Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминде ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары тууралуу

2020-05-12 / Юридикалык кеңеш
Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминде ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары тууралуу

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери даярдады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пандемиясын жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы менен ооруган учурдун аныкталганына байланыштуу, калктын коопсуздугун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында калк арасындагы массалык ооруга жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы №93-б Буйругу менен Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

“Жарандык коргонуу жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, өзгөчө кырдаал – Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу табигый же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында түзүлгөн кырдаал. Өзгөчө кырдаалдардын классификациясына ылайык, азыркы өзгөчө кырдаал биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалга кирет (адамдардын массалык түрдөгү жугуштуу оорулары). Бул классификация КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген. КР Өкмөтүнүн ушул эле буйругу менен (2020-жылдын 22-мартындагы №93-б) Кыргыз Республикасынын аймагына биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режими киргизилгенде Ыкчам аракеттердин планы бекитилген. Бул планда тийиштүү мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына (макулдашуу боюнча) төмөнкүдөй иш-чараларды аткаруу милдети жүктөлгөн:

  • оорулуу адамдар менен байланышта болгондорду аныктоо, санитардык-дарылоо мекемелерин күзөттөөнү камсыздоо (ИИМ, ССМ, УКМК, МКК, ЖӨБО);
  • карантин зоналарына кирүүгө (чыгууга) (транспорт жана жөө жүрүүчүлөр үчүн дезинфекциялоочу тосмолор менен) күнү-түнү иштеген текшерүү-өткөрмө пункттарын уюштуруу (ЖӨБӨ (макулдашуу боюнча), ИИМ, ӨКМ, Ветфитосанинспекция);
  • карантин зоналарындагы калктын жашоо тиричилигин ар тараптуу камсыздоо: тамак-ашты уюштуруу, товардык-мате-риалдык баалуулуктарды бөлүштүрүү, жүктөрдү жеткирүү ж.б. (ЖӨБӨ (макулдашуу боюнча), ӨКМ);
  • тийиштүү аймактарда чукул, атайын иш-чаралардын комплексин өткөрүүнү уюштуруу (карантин, санитардык тазалоо, обсервация, эпидемологиялык иш-чаралар) (ССМ, ИИМ, ӨКМ, Ветфитосанинспекция, ЖӨБО (макул-дашуу боюнча).

Аны менен катар “Жарандык коргонуу жөнүндө” КР Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, ЖӨБ органдары Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына кирет. Алар тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонууну камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырат. Бул мыйзамдын 10-беренесине ылайык, Жарандык коргонуу жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды түзүшөт жана алардын ишин координациялашат;

2) Жарандык коргонууну уюштуруу жана киргизүү бюнча жооптуу кызматкерлерди дайындашат;

3) өз компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жагындагы чечимдерди кабыл алышат;

4) Жарандык коргонуу пландарын даярдашат жана ише ашырышат, аларды Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;

5) өздөрүнө караштуу аймакта өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, кырсыктардын опурталын баалоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүшөт

6) табигый кооптуу процесстердин аймактарынан жер участокторунун бөлүнүп берилишин болтурбоо максатында турак үйлөрдү, административдик жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участокторун бөлүү жөнүндө чечимдерди Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашышат;

7) Жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн зарыл болгон күчтөрдү жана каражаттарды даярдашат жана даярдыкта кармап турушат;

8) Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте калкты өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жана аракеттенүү ыкмаларына үйрөтүүнү уюштурушат;

9) өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана өзгөчө кырдал болгондо эвакуациялык иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алышат жана аларды ишке ашырууну уюштурушат;

10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууну камсыздашат;

11) Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын чыгуу коркунучу же чыккандыгы жөнүндө калкка өз убагында кабар берүүнү камсыздашат;

12) өздөрүнө караштуу объекттерде жана аймактарда болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүшөт;

13) жергиликтүү бюджетте Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө финансылык каражат караштырышат жана бөлүшөт;

14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткарууну камсыз кылышат. Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды каржылоо бөлүгүндө “Жарандык коргонуу жөнүндө” КР Мыйзамынын 7, 9 жана 10-беренелеринде төмөнкүлөр каралган. КР Өкмөтү Жарандык коргонуунун муктаждыктары үчүн мамлекеттик финансылык жана материалдык резервдерди түзүүнү камсыз кылат, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин аныктайт, республикалык бюджеттин эсебинен Жарандык коргонуунун кечиктирилгис иш-чараларын каржылоо маселесин чечет. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаал мезгилинде авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү боюнча республикалык бюджеттин жана менчик каражаттардын эсебинен каржылоону алдын ала караштырышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тынчтык мезгилде материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзүү жана даярдыкта кармоо үчүн жыл сайын республикалык бюджетте финансылык каражаттарды караштырышат.

“Жарандык коргонуу жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-беренеси Жарандык коргонуу жагындагы иш-чаралар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле КР мыйзамдары тыюу салбаган башка булактар тарабынан каржыланат деп кошумча белгилеген. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен КР Өкмөтү аныктаган тартипте төлөнөт. Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринде жыл сайын бекитилчү бюджеттин каражаттарынын чегинде каралат.

КР Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы№55, №56 жана №57 Буйруктары менен Бишкек жана Ош шаарларынын, Ноокат районунун, Кара-Суу районунун, Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал режимдери киргизилген. КР Президентинин буйруктарынын 7-пункту менен КР Саламаттык сактоо министрлигине, КР Ички иштер министрлигине, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, ошондой эле КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына, ишке тартылган башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо Комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтүү тапшырылган.

КР Президентинин буйруктары менен бекитилген комендатуралар жөнүндө жоболордо комендатуранын ишин каржылоо КР республикалык бюджетинен жүзөгө ашырыла турганы белгиленген. КР Бюджеттик кодексинин 23-беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттик резерв учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылуучу күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн республикалык бюджеттин курамында түзүлөт. Мамлекеттик бюджеттик резерв төмөнкүдөй жагдайлар менен байланышкан чукул жана күтүлбөгөн зарылдыктардын учурунда пайдаланылат:

1) экономикалык шарттардын жагымсыз кескин өзгөрүүсүндө;

2) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалда;

3) саясий мүнөздөгү өзгөчө кырдаалда жана аскердик абалда;

4) башка өлкөгө гуманитардык жардамды көрсөтүүдө;

5) экономиканы өнүктүрүүгө;

6) Кыргыз Республикасына болгон доолор боюнча эл аралык бейтарап соттордун (арбитраждардын) чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте аткарууда.

Мамлекеттик бюджеттик резервдин өлчөмү республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилет жана республикалык бюджеттин чыгашаларынын көлөмүнөн 2 пайыздан ашык эмести (Мамлекеттик бюджеттик резервди эске албаганда) түзөт. Мамлекеттик бюджеттик резервди пайдалануу Жогорку Кеңеш менен макулдашуу боюнча Өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылат. Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга пайдаланылбаган учурда бул каражаттар бюджеттин тартыштыгын кыскартууга багытталат. Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө же аскердик абалды киргизүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервинин каражаттары жетишсиз болгон учурда КР Бюджеттик кодексинин 15-беренесине ылайык, бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен Өзгөчө бюджет кабыл алынат. Өзгөчө же аскердик абалды киргизүү менен байланышкан иш-чараларды максаттуу финанасылоо үчүн Өкмөт тарабынан киргизилген өзгөчө бюджет Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо боюнча каралат жана бекитилет. Мындан тышкары, КР Финансы министрлигинин буйругу (2018-жылдын 19-ноябрындагы №122-Б, 2019-жылдын 28-августундагы №91-Б, 2019-жылдын 5-сентябрындагы №99-Б, 2019-жылдын 9-декабрындагы №136-Б) менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясында жарандык коргонуу жагындагы тийиштүү бөлүмдөр жана чыгашалардын беренелери каралган.

702 КОРГОНУУ

70221 Жарандык коргоо

  • жарандык коргонуу жана аны менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн маселелерине жетекчилик; жагдайдын ар түрдүү варианттарында аракеттенүү пландарын иштеп чыгуу; жарандык уюмдар менен калкты тартып, машыгууларды өткөрүү; өзгөчө кырдаалда жана табигый кырсыктар маалында көмөк көрсөтүү.
  • жарандык коргонуунун күчтөрүн башкаруу же аларга колдоо көрсөтүү.

70222 Өзгөчө кырдаалдар

  • ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жана аны менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн маселелерине жетекчилик; ар түрдүү аракеттенүү пландарын иштеп чыгуу жана аларга тез арада колдоо көрсөтүү; жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башка иш-чараларды башкаруу жана колдоо;
  • Табигый кырсыктардын алдын алуу жана жоюу боюнча түзүлүштөрдү жана жарандык коргонуу түзүлүштөрүн башкаруу же аларга колдоо көрсөтүү;
  • өзгөчө жагдайлардын келип чыгуу тобокелдигин мүмкүн болушунча азайтууга багытталган жана өз убагында өткөрүлгөн комплекстүү иш-чараларды башкаруу, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, келип чыккан зыяндардын өлчөмүн азайтуу боюнча маселелерге инвестициялык долбоорлордун алкагында жетекчилик кылуу. Төмөндөгүлөрдү камтыйт: Жээктерди бекемдөө боюнча кыйла бышык курулмакуруудан тартып, аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландаштырууда мамлекеттик бийлик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ишканалар менен уюмдарды, жарандык калкты тартуу менен табигый кырсыктардын тобокелине баа берүүнүн стандарттуу ыкмаларын иштеп чыгуу.

70223 Жарандык коргоонуу жана өзгөчө жагдайлар боюнча башка иш-чаралар

  • өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды башкаруу боюнча маселелерге жетекчилик кылуу, кырдаалдын ар кандай варианттарында аракеттердин пландарын иштеп чыгуу; жарандык калкты коргоо боюнча иш-чараларды башкаруу.
  • өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-чараларды өткөрүүдө кызмат көрсөтүү боюнча кызматтарды жана бөлүмдөрдү башкаруу; жарандык калкты коргоо боюнча иш-чараларды башкаруу.

 

 

Окшош материалы: