Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Юридикалык консультация

2019-11-19 / Юридикалык кеңеш

«Муниципалитет» журналынын бул санында Өнүктүрүү саясат институтунун юристтери элеттик мектептерге, окуучуларга жана алардын ата-энелерине тиешелүү суроолорго жооп беришет.

Бул маселе төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат:

  • 2002-жылдын 27-июнундагы №111 «КРнын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө» КР Мыйзамы;
  • 2006-жылдын 12-июлундагы №372 «КРнын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө» КР Президентинин Жарлыгы;
  • КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы №673 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө» токтому;
  • КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги №170 «Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-(башталгыч) класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому.

Мыйзам КР Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүүчү мектептеринин тутумунда окуучуларды тамактандырууну уюштуруунун тартибин аныктайт. Мыйзамга ылайык, шаардык жана айылдык жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларын тамактандыруу алар билим алган жерде уюштурулат. Башталгыч класстардын (I-IV класстардын) ар бир окуучусуна эртең мененки тамакка 200 гр. сүт жана токоч берилет. Ошону менен бирге сүт менен токочту энергетикалык баалуулугу боюнча ушундай эле болгон башка ичимдикке жана ар түрдүү нанга алмаштырууга болот.

1-4-классттардын окуучуларын тамактандырууга кеткен каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт. Бишкек жана Ош шаарларындагы жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларын тамактандыруу тийиштүү шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен төлөнөт. Ата-энелер комитетинин чечими боюнча мектеп ашканаларында акы төлөнүүчү үстөлдөргө уруксат берилет (витаминдүү, чай ж.б.). Мындай азыктар (жер-жемиш салаттары, соктор, чайлар, майда булочка-нан азыктары ж.б.) чектелүү түрдө сатылат. Алар окуучунун тамактануу рационун толуктап турат.

Мектеп ашканаларынын ишине контролду ата-энелер комитети, медицина кызматкерлери, мектептин администрациясы жана билим берүү бөлүмдөрү жүзөгө ашырат.

Мындан тышкары КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги №170 «Жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-(башталгыч) класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому менен, КР Билим берүү жана илим министрлигине тизмеге киргизилген жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4 (башталгыч) класстарынын окуучулары үчүн ысык тамак берүүнү жана нан-булочкаларды бышырууну уюштуруу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак берүүнү жана нан-булочкаларды бышырууну уюштуруу боюнча бекитилген тизмеге ылайык, ушул тапта республикадагы 135 жалпы билим берүүчү мектепте бул иш уюштурулган. Ысык тамак берүүнү ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жумшалат.

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси балдар эмгегин пайдаланууга тыюу салат. Жалпысынан Кодекстин 15-беренеси төмөнкүлөргө тыюу салат:

  • баланын ден соолугуна коркунуч туудурган же анын билим алуусуна тоскоол болуучу же болбосо анын ден соолугуна, дене-тарбиялык, акыл-эс, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүшүнө зыян келтирген кандай болбосун жумуштарга баланы кабыл алууга же аткаруу үчүн тартууга тыюу салынат.
  • балдардын эмгегин анын эң начар көрүнүштөрүнүн формаларында эксплуатациялоого, ошондой эле менчигинин формасына карабастан, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, анын ичинде кооперативдерде, дыйканчылык жана фермердик чарбаларда кандай болбосун формадагы балдардын мажбурлаган эмгегине тыюу салынат.
  • эмгек шарты зыяндуу же опурталдуу иштерде, жер астындагы иштерде, түнкү убактарда, ошондой эле аткаруу балдардын ден соолугуна жана адептик өсүшүнө зыян келтирүүсү мүмкүн болгон иштерде (оюн-зоок бизнесинде, көңүл ачуучу мекемелердеги түнкү жумуштарда, спирт ичимдиктерин, тамеки буюмдарын, баңгизаттарды жана уулуу дары-дармектерди ж.у.с. өндүрүүдө, ташып жеткирүүдө жана сатууда) балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат.
  • балдардын алар үчүн белгиленген нормадан ашык оор нерселерди көтөрүүлөрүнө, ташууларына жана жылдырууларына тыюу салынат. Балдардын эмгегин колдонууга тыюу салынганжумуштардын тизмеги, ошондой эле оор нерселерди көтөрүүнүн нормаларынын чеги КР Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет. Мындан тышкары КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтому менен бекитилген «Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардыкэпидемиологиялык талаптарга» ылайык, окуучуларды 18ден жаш адамдарга иштөөгө тыюу салынган зыяны бар же кооптуу шарттардагы жумуштарды иштетүүгө, ошондой эле санитардык түйүндөрдү жана жалпы колдонуу жерлерди тазалатууга, терезелерди жана чырактарды жуудурууга, чатырдагы карды түшүртүүгө жана башка ушуларга окшогон иштерди иштетүүгө тыюу салынат (195-п.).

Жалпы билим берүү уюмдарынын бардык жайлары күндөлүк нымдуу жуучу каражаттар менен тазаланууга тийиш. Дааратканалар, ашканалар, вестибюлдар, рекреациялар ар бир танапистен кийин нымдуу тазаланууга тийиш.

Окуу жана көмөктөшүү жайлары сабактар аяктагандан кийин окуучулар кеткенде терезелерин жана фрамугдарын ачып коюп тазаланат. Эгерде жалпы билим берүү уюму эки сменада иштесе, анда ар бир смена аяктагандан кийин тазаланат: полдору жуулат, чаңдаган жерлердин чаңы сүртүлөт (терезелердин алдындагы тактайлар, радиаторлор ж.б.). Билим берүү уюмунун жайлары бир суткада бир жолудан кем эмес тазаланууга тийиш. Жалпы билим берүү уюмунда колдонуу боюнча нускамаларды сактоо менен жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонушат.

Пол жуу үчүн дезинфекциялоочу эритмелерди так эле колдонуунун алдында окуучулар жок болгондо ажатканаларда даярдалат.

Мектептин аймагы таза кармалышы керек. Аймактар күн сайын окуучулар аянтчаларга чыга электе тазаланат. Аба ырайы ысык жана кургак болуп турганда аянтчалар жана чөптүн үстү сейилдөөлөрдүн жана спорттук машыгуулардын башталаарына 20 мүнөт калганда сугарылат.

Кышында аянтчалар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор кардан жана муздан тазаланат.

Таштандылар капкактары бекем жабылуучу таштанды чогулткучтарга чогултат жана алардын көлөмүнүн 2/3 бөлүгү толгондо тиричилик калдыктарын алып чыгуу келишимине ылайык катуу тиричилик калдыктарынын полигонуна чыгарылат. Контейнерлер (таштанды чогулткучтар) бошотулгандан кийин аларды белгиленген тартипте уруксат берилген дезинфекциялык каражаттар менен тазалоо зарыл. Таштандыларды жалпы билим берүү уюмдарынын аймагында жана контейнерлердин ичинде өрттөөгө тыюу салынат.

Жыл сайын (жазында) бадалдар кооздолуп кыркылат, жаш, кургап калган жана майда бутактары кыйылат. Окуу жайлардын терезелерин жаап калган же табигый жарыгынын чектелген көрсөткүчүн төмөндөткөн бийик бактар болсо, аларды кыюу же бутактарын кыркуу иш-чаралары жүргүзүлөт (211-230-п.).

Окуучуларга ашкананын өндүрүш жайларына кирүүгө тыюу салынат. Окуучуларды тамак даярдоо, жашылчаларды тазалоо, даяр тамакты ташуу, нан тууроо, жайларды тазалоо менен байланышкан жумуштарга тартууга тыюу салынат (301-п.).

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мектеп администрациясын жашыруун каттар үчүн кутуларды орнотууга милдеттендирбейт. Бирок окуучулардын мектептин турмушуна катышуусун жакшыртуу, окуучулардын пикирин билүү жана алар менен диалог жүргүзүү үчүн, коррупцияга каршы туруу максатында ж.б. мектептин администрациясы жашыруун каттар үчүн кутуларды, ишеним телефондорун жана башкаларды орното алат. Камкорчулар кеңеши, ата-энелер чогулушу, жалпы билим берүүчү мектептин педагогикалык жамааты, ошондой эле окуучулар бул маселе боюнча демилге көтөрө алышат.

 

Окшош материалы: