Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айылдагы спорт клубу үмүт отун жандырды

2020-03-10 / ЖӨБ кызматтары
Айылдагы спорт клубу үмүт отун жандырды

Баяндардын топтомун ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси Гуляим ШАМШИДИНОВА даярдады

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Тал АА

Кубанычбек РЫСПЕКОВ, 38 жашта, дыйкан:

– Мен ушул жерде төрөлүп, өмүр бою Ак-Тал айылында жашап келатам. Бул айылда ХХ кылымдын 70-жылдарынын этегинде курулган 150 орундуу жалгыз клуб бар. Мен билгенден бул клуб жылуу мезгилде гана иштечү. Себеби клубду куруп жатканда жылуулук системасын орнотобуз деп унутуп калышканбы, же акчаны үнөмдөшкөнбү, айтор жылуулук болгон эмес. Ошол себептен кышында бардык коомдук иш-чаралар – айылдын чогулуштары, жыйындар жана салтанаттуу кечелер мектептин жыйын залында өтчү. Клубдун имаратында аянты 72 чарчы метр болгон өзүнчө жай бар. 2008-жылы аны спорт клубуна айландырышкан. Бирок бул жай талаптарга жооп берчү эмес, шыбагы урап, электр жабдуусу эскирип, жылуулугу жок, ал эми спорттук шаймандар жараксыз абалга келген. Мындай шарттарда айласы кеткен адам эле машыкпаса, көбү клубга келбей калган. Улам бир жерин оорутуп же көгөртүп келген балдары үчүн тынчсызданган ата-энелер да машыгууларга жибербей коюшту.

2017-жылы айыл өкмөтү ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун кызматкерлери менен чогуу айылдыктар үчүн чогулуш өткөрдүк. Бул чогулуш жамааттагы көйгөйлөрдү талкуулоо максатында уюштурулган. Мен адамдардын көңүлүн клубдун жана спорт клубунун абалына бурганга аракет жасадым. Маданиятты жана спортту өнүктүрбөсөк айылдын өнүгүүсү да мүмкүн болбогонуна, ал эми билим алуу үчүн жана иш издеп кеткен жаштар кичи мекенине кайтып келбей турганына басым жасадым. Айылдын келечеги үчүн жаш жана дени сак жашоочуларболушу керек. Таза суу, жарыктандыруу, жолдор, мектептердин жана бала бакчалардын абалы, китепкана өңдүү толгон-токой көйгөйлөр бар болгонуна карабастан менин сунушумду көпчүлүк тургундар колдоп кетишти. Ар бир көйгөйдү чечүү үчүн демилгелүү топтор түзүлдү. Мен болсо спорт клубунун жана клубдун жылытуу системасы маселесин чечүү боюнча топко кошулдум. Бул топко жети адам кирди – машыктыруучу, жаштардын өкүлдөрү, мугалимдер, пенсионер жана айыл өкмөтүнүн кызматкери. Биздин топ “Жаштар үчүн жаркын келечек” аттуу долбоорду даярдап, анда маселени чечүү жолдорун көрсөтүп, зарыл болгон акчаны эсептеп чыктык. Жергиликтүү жамаат, ЖӨБ органынын жана ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун өкүлдөрү катышкан чоң чогулушта жашоочулар эки артыкчылыктуу долбоорду тандап алышты. Болгондо да катышуучулардын жарымы мектептин көйгөйлөрүнө арналган долбоор үчүн добуш берсе, 41 пайызы клубдун жана спорт клубунун маселесине арналган биздин долбоорду колдоп беришти. Ошентип биз эки долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 миллион сом утуп алдык. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү бюджеттен 401 850 сом бөлүп беришти. 2018-жылы клубдун жана спорт клубунун имаратында электр тогун толугу менен алмаштырып, жылуулук үчүн үч чоң электркалориферди кошуп беришти, спорт клубдун ичи толугу менен оңдолду, жаңы эшиктер орнотулду. Мындан тышкары жаңы спорт шаймандарын – күрөш үчүн мат жана килем, көп функционалдуу жана эки жөнөкөй машыктыргыч, гантеляларды, штангаларды, бокс үчүн мээлейлерди, каскаларды ж.б. сатып алдык. Эми спорт клубунда эки нөөмөттө 7 жаштан 17 жашка чейинки 30 бала, он чоң адам машыгат. Алгачкы жетишкендиктерибиз да бар: биздин балдар эркин күрөш боюнча облустук жана республикалык деңгээлдеги таймаштарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп жатышат. Айталы, 7-класстын окуучусу Давид ЭСЕНГУЛОВ биринчи орунду ээлесе, 4-класстын окуучусу тынбай биринчи жана экинчи орундарды ээлеп келатат. Менин балдарым да спорт клубунда машыгышат. Азырынча чоң спорттук ийгиликтерге жетише элек, бирок алардын ден соолугу мыкты жана күчтүү болуп жетилип келатышат. Жалпынын күчү менен жалгыз клубга жана спорт клубуна жаңы дем бере алганыбызга абдан ыраазымын. Бул клубда айылдагы бардык коомдук иш-чаралар, салтанаттуу кечелер, концерттер өтүп турат. Бул клуб жылуу жана ыңгайлуу болуп калды.

Чыңгыз ЖАМАЛОВ, 31 жашта, машыктыруучу:

– Мен Ак-Тал айылында төрөлүп, ушул жерде өскөм. Биринчи класста окуган балам да спорт клубунда машыгат. 2008-жылга чейин айылдагы жаштардын дээрлик бардыгы ичип, чегип калган. Мектепте рэкетчилик күч алып, бейбаштык кылгандар көбөйгөн. Мындан улам чукул арада чара көрүш керек эле. Айылдын активдүү жамааты спорт клубун ачуу тууралуу чечим кабыл алган. Ал эми ЖӨБ органы клубдун имаратындагы бир жайды бөлүп берди. АРИС долбоору спорт шаймандарын сатып алууга жардам берди. Бирок биз машыктыруучуну издеп таба албай койдук. Ошондуктан балдарды өзүм машыктырып, спортко болгон кызыгуусун жаратайын деп чечтим. 2008-жылдан 2019-жылга чейин айлык албай, акысыз эле иштеп жүрдүм. Бул менин айылдагы карапайым үй-бүлөдө өскөн балдардын келечегине кошкон салымым болсун дедим. Натыйжада үч жылдын ичинде рэкетчилик жана бейбаштык кылган учурлар азайып, жаштар сергек жашоого ыктап, көптөр спорт менен алектене башташты. Бара-бара жабдуулардын тартыштыгы сезиле баштады. Штангалар жана гантелялар керек эле, көп функционалдуу заманбап машыктыргычтар болгон эмес. Биз машыккан жай да жараксыз абалга келип, күрөш үчүн килем эскирип, балдар жаракат ала баштады. Мындан улам ата-энелер да тынчсызданып жатышты. Имаратты толугу менен оңдоп, спорттук шаймандарды жаңылап чыгыш керек эле. Бардык көйгөйлөрдү чечкенден кийин 2018-жылы машыгуулар 100 пайызга кайра жанданып, балдар күрөш менен алектене башташты. Азыр алар облустук, республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлешүүдө.

Шакирттеримдин жетишкендиктерин жана менин ишимди көрүп, райондук деңгээлдеги аткаминерлер машыктыруучу деген штаттык бирдик түзүүнү чечишти. Ошентип, 2019-жылдын сентябрь айынан тартып маяна ала баштадым. Бирок мен үчүн акча эмес, балдарда болгон өзгөрүүлөрдү көрүү, алардын күйүп турган көздөрү, максатка умтулганы, абройлуу эл аралык таймаштарга катышкан сайын шыктанганы мен үчүн баа жеткис нерсе. Биздин балдар атүгүл эл аралык таймаштарда да байгелүү орундарды ээлеп жатышат. Мисалы, эки спортчубуз үчүнчү орунду ээлешти. Алар жаңы шаарларды көрүп жатышат, жаңы дос күтүүдө, бойго жетип, өз алдынча болгонду үйрөнүүдө. Ата-энелер да ыраазы: мурда балдарын таймаштарга жибергенден кооптонуп, жол киресин төлөгүсү келбесе, азыр болсо спорттук кийим-кечеден баштап, тамактануусу, жашаган жери үчүн төлөп жатышат.

Жалпы жонунан алганда, биздин айылда спорт өнүгүүдө, күрөшкө кызыккандар көбөйдү. Эми азыркы жайыбыз да тар болуп калды. Биздин демилгелүү топ ЖӨБ органына кайрылды. Алар жакында чакан футбол аянтчасынын курулушу башталарын, азырынча бюджетте акча жоктугун айтышты. Учурда инвестиция издеп жүрөбүз, анткени жаңы, чоң спорт комплексин куруу ниетибиз бар.

 

 

Окшош материалы: