Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ кызматтары
Таза суусуз өткөн күндөрдү эстесем жүрөгүм зыркырайт
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь АА
Каныш БАЗАРКУЛОВА, 72 жашта, пенсионер:
– Менин үй-бүлөм чоң – беш балам, 10 неберем бар. Балдарым өз оокатын кылып, бизден бөлүнүп кетишкен. Биз менен уулум үй-бүлөсү менен жашайт. Бирок баары бир эски үйдө кадимкидей тар болуп калды. Ошондуктан 2020-жылы жер участогун алып, биздин айылдагы жаңы конушта үй кура баштадык. Жаңы конушта эч кандай суу болгон эмес. Мындан улам үй кургандар абдан кыйналдык, жарым километр аралыктан суу ташып келчүбүз. Бирөө машинеси менен барса, экинчиси арабасына флягаларды салып алып ташып келет, башкасы болсо сууну эшекке артып келет. Жайында сууну арыктан алып жаттык. Ошентип, беш жылга созулган азаптуу курулуштан кийин 2015-жылы үй-бүлөбүз менен жаңы үйгө көчүп бардык. Албетте маңдайыбыз жарыла кубандык. Бирок биринчи күнү эле таза суунун азабын чеге баштадык. Баягы эле суу ташымай окуясы кайталанды. Кышында сууну чанага жүктөп алып ташычубуз. Биздин көчөдө 30га жакын кожолук бар, ал жакта негизинен жаш үй-бүлөлөр жашайт. Келиндер суу ташып жүргөнүн көргөндө каңырыгым түтөйт. Анткени аларга суукүнүмдүк тиричилик үчүн абдан зарыл да. Курулуш жүрүп жаткан маалда эч кандай суу түтүк тарамы болбогонун түшүнчүбүз. Ошондуктан болгонун болгондой кабыл алып эле унчукпай иштей бергенбиз. Бирок үйгө көчүп келгенден кийин бул маселени чукул арада чечиш керектигин түшүндүк. Кошуналар менен чогулуп алып айылдын старостасын жемелей баштадык. Ал болсо жакында чоң жана жакшы өзгөрүүлөр болоорун, кайсы бир Долбоор келип, биздин көчөнүн гана эмес, жалпы Бирдик айылынын суу маселесин чечип берээрин айтты.
2015-жылдын жайында айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жаңы конуштун бардык жашоочуларын чогултуп, жыйын өткөрүштү. Бул жыйынга ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун өкүлдөрү да катышты. Чогулуш буга чейин болуп көрбөгөндөй форматта – оюн формасында өттү. Топ-топторго бөлүнүп алып, биз айылдагы эң көйгөйлүү маселелерди аныктай алдык. Андан соң айылдык аймактын жалпы чогулушунда артыкчылыктуу көйгөйлөрдү тандап жатканда жашоочулардын көбү биздин маселебизди тандап алышты. Бул үчүн биз ушул кезге чейин элеттиктерге ыраазычылыгыбызды билдирип келебиз. Натыйжада ичүүчү суу көйгөйүн чечүү боюнча биздин долбоор конкурста 1 миллион сом утуп алды. Жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо түрүндө 100 миң сом бөлүндү. Бирдик айылында 400 үй кожолукта 1350 адам жашайт. Чогулган акчага 2016-жылы суу менен жабдуу системасын орноттук, төрт көчөгө төрт кудук орнотулду, 1,5 км жерге суу түтүк куурлар төшөлдү, болгондо да куур ар бир короого жетти. Сууну ар бир короого жеткиргенден кийин көпчүлүк жашоочулар үйлөрүндө суу жылыткычтарды, раковина, кир жуугуч автоматтарды орнотуп, жуунучу бөлмөлөрдү, даараткананы жасай башташты. Бизден кийин көчүп келе баштагандар жолдуу экен, анткени негизгиси суу бар, калган маселени чечсе болот. Долбоордун жардамы менен адамдардын турмушу оңолду, азаптуу күндөр артта калды. Азыр каалаганда идиш, кир жууп, каалаганда жуунуп алабыз. Суу ташып жүргөн күндөрдү эстесем жүрөгүм зыркырайт. Кантип ошого чыдаганыбызды да түшүнө албай кетем. Айтор, адамдардын жашоосу жакшы жагына өзгөрдү, баарыбыздын маанайыбыз ачык, көңүлүбүз ток. Биздин орчундуу көйгөйүбүздү чечип бергендердин баарына ыраазычылыгымды билдирем. Биз, биздин балдарыбыз жана неберелерибиз силерге дайыма ыраазы болобуз!
Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Тажрыйба алмашуу сапарлары: муниципалитеттер муниципалдык ишканалардын иши жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү боюнча тажрыйбалары менен кантип бөлүшүүдө?
-
№12 (170) / 2025-12-30 Үйдөн полигонго чейин: калдыктарды иштетүүгө аялдарды кантип тартса болот? Коммуналдык калдыктарды иштетүү системасында гендердик теңчиликти жана социалдык инклюзияны талдоонун жыйынтыктары
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча комплекстүү окутуу: аймактарда жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр боюнча башкаруучулук компетенттүүлүк кантип өркүндөп жатат?
-
№12 (170) / 2025-12-30 Дараметти жогорулатууга гранттар: жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу кылган адамдарга инвестициялоо
-
№1 (159) / 2025-01-30 Мамлекеттик жана ЖӨБ органдары көрсөткөн жана уюштурган кызмат көрсөтүүлөргө жарандардын канааттануу деңгээлин баалоонун жыйынтыктары
-
№11 (157) / 2024-12-02 Маданият аркылуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: “Комуз” музыкалык ийрими
-
№11 (157) / 2024-12-02 Кара-Суу айылдык аймагында фитнестин жардамы менен элеттик аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Каркыранын кубулушу: Нуржандын таза жана дени сак коомго сапары
















