Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пандемия менен күрөштө ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕРДИ КЫСКАРТУУ ЖӨБ органдарын алсыратат

2020-05-07 / Көңүл чордонунда
Пандемия менен күрөштө ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕРДИ КЫСКАРТУУ ЖӨБ органдарын алсыратат

Сүрөттө: КР финансы министри Б. ЖЕЕНБАЕВА, сүрөт КР ЖК сайтынан алынды

Кыргыз Республикасындагы мектептердин бери дегенде жарымында таза сууга туруктуу жеткиликтүүлүк болсо да1, жаңы окуу жылына карата мектептерде жана бала бакчаларда санитардык коопсуздукту камсыз кылууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу о р г а н д а р ы н д а ресурстар жок. Кырдаал мындан да начарлашы ыктымал. Себеби КР Өкмөтү КР Жогорку Кеңешине ЖӨБ органдарына берилген грантты 15 пайызга же дээрлик 600 миллион сомго кыскартууну сунуш кылды. КР Жогорку Кеңеширеспубликалык жана жергиликтүү бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кароодо. Кирешелер кыскарып жаткан шартта чыгашаларды да азайтыш керек болууда.

ЖӨБ органдары үчүн дем берүүчү гранттарды каржылоонун структурасы, 2018-2019-ж.ж. жыйынтыгы боюнча орточо алганда, пайыздар менен

Булагы: http://www.minfin.kg/

Кенжебек БОКОЕВ, КР ЖК депутаты: «Бюджеттен 600 миллион сом көлөмүндө дем берүүчү грантты каржылоону алып салууга байланыштуу көпчүлүк айыл өкмөттөрдөн жамааттык кайрылуулар түшүп жатат. Өкмөт бул маселени премьер-министрдин деңгээлинде кайрадан карап чыгып, бул акчаны бюджетте калтырышын талап кылабыз. Анын үстүнө ЖӨБ органдары берген бардык долбоорлор райондордун деңгээлинде жактырылды. Бул каражатты социалдык объекттерди каржылоо үчүн калтыруу зарыл деп эсептейбиз. Ошондой эле муктаждарга азык-түлүк баштыгы түрүндө эмес, акчалай жардам берүү туура болот деп ойлойм. Жеринде кандай азык-түлүк керек экенин бизге караганда жакшы билишет. Бардык өнүккөн өлкөлөрдө баштык түрүндө эмес, акчалай жардам беришүүдө. Коррупция болушу мүмкүн деген шылтоо суу кечпейт. Анткени бул азык-түлүк баштыктарын сатып алуу процессинде да жемкорлуктун белгилери байкалууда. Айлык, пенсия албай, күнүмдүк кирешесинен куру калгандарга өзгөчө көңүл бурууну өтүнөм. Айыл өкмөтүндөгү техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлердин маянасы 2500 сомдон 5 миң сомго чейин көтөрүлдү дедиңер. Бирок жер-жерлерде бул маяна мурдагыдай эле көлөмдө кала берген. Укуктук көз караштан алганда бул мыйзам долбоору КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу менен макулдашпастан, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” (8-берене), “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” (21-берене), “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” (47-берене) КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген. Акыркы мыйзамга ылайык (49-берене) мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш КР Өкмөтүнө кайтарышы керек».

“Жаргылчакта” жергиликтүү бюджеттер да калчудай. Сөз дем берүүчү гранттарды каржылоону токтотуу тууралуу болуп жатат. Бул гранттар жергиликтүү жамааттар үчүн маанилүү болгон объекттердин курулушун же капиталдык ремонтун кошо каржылоо үчүн республикалык бюджеттен ЖӨБ органдарына берилип келчү. Жергиликтүү бюджеттердин секвестринен кийин кайсы объекттер каржыланбай турганы жөнүндө маалымат ачык булактарда жок. Бирок өткөн жылдардагы маалыматтар көрсөткөндөй, мындай объекттердин бер дегенде жарымы – бул мектептер, бала бакчалар жана саламаттык сактоо объекттери. Болжол менен бештен бири – инженердик инфраструктура объекттери, ага суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүү системалары, таштанды полигондору кирет. Бул объекттердин баары талаптагыдай абалда болушу керек, себеби алар жарандардын эпидемиологиялык коопсуздугуна таасирин тийгизет. Бул объекттердин абалы калктын эң аярлуу катмарларынын, анын ичинде балдардын жана аялдардын абалы үчүн чоң мааниге ээ. Ошол себептен бюджеттин бул беренесинин секвестри гендердик теңдикке терс таасирин тийгизет. Буга чейин белгилүү болгондой, мектептердин 48,1 пайызында гана таза суугажеткиликтүүлүк бар; мектептердин 19,7 пайызында ички санитардык түйүндөр бар; мектептердин 20,9 пайызында ысык суу менен жабдууга жеткиликтүүлүк бар.

Искандер ГАЙПКУЛОВ, КР ЖК депутаты: «Жергиликтүү бюджеттерди 2 миллиард сомго жана дем берүүчү грантты 600 млн. сомго кыскартуу маселесине көңүлүңөрдү бургум келет. Бул жагы кандай болуп калды? Пандемия маалында калк менен иш алып барууда негизги оор жүк айыл өкмөтүнүн мойнуна түштү, күрөш алардын күчү менен ишке ашып жатат. Эгерде биз алардын бюджеттерин кыскартып салсак, алар кантип иштешет? КР Өкмөтүнө жергиликтүү бюджеттер жөнүндө маселени өзүнчө кайра карап чыгууну сунуш кылам. Мамлекет дем берүүчү гранттарга 600 миллион сом бөлө турганын, ал эми 30 пайызын (200 миллион сомду) өзсалымы катары эл өзү чогултарын белгилеп кетким келет».

ЖӨБ органдарынын билим берүү объекттерин – жалпы билим берүүчү мектептердин жана жарым-жартылай бала бакчалардын – талаптагыдай санитардык абалын камсыз кылууга финансылык жөндөмдүүлүгү терең тынчсызданууну жаратат. Көпчүлүк элеттик мектептерде ичүүчү суу күнүнө 3-5 саатка гана берилет, дээрлик бардык жерде канализация жок, кол жуучу жайлар тартыш, ысык суу жок. Жергиликтүү бюджеттерге карата жалпы кырдаалды эсепке алуу менен, ЖӨБ органдары 2020-жылдын жай мезгилинде бул маселелерди чечип, жаңы окуу жылына карата окуучулардын эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылганга жетишери шек туудурат.

Дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрдүн бийлиги азыркыдай кырдаалда ЖӨБ органдарына олуттуу колдоо көрсөтүп жатышат. Бул өлкөлөрдүн бийлиги ЖӨБ органдары кырдаалга чукул реакция жасоого даяр болсо, экономиканы “ойгото алса”, жарандарга маалымат жеткирип, колдоп турса, мындан жалпы улуттун бакубатчылыгы өтө көз каранды экенин түшүнүп жатышат. Өкмөттөр ЖӨБ органдарына пайызсыз зайымдарды, колдоочу трансферттерди жана инвестициялык салымдарды берүүдө. Тилекке каршы, Кыргызстанда өкмөт тескерисинче, ансыз да араң жан жергиликтүү бюджеттерди алсыратууну пландап жатат. ЖӨБ органдары башкаруу системасынын элге эң жакын бөлүгү, бирок анын эпидемияга каршы туруу мүмкүнчүлүгү чектелгени жатат.

Балким КР Өкмөтүндө ЖӨБ органдарын колдоо, эпидемияга байланыштуу жоготуулардын ордун толуктоо боюнча өз пландары бар болгон чыгаар. Дем берүүчү гранттарды алып салгандан тышкары, жергиликтүү бюджеттерге салыктык жана салыктык эмес кирешелердин түшпөй калганынан улам жоготуулар 2 миллиард сомду же алардын жалпы көлөмүнөн 10 пайыздан ашыгын түзүшү мүмкүн. Бирок бул пландар тууралуу азырынча эч нерсе белгисиз.

Гүлмайрам УЧУГЕНОВА, АӨ башчысы: «Дем берүүчү грант дотацияда турган муниципалитеттер үчүн олуттуу колдоо болчу. Бирок азыр КР Жогорку Кеңеши аны кыскартууну ойлонуп жатат. ЖӨБЭММА жана ЖӨБ Союзу бул каражатты кыскартпоо тууралуу айыл өкмөттөрдүн атынан кайрылса жакшы болмок. Анткени сөз ооруканаларды, ФАПтарды, бала бакчаларды жана мектептерди оңдоого багытталган долбоорлор тууралуу болуп жатат. Булар дайыма артыкчылыктуу маселе болушу керек. Ооруканалар жана ФАПтар бардык учурларда ченемдерге жана талаптарга шайкеш келиши керек. Эпидемия күтүүсүз пайда болот экен – коронавирус муну тастыктап турат. Азыр жок дегенде жергиликтүү калк алгачкы жардамды ала турган медициналык объекттерди колдошсо болмок. Бүгүнкү күндө айыл өкмөтү калкты жеринде тейлөө үчүн өзүнө жоопкерчилик алууга мажбур болууда, биз КР Өкмөтүнүн функцияларын кыңк этпестен аткарып келатабыз. Бирок бизге мамлекеттик ыйгарым укуктар расмий өткөрүлүп берилген да эмес, бул үчүн каражат да бөлүнгөн эмес. Ми-салы, эгерде Билим берүү министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги өз объекттерин өздөрү тейлешсе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ооруканалар, бала бакчалар жана мектептер үчүн дем берүүчү грантты сурамак эмес. Биз пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жасабайбыз деген жокпуз да! Биз иштегенге даярбыз. Атүгүл дем берүүчү гранттар менен иштөөдө кошумча салым үчүн акча каражатын да таптык. Пандемия башталгандан бери дарыгерлер жана милиция кызматкерлери менен бир катарда, күнү-түнү күзөттө турдук, транспорттун жана адамдардын ары-бери жүрүүсүн көзөмөлдөп жаттык, объекттерди кыдырып, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп турдук. Эчкимди кекетпей эле, компенсация сурабай эле милдетибизди аткарып жаттык. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимдерге кол койгондон кийин Мамлекеттик салык кызматынан, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен, Мамлекеттик каттоо кызматынан каражат алган жокпуз. Тилекке каршы, теңдештирүүчү гранттардын каражатын кыскартып салганына көп эле болгон. Бул чечимге да баш ийүүгө мажбур болдук. Анда жок дегенде ушул дем берүүчү гранттарды калтырып коюшпайбы? Анткени дем берүүчү гранттардын каражаты туруктуу долбоорлор аркылуу жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталат. Албетте, жергиликтүү бюджеттерден өз кирешебизди алуунун үстүнөн иш алып барабыз. Бирок бул акча калктын күнүмдүк маселелерин чечүүгө жетпейт. Биздин муниципалитет дем берүүчү грант албаса да, бардыгы үчүн бул грантты сактап калуу маанилүү маселе».

 

 

 

Окшош материалы: