Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаңы атайын техника айылдын негизги көйгөйлөрүн чечүүдө

2020-03-09 / ЖӨБ кызматтары
Жаңы атайын техника айылдын негизги көйгөйлөрүн чечүүдө

Баяндардын топтомун ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси Гуляим ШАМШИДИНОВА даярдады

Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек АА

Дүйшөнкул СОПИЕВ, пенсионер, 65 жашта:

– Чаек ААнын жергиликтүү кеңешинин депутаты катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен иштөө тажрыйбам бар. Узак убакыттан бери ЖӨБ органдарында көрктөндүрүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү үчүн жетиштүү материалдык-техникалык базасы болгон эмес. Биздин айылдык аймак колхоздун базасында негизделген. Ал эми бул колхоздун бардык кыймылдуу да, кыймылсыз да мүлкү жеке менчикке өтүп кеткен. Анча-мынча нерсе гана муниципалдык менчикте калган. Чаек АА – район борбору, дээрлик шаар болуп эсептелинет. Элдин бардык көйгөйлөрү жана жүгү ЖӨБ органдарынын мойнуна жүктөлгөн: арыктарды тазалаш керек, жолдорду оңдоп, куруш керек, таштанды чыгарып, аймакты көрктөндүрүү боюнча башка иштерди жасаш керек. Бирок ЖӨБ органдары иш жүзүндө салык чогултуп, маалымкат берип, күнүмдүк ишин эле аткарышат. Алар оор көйгөйлөрдү чечүү менен дээрлик алектенишкен эмес. Өзгөчө коммуналдык чарбага жана инфраструктурага байланышкан бир топ көйгөйлөр бар эле. Мындай кырдаал айыл өкмөтү бул ишти жасай албаганы үчүн түзүлгөн калган жок. Убагында материалдык-техникалык база ойлонулбай жок кылынган, жаңы системанын шартында башкаруу көндүмдөрү болгон эмес, кызмат көрсөтүү жана көрктөндүрүү чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши кантип уюштурулушу керектигин түшүнгөндөр аз болчу. Салык аз чогулуп, бюджет аралык мамилелер көп акчаны талап кылган маселелерди чечүүгө жол берген эмес. Ошондуктан акчанын тартыштыгы, транспорттун жана атайын техниканын жоктугу, чыныгы адистердин тартыштыгы жана башка факторлор азыркыдай кырдаалга алып келди – көйгөйлөр көбөйө берди, бирок чечилбей жатты.

2017-жылы биздин муниципалитетте ЭҮЖӨБОЖ Долбоору өз ишин баштап, алар менен кызматташууга коомдук лидер катары мени тартышты. Мен адамдарды чогултуп, аймактагы эң актуалдуу көйгөйлөрдү аныктап чыгып, талкууладык, чогулуштарда сурамжылоо жүргүздүк. Негизинен арыктарды тазалоо, жайытка барчу жолду оңдоо, ички жолдорду ремонттоо маселеси кайра-кайра көтөрүлүп жатты. Бул объекттердин абалы өтө оор эле, жолдор ушунчалык талкалангандыктан ары-бери каттоо да мүмкүн болбой калган, көчөлөргө таштанды толуп, эски свалка талаптарга жооп берчү эмес. Таза суу да чоң көйгөйгө айланып, андан биринчи кезекте аялдар жана балдар азап чеккен.

Көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү маселелер айылдын бардык жашоочулары үчүн маанилүү болгонун кырдаалга жасалган анализ көрсөттү. Ошондуктан чогулушта “Ички инфраструктураны жакшыртуу – адамдардын татыктуу жашоосунун кепили” деп аталган долбоор артыкчылыктуу деп тандалды. Бул долбоордо атайын техниканы сатып алуу каралган эле. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жардамы менен 2017-жылы экскаватор сатып алганбыз. Бугүнкү күндө сапаттуу кызмат көрсөтүп, суу түтүк тармактарындагы авариялардын кесепеттерин жоюп, жолдор тартипке келтирилип жатат. Малчылар жайытка кыйналбай жетишүүдө, арыктар жана каналдар да тазаланып жатат. Мындан тышкары таштанды чогултулуп, тазаланып жатат, таштанды чогултуу үчүн цементтен жана металлдан жасалган контейнерлер орнотулду. Жергиликтүү кеңештин сессиясы таштанды үчүн тарифти бекитип берди: эми ар бир короодон 20 сомдон, кафе жана мекемелерден 50 сомдон чогултулуп жатат. Атайын техника таштандыны график боюнча жыйнап кетип, жаңы таштанды төкчү жайга алып барып таштайт. Атүгүл адамдар мештин күлүн да акырын чогултуп, сыртка чыгарып коюшат. Көпчүлүк көчөлөрдө таштандыны уруксат берилбеген жерге төккөндөр айып төлөйт деген жазуусу бар табличкалар орнотулган. Ошентип көчөлөр тазарып, келген коноктор мындай өзгөрүүлөргө таң калып жатышат. Мындан тышкары атайын техниканын жардамы менен үй кожолуктардын да көйгөйлөрү чечилип жатат. Атайын техника суу түтүктөрдү төшөөгө жана канализацияны курууга, чуңкурларды жана арыктарды казууга тартылууда.

Натыйжада эми көрктөндүрүү маселелери ыкчам чечилип калды. Мурда айыл өкмөтүнө караштуу ТКЧ бөлүмү иштечү. Ал жерде 18 адам бар болчу. 2020-жылдын январынан тартып “Таза-Чаек” муниципалдык ишканасы түзүлүп, кошумча алты жаңы иш орду пайда болду. Долбоор биздин муниципалитетке эл менен эффективдүү иштегенди үйрөттү, жарандардын жоопкерчилигин күчөттү жана ЖӨБго катышуу көндүмдөрүн жакшыртты.

Бүбүмалим КОЖОМБЕРДИЕВА, 70 жашта, пенсионер

– Малын айдап, жайытка көчкөн чабандар өзгөчө кыйналчу: жолдордун жана көпүрөлөдүн абалынын начардыгынан алардын машинелери өтө албай, жада калса сууга түшүп кеткен учурлар да болгон. Таза суунун тартыштыгынан улам чабандар сууну 5 км алыс жерден эшек жана ат менен ташычу. Кышында жааган кар элди азапка салат. Себеби бул аймакта кар калың жаайт. Натыйжада жолдор жабылып, ал эми карды күрөп чыгуу үчүн техника болгон эмес. Арык тарамы иштебей калган. ХХ кылымдын 50-жылдары курулган суу түтүк тарамдарынын эскилиги жетип, чирип кеткен. Суу дайыма тартыш болчу. Мунун айынан ар кандай жаңжалдар да болуп турчу. Киши өтчү көпүрөнүн жоктугунан балдар арыкка түшүп кеткен учурлар болгон. Таштанды чогултуп, жыйноо менен эч ким алектенбейт. Мындан улам туш келди жерде таштанды жатчу. Адамдар таштандыны жолдун боюна эле таштап кете берчү. Пластик баштыктар аймактын тегерегинде учуп жүрчү.

Экскаватор сатып алгандан кийин кырдаал түп-тамырынан бери өзгөрдү. Биринчи кезекте жолдорду иретке келтирип, жаңы көпүрөнү курушту. Анын ичинде жайытка барчу жолдо да көпүрө пайда болду. Эски суу түтүк куурларын жаңысына алмаштырып, суу өткөрүштү; чуңкурларды казып чыгышты; графикке жараша таштанды чогултулуп, аймак таштандыдан арыла баштады. Жашоочулар мурдагыга караганда жоопкерчиликтүү болуп, короосундагы жана көчөдөгү тазалыкка көз салып калышты. Алар кызмат көрсөтүү үчүн акыны өз убагында төлөп жатышат. Жаңы атайын техниканын жардамы менен үч футбол талаасы курулду. Атайын техника үй кожолуктардын ички маселесин чечүүгө да жардам берип жатат. Мурда жашоочулар жеке менчик фирмаларды жалдачу, азыр ошол эле ишти арзан баада атайын техника жасап берүүдө. Жалпы жонунан алганда Чаек айылдык аймагынын эли үчүн жашоо оңолду. Бул аймакка кирген үч айылда 12 619 адам жашайт.

 

 

Окшош материалы: