Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өзгөчө кырдаалдар шартында Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус илдетин (COVID-19) алдын алууга жана андан ары жайылышын болтурбоого, илдет менен күрөшүүгө байланышкан мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү жөнүндө

2020-05-13 / Юридикалык кеңеш

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери даярдады

2020-жылдын 23-мартында КР Финансы министрлиги “Өзгөчө кырдаалдар шартында Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус илдетин (COVID-19) алдын алууга жана андан ары жайылышын болтурбоого, илдет менен күрөшүүгө байланышкан мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө иш-аракеттердин механизмин” даярдап, аны http://zakupki.gov.kg порталына жайгаштырды.

Аталган Механизмде “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, сатып алуучу уюм токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылуучу форс-мажордук жагдайлардын, өзгөчө кырдаалдардын (өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин локалдаштыруу жана (же) жоюу), тез медициналык кийлигишүү зарыл болгон авариянын кесепеттерин локалдаштыруу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурларда түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алууларды өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу.

Аны менен катар “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, түздөн-түз келишим түзүү усулу менен сатып алуулар - сатып алуучу уюм веб-порталга же веб-порталдагы электрондук каталогго келип түшкөн табыштамалардын (сунуштардын) ортосунда бааларга мониторинг жүргүзгөндөн кийин сатып алуулар жөнүндө келишимге кол кое турган мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус илдетин (COVID-19) алдын алууга жана андан ары жайылышын болтурбоого, илдет менен күрөшүүгө байланышкан товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө иш-аракеттердин төмөнкүдөй механизмин колдонуу сунушталат:

1-кадам: Сатып алуучу уюмдун жетекчиси буйрук менен комиссия түзөт жана/же сатып алууларды өткөрүү үчүн жооптуу бөлүмдү аныктайт;

2-кадам: Комиссия жана/же жооптуу бөлүм сатып алуулардын предметин, жеткирүүнү же кызмат көрсөтүүнүн көлөмүн жана шарттарын аныктайт, сатып алуулар предметинин кенен сүрөттөлүшүн, сатып алынып жаткан товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык, сапаттык мүнөздөмөлөрүн даярдайт;

3-кадам: Бааларга мониторинг жүргүзөт1, сунуш кылган бааны, жеткирүүнүн сапатын жана шарттарын эсепке алуу менен жеткирүүчү (подрядчы) аныкталат;

4-кадам: Сатып алуучу уюм “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, товарларды жеткирүүгө, кызмат көрсөтүүгө жана жумуштарды аткарууга жеткирүүчү (подрядчы) менен келишим түзөт;

5-кадам: Келишим түзүлгөндөн кийин эки жумушчу күндөн кечиктирбестен, сатып алуучу уюм сатып алуулардын жыйынтыгы тууралуу маалыматты веб-порталга жайгаштырат, анда мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планына өзгөртүүлөрдү киргизет.

______________

1 Сатып алынып жаткан товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларына мониторинг жүргүзүү үчүн сатып алуучу уюм товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн базар баасы тууралуу жалпыга жеткиликтүү маалыматты, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирген подрядчыдан товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы тууралуу суратып алынган маалыматты колдоно алат.Сатып алынып жаткан товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларына мониторинг жүргүзүү үчүн КР Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында (www.stat.kg) жана КР Өкмөтүнө караштуу Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтында (www.antimonopolia.gov.kg) жарыяланган маалыматтарды колдонсо болот.

 

Окшош материалы: