес.

КР ЖК ЖӨБ органдарын түзүүгө жана жергиликтүү кеңештер менен ЖӨБдүн аткаруу органдары ортосундагы өз ара мамилелерге тикелей таасирин тийгизет. Жергиликтүү кеңештер Кыргыз Республикасында парламенттик демократияны жергиликтүү деңгээлде ишке ашырышат. Себеби аларды калк түз шайлайт жана тийиштүү аймактагы элдин кызыкчылыктарын коргошот, бийликтин түзүлүшүнүн моделин улуттук деңгээлде көрсөтүшөт. Бирок ушул кезге чейин жергиликтүү кеңештер обочодо калып иштеп келатышат. Бул болсо алардын өнүгүүсүнө бут тосууда, алар КР ЖК жана башка мамлекеттик органдар менен көп жакшы байланыш түзө албай жатышат, мыйзам чыгаруучулардын эркин так түшүнбөгөндүктөн мыйзамдарды туура эмес түшүнүп алып, аларды бузган учурлар да аз эмес. Өз кезегинде КР ЖК жергиликтүү кеңештер өздөрүнүн жергиликтүү ченемдик укуктук актыларында (мындан ары – ЧУА) мыйзамдарды кантип колдонуп жатканы, жержерлерде парламенттик демократиянын базиси кандай болгону жана анын өнүгүүсүнүн кадрдык, саясий келечеги кандай экени тууралуу маалыматка ээ эмес.

Бул көйгөйлөр 2018-жылдын 3-июлунда өткөн “Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө ЖӨБ органдарынын ролу” деп аталган КР ЖӨБ Форумунда талкууланган (форумдун материалдарына шилтеме: http://dpi.kg/ru/library/full/281.html). Бул Форумдун жыйынтыктары боюнча Резолюция кабыл алынып, анда КР Жогорку Кеңешинин ишинин жергиликтүү жамааттардын өнүгүүсүнө тийгизген таасирин баалоонун жаңы аспаптарын киргизүү зарылчылыгы бар экени белгиленген.

ЖӨБ Союзу Өнүктүрүү саясат институту (мындан ары – ӨСИ) менен өнөктөштүктө 2016-2018-жылдары кабыл алынган мыйзамдардын Кыргыз Республикасындагы ЖӨБдүн өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу КР Жогорку Кеңешине Баяндаманын (мындан ары – Баяндама) концепциясын иштеп чыкты. Бул методологияга ылайык, Баяндама кадыресе түшүнүгүндө жазуу түрүндөгү документ гана эмес. Баяндама – бул КР ЖКнын контролдук функциясына, КР ЖКнын мыйзамдарынын жана башка актыларынын тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүүчү аспап, кошумча мүмкүнчүлүк, ошол мониторингдин жыйынтыктарын талкуулоо жана талкуунун натыйжасы боюнча кабыл алынган чечимдерди түзөтүү үчүн аспап. Ушундай баяндамалар башка тармактарда жана өлкөлөрдө практикада колдонулуп келатат. Мисалы, Акыйкатчынын баяндамалары да кызыкдар жактардын туруктуу байланышын түзүүчү, кабыл алынган чечимдердин сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүчү аспап катары колдонулуп келет.

Баяндаманын методологиясы башка багыттар боюнча ушул өңдүү баяндамаларды даярдоо практикасын эсепке алуу менен иштелип чыгып, КР ЖКнын үч комитетине берилди. Алар: ЖК КР Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитети, КР ЖК Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети, КР ЖК Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети.

Баяндаманын иши сапаттуу жана сандык изилдөөлөрдү, кырдаалдарды кадрга түшүрүүнү кошкондо, маалыматтарды чогултуп, анализ жүргүзүүдөн башталды. ЖӨБ органдары менен фокус-топтордо талкууларды өткөрүү, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө анкета толтуртуу, ачык булактардагы маалыматтар менен таанышуу, мамлекеттик башкаруу органдарынан маалыматтарды суратып алуу жолу менен бул Баяндама үчүн маалыматтар топтолду. Жалпысынан Баяндаманы даярдоо процессине КР ЖӨБ органдарынын 76 өкүлү катышты. Андан соң 2019-жылдын 28-октябрында Баяндаманын долбоору 15 мамлекеттик органга жиберилип, 2019-жылдын 28-октябрында мамлекеттик башкаруу органы менен талкуу болду. Бул талкуунун жүрүшүндө кызыкдар болгон мамлекеттик органдар Баяндамага өздөрүнүн толуктоолорун киргизүүгө, ошондой эле Баяндаманын тыянактары жана сунуштоолору тууралуу альтернативдүү пикирин айтууга мүмкүнчүлүк алышты.

Баяндаманы коммуникациянын жана мониторингдин туруктуу аспабы катары киргизүүнүн натыйжасында КР ЖК менен жергиликтүү жамааттардын ортосунда түз байланыш түзүлөт; чечим кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын чындап эсепке алуу механизми пайда болот; КР ЖКнын контролдук функциясы жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлөт – мыйзамдардын таасирине объективдүү индикаторлор боюнча баа берилет.

Баяндаманын биринчи бөлүгү (2016-2018-жылдары Кыргыз Республикасында Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсү) ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын абалын, анын ичинде учурдагы тенденцияларды жана өнүгүүдөгү көйгөйлөрдү жалпысынан сүрөттөйт. Бул жерде башкаруунун бардык деңгээлдери үчүн гана эмес, ошондой эле жарандар үчүн да кызыктуу боло турган фактылар жана тыянактар камтылган. Баяндаманын бул бөлүгү жарандардын ЖӨБ органдарына болгон ишеним деңгээлине жасалган серептин жыйынтыктарынан башталганы да кокусунан эмес. ЖӨБ органдары жарандардын катышуусу жана ишеними ЖӨБдүн маңызын түзөт, жалпы бийлик системасы ошонун негизинде түптөлгөн деп эсептешет.

Баяндаманын экинчи бөлүгү (2016-2018-жылдары кабыл алынган мыйзамдардын жергиликтүү жамааттарга жана ЖӨБ органдарына тийгизген таасири) кабыл алынган мыйзамдардын ЖӨБдүн өнүгүүсүнө тийгизген таасирин баяндайт. Баяндаманы даярдап жатканда ЖӨБ органдары конкреттүү мыйзамдарга карата мамилесин билдиришип, алардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин белгилешти. Ушул Баяндамада каралып чыккан мыйзамдардын тизмегин ЖӨБ органдары эксперттер менен чогуу аныкташты. Баяндамага КР ЖК өткөн жылдары кабыл алган бардык мыйзамдар батмак эмес, ошондуктан ЖӨБ органдарынын пикирине ылайык ирээтке келтирилип чыкты.

Баяндама Кыргыз Республикасындагы ЖӨБдүн иштеши үчүн ченемдик укуктук чөйрөнү түзүү жаатындагы маанилүү окуялардын календарын камтыйт. Ал ЖӨБдүн өнүгүүсүнө таасирин тийгизген укуктук чаралардын көп түрдүүлүгүн жана ар тараптуулугун чагылдырып турат.

Баяндаманын резюмеси

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул Кыргыз Республикасындагы башкаруу тутумунун баштапкы жана маанилүү бөлүгү. Калктын жалпысынан бийликке болгон мамилеси ЖӨБдүн абалына жана жарандардын керектөөлөрүн канааттандыра алуу жөндөмдүүлүгүнө көз каранды болот. Ошондуктан жарандар ЖӨБ органдарынын ишине жалпысынан оң мамиле жасай турганын түшүнүш керек. Буга карабастан 2016-жылдан баштап калктын ЖӨБдү оптимисттик маанайда кабылдоо деңгээли салыштырмалуу жогору болуп кала бергени менен, бул деңгээл туруктуу түрдө түшүп турган. 2018-2019-жылдары аймактарды өнүктүрүү тууралуу КР Президентинин буйруктарынын фонунда 2018-жылы жарандардын ЖӨБдүн перспективаларына карата үмүтү жанды. Бирок 2019-жылы бул үмүт токтоо оптимизмге өттү. ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү болсо өзүнүн кызматына карата сынчыл маанайда турушат. Айталы, ЖӨБдүн абалына ар бир үчүнчү муниципалдык кызматчыда боор оору же кыжырдануу сезими бар.

Жарандар менен маалыматтык иш жакшы жөнгө салынган, туруктуу диалог жүрүп турган ЖӨБ органдарында да ишеним деңгээли жогору болот. Бирок көпчүлүк жамааттардын тургундары ЖӨБго карата өз укуктары жана милдеттенмелери тууралуу жетиштүү маалыматка ээ эмес жана жигердүү субъект болуп саналышпайт. Маалыматка техникалык жеткиликтүүлүктүн чектелүү болгону (интернетке кошулуу оңой эмес же кымбат, ченемдик укуктук актылар тез-тез жаңыланып турат, ЧУА документтерин туура түшүнүп, колдонууга жардам берген материалдар көп келбейт) жана ЖӨБ менен жарандар ортосундагы эффективдүү коммуникациялардын жоктугу көйгөйлөрдүн айрымдары болуп саналат. ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүн пландоодо көп учурда калктын чыныгы керектөөлөрүн көп жакшы эске алышпайт. Мындан улам ЖӨБго ишеним деңгээли жогору болгонуна карабастан, жарандар ЖӨБ органдары менен түз өз ара аракеттенүүгө, тикелей байланыш түзүүгө умтулушат. Ошол эле маалда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана КЭУ аркылуу иш алып баруу өңдүү өкүлчүлүктүү принциптерге таянган өз ара аракеттенүү формаларынан оолак болушат. Башкача айтканда, жарандар ортомчуларга эмес, өз көргөнүнө жана укканына гана ишенишет.

Жергиликтүү кеңештерди өнүктүрүүгө байланыштуу сөз болгондо саясий партиялардын жергиликтүү кеңештердин ишине тийгизген таасири тууралуу орток пикир жок. Мындан улам жүйөлүү сунуштоолорду даярдаш үчүн башкаруу системалары, аналитикалык борборлор бул таасирди дагы изилдеши керек. Ошентсе да ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү (79%) жергиликтүү кеңештер партиялык принцип боюнча түзүлбөшү керек деп эсептешет. КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылы жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыздык квотаны киргизүү тууралуу чечими чоң жетишкендик болуп калды. Буга чейин аялдардын саны кеңештерде аз болгону чечим кабыл алуу процессинде алардын аярлуу абалын көрсөтүп турган эле. 2016-2019-жылдардын аралыгында мандаттарды улам өткөрүп отуруп аял депутаттардын үлүшү 3 пайызга түшүп кеткени муну тастыктап турат. Жергиликтүү кеңештерде депутаттардын олуттуу бөлүгү (44 пайыздан ашыгы) орто же атайын орто билимге ээ. Кыргыз Республикасындагы мектептеги жана атайын орто билим берүүнүн деңгээлин эсепке алуу менен, алардан мамлекеттик башкарууда компетенттүүлүктү күтүү оор болот. Депутаттардын калган бөлүгүнө да башкаруу тууралуу атайын билим жетишпейт. Ошол эле маалда өлкөдө кеңештердин депутаттарын окутуунун кандайдыр бир формалары жок. Мунун баары жергиликтүү кеңештердин жана жалпысынан ЖӨБдүн эффективдүү иши үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратууда.

Билим берүүнүн деңгээли, партиялык фактордун таасири жергиликтүү кеңештерди таратууга шарт түзүп жатат. 2016-жылдан 2019-жылга чейинки мезгил аралыгында 34 жергиликтүү кеңеш таратылган. Мындан улам жер-жерлерде өкүлчүлүктүү демократия системасы туруксуз деп айтса болот.

Муниципалдык кызмат эволюциялык нукта өнүгүүдө. 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” жаңы КР Мыйзамынын кабыл алынышын маанилүү жетишкендик катары кароого болот. Бирок бул жерде да бир топ көйгөйлөр бар. Айталы, муниципалдык кызматтагы, өзгөчө саясий кызмат орундарындагы аялдардын үлүшү азаюуда. ЖӨБдүн аткаруу органдарынын улуттук курамы бир аз өзгөрдү. Бирок ЖӨБ органдарында улуттук азчылыктардын саны өлкөдөгү бул азчылыктардын үлүшүнө салыштыра келгенде болжол менен 3 эсе аз чыгууда. Муниципалдык кызматтын курамында улуу муундун өкүлдөрү басымдуулук кылат: 2019-жылы пенсия курагына жакындап калган жана пенсия курагындагы адамдар муниципалдык кызмат орундарынын дээрлик 22% ээлешет. 2016-жылы бул көрсөткүч 4 пайызга аз болчу.

Муниципалдык кызматчылардын билим деңгээлин ала келгенде оң динамика байкалууда – жогорку билимдүү кызматчылардын үлүшү 2016-жылга салыштырмалуу 5 пайызга өскөн. Бирок орто билимге ээ болгон, 2016-жылга чейин түрдүү муниципалдык кызмат орундарын ээлеген 716 кишинин статистикадан жоголуп кетиши аныкталбай кала берди. 2016-жылы ЖӨБ органдарындагы саясий жетекчилердин алмашуусунан улам кадрлардын туруксуздук деңгээли калыбына келди. Буга карабастан 2020-2021-жылдары мындай көрүнүш кайталанат деген коркунуч бар. Себеби ЖӨБдүн аткаруу органынын башчылары алмашкандан кийин команданы кошо алмаштыруу практикасына каршы чаралар көрүлө элек. Бул болсо муниципалдык кызматтагы жол улоочулукка жана анын сапатына зыянын тийгизүүдө. ЖӨБ органдары муниципалдык кызматчылардын бош орундары үчүн КР Мамлекеттик кадр кызматында (мындан ары – МКК) конкурстан өтүү зарыл экенин белгилешет. Бирок кадрлар тартыш болуп турган шарттарда бул көйгөйгө айланарын да белгилешүүдө. Себеби кызмат орундарына талапкерлер оор суроолордун айынан тесттен өтө албай калышы мүмкүн жана ЖӨБ органдарынын кадрдык курамы толукталбай калышы ыктымал.

2013-жылдын 9-июлундагы №127 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы кабыл алынгандан бери алты жыл өттү. Ушуну менен КР ЖКнын экинчи чакырылышы мыйзам ушунча убакыттан бери толук кандуу иштеп кете албай жаткан себебин издеп жатат. Жалпы пикир боюнча, мыйзамды ишке ашырууга тоскоол болгон негизги себептер төмөнкүлөр: мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдары ортосундагы ыйгарым укуктар жана жоопкерчилик так бөлүштүрүлгөн эмес; берилип жаткан ыйгарым укуктардын баасын аныктоо оор; мамлекеттик органдардын аппараттары бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратууда. Ошондой эле ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү процессин ЖӨБ органдары, өзгөчө дотацияда тургандары көп жактыра беришпейт. Себеби өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткарууга бөлүнгөн бюджет аралык трансферттер теңдештирүүчү гранттардын суммасын автоматтык түрдө азайтат. Бирок механизмди ишке ашырууда оң жылыштар байкалууда. Айталы, 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамы менен ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилсе боло турган негизги мамлекеттик ыйгарым укуктардын ичинен болжол менен 40 пайызы боюнча КР Өкмөтү кээ бир иштерди алып барууда. КР Президентинин соңку эки жылдан бери жүргүзүп жаткан аймактарды өнүктүрүү боюнча саясаты жергиликтүү бюджеттерге тиешелүү болгон кырдаалда да өз ордун табышы керек эле. Ушул жергиликтүү бюджеттерден жарандар үчүн жашоо шарттарын түзүүгө каражат каралат. 

Бирок маалыматтар көрсөтүп тургандай, жергиликтүү жана республикалык бюджеттер ортосундагы кирешелерди бөлүштүрүү аймактарды өнүктүрүүгө карата өлкөнүн артыкчылыктарын көп жакшы эсепке албай жатат. Натыйжада көпчүлүк ЖӨБ органдарына өз функцияларын жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды сапаттуу аткаруу үчүн ресурстар жетишпей жатат. Республикалык бюджеттин киреше темпи өскөнү менен, жергиликтүү бюджеттердин кирешеси дээрлик өскөн жок. Бул жаатта өсүш 2011-2012-жылдары гана байкалган. Андан соң үч жыл бою жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин жалпы көлөмү төмөндөп жатты. Ошол эле маалда республикалык бюджеттин кирешелери туруктуу темп менен өсүп жатат. 2014-жылдан баштап жергиликтүү бюджеттердин көлөмүнүн динамикасы дээрлик жокко эсе. Бул болсо инфляция жана милдеттенмелер улам көбөйүп жаткан шарттарда каржылоонун көлөмү иш жүзүндө азаят дегенди билдирет. Ошону менен бирге жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин үлүшү республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жыйынды көлөмүндө туруктуу түрдө азаюуда. Мунун баары бир нерседен кабар берет: жергиликтүү маанидеги маселелерге, анын ичинде инфраструктура боюнча оор финансылык милдеттенмелерге каражат бөлүнбөй калууда. Жергиликтүү маанидеги маселелерди жана ЖӨБ органдарын каржылоонун өсүшү көп кырдуу жакырчылыктын төмөндөшүнө жана жарандардын жашоо шарттарынын жакшыруусуна тикелей таасирин тийгизээри байкалды. Бул – ЖӨБдү каржылоону көбөйтүү зарыл экенин тастыктаган мыкты саясий далилдердин бири. Бюджет аралык мамилелер саясатын өркүндөтүүдө артыкчылыктуу багыттар катары ЖӨБ органдары төмөнкүлөрдү белгилешет: өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды каржылоо; бюджеттик камсыздалгандыкты теңдештирүү саясаты; жөнгө салынган кирешелерди бөлүштүрүү саясаты; дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды бөлүү; жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин пландоо; капиталдык салымдардын ички инвестициялык долбоорлорун бөлүштүрүү. Ошондуктан башкаруунун бардык деңгээлдери үчүн, анын ичинде КР ЖК үчүн 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүктүрүү стратегиясында бекитилген жана ушул кезге чейин аткарылбай келаткан өзгөчө тапшырма – бул бюджет аралык мамилелерди КР Өкмөтү менен ЖӨБ органдары ортосунда макулдашуу процессин баштоо зарыл.

Муниципалдык менчикти башкаруунун сапаты да тынчсыздандырган маселелердин бири. Муниципалдык менчик, өзгөчө жер жана кыймылсыз мүлк объекттери ЖӨБ органдарынын экономикалык потенциалынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Билгичтик менен башкарганда бул объекттер киреше булагына айланат же бери дегенде жергиликтүү бюджетке финансылык жүк болбой калат. Анткен менен, муниципалдык менчиктин курамына жасалган анализ көрсөткөндөй, ЖӨБ органдарынын профилдик эмес объекттерди күтүүгө кеткен жүйөсүз чыгымдарын кыскартуу максатында муниципалдык менчикти оптималдаштырыш керек. Бул үчүн мыйзамдарга тактоолорду киргизүү зарыл. Жылдан жылга муниципалдык кыймылсыз мүлккө түзүлгөн бүтүмдөрдүн саны азайып жатат. Тилекке каршы мунун негизги себеби – сатууга же ижарага берүүгө жарамдуу болгон объекттердин саны барган сайын азаюуда. Сатуу-сатып алуу бүтүмдөрү дээрлик токтоп калды. 2017-2018-жылдары бирин-серин гана учур болгон. Маалыматтар боюнча, сатаарга дээрлик эч нерсе калбай калды. Бүтүмдөрдүн эффективдүүлүгү да тынсыздандыруу жараткан маселелердин бири. 2017-2019-жылдар аралыгында түзүлгөн бүтүмдөрдөн жергиликтүү бюджеттер 21 млн. сом (минималдуу баалоо боюнча) суммадагы жоготууга учураган. Бул – жер сатууну эсепке албастан, кыймылсыз мүлктү сатууга карата гана ушундай көрүнүш болду. Дал ушул муниципалдык менчикти башкарууда ЖӨБ органдары мыйзамдарды көбүрөөк бузушат. ЖӨБ органдары жасаган укук бузуулар жөнүндө маалыматтар КР Башкы прокуратурасында бар. Бирок бул маалыматты берүү форматы дайыма өзгөрүп турат жана кандайдыр бир анализ жасоо мүмкүн болбой жатат. Белгилей кетүүчү бир жагдай бар: бир нече жолу жасалган кайрылууларга карабастан КР Башкы прокуратурасы өзүнүн отчетунда ЖӨБ органдарын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды (мындан ары – ЖМА) башкаруу органдарынын бир категориясына бириктирүүнү уланта берүүдө.

КР Башкы прокуратурасынын 2018-жылдагы маалыматына ылайык, коррупция менен күрөштүн алкагында жүргүзүлгөн 2030 текшерүүнүн ичинен 746 (37,7%) текшерүү ЖӨБ органдарында жана ЖМАда өткөрүлгөн. ЖӨБ органдарынын кызмат адамдарынын мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүгө байланышкан иш-аракеттери, коррупцияга каршы туруу жөнүндө мыйзамдардын талаптарын аткарбаганы мыйзам бузуулардын басымдуу бөлүгүн түзөт. Муниципалдык менчикти башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар боюнча зыяндын орду 3 млрд. сомдон ашык суммада толтурулган.

2016-жылдын 31-мартындагы № 32 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамынын аткарылышын текшерген КР ЖК Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитеттин баштапкы маалыматтарына ылайык, мыйзамды мамлекеттик органдар да, ЖӨБ органдары да бузаары аныкталган.

Ошентип, Кыргыз Республикасында ЖӨБдүн мындан ары өнүгүүсү жарандардын жашоо сапатына тикелей таасирин тийгизет. Ошондуктан анын эффективдүү иштеши үчүн шарттарды түзүүгө карата комплекстүү мамиле жасалышы керек. ЖӨБдү өркүндөтүү үчүн зарыл болгон чаралардын жана анын иши үчүн шарттардын катарында улуттук мыйзамдарды өнүктүрүү өзөктүк орунду ээлейт. Ошондуктан кабыл алынган мыйзамдардын ЖӨБдүн өнүгүүсүнө тийгизген таасирин баалоо өзгөчө актуалдуу маселе болуп турат.

КИЙИНКИ БӨЛҮМДӨР

 

Окшош материалы: