Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана жооптуу катчысы үчүн айлык акы жөнүндө

2019-11-19 / Көңүл чордонунда

Бектурган ОРОЗБАЕВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун улуттук деңгээлде иш алып барган менеджери

Жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруу жаатындагы көкөйгө тийген курч маселени чечүүгө эки жыл убакыт кетти. Эки жылга созулган талкуулардан жана талаш-тартыштардан кийин КР Президенти мыйзамга кол койду. Бул мыйзам жергиликтүү кеңештердин төрагасы жана жооптуу катчылары үчүн айлык акыны белгилегенден тышкары, бир катар башка жаңы өзгөртүүлөрдү киргизди. Анын ичинде ЧУА долбоорлорун ЖӨБ органдары менен милдеттүү түрдө макулдашуу да бар.

2018-жылдын 8-августунда КР Президенти «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамына кол койгон. Ага ылайык, төмөнкү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген:

  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө,
  • Борбордун статусу жөнүндө,
  • Ош шаарынын статусу жөнүндө,
  • Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө,
  • КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө,
  • КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө.

Мыйзам долбоорун 2016-жылы ЭҮЖӨБОЖ долбоору иштеп чыгып, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары К. БОКОЕВ, Н. НИКИТЕНКО, У. КЫДЫРАЛИЕВ демилгелеген. Бул мыйзам долбоорун КР Жогорку Кеңеши 2016-жылдын 29-декабрында кабыл алган.

Бирок каржылоо булактары так аныкталбагандыктан кабыл алынган Мыйзам КР Президентинин каршы пикири, айрым ченемдерин биротоло иштеп чыгуу сунушу менен (2017-жылдын 10-февралындагы №01-01-504) Жогорку Кеңешке кайтарылган.

Андан соң КР Жогорку Кеңешинин токтому (2017-жылдын 9-мартындагы №1407 – VI) менен кабыл алынган мыйзамдын айрым ченемдери боюнча макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу түзүлгөн. Макулдашуу тобунун узак убакытка созулган, көп эмгекти талап кылган иш процессинде мыйзамдын демилгечилери ВАПтын катышуусу менен мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгышты. Бул вариантты Жогорку Кеңеш жактырып, 2018-жылдын 8-августунда ага КР Президенти кол койгон.

Кабыл алынган Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым ченемдерди өркүндөтүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде топтолгон бир катар маселелерди чечүүгө багытталган.

Ченем жаратуу процессинде ЖӨБ Союзунун жана муниципалдык бирикмелердин ролун жогорулатууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган

Кабыл алынган Мыйзам ЖӨБ органдарынын союздарынын, бирикмелеринин ролун күчтөндүрүүгө, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды кабыл алып жатканда ЖӨБ органдарынын пикирлери жана кызыкчылыктары эсепке алынышын камсыз кылууга багытталган. Айталы, «ЧУА жөнүндө» КР Мыйзамынын 21-беренесине, «КР ЖК Регламенти жөнүндө» КР Мыйзамынын 47-беренесине ылайык, мындан ары ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Президенттин, Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберээрдин алдында эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмелери, союздары менен милдеттүү түрдө макулдашылышы керек.

ЖӨБдүн аткаруу органынын регламенттери жөнүндө ченем киргизилди. Бул өзгөрүү ЖӨБдүн аткаруу органдарынын ишин регламенттештирүүгө жана уюштурууга, ЖӨБ органдарынын карамагында турган маалыматтын ачык-айкындуулугун жана алардын жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга карата бирдиктүү ыкманы орнотууга жол ачат. Буга чейин мыйзамдарда ЖӨБдүн аткаруу органдарына мындай талаптар коюлган эмес. Регламенттердин жоктугу, АӨ жана мэрияларда ишке карата ар башкача ыкмалардын колдонулушу муну тастыктап турат. Бул маселени чечүү максатында ЖӨБЭММА ушул мыйзам долбоорун кароо процессинде 2017-жылдын 21-ноябрында өзүнүн №01-18/156 буйругу менен АӨнүн Типтүү регламентин бекитти. Бүгүнкү күндө ушундай эле документти шаардык мэриялар үчүн да кабыл алуу зарыл болуп турат.

Ченем чыгаруу демилгесинин жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү

Эгерде буга чейин ченем чыгаруу (элдик) демилге көтөрүү укугуна жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн бири ээ болсо, мисалы, Бишкек шаары үчүн 300 000 адамды түзүп келсе, эми бул ченем балансталып, төмөнкүлөрдү караштырат:

Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгесинин укуктарына ээ жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн саны тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктеги калктын санын эске алуу менен төмөнкүдөй белгиленет.

1) Бишкек, Ош шаарлары - 5000 мүчө;

2) шаардык жана айылдык кеңештер (статистикалык маалыматтарга ылайык шайлоолор өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактык бирдиктин жылдын 1-январына карата калкынын саны боюнча):

  • 6000ге чейин - 300 мүчө;
  • 6001ден 20000ге чейин - 600 мүчө;
  • 20001ден жана андан жогору - 1000 мүчө.

ЖӨБдүн аткаруу жана өкүлчүлүктүү органдары кабыл алып жаткан актылар ирээтке келтирилет

Мындан ары жергиликтүү кеңештер ченемдик-укуктук мүнөздөгү токтомдорду гана эмес, ошону менен бирге уюштуруучулук-тескөөчү мүнөздөгү, расмий жарыяланууга чыгарылбаган, ЧУА Реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигине жиберилбеген тескемелерди да коллегиялдуу кабыл алышат. Мындан тышкары мыйзам жергиликтүү кеңештин төрагасына уюштуруучулук-кадрдык мүнөздөгү маселелер боюнча жеке өзү тескеме кабыл алууга укук берет. Ошондой эле мыйзам ЖӨБдүн аткаруу органынын башчысы кабыл алган актыларды – токтомдорду жана тескемелерди да тартипке келтирет;

Кабыл алынган ЧУА документтерин расмий жарыялоо иши жөнөкөйлөштүрүлдү

Бул өзгөртүү жергиликтүү кеңештер кабыл алып жаткан ченемдик укуктук актыларга жарандардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, муну ЧУАны жарыялоо жолдорун жеңилдетүү жолу менен ишке ашыруу максатын көздөйт. Мындан ары жергиликтүү кеңештин чечими боюнча ЧУА долбоорлору жергиликтүү кеңеш аныктаган атайын жерлерде (такталарда, стенддерде) жарыяланса болот. Бул болсо жарандардын кабыл алынган ЧУАларга жеткиликтүүлүгүн жеңилдетип, кабыл алынган ЧУАларды расмий жарыялоо тартибин жөнөкөйлөштүрөт;

Айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын ишин өз алдынча уюштуруу үчүн шарттар каралды

Кабыл алынган бул өзгөртүүлөр маанилүү жаңылыктардын бири. Себеби Мыйзам менен айылдык кеңештерде өзүнчө штаттык бирдик (жооптуу катчы) ачылып, айылдык кеңештердин төрагалары үчүн шаардык кеңештердин төрагаларынын маянасынын деңгээлинде айлык акы белгиленип, муну менен айылдыккеңештердин дараметин күчөтүү үчүн шарттарды түзүү максаты коюлду. Бул ченем айылдык жана шаардык кеңештердин ортосундагы кандайдыр бир деңгээлдеги теңсиздикти жоюуга, муну менен айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын ишинин натыйжалуулугун арттырууга жана активдештирүүгө, анын шайлоочулардын алдындагы жоопкерчилигин күчөтүүгө жол ачат. Муну менен катар, мыйзамда калктын саны 20 000 адамдан көп болгон айылдык аймактардагы айылдык кеңештердин төрагаларынын айлык акысы белгиленип, калктын саны 6000 адамдан көп болгон айылдык кеңештерде жооптуу катчы үчүн өзүнчө штаттык бирдик киргизилди. Мындай чараны макулдашуу комиссиясы бюджеттик каражаттын тартыштыгын, администрациялык-аймактык реформанын алкагында администрациялык-аймактык бирдиктерди (айылдык аймактарды) ирилештирүүгө багытталган мамлекеттик саясатты эске алуу менен кабыл алды. Муну менен кабыл алынган мыйзам төмөнкүдөй ченемдерди камтыйт.

Учурдагы жылдын 1-январына карата абал боюнча калктын санын эске алуу менен, администрациялык-аймактык бирдиктин айылдык кеңешинин ишин уюштуруучулук камсыз кылуу төмөнкүлөргө жүктөлөт:

  • 6000 адамдан аз - тиешелүү айылдык аймактын айыл өкмөтүнүн аппаратына;
  • 6001 адамдан жогору - жергиликтүү кенештин жооптуу катчысына». (ЖӨБ жөнүндө Мыйзамдын 35-беренесинин 2-бөлүгү);
  • калктын саны 20001 адамдан аз шаардык кеңештин жана жергиликтүү кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачыл иштерди кошпогондо, башка акы төлөнгөн иш менен алектенүүгө укугу жок.

Учурдагы жылдын 1-январына карата абал боюнча калктын саны 20001 адамдан аз администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок айылдык кеңештин сессиясы иштеген мезгилде бир жолку компенсация алат». (ЖӨБ жөнүндө Мыйзамдын 37-беренесинин 9 жана 10-бөлүктөрү).

Кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ошону менен катар Мыйзамдагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына тиешелүү жоболору 2019-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирди. Ал эми мыйзамдагы айылдык кеңештин төрагасына тиешелүү жоболору 2019-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирди.

 

Окшош материалы: