Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Маданият жана руханий байлык болбосо, биздин келечегибиз да болбойт

2020-03-09 / ЖӨБ кызматтары
Маданият жана руханий байлык болбосо, биздин келечегибиз да болбойт

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу АА

Уланбек АБДЫЛДАЕВ, 55 жашта, дыйкан:

– Совет маалында айылдарда маданияттын өнүгүүсү үчүн көптөгөн объекттер, анын ичинде клубдар жана Маданият үйлөрү абдан жакшы иштечү. Башка муниципалитеттердей эле Кызыл-Туу ААнын жети айылында тең клуб же Маданият үйү бар болчу. Бул объекттер айылдын сыймыгы болчу. Бул жакта элеттиктердин маданий жашоосу күүлдөп тураар эле. Маловодное айылынын борборундагы Маданият үйү социалдык жашоонун очогу болчу. Апта сайын бул жакка концерттик топтор келип, дем алыш күндөрү дискотекалар өтүп, жергиликтүү вокалдык ансамбль жандуу үн менен ырдап, гитара, аккордеон боюнча ийримдер иштеп, күн сайын балдар жана чоңдор үчүн тасмалар көрсөтүлүп турчу. Айылдын дээрлик бардык тургундары ар бир майрамда клубга чогулушчу. Ал эми Жаңы жыл майрамында Аяз ата менен Аяз кыз айылды түрө кыдырып, бардыгын чыныгы маскарад кечесине чакырчу. Бул кечеде мыкты жаңы жылдык кийим, мыкты ыр же бий үчүн жакшы байгелер таратылчу. Айтор, айылда жашоо Маданият үйүнүн айланасында кайнап эле турчу. Бардык иш-чаралар шаңдуу, берекелүү өтчү. Мына ушундай көңүл ток, бактылуу жашоо ХХ кылымдын 90-жылдарына чейин – Союз ураганга чейин болду. Бирок биздин колхоз ошол кезде анын башында турган легендарлуу төрага Лебедев Павел Ильичтин жардамы менен дагы бир нече жыл кармалды. Павел Ильич мыкты жетекчи, өтө жакшы адам эле, ал согуштун ардагери болчу жана эл арасында өтө чоң аброй күткөн. Ал колхоздун төрагасы болуп турган маалда айылдын административдик борбору курулган, анын ичинде мектептер, клуб, бала бакча, ФАП, Экинчи Дүйнөлүк согуштун катышуучуларына эстелик, почта, мал чарба комплекси, колхоз үчүн барак тибиндеги үйлөр, дагы көп имараттар курулган. Бардык жерде иш кайнап, эч бир адам жумушсуз отурчу эмес. Мен ошол кезди ностальгия менен эстейм. Биз айылда абдан жакшы жашачубуз, шаардан айырмаланчу эмеспиз.

1992-жылы колхоз жоюлуп, ар бир үй-бүлөө өзүнүн жер үлүшүн алып, жумушчу орундардын саны кескин кыскарып, жаштар шаарды көздөй кача баштады. Ошентип Маданият үйү 1994-жылы ишин токтотуп, имаратты жеке колго ижарага өткөрүп беришкен. Бара-бара имарат кароосуз калып, шыбы кулап түшүп, чатырынан суу агып, аракечтердин жайына айланды. Мастар имараттын ичиндеги терезе-айнектин баарын талкалап, коомдук дааратканага айландырып салышты. Имараттын ичиндеги колго урунган буюмдар болсо таланып отуруп, акыры жок болду. 2011-жылы гана айына 2000 сом төлөп, кароолчуну жалдай алдык. Бирок имараттын абалы өтө начар болгондуктан дагы жети жыл бул жерде жымжырттык өкүм сүрүп турду.

2017-жылы мен айыл тургундарынын чогулушуна катышып калдым. Бул чогулушта катышуучулар топторго бөлүнүп, Маловодное айылындагы көйгөйлөрдү талкууладык. Адамдар айылдагы дээрлик бардык көйгөйлөрдү санап беришти. Ал эми мен болсо клубдун, бала бакчанын абалын жана таза суунун тартыштыгын айттым. Бирок дээрлик бардыгы айылдан көчүп кетип жаткан жаштардын миграциясына карата чара көрүлүшү керектигин айтышты. Жаштар кичи мекенине кайтып келишиүчүн аларды жумуш менен гана камсыз кылбастан, алардын өнүгүүсү жана социалдашуусу үчүн да шарттар түзүлүшү керек. Ошондуктан Маданият үйү бул маселеде өзгөчө мааниге ээ болду.

Айылда калган жаштар лидерлер менен чогулуп, демилгелүү топторду түзүп, Маданият үйүнүн имаратын калыбына келтирүү боюнча план даярдашты. Натыйжада жалпы чогулушта көпчүлүктүн добушу менен “Маданият үйүнүн чоң залын толугу менен оңдоп чыгуу” долбоору тандалып алынды. Ошентип, биз 1 миллион сом өлчөмүндө грант утуп алдык. Ал эми жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо түрүндө 100 миң сом бөлүндү. 2017-жылы имарат толугу менен ремонттолуп, чытыры алмаштырылды, шыбы оңдолду, дубалдарды тегиздеп, шыбап, актап чыктык, эски полдорду алып салып, линолеумдан жаңысын төшөп чыктык, пластик терезелер орнотулуп, эшиктер жаңыланды. Мындан тышкары жарык өткөрүп, сахнаны жана кийим которуучу бөлмөнү кайрадан жасап чыктык, кошумча үч бөлмөнү толугу менен жаңылап, кышында да, жайында да колдонууга боло турган күчтүү кондиционер сатып алдык. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 450 миң сомго экинчи кондиционерди, үн күчөткүчү бар колонкаларды, 184 жумшак отургучтарды сатып алдык. 2018-жылы күзүндө жаңыланган Маданият үйүнүн расмий ачылыш салтанатына айыл элин, аймактагы жети айылдын аксакалдарын жана лидерлерин, айылдык кеңештин депутаттарын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысын жана Долбоордун өкүлдөрүн чакырдык. Ачылыш аземи концерт менен коштолуп, долбоорду ишке ашыргандардын баарына ардак жана ыраазычылык грамоталары тапшырылды.

2018-жылдын декабрь айында Маданият үйүнүн жаңы имаратында алгачкы иш-чараны өткөрдүк. 2019-жылды тосуп алууга өтө көп адам келди. Адамдар ушундай иш-чараларды сагынып калганы көзгө дароо илинди. Биз балаты сатып алып, аны айланып ырдадык. Илгерки замандагыдай эле Аяз ата менен Аяз кыз мыкты жаңы жылдык кийим, ыр жана бий үчүн белектерин тапшырышты. Ошентип, клуб мурдагыдай эле күчтүү ыргакта иштей баштады. Клубдун эшиги дайыма ачык, өтө көп адамдар келип турат, окуучулардын катышуусунда түрдүү майрамдык иш-чаралар өтүп турат. Баса, өзүнүн жыйын залы болбогон мектепке да бул клубдун ачылганы жакшы болду. Себеби көптөгөн иш-чаралар, анын ичинде ата-энелердин чогулушу да мектептин жанында жайгашкан Маданият үйүндө өтүүдө. Бардык коомдук иш-чаралар – чогулуштар, жыйындар, коомдук угуулар жана курултай да ыңгайлуу жана жылуу имаратта өтүп жатканын айтпасам да түшүнүктүү болду окшойт. Маловодное айылынын калкы ыраазы, биз өзүбүздүн Маданият үйүбүз менен абдан сыймыктанабыз. Биздин Маданият үйүбүз сырткы көрүнүшү жана ыңгайлуу шарттары боюнча райондо мыктылардын катарында турат. Маданият үйү жайгашкан орду жана аурасы менен өзүнө тартууда. Ал эми гастролдоп келген ырчылар жана коноктор залдын мыкты акустикасына таң калышат. Эми жаштар түрдүү маселелерди талкуулап алыш үчүн бул жерге чогулуп турушат, өздөрүнүн иш-чараларын пландап, өткөрүшөт. Айылыбыздын старостасы Тууганбек ТУРКЕБЕКОВдун айтымында, ЖӨБ органы Маданият үйү толук иштеп кетиши үчүн кошумча эки штаттык бирдикке кетчү чыгашаны 2020-жылдын бюджетине киргизген экен. Эми Маданият үйүндө клубдун башчысы, кароолчу жана тазалоочу иштейт. Бош турган бөлмөлөргө китепкананы көчүрүп келгени жатышат. Ошондой эле дискотекаларды жандандырып, тасма көрсөтүүнү пландап турабыз. Комуз жана аккордеон ийримдерин ачуу планыбыз бар. Бирок эң негизги жетишкендик – биз элеттиктерге эң баалуу болгон маданиятты жана руханий байлыкты кайтара алдык. Себеби буларсыз келечек да болбойт.

 

Окшош материалы: