Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик каттоо акты үчүн ким төлөйт?

2012-03-30 / Юридикалык кеңеш

“Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо тууралуу”

Мектептердин мамлекеттик акттын жана техникалык паспортун алуу милдетин ЖӨБ органдарынын мойнуна жүктөп коюшту. Бул болсо жергиликтүү бюджеттен бир кыйла чыгашаларды талап кылууда. Мисалы, Ленин айылдык аймагында үч мектеп бар. Эмне кылыш керек?

“Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо тууралуу” КР Мыйзамынын 1-, 4- жана 30-беренелерине ылайык,кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо (мындан ары - укуктарды мамлекеттик каттоо) - мамлекет тарабынан кыймылсыз мүлккө укуктарды, аларды түйшүккө салууларды (чектөөлөрдү), ошондой эле ушул Мыйзамда каралгандан тышкаркы учурларда катталган укуктар менен түйшүккө салууларды (чектөөлөрдү) коргоону камсыз кылуучу кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү да таануунун жана тастыктоонун юридикалык акты. Кыймылсыз мүлккө болгон укук (менчикке, чарбаны жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга жана башка) милдеттүү каттоого тийиштүү.

Ошол эле учурда кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укук тиешелүү укукту аныктоочу жана укукту тастыктоочу документтерди каттоодон кийин гана юридикалык күчкө ээ.

Каттоонун юридикалык күчкө ээ болгон учурунан тарта мамлекет катталган укуктарды жана аны менен бүтүмдөрдү мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте тааныйт жана укугун коргойт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктардын кадастры жана каттоо департаментинин Жергиликтүү каттоо органдары (мындан ары – жергиликтүү каттоо органдары) укуктарды тастыктоочу документтерди каттоону жана берүүнү акы төлөөнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №311 токтому менен бекитилген Жер участогуна укукту тастыктоочу документтерди каттоо жана берүү тартиби тууралуу жобого ылайык ишке ашырат.

Укукту каттоонун бирдиктүү объекти катары аныкталган кыймылсыз мүлктүн бирдигинин техникалык паспортизациясы төмөнкү учурда жүргүзүлөт:

• кыймылсыз мүлк бирдигин түзүүдө (көтөрүүдө);

• кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү шарттарды сактоо менен ишке ашырууда;

• жер участогунун чек аралары өзгөргөндө;

• имаратты реконструкциялоодо жана бузууда;

• менчик ээсинин каалоосу боюнча.

Техникалык паспортизация акы төлөөнүн негизинде арыз берүүчүнүн эсебинен ашке ашырылат.

Ошону менен ушул тапта Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, муниципалдык менчиктин карамагындагы кыймылсыз объектке укукту аныктоочу документтерди жана техникалык паспортту алуу тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү бюджетиндеги каражаттын эсебинен ишке ашырылат.

Ушул тапта Өнүктүрүү саясат институту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктардын кадастры жана каттоо департаменти муниципалдык менчиктеги объекттерге укуктарды мамлекеттик каттоо процедурасын жакшыртуу боюнча биргелешип иш алып барууда.

Окшош материалы: