Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештерде аялдарга орундардын 30% тийсин!

2019-11-19 / Көңүл чордонунда
Жергиликтүү кеңештерде аялдарга орундардын 30% тийсин!

Август айында КР Президенти «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» КР Мыйзамына кол койду (2019-жылдын 8-августундагы №117 Мыйзам). Бул Мыйзамда аялдар үчүн бөлүнгөн 30 пайыздык квота көп чууну жараткан түзөтүү болуп калды. Бул квота үчүн гендердик теңдик принциптерин коргогон уюмдар көптөн бери күрөшүп келишкен эле. Бир айдан кийин ошол күрөштүн алгачкы жыйынтыктары билинди. «Муниципалитет» журналы https://24.kg/vlast/130506/ сайтында жарыяланган макала менен бөлүшүүнү туура тапты (кыскартылып берилди). Бул макалада аялдар үчүн квота кантип ишке ашырылып жатканы жандуу баяндалган. Бул алгачкы тажрыйба экенин, 2020-жылга белгиленген шайлоо маалында окуялар кандай өнүгөөрүн божомолдоо кыйын болгонун кошумчалай кетүү зарыл.

Саруудагы шайлоо. Элеттик аялдар эркектерди «ыйлатышты»

Бишкек – 24.kg, Жазгуль МАСАЛИЕВА

22-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында жергиликтүү кеңешке шайлоо өттү. Бул шайлоо коомчулуктун бүйүрүн кызыткан окуяга айланып, гендердик маселе кайрадан кабыргасынан коюлду. Эмне үчүн? Себеби шайлоо биринчи жолу жаңы мыйзам боюнча өттү. Бул мыйзамга мамлекет башчысы 13-августта кол койгон. Мыйзам боюнча жергиликтүү кеңештерде мандаттардын бери дегенде үчтөн бири аялдарга калтырылган.

Аялдар үчүн каралган 30 пайыздык квота жергиликтүү эркектердин чоң нааразылыгына себеп болду. Эгерде эркек талапкерлер мамлекет башчысы Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан ЖУМАБЕКОВго кайрылуу жасабаганда, балким бул шайлоо жана добуш берүү маалындагы мыйзам бузуулар көз жаздымында кала бермек беле...

Саруу айылындагы жергиликтүү кеңешке шайлоо августка белгиленген. Талапкерлер сентябрдын башында каттоодон өтүшкөн эле. Ошентип, 18-сентябрда – добуш берүүгө саналуу күндөр калганда, талапкерлер өлкөнүн бийлигине кат жазууну чечип, иш жүзүндө ультиматум коюшту.

Катта эркек талапкерлер айрым мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу, анын ичинде аялдар үчүн 30 пайыздык квота жөнүндө жетиштүү деңгээлде маалымат алышпаганын белгилешкен.

Саруу айылынын эркектери шайлоо алдындагы тизмелерде аялдар үчүн бөлүнгөн квотага чычалашты: «Бул биздин жарандык, жигиттик укуктарыбызды эске албаганы. Ошондой эле аялдын жана эркектин ортосунда жаңжалдын чыгышына алып келүүдө, - деп нааразы болушту. – Эгерде шайлоодо 250 добуш алган эркек киши өтпөстөн, беш добуш алган аял киши өтүп мандатка ээ болсо, анда биз мыйзамдарга жана мамлекетке болгон ишенибизди жоготобуз». 

Эң кызыгы – кайрылууга аял талапкерлер да кол коюшкан.

Аялдардын тилектештиги жеңди

Каттоодон 79 талапкер өтсө, алардын 16сы аялдар болду. Булардын ичинен төрт талапкер шайлоого катышкан бир гана партиянын – «Мекен ынтымагынын» атынан чыкты.

БШКнын маалыматы боюнча, добуш берүүгө 1 797 адам катышты. Бул болсо шайлоочулардын тизмесине кирген жергиликтүү тургундардын жалпы санынан 34,6 пайызды түздү.

Шайлоо Саруу, Санаторий жана Чабалдаев аттуу үч округда өттү.

Ошентип тогуз аял депутат болуп шайланды. Аялдар беш добушка ээ болот деп чырылдаган эркектердин кооптонуулары негизсиз экени белгилүү болду. Аял талапкерлер дурус жыйынтыкты көрсөтө алышты. Мисалы, Айнур ОМОРОВА 190 добушка ээ болуп, 28 талапкердин арасынан экинчи орунду алды. Бул округда айрым эркек талапкерлерге болгону 20 адам добуш беришкен.

Айнур ОМОРОВА: «Ушуну менен үчүнчү жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болом. Бирок бул жолу квотанын айынан кармаш катуу болду».

Аял талапкерлер эркектердин нааразылыгына жана басымына карабастан, элеттик аялдар өз укуктары үчүн күрөшүп, депутат болуу ниетинен баш тартышпаганын белгилешти.

«Айрым аялдарга чындап эле басым жасалды,алар өз дарегине айтылган көптөгөн жагымсыз сөздөрдү угууга мажбур болушту. Бирок биз, аялдар бири-бирибизди колдоп, аягына чейин барууну чечтик. Эгерде менин келиним депутаттыкка ат салышам десе, мен аны колдойм. Бул анын укугу да», - деп айтып берди Саруу айылдык кеңешинин депутаты Шайымкүл ҮМӨТАЛИЕВА.

Коркутпагыла. Коркпойбуз

Жергиликтүү эркектер аял кесиптештерин «түнгө чейин калып иштешиңер мүмкүн» деп коркутуп жатышат. Эркектердин ырасташынча, «айылдык кеңеште аялдардын тиши өтпөй турган маселелер талкууланышы ыктымал». Жаңы шайланган депутаттарды мындай сөздөр менен коркутуу мүмкүн эмес.

«Бизге «ирригация маселесин түшүнүү оор болот» деп айтып жатышат. Элеттик аялдар сугат иштерине катышып, түн жарымына чейин иштеген күндөр болгон эмес беле? Бул маселеде биз үчүн коркунучтуу же түшүнүксүз эч нерсе жок», - деп билдирди Шайымкүл ҮМӨТАЛИЕВА.

Назик АКБАРОВА Саруу жергиликтүү кеңешинин эң жаш депутаты болду. Ал 28 жашта, башталгыч класстардын окуучуларына билим берет. Назик АКБАРОВА үй тиричилигине да жетишип, төрт баласына тарбия да берип, мектепте да иштеп, жергиликтүү кеңешке да салым кошом деген ишенимде турат. Назик АКБАРОВА күйөөсүнүн өтүнүчү менен депутаттыкка ат салышууну чечкен. Күйөөсү болсо мандатын аялына берүүнү туура тапкан.

«Күйөөм мени колдоду. Мен дагы депутат болуп иштеп, элеттин көйгөйлөрүн чечүүгө жигердүү катыша алаарымды айтты. Эркек кесиптештер менен пикир келишпестиктер болбойт деп ойлойм», - деди ал.

Жазында өлкөнүн беш шаарында жана 26 айылдык кеңешинде шайлоо өтөт деп күтүлүүдө. Демек аялдардын күчүнө дагы күбө болчудайбыз.

Саруу айылдык кеңешине депутат болуп шайланган аялдар:

  • Шайымкүл ҮМӨТАЛИЕВА, 65 жашта, пенсионер, Саруу айылдык кеңешинин төрайымы;
  • Айнур ОМОРОВА, 43 жашта, райондук ҮДБ дарыгери;
  • Клара ШЕКЕНБАЕВА, 52 жашта, «Нур» бала бакчасында чарба иштери боюнча адис;
  • Самара АКМАТОВА, 37 жашта, Чабалдаев атындагы мектептин мугалими;
  • Гүлмира АБДРАСУЛОВА, 58 жашта, Кызыл-Суу айылынын социалдык фондунун адиси;
  • Үмүткөр ИБРАЕВА, 56 жашта, райондук архитектура бөлүмүнүн бухгалтери, шайлоого «Мекен ынтымагы» партиясынын атынан катышты;
  • Айымкан КАЧКЫНБАЕВА, 67 жашта, Сыдыков атындагы мектептин мугалими.
  • Акылыйма КЫДЫЕВА, 53 жашта, Сыдыков атындагы мектептин мугалими.
  • Назик АКБАРОВА, 28 жашта, мугалим.

Өлкөдө жашаган аялдар Саруу айылынын бул аялдарынан үлгү алышы керек. Дагы эмне айтаар элек? Азаматсыңар!

 

Окшош материалы: