Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаңы тротуар аң-сезимди өзгөртүүдө

2020-03-09 / ЖӨБ кызматтары
Жаңы тротуар аң-сезимди өзгөртүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк АА

Тахир АБДУРАИМОВ, 65 жашта, пенсионер:

– Үй-бүлөм менен Ташлак айылында жашайм. Мен бул айылда төрөлүп-өскөм. Жаш кезде колхоздо айдоочу жана куруучу болуп иштедим. 2010-жылы Ош окуяларынан кийин мени Ташлак айылынын бир бөлүгүнүн эл башчысы кылып шайлашкан. Ташлак – Кара-Суу айылдык аймагынын борбордук айылы. Кара-Суу айылдык аймагынын курамына алты айыл кирет. Ташлак аркылуу Ош-Бишкек трассасы өтөт. Мурда СССР доорунда бул трассанын боюнда тротуар бар болчу. Бирок бара-бараандан эч нерсе калган жок. Ал эми бул трассада кыймыл эч качан токтобойт, жолдун эки тарабында тең коомдук мекемелер, уюмдар жана ишканалар, анын ичинде бала бакча, эки мектеп, үч мечит, кафе жана ресторандар, наабайканалар, көмүр саткан күркөлөр орун алган. Тротуар жана светофор болбогондуктан адамдар жолдун чети менен басышчу, балдар жолго чуркап чыкчу, адамдарга жолду кесип өтүү өтө кыйын эле. Жолдо бараткандарды буйтап өткөн айдоочулар машинесинин сигналын катуу басат, мындан улам кулак-мээни жеген ызычуу такыр бүтчү эмес. Жол кырсыктары да көбөйдү. Мисалы, акыркы эки жылда эле бул трассада карыя жана эки окуучу көз жумду. Жергиликтүү тургундар балдары үчүн тынчсызданып отураар эле. Атүгүл чоң адамдарга да трассанын жанынан басуу кооптуу болчу. Бул маселени чечип берүүнү өтүнүп адамдар кайда гана кайрылган жок. Бирок акчанын тартыштыгынан улам маселе чечилбей келди.

2017-жылы биздин аймакта ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ишке ашырыла баштады. Бул долбоорго мен да жигердүү катыштым. Чү дегенде эле айыл өкмөтү Долбоор менен чогуу Ташлак айылынын тургундарын чогулушка чакырды. Бул чогулушта айылдын көйгөйлөрүн тизмектеп, аларды чечүү жолдорун талкууладык. Көйгөйлөр чындап эле өтө көп болчу. Ар бири боюнча демилгелүү топту (мындан ары – ДТ) түзүп, лидерлерди – топтордун төрагаларын тандадык. Ошентип мен тротуар көйгөйүн чечүү боюнча топтун төрагасы болуп калдым. Биздин топко жашоочулар, айыл өкмөтүнүн адистери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары болуп 11 киши кирди. Биз өз долбоорубузду “Жолдогу кырдаалды өзгөртсө болот” деп атап, долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын даярдадык. Жыйынтыктоочу чогулушка буга чейин болуп көрбөгөндөй көп киши чогулду – 900 адам артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу үчүн чогулду. Ошентип тогуз долбоор добушка коюлду. Алар: мектептин айланасын тосмолоо, жарыктандыруу, бала бакчанын аянтчасын жабдуу, таза суу, жаштар борбору, жолдорго асфальт төшөө, сел маселеси, көпүрө жана тротуар. Натыйжада көпчүлүк адамдар эки артыкчылыктуу долбоор үчүн добуш беришти. Алар: тротуарды орнотуу (жол кырсыктарын алдын алуу жана элдин коопсуздугу максатында) жана мектептин айланасын тосмолоо (эки мектептеги аянтка асфальт төшөө). Долбоордун гранттык программасынын конкурсуна катышып, эки сунуш тең 1 миллион сомдон утуп алды.

Тротуарды орнотуу үчүн 1 миллион сом гранттык каражаттан тышкары кошо каржылоо катары жергиликтүү бюджеттен кошумча 1 миллион сом бөлүндү. 2 миллион сомго Ташлак айылында Бишкек-Ош негизги жолунун боюнда узундугу 2 км., туурасы 2 метр болгон, асфальт төшөлгөн тротуар жасалды. Айыл тургундары да өз салымын кошту. Элеттиктер 20 адамдан болуп 7 топ түзүп, бир апта бою майда ташты тегиздеп чыгышты. Элдин эмгек салымы 70 000 сомдон ашты. МАИ аркылуу бир мектептин тушунда светофорду жана жол белгилерин орноттук, үч жерге жөө жүргүнчүлөр үчүн белги салдык, жол бекет кызматы туруктуу нөөмөттө турат. Эми бизде жөө жүргүнчүлөр үчүн өзүнчө жол бар. Ошентип айылдын көптөн берки оор маселеси чечилип, элдин коопсуздугу үчүнда жакшы болду. Ошол замат жол кырсыктары да кескин азайды, адамдар коркпой эле жолду кесип өтүп калышты. Ата-энелердин балдары үчүн санаасы тынч, келиндер баласын коляскага отургузуп алып ары-бери сейилдеп жүрүшөт, кары адамдар кечкисин мечитке каттап турушат. Жадакалса майыптар үчүн пандустарды да орноттук. Адамдар, өзгөчө окуучулар жол эрежелерин сактап жатышат. Эгерде мурда адамдар таштандыны жолдун боюна эле таштап келсе, азыр болсо ойдогудай таза болуп калды. Жаңы тротуар элге абдан жагып, ЖӨБ органына болгон ишеним артты. Коомдук жайларда адамдар жергиликтүү бийликти мактап, айыл өкмөтү жакшы иштей баштады деп көп айтышат.

Кызыгы, көп көчөлөрдө адамдар да демилге көтөрүп, жаңы демилгелүү топторду түзүп жатышат, өз көчөсүндөгү кайсы бир көйгөйдү чечүү үчүн өз алдынча чогулуп, ийгиликке жетишүүдө. Биздин алгачкы болуп түзүлгөн демилгелүү топторго салыштырмалуу жаңылары эмнени каалаганын, ким менен жана кантип иштегиси келгенин, кимден жардам күтсө болоорун, ал эми кимге кайрылып убара болбой эле коюш керектигин так билишет. Алар ЖӨБ органдарына, жергиликтүү ишкерлерге жана демөөрчүлөргө, түрдүү долбоорлорго жана донордук уюмдарга кайрылышат. Ошентип, ЖӨБ органдары менен чогуу таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу, ички жолдор өңдүү башка дагы артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечип жатышат. Ошону менен бирге демилгелүү топтун курамына киргиси келген адамдар да көбөйдү, өз айылына пайда алып келип, коомдук ишке тартылгысы келгендердин катары калыңдады.

Тротуардын иш жүзүндөгү жыйынтыгы көзгө көрүнөрлүк. Бирок муну менен гана чектелип калбаш керек. Тротуар элестүү айтканда жергиликтүү жамааттын аң-сезимин өзгөрттү десек болот. Бул жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органы биргелешип иш жасаса, жыйынтыгы кандай болоорун көрсөткөн долбоор болуп калды.

Окшош материалы: