Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ кызматкерлерине шарт түзүп берсе, элге кызмат көрсөтүүнүн сапаты да жогорулайт

2020-03-09 / ЖӨБ кызматтары
ЖӨБ кызматкерлерине шарт түзүп берсе, элге кызмат көрсөтүүнүн сапаты да жогорулайт

Чүй облусунун Сокулук районундагы Күнтуу АА

Валерий ШИЛОВ, 52 жашта, “Таза-Күнтуу” муниципалдык ишканасынын директору:

– Мен Орусияда төрөлүп, бойго жетип, ошол жерде үйлөнгөм. 1990-жылы үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу Кыргызстанга көчүп келип, Күнтуу айылында орун-очок алдым. 2005-жылы турак-жай коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис болуп, айыл өкмөтүнө ишке орношком. Бул кызматта 2018-жылга чейин иштедим. Андан кийин жаңы түзүлгөн «Таза-Күнтуу» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалдым. Күнтуу айылдык аймагында 7325 адам жашайт, аянты 7217 гектар, курамына беш айыл кирет, үй кожолуктарды саны – 1720.

Эсимде, айыл өкмөтүнө ишке орношкону келгенде ХХ кылымдын 50-жылдары курулган эски имарат өтө жагымсыз таасир калтырган: имараттын ичи суук болчу, жылуулук начар иштечү, чатырынан суу агып, документтер көгөрүп кетээр эле. Ным кетпеген, жылыбаган имаратта иштеген кызматкерлер да тез-тез ооручу. Имараттын ичиндеги чакан 12 бөлмөдө айыл өкмөтүнүн 15 кызматкери, жайыт комитетинин, СПАнын, ТСКАКБнын кызматкерлери болуп жалпысынан 30 адам иштечү. Бир жолу өрт чыгып, эки бөлмө такыр жараксыз абалга келген. Андан кийин ого бетер тар болуп, начар шартта иш да илгерилебей койду. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери калк менен дээрлик байланышта болчу эмес, алардын өтүнүч-кайрылууларынан тезирээк кутулууга аракет кылып, башка органдарга жана уюмдарга жибергенге аракеттенишчү. Мындай кырдаалда элге сапаттуу кызмат көрсөтүү тууралуу сөз кылууга да ооз барбайт.

2015-жылы Күнтуу АА ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитети болуп калган. Ошол учурдан тартып ЖӨБ органынын ишинде жана жалпы аймакта чоң өзгөрүүлөр башталган. Биринчи кезекте ЖӨБ органы жана Долбоор аймактагы беш айылдын элинин катышуусу менен ЖМБА-иш-чараларын уюштурду. Бул иш-чарада ичүүчү суу, таштанды, жолдор, бала бакча, мектеп, электр менен жабдуу, көчөлөрдү жарыктандыруу өңдүү артыкчылыктуу көйгөйлөр аныкталган. Анын ичинде айыл өкмөтүнүн имаратында шарттардын жоктугу көйгөйү да көтөрүлгөн. Бул көйгөйдү чечүү үчүн демилгелүү топ түзүлүп, ага мүчө болуп мен да киргем. Биз иш-чаралардын планын даярдап, маселени чечүүнүн түрдүү жолдорун сүрөттөп берип, зарыл чыгымдарды болжол менен эсептеп чыгып, түрдүү тараптардан акчалай жана эмгек салымы кандай болоорун болжолдоп чыктык. Долбоорубузду “Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн жагымдуу шарттардытүзүп берүү” деп атап, жалпы чогулушта элге долбоор тууралуу айтып бердик. Бул чогулушта башка демилгелүү топтор да өз долбоорлорун тартуулашты. Көпчүлүктүн добушу менен биздин долбоор артыкчылыктуу деп тандалып алынып, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык программасына катышып, 1 миллион сом утуп алды. Кошо каржылоо катары ЖӨБ органы жергиликтүү бюджеттен 200 000 сом бөлүп берди. Бул эки жактан келген акчаны кошуп, 2017-жылы айыл өкмөтүнүн имаратынын чатырын толугу менен оңдоп чыктык, өрттөнүп кеткен кабинеттерди калыбына келтирдик, жылуулук киргизип, жеңил ремонт жасап чыктык. Натыйжада имараттын тышкы көрүнүшү оңолуп, чатырдан суу акпай, бара-бара талкаланып бараткан имарат колдонууга жарап калды. Кышында температура көтөрүлүп, электр энергиясын да үнөмдөп калдык. Бирок эң негизгиси – калкка кызмат көрсөтүү үчүн шарттар да оңолду: адамдар колчатырчаны көтөрбөй эле келип калышты, жылуу, ыңгайлуу бөлмөдө сырткы кийимин чечип кенен отурушат. Адамдардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата мамилеси да өзгөрдү. Адамдар айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине сылык мамиле жасап калышты. Биздин муниципалдык ишканабыз үчүн эки кабинет бөлүп бердик. Ал жерде 10 киши иштейт (айдоочулар жана тракторчулар негизинен сыртта жүрүшөт, кабинетте төрт адам отурат).

Долбоор менен иштөөнүн натыйжасында айыл өкмөтүнүн кызматкерлери калктын пикирин билип, көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүү жолдорун таба башташты. Тажрыйба алмашуу боюнча иш сапарларында биз өзүбүз үчүн көп жаңы жана пайдалуу маалыматтарды алдык, Кыргызстандагы башка муниципалитеттердин ийгиликтүү иш практикасы менен тааныша алдык. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери ишке болгон мамилесин өзгөртүштү, ар бир келген адамга толук жана сабаттуу жооп кайтарышат, өзүнүн иш милдеттерин мыкты билишет. Айылдык кеңештин депутаттары да жарандарга карата мамилесин өзгөртүштү. Эгерде мурда бардык сессиялар жабык эшик артында өтүп келсе, азыр болсо кеңештер ачык болуп калды, каалаган жарандар кеңештин сессияларына катыша алат. Өз кезегинде жарандарда да ЖӨБ органдарына болгон ишеними артты. Алар суроолору же маселесиболсо көбүрөөк кайрылып калышты. Айталы, мурда аксакалдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүмкүнчүлүктөрүнө ишенишчү эмес, көйгөй пайда болоор замат “жогору жакка”, адатта жергиликтүү мамлекеттик администрацияга кайрылышчу. Эми болсо карылар да, жаштар да биринчи кезекте айыл өкмөтүнө келишет. Анткени бул жерде аларга жардам берилээрин билишет.

Мээрим ЖАНЫБЕК кызы, 30 жашта, айыл өкмөтүнүн катчысы:

– Мен Күнтуу айыл өкмөтүндө алты жылдан бери иштейм. 2017-жылга чейин кышында айыл өкмөтүнүн имаратында иштөө абдан кыйын болчу. Үшүгүнөбүздөн бир орунда отура албай, ары-бери басып жүрчүбүз. Бир нече жылыткыч бар эле, аны да бири-бирибизден талашып иштечүбүз. Колубуз көкмуштум болуп, калем кармай албай калганбыз. Жылыткычты бирөөдөн “тартып алууга” үлгүрсөк, бир аз жылынып, эптеп иштей алчубуз. Бирок жылыткыч баарына жетчү эмес. Дем алыш күндөрү өрт чыкпасын деп бардык жылыткычтарды өчүрүп кетчүбүз. Ошондуктан дүйшөмбү күнү ишке чыкканда имарат сөөккө жеткидей суук болуп калчу. Имараттын ичинде суу жок. Ошондуктан эң кичүүсү катары мен күн сайын көчөдөн суу ташып келчүмүн. Жайында колонкадан алсам, кышында кошуна үйлөргө суу сурап барчумун. Мына ушул көрүнүштүн баары имаратка капиталдык ремонт жасаганга чейин улана берди. Андан кийин имараттын ичин жылытып, терезе, эшиктерди алмаштырышты, раковина орнотуп, суу да келди. Мына экинчи кышты жакшы шартта өткөрүп жатабыз. Азыр жылуу жана ыңгайлуу болуп калды. Мен жумуштагы шарттарга абдан ыраазымын. Мурда сырткы кийимибизди чечпей отурсак, азыр андай эмес. Мен бир күнгө пландап койгон иштердин баарын бүтүргөнгө үлгүрөм, мурдагыдай болуп суу ташыбай калдым, адамдар жылуу жана ыңгайлуу кабылдамада кезегин күтүп отурушат. Кесиптештеримдин маанайы да оңолду, бизге келгендер да сый мамиле жасап, чыр-чатактар да азайды.

 

Окшош материалы: