Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Гранттар ЖӨБ органдарына инвестицияларды башкарганды үйрөтүүдө ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык программасынын жыйынтыктары

2020-03-05 / ЖӨБ кызматтары
Гранттар ЖӨБ органдарына инвестицияларды башкарганды үйрөтүүдө ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык программасынын жыйынтыктары

Султан МАЙРАМБЕКОВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттар боюнча адиси

25 жылдан бери өнүктүрүү долбоорлору Кыргызстандагы жергиликтүү жамааттарга гранттарды берип келе жатат. Бул гранттардын тийгизген таасиринин жыйынтыктарына жалпысынан эч качан баа берилген эмес. Балким, мындай баа берүү мүмкүн да эмес, себеби бул гранттардын багыты жана таасири өтө эле көп түрдүү. Бирок ар бир жардам программасы гранттар карапайым адамдарга, шаарлардын жана айылдардын жашоочуларына кандай таасирин тийгизгенин түшүнүүгө умтулат. Чакан гранттар программасы да ушул эле максатты көздөйт. Бул Программаны 2015-жылдан 2019-жылга чейин Кыргызстандын муниципалитеттеринде “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) ишке ашырып келди. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат. 

ЖӨБ органдарынын пикири 

Бул программанын тышкы жардамдын ушуга окшош аспаптарынан принципиалдуу айырмачылыгы – гранттык демилгелердин жооптуу аткаруучулары болуп ЖӨБ органдары эсептелинет. Алар элдин муктаждыктарын аныктап, долбоордук сунуштарды даярдап гана тим болбостон, ошону менен бирге  долбоордун тикелей менеджерлерине да айланышты. ЖӨБ органдары мамлекеттик сатып алуулардан баштап, жеткирүүчүлөрдүн аткарган ишин контролдоого чейинки процессти толугу менен жүзөгө ашырышты. Ошол себептен ЖӨБ органдарынын гранттык программалардын жыйынтыктарына карата көз карашы процессти уюштурууга баа берүү жагынан алганда да, гранттардын эсебинен алынган жыйынтыктардын туруктуулугуна баа берүү жагынан да абдан маанилүү.

Гранттык долбоорлордун темалары айылдык аймактардын элинин артыкчылыктуу муктаждыктарына шайкеш келди. Айталы, ЖӨБ органдарынын пикирлеринин 98% гранттык долбоорлорүчүн темаларды тандоого жергиликтүү жамаат эффективдүү катышканын тастыктап турат. Муктаждыктарды аныктоого жамааттын катышуусу гранттык программанын милдеттүү талабы болгон.

Бирок ЖӨБ органдарынын 89% башка булактардан инвестициялар үчүн багыттарды аныктоодо жергиликтүү жамааттын пикирине таянууда. Долбоорлордун басымдуу бөлүгү мектептеги жана бала бакчадагы билим берүүнүн шарттарын жакшыртууга, жаштарды өнүктүрүүгө жана таза сууга багытталды.

Чакан гранттар программасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен кошо каржылаганы да абдан маанилүү. Мисалы, Долбоордун гранттык каражаттарынын жалпы көлөмү 69 700 000 сомду түзсө, жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо дээрлик 30 пайызды же 26 415 921 сомду түздү.

ЖӨБ органдары таштанды жыйноо жана чыгаруу, мектептеги билим берүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду кошо каржылоого көбүрөөк басым жасаганы белгилүү болду. ЖӨБ органдарынын төрттөн бири долбоорлор сапаттуу жана өз убагында аткарылды деп эсептешет. Болгон жалпы учурлардын 4 пайызында долбоорлор жыйынтыкталбай калган. Бул маалыматтар чыныгы кырдаалды чагылдырып турат – жалпысынан ЖӨБ органдары өздөрүн сабаттуу жана жоопкерчиликтүү менеджерлер катары көрсөтө алышты. Бирок ошол эле маалда алар ар кандай кыйынчылыктарга туш болушту. Мисалы, мыйзамдар жана мамлекеттик сатып алуулар порталы менен иштөөдө көйгөйлөр болду, долбоорлорду башкаруу чөйрөсүндө кандайдыр бир билимдин жетишсиздиги байкалды, айрым жеткирүүчүлөр жоопкерчиликсиз мамиле жасашты ж.б.

Респонденттердин 26 пайызы гана гранттык долбоор өз максатына толугу менен жеткенин белгилешти. Бул демек ушуга ыраазы болуп кала бербей, мындан ары да кызмат көрсөтүүнү өркүндөтү зарыл экенинен кабар берет. Сурамжылоого катышкандардын 98 пайызы гранттык долбоордун жыйынтыктарын жакшыртуунун үстүнөн ишти уланта берүү зарыл болгонун белгилешти.

Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги (SDC) “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору аркылуу туруктуулукка жетүүгө ЖӨБ органдарына мынданары да жардам берет. Бул үчүн муниципалитеттерге кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча методологиялык жардамын улантат. Айталы, ичүүчү сууга жана катуу тиричилик калдыктарын чыгарууга тарифтерди түзүү боюнча тренинг, бир катар консультациялар пландалды. Убакыт токтоп турбайт экен.

Баары өзгөрүүдө. Ошондуктан муниципалитеттер да бир орундан жылбай калгысы келбейт, аларда жергиликтүү жамааттын жашоосун ыңгайлуу кылуу үчүн жаңы нерсени үйрөнүүгө, өнүгүүгө болгон каалоо күчтүү.

Жергиликтүү жамааттардын пикири 

Чүй, Нарын жана Ош облустарындагы 27 максаттуу жана 17 максаттуу болбогон муниципалитеттерде ишке ашырылган 70 гранттык долбоордун ичинен бул журналга 14 баян тандалып алынды. Долбоорлор тийгизген таасирдин туруктуулугу, ошондой эле жарандардын ошол долбоорлорго карата пикири ылгап алууда маанилүү критерий болду. Мындан тышкары жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү, жаштарды өнүктүрүү үчүн түзүлгөн шарттар, айылдын маданий жана руханий турмушун жандандыруу үчүн элеттик клубдардын калыбына келтирилиши, таштандыны тазалоо өңдүү элге зарыл кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштурулушу да каралды. 

“Муниципалитет” журналы буга чейин гранттык долбоорлорду ишке ашырган ЖӨБ органдары тууралуу баяндарды жарыялап келди. Журналдын бул жолку чыгарылышынын өзгөчөлүгү – долбоордун жыйынтыктарына гранттык долбоорлордун алкагында пайда болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонуучулары, бенефициарлар баа беришет. Журнал демилгелүү топторго катышуу аркылуу долбоорго тикелей тартылган айыл тургундарына, мисалы, мектептердин директорлоруна, бала бакчалардын башчыларына сөз берди. Ошондой эле журналда мугалимдердин, пенсионерлердин, дыйкандардын жана үй кожойкелердин пикирлерине да орун берилди.

Көпчүлүк муниципалитеттерде артыкчылыктар боюнча алып караганда мектептеги жана мектепке чейинки билим берүү долбоорлордун негизги багыттары болду. Бул бөлүмдө үч мисалды келтиребиз. Бул мисалдарда артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктап, аларды кантип чечкени тууралуу сөз болот. Долбоордун катышуучулары мектеп ашканасын оңдоп, мектептерге интерактивдүү такталарды, кеңсе буюмдарын, ал эми бала бакчаларга зарыл болгон эмерек, буюмдарды сатып берүү менен маселени чечишкен. Мааниси жагынан экинчи багыт – көпчүлүк муниципалитеттер үчүн актуалдуу болгон ичүүчү суу маселеси. Элеттиктер суу түтүк тарамдарын оңдоп, өздөрүн суу менен кантип камсыз кылганы тууралуу айтып беребиз. Көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү үлгү болчу мисалдарга күбө болосуз: элеттиктер артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктап, аларды атайын техниканы сатып алуу, жаңы тротуарды куруу, айыл өкмөтүнүн административдик имаратын толугу менен оңдоп, көчөлөрдү жарыктандыруу аркылуу кантип чечкенин баяндап беребиз. Ал эми маданият чөйрөсүндөгү мисалдар артыкчылыктуу маселени маданият үйлөрүн ремонттоо аркылуу кантип чечилгенин сүрөттөп берет.

Спорт залдарды оңдоп, шаймандарды сатып алуу элет жергесиндеги спортту кантип өнүктүргөнү тууралуу баян да кызыктуу болот деп ойлойбуз.

 

 

Окшош материалы: