Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандар ЖӨБ органдары тууралуу кандай пикирде?

2020-06-05 / Көңүл чордонунда
Жарандар ЖӨБ органдары тууралуу кандай пикирде?

Надежда ДОБРЕЦОВА, "Муниципалитет" журналынын башкы редактору; Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары; Жамала УМАНКУЛОВА, "Erfolg Consult" ЖЧК командасынын лидери»; Оңолкан УМАНКУЛОВА, "Erfolg Consult" ЖЧК командасынын аналитиги

2020-жылдагы сурамжылоо кандай өзөктүк тыянактарды жасоого жол ачты?

  • Жарандардын ЖӨБ органдарынын ишине болгон кызыгуусу соңку 15 жылдан бери (баа-лоо башталган учурдан тартып) жалпысынан туруктуу түрдө жогору бойдон калып келатат. Иш жүзүндө Кыргызстандын төрт жаранынын ичинен үчөө кайсы бир деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине кызыгат. Бирок 2018-2019-жылдары ЖӨБго болгон кызыгуу бир аз басаңдай түшкөн.
  • Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү жамааттагы жашоо шартын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине байлабайт жана өзүнө гана ишенишет. Бирок ар бир бешинчи жаран ЖӨБго карата оптимисттик маанайда, ЖӨБ органында жамааттын турмуш шартына таасирин тийгизүү мүмкүнчүлүгү бар деп ишенет. Атүгүл дээрлик 12 пайызы ЖӨБдүн өнүгүү келечеги бар болгонуна ишенет.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата оптимисттик маанай жана көңүл калуу жергиликтүү бюджеттердин жыйынды көлөмүнүн динамикасына байланыштуу болуп чыкты: жергиликтүү бюджеттердин кирешеси канчалык төмөн болсо, жарандардын көңүл калуу жана кыжырдануу сезими ошончолук көбүрөөк болот. Тескерисинче, бюджеттин кирешеси жогору болсо, мындай терс сезимдер да болбойт. Жергиликтүү бюджеттердин көлөмү өскөн жок, ал эми адамдардын арасында ЖӨБго карата “оптимизм” жана “шыктануу” өңдүү позитивдүү эмоцияларды сезгендердин үлүшү дээрлик эки эсе азайды. Ошол эле учурда “көңүл калуу” жана “кыжырдануу” өңдүү терс эмоцияларды сезгендердин үлүшү 2,5 эсе көбөйдү.
  • Жарандардын басымдуу бөлүгү – 75 пайыздан ашыгы – ЖӨБдүн аткаруучу органынын жетекчиси – мэр же айыл өкмөт башчысы ким болгонун билишет. Бирок шаардын мэри же айыл өкмөт башчысы ким болгону тууралуу жарандардын маалыматы бар болгон көп жылдан берки көрүнүш токтоп калды.
  • Жарандар ЖӨБ органдарынын иши тууралуу маалыматты расмий каналдардан алууну туура көрүшөт, ошентип ушак-айыңдар бара-бара популярдуу болбой калды.
  • Жарандардын мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарына караганда ЖӨБ органдарына болгон ишеним деңгээли салттуу түрдө жогору бойдон кала берүүдө. 2020жылы ЖӨБдүн аткаруу органдары – мэриялар жана айыл өкмөтү калктын ишеним рейтингинде төртүнчү орунду ээлеген. Алгачкы үч орунда билим берүү системасы, куралдуу күчтөр жана диний институттар турат. Жергиликтүү кеңештер калктын ишеним деңгээлине көп деле ээ эмес жана ишеним рейтингинде жетинчи орунду ээлейт.
  • Жарандар жергиликтүү кеңештердин депутаттарына азыркыдан да жогору квалификациялык талаптар коюлсун дешет. Респонденттердин басымдуу бөлүгү – 94 пайызы – мэрдин же башчынын кызматына талапкерлерге, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттарына коюлган талаптар жогоруболушу керек деп эсептейт.
  • Жарандардын жергиликтүү дептутаттарды шайлоонун партиялык принцибине карата мамилеси да олуттуу түрдө өзгөрдү: сурамжылоого катышкандардын 44 пайызы жергиликтүү кеңештер партиялык белгиси боюнча түзүлбөшү керек деп эсептейт. Бирок жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун партиялык принцибин колдогондордун үлүшү 2018-жылдан бери эки эсе көбөйүп, 2020-жылы 35 пайыздан ашык болду.
  • ЖӨБдүн аткаруу органдары менен өз ара байланышка толук же жарым-жартылай канааттанган жарандардын үлүшү мурдагыдай эле жогору бойдон кала берүүдө жана 75,5% түзөт. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын төрт жаранынын ичинен үчөө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине кандайдыр бир деңгээлде ыраазы.
  • Ар бир үчүнчү жаран ЖӨБ органдарында коррупция жок деп эсептейт. Мындай пикирди кармангандардын саны туруктуу түрдө көбөйүүдө. Айталы, 2018-жылдан баштап ЖӨБ органдарында коррупция жок деп ишенген жарандардын үлүшү дээрлик жети эсе көбөйгөн. ЖӨБ органдарында жемкорлуктун деңгээли жогору деп эсептегендердин үлүшү 2,5 эсе азайган. Ал эми ЖӨБ органдарында коррупциянын деңгээли өтө жогору деп эсептегендердин үлүшү үч эсе азайган.

Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кабыл алуусу

Жарандардын ЖӨБ органдарын кабылдоосу алардын жергиликтүү жамааттардагы турмуш шарттарынын өзгөрүү динамикасына карата мамилесин да чагылдырып турат. Ошол эле маалда жарандардын ЖӨБ органдарына карата эмоциялары ЖӨБ органдарынын иши канчалык элдин үмүтүн актады же актаган жок деген пикирди чагылдырат. Бул көрсөткүч ЖӨБ органдарынын жамааттардагы турмушту жакшы жагына өзгөртө алуу жөндөмдүүлүгүнөболгон ишенимдин болуп-болбогонун көрсөтүп турат. Сурамжылоо маалында респонденттерге ЖӨБ органдарына карата кандай эмоцияларды сезээрин тандап алуу сунушталган. Тизмеде төмөнкү эмоциялар бар болчу: оптимизм, шыктануу, аёо, көңүл калуу, кыжырдануу жана эч бир эмоция жок.

Жарандардын үчтөн бири ЖӨБ органдарына карата эч кандай эмоцияларды сезбей турганы белгилүү болду. Бул болсо көпчүлүк адамдар жамааттагы жашоо шарттарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине байланыштырбаганынан, өзүнө гана ишенгенинен кабар берет. Калгандардын пикири болсо эки ача чыкты. Айталы, ар бир бешинчи адам ЖӨБго карата оптимисттик маанайда жана муну менен ЖӨБ органынын жамааттагы жашоо шартка таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ишенишет. Дээрлик 12 пайызы ЖӨБдүн өнүгүү келечегинен көптү күтөт. Бирок сурамжылоого катышкандардын төрттөн бири ЖӨБго карата терс эмоцияларды сезет: 14% - кыжырдануу, дээрлик 8 пайызы – көңүл калуу. Ал эми сурамжылоого катышкандар- дын 8,2 пайызы ЖӨБ органдарына боору ооруйт. Бул респонденттер ЖӨБ органдарынын кыйынчылыктарын иш жүзүндө түшүнүп турушат жана алардын “колу-буту тушалуу” болгонун баамдашат.

ЖӨБдөн көңүлү калгандарга салыштырмалуу ЖӨБ органдарына карата оптимисттик маанайдагы жарандар дайыма басымдуу көпчүлүктү тузүп келгени менен, акыркы алты жылдан бери терс динамика байкалууда.

1-диаграмма. 2020-жылы жарандардын ЖӨБ органдарына карата сезген эмоциялары, пайыздар менен

Оптимизм жана шыктануу өңдүү позитивдүү эмоцияларды сезгендердин үлүшү дээрлик эки эсе азайды. Ал эми көңүл калуу жана кыжырдануу өңдүү терс эмоцияларды сезгендердин үлүшү 2,5 эсе көбөйдү. Муну бир чети дагы бир жагдай менен түшүндүрсө болот: жылдан жылга жарандардын ЖӨБ органдарынан күткөнү жана суроо-талабы өсүүдө, муну менен катар жашоодон негизинен эле көптү күткөндөр да көбөйүүдө. Экинчи жагынан ЖӨБ органдарынын жарандардын муктаждыктарын толук канааттандыруу мүмкүнчүлүгү чектелүү болууда. 2-диаграммада 2018-жылы ЖӨБго карата оптимизм жана шыктануу күч болгонун белгилебей койсок болбой калат. Бул жылы ЖӨБдөн позитивдүү күтүү сезими жарандардын 66% болгон. 

 2-диаграмма. Жарандардын ЖӨБ органдарын позитивдүү жана негативдүү кабыл алуу динамикасы, 2015-2020-жылдар, пайыздар менен

Бул – рекорддук жогорку көрсөткүч. Бул көрүнүштү ошол жылы болгон окуя менен байланыштырсак болот: мамлекеттик саясат аймактарды өнүктүрүүгө багытталган (КР Президенти өлкө тарыхында биринчи жолу 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган эле). Бирок адатта саясатта боло жүргөндөй эле, үмүттөр реалдуу жыйынтыктарга караганда алда канча жогору болду. 2020-жылы ЖӨБго карата оптимисттик маанайдын эки эсе азайып кетишин ушуну менен түшүндүрсө болот. Жарандар КР Президенти жана КР Өкмөтү берген убадаларды ЖӨБ органдарынан талап кыла баштаганда алар бул үмүттөрдү толук актай албай, мындан улам позитивдүү маанай терс жагына өзгөрдү – ЖӨБдөн көңүлү калган жана кыжырданган жарандардын үлүшү эки эсе өстү.

Бирок ЖӨБ органдары бир топ чектөөлөрдүн шартында иш алып барышат жана улуттук деңгээлдеги саясатчылардын бардык убадаларынын аткарылышы үчүн жоопкерчилик ала алышпайт. Эң негизги чектөө – бул ыйгарым укуктардын чөйрөсү жана алардын аткарылышын каржылоо маселеси. Бул жагынан алып караганда жарандардын ЖӨБ органдарына карата терс эмоцияларынын динамикасын жергиликтүү бюджеттердеги кирешелердин динамикасы менен салыштыруу көп нерсени көрсөтүп берет.

3-диаграмма. ЖӨБ органдарына терс эмоцияларды сезген жарандардын үлүшүнүн динамикасы жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин динамикасы, 2015-20201-ж.ж..

3-диаграмма ЖӨБго карата терс эмоцияларды сезген жарандардын үлүшү менен жергиликтүү бюджеттердин жыйындык көлөмү ортосунда байланыш бар болгонун чагылдырып турат: жергиликтүү бюджеттердин кирешеси канчалык төмөн болсо, жарандардын көңүл калуу жана кыжырдануу сезими ошончолук көбүрөөк болот. Тескерисинче, бюджеттин кирешеси жогору болсо, мындай терс сезимдер да болбойт.

4-диаграмма. 2006-жылдан2020-жылга чейинки мезгилде жарандардын ЖӨБ органдарынын ишине болгон кызыгуусунун динамикасы, пайыздар менен

5-диаграмма. Өткөн жылга салыштырмалуу шаардагы, аймактагы же айылдагы жашоо шарттарына берилеген баа, пайыз менен



Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга кызыгуусу

Жарандардын ЖӨБ органдарынын ишине карата кызыгуусу акыркы 15 жылдан бери (баалоо башталган учурдан бери) жалпысынан туруктуу түрдө жогору бойдон кала берүүдө. Иш жүзүндө Кыргызстандын төрт жаранынын үчөө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине кайсы бир деңгээлде кызыгат. Аны менен катар бир жактуу кызыккандар көп деле кызыкпагандарга караганда дайыма 1,5-2 эсе көп болчу. Ошол эле маалда 2012-жылга чейин жарандардын кызыгуусу туруктуу түрдө өсүштү көрсөтүп турган: 2006-жылы 73% болсо, 2012-жылы 89 пайызга чейин болгон. 2012-жылдан кийин ЖӨБ маселесине кызыгуу жай, бирок туруктуу түрдө азайып отуруп, 2020жылы 74% түздү. Мамлекеттик башкаруу практикасы көрсөткөндөй, эгерде адамдардын маселелери чечилбей жатса же начар чечилсе, жарандардын башкаруу системасына болгон кызыгуусу күчөйт. Ошондуктан 2011-жылы эки деңгээлдүү бюджеттик системанын киргизилгенин 2012-жылдан кийин жарандардын кызыгуусунун азайышынын бир себеби катары караса болот. Мындай бюджеттик система ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджеттерди башкарууда эгемендикти кайтарып берген, бул болсо алардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө болгон финансылык жөндөмдүүлүгүн күчөткөн. Мындан тышкары карама-каршы гипотеза да бар. Ага ылайык, жарандардын башкаруу институттарына болгон кызыгуусу ишеним деңгээлинин төмөндөшү менен кошо азайган.

6-диаграмма. ЖӨБдүн аткаруу органдарынын жетекчилери тууралуу жарандардын кабардар болгондук деңгээлинин динамикасы, пайыздар менен

Мындай учурда адамдар бийлик жашоону жакшы жагына өзгөртүүгө жөндөмдүү болгонуна ишенбей калышат жана башкарууга катышып, убактысын да, күчүн да короткусу келбейт. Бирок Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата алып карасак, жарандардын ЖӨБго болгон ишеним деңгээли туруктуу түрдө жогору бойдон кала берүүдө (6-диаграмманы караңыз). Ошондуктан жер-жерлерде кырдаал оңоло баштаганы үчүн кызыгуу азайды деген биринчи түшүндүрмө жүйөлүү болуп турат. Анын үстүнө 2020-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары кырдаал оңолгонун тастыктап турат. Айталы, респонденттер өз шаарындагы, аймактагы же айылдагы жашоо шарттары өткөн жылдарга салыштырмалуу оңолгонун белгилешкен.

7-диаграмма. 2020-жылы жарандардын башкаруу жана өнүгүү институттарына болгон ишеним деңгээли, он баллдык шкала боюнча. Бул жерде 10 балл ишенимдин эң жогорку деңгээлин көрсөтүп турат

Мындан тышкары, ЖӨБ органдарына кызыгуу деңгээлинин төмөндөшү дагы бир жагдайга байланыштуу болушу мүмкүн: адамдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши тууралуу жетиштүү маалыматка ээ. Айталы, жарандардын басымдуу бөлүгү – 75 пайыздан ашыгы ЖӨБдүн аткаруу органынын жетекчиси – мэри же айыл өкмөт башчысы ким болгонун билишет. Бирок көп жылдан бери жарандардын шаардын мэри же айыл өкмөт башчысы ким болгону тууралуу маалымдуулугунун өсүш тенденциясы басаңдай түштү. Себеби 2018-жылга салыштырмалуу 2020-жылы м у н и ц и п а л и т е т т и н жетекчиси ким экенин ишенимдүү түрдө айта алган жарандардын үлүшү 8 пайызга төмөндөдү. Мындай 8 пайыздык төмөндөө жергиликтүү кеңештердин депутаттары тууралуу кабардар болгондукка карата белгиленген. Бул төмөндөөнү терс факт катары баалоого болбойт. Себеби кабары барлардын 76% – бул өтө жогорку көрсөткүч. Жарандар ЖӨБдүн аткаруу органынын жетекчисин түз шайлабаганын эсепке алуу менен, бир жагдайды так айтса болот: түз шайлоо системасы киргизилген учурда мыкты жүргүзүлгөн шайлоо өнөктүгүнөн кийин жеңип чыккан жергиликтүү лидерди калктын 90, атүгүл 100%, анын ичинде балдар да таанып калат. Ушундай шартта гана бул көрсөткүчтө өсүш болот. ЖӨБ органдарынын иши тууралуу жарандар колдонгон маалымат булактарына жасалган анализ көрсөткөндөй, барган сайын адамдардын тандоосу өзгөрүүдө. Мурда эң популярдуу маалымат булагы бейформал болчу – адамдар маалыматты достордон, туугандардан жана кесиптештерден алышчу. Бирок 2020-жылы популярдуулугу боюнча биринчи орунда адам көп чогулган жерлер – базарлар, жармаңкелер, чогулуштар болуп калды. Бул тизмеде ЖӨБ органдары атайын жайгаштырган расмий маалыматтар да бар. Айталы, 2020-жылы маалымат алуунун негизги булагы катары досторду, туугандарды жана кесиптештерди көрсөткөн адамдардын үлүшү эки эсе кыскарган: 2018-жылы мындайлар 38 пайыз болсо, 2020-жылы 16,7 пайызды түзгөн.

8-диаграмма. Жалпысынан бийлик институттарына болгон ишеним деңгээлинин орточо маанисине салыштырмалуу жарандардын ЖӨБ органдарына болгон ишеним деңгээлинин динамикасы, он баллдык шкала боюнча. Бул жерде 10 балл ишенимдин максималдуу деңгээлин билдирет

Ошондой эле маалыматты эл көп чогулган жерден (базарлардан, жармаңкелерден) алган жарандардын үлүшү да көбөйүүдө: 2018-жылы 8,5% болсо, 2020-жылы 20,2% болгон. Ошондой эле маалыматты түздөн-түз ЖӨБ органдарынан алган жарандардын үлүшү да көбөйүүдө: 2018-жылы ЖӨБ органдарынан маалымат алгандар 4,7% болсо, 2020-жылы 6,1 пайызды түздү. Ошентип ЖӨБ органдарынын иши тууралуу маалымат булактарын тандаганда жарандар расмий булактарга артыкчылык берүүдө, муну менен ушаң-айыңдар бара-бара актуалдуулугун жоготууда. Жарандар текшерилген маалымат булактарына таяна баштады. Бул болсо маалыматты кабыл алууда сынчыл маанай күчөгөнүн тастыктап турат.

Жарандардын ЖӨБ органдарына болгон ишеними

Жарандардын мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарына караганда ЖӨБ органдарына болгон ишеним деңгээли салттуу түрдө жогору бойдон кала берүүдө. 2020-жылы ЖӨБдүн аткаруу органдары – мэриялар жана айыл өкмөтү калктын ишеним рейтингинде төртүнчү орунду ээлеген. Алгачкы үч орунда билим берүү системасы, куралдуу күчтөр жана диний институттар турат. Жергиликтүү кеңештер калктын ишеним деңгээлине көп деле ээ эмес жана ишеним рейтингинде жетинчи орунду ээлейт. ЖӨБдүн аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарына болгон ишеним деңгээлиндеги айырманы бир нече фактор менен түшүндүрсө болот. Биринчиден, жарандар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жалпысынан өтө жогору эмес деңгээлде баалашат жана аларга көбүрөөк квалификациялык талаптар коюлсун дешет. Экинчиден, жергиликтүү депутаттарды шайлоодо партиялык принципке ишенбестик көз көрүнөө билинип турат. Сурамжылоого катышкандардын 44,2 пайызы жергиликтүү кеңештер партиялык белгиси боюнча түзүлбөшү керек деп эсептейт. Бирок бул пикир бардык жерде эле бирдей эмес.

9-диаграмма. Жергиликтүү кеңештер партиялык принцип менен түзүлүшүн колдогон жарандардын динамикасы, 2015-2020-жылдар, пайыз менен

Мисалы, жергиликтүү кеңештер партиялык тизме менен түзүлүшү керек деп эсептегендердин эң көп үлүшү Ош облусуна туура келет – 46,9%. Ал эми Талас облусунда мындай пикирди карманган респонденттердин үлүшү болгону 12,4 пайызды түзөт. Калган облустарда бул көрсөткүч 28% – 33 пайызга чейин болгон. Жарандардын бийликке болгон ишеним деңгээлине жалпысынан 2018-жылы башкаруу системасына карата ишенимдин жогорулашы таасирин тийгизди. Бул жылы аймактарды өнүктүрүү саясатынан үмүт чоң болуп турган. 2018-жылдан кийин бардык институттарга болгон ишенимдин деңгээли төмөндөп кеткен. Өзгөчө билим берүү системасына (1,16 пунктка) жана Жогорку Кеңешке (0,69 пунктка) болгон ишеним азайды. 2012-жылдагы жыйынтыктарга салыштырмалуу, жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон ишеним жалпысынан башкаруу системасына караганда жайыраак түшүүдө. Айталы, 2020-жылы башкаруу системасына болгон ишенимдин деңгээли 0,6 пунктка, мэрияларга жана айыл өкмөттөрүнө 0,4 пунктка, жергиликтүү кеңештерге 0,5 пунктка түшкөн.

10-диаграмма. Саясий партиялардын жергиликтүү кеңештердин ишине таасир тийгизүүнүн түрлөрү тууралуу жарандардын пикири, 2018-жыл жана 2020-жыл, пайыз менен

Респонденттердин басымдуу бөлүгү – 94% мэрдин же башчынын кызматына, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуп жаткан талаптар жогору болушу керек деп эсептешет. ЖӨБдүн аткаруу органынын башчысын эл өзү түз шайлоо аркылуу тандашы керек деп эсептеген адамдардын үлүшү 2018-жылга салыштырмалуу 13,4 пайызга көбөйдү. Жарандардын 90,4 пайызы ушундай пикирди карманат. ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органдарына –жергиликтүү кеңештерге байланыштуу айта турган болсок, партиялык фактор терс таасирин тийгизүүдө деген ойдо болгон жарандар бир аз жумшарды. 2020-жылы жарандардын олуттуу бөлүгү – 44% жергиликтүү кеңештерди түзүүнүн партиялык принцибин колдобосо да, 2015-жылга салыштырмалуу партиялык принципке макул болгон жарандардын саны 2,5 эсе көбөйдү. Мындай тенденцияны бир жагдай менен түшүндүрсө болот: жергиликтүү кеңештер менен аткаруу органдарынын өз ара мамилеси жалпысынан калыбына келди, тирешүүлөр азайды, мамилелери конструктивдүү нукка түштү. 

11-диаграмма. ЖӨБ органдары тарабынан коррупциялык белгилер билинген чөйрөлөрдүн рейтинги, 2020-жыл, пайыздар менен 

Ошондой эле партиялык принципке карата бир жактуу пикирин айта албаган адамдар да азайып жатат. Буга, балким, элдин партиялык системанын маңызын түшүнө баштаганы себеп болушу мүмкүн. Саясий партиялардын жергиликтүү кеңештердин ишине таасир этүү факторуна карата да маанай өзгөрүүдө. Саясий партиялар жергиликтүү кеңештин ишине толугу менен же жарым-жартылай таасир этет деп эсептеген респонденттердин үлүшү азайды. Мындай респонденттердин үлүшү 2020-жылы 40,5 пайызды түздү. Бул болсо, 2018-жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга аз дегенди билдирет. Жалпысынан респонденттердин жоопторунун мүнөзү бир нерсени тастыктап турат: алардын баамында, соңку эки жылдын ичинде айыл өкмөтүнүн ишине көзөмөлдү күчөтүү жагынан алып караганда саясий партиялардын таасири позитивдүү болуп калды. Бирок жергиликтүү кеңештин калк менен өз ара байланышынан алып караганда өзгөргөн жок, атүгүл көбүрөөк негативдүү мүнөзгө ээ. Буга карабастан ЖӨБдүн аткаруу органдары менен өз ара байланышка толугу менен же жарым-жартылай канааттанган жарандардын үлүшү мурдагыдай эле жогору бойдон кала берүүдө – 75,5 пайызды түзөт. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын төрт жаранынын үчөө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине кайсы бир деңгээлде канааттанат. Бирок 2018-жылга салыштырганда бул көрсөткүч 5,5 пайызга азайды. Жергиликтүү кеңештер менен өз ара байланышка канааттанган жарандардын үлүшү да жогору бойдон калууда. Бирок мэриялар жана айыл өкмөттөрү менен салыштырганда төмөнүрөөк. Жергиликтүү кеңештер менен өз ара байланышка ыраазы болгондор 69,5% түзсө, мэрия жана айыл өкмөттөрүнүн ишине канааттангандар 75,5 пайызды түзөт. Алынган маалыматтар жарандардын ЖӨБ органдарына болгон ишеним деңгээли бир кыйла жогорку деңгээлде кармалганын тастыктоодо (15 уюм жана институттар кирген рейтингде төртүнчү жана жетинчи орунду ээлейт). Мамлекеттик башкаруу органдарына болгон ишеним деңгээлине караганда ЖӨБго карата ишеним деңгээли да мурдагыдай эле жогору бойдон кала берүүдө. ЖӨБ органдарына болгон ишеним деңгээлинин бир аз азайышы бир нече факторго байланыштуу болду. Биринчиден, жарандардын жалпысынан бийликке болгон ишеними азайды. Экинчиден, калк жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясына канааттанбай турат. Мындан тышкары эл жергиликтүү шайлоонун партиялык системасына ишенбейт. Жергиликтүү кеңештерге салыштырмалуу ЖӨБдүн аткаруу органдары –жана айыл өкмөттөрү менен өз ара байланышка канааттануу жогору болгону менен, келечекте жарандардын басымдуу бөлүгү ЖӨБдүн аткаруу органынын жетекчилерин түз шайлагысы келет.

Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы коррупциянын деңгээли тууралуу пикири

Мамлекеттик органдарга салыштырмалуу ЖӨБ органдарына карата жарандардын ишеним деңгээли жогору болгону жергиликтүү деңгээлдеги коррупциянын деңгээлине карата пикири менен да тастыкталууда. Айталы, ар бир үчүнчү жаран ЖӨБ органдарында коррупция жок деп эсептейт. Мындай пикирди кармангандардын катары туруктуу түрдө калыңдап баратат.

12-диаграмма. Мэрияда жана айыл өкмөтүндө коррупциянын деңгээли тууралуу респонденттердин пикири, 2012-2020-жылдар, пайыздар менен

Айталы, 2008-жылдан бери ЖӨБ органдарында жемкорлук жок деп эсептеген жарандардын үлүшү дээрлик жети эсе көбөйгөн. ЖӨБ органдарында коррупциянын деңгээли жогору дегендердин үлүшү 2,5 эсе азайган. Ал эми ЖӨБ органдарында коррупциянын деңгээли өтө жогору дегендер үч эсе азайган. Респонденттердин баамында, ЖӨБ органдарынын ишинде жерлерди, бюджетти башкаруу жана аз камсыздалгандардын тизмесине кошуу өңдүү чөйрөлөрдө коррупция байкалат. 4-диаграммада көрүнүп тургандай, акыркы эки жылдын ичинде аз камсыздалгандардын тизмесине кошуу процессинде коррупцияны байкагандардын саны эки эсе өскөн – 9,75 пайыздан 21,4 пайызга чейин. Муну жөлөкпул алгандардын саны көбөйгөнү менен түшүндүрсө болот. Себеби мыйзам боюнча, жөлөкпул алууга укукту аныктап жатканда пенсияны үй-бүлөлүк кирешеден чыгарып салышкан. Мындан улам жаңы “кардарлар” да көбөйдү, түшүнбөстүктөр жана шектенүүлөр арбыды. Бирок 2019-жылы мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Аларга ылайык, аз камсыздалган, балалуу үйбүлөлөргө ай сайын берилчү жөлөкпулду сурап жарандар адегенде ЖӨБ органдарына эмес, социалдык өнүктүрүү боюнча райондук башкармалыкка кайрылышат. Мындан улам аз камсыздалгандарды тизмеге кошуу боюнча бардык процедура социалдык өнүктүрүү боюнча райондук башкармалык аркылуу жүргүзүлүп калды. Ал эми ЖӨБ органдары бул процесстен чыгарылган. Ошентип иш жүзүндө коррупцияга шектенүү ЖӨБ органдарына эмес, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга багытталды. Ошондой эле жарандар коррупция сууну башкаруу чөйрөсүндө күч алганын байкашууда. Бирок бул жерде да ЖӨБ органдары курмандыкка чалынгандай болуп жатат. Себеби ушул учурда көпчүлүк муниципалитеттерде ичүүчү жана сугат суу боюнча кызмат көрсөтүүнү ЖӨБ органдары эмес, СПА жана ТСКАКБ өңдүү коомдук уюмдар жеткиришет. Бирок мыйзамдарга ылайык, бул кызмат көрсөтүү үчүн соңку жоопкерчилик баары бир ЖӨБ органдарына жүктөлгөн. Ошондуктан жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруудан шектенгенин кандайдыр бир деңгээлде түшүнсө болот. Бирок кызмат көрсөтүүнү жогоруда айтылган уюмдардын башкаруусуна өткөрүп берүү тууралуу чечимди ЖӨБ органдары эмес, өкмөт кабыл алган. Коррупцияга шектенүүнү ЖӨБ органдарына түз даректөө маалымкаттарды берүүгө карата маселеде гана жүйөлүү десе болот. Себеби бул функцияны жергиликтүү өз алдынча башкаруу гана аткарат. Жерди башкаруудагы коррупцияга шектенүү ЖӨБ органдары (калктуу конуштардын ичиндеги муниципалдык жерлерге карата; жеке турак жай курууга жер берүүгө карата; АЖМФ жерлерин бөлүштүрүүгө карата); жайыт комитеттери (жайыт билеттерине карата) жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (жерлерди трансформациялоо процессине карата) ортосунда бөлүштүрүлгөн. Жалпысынан, жергиликтүү деңгээлде коррупция ресурстарды – жерди, сууну башкарууда, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулдарды бөлүштүрүүгө байланышкан маселелерде көбүрөөк байкалууда деп эсептеген жарандар көбөйдү. Бирок бюджетти башкаруу жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө ЖӨБ органдары таза иштей баштады деген жарандардын да катары калыңдады.

Изилдөөнүн башка жыйынтыктары “Муниципалитет” журналынын кийинки сандарында жарыяланат.

 

____________


1 Жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин жыйынды көлөмү 2020-жылы жазында Кыргыз Республикасынын бюджети кыскаргандан кийин план боюнча чыгарылат.

2  2006-жыл үчүн маалымат шаарлардын жашоочуларын сурамжылоодон алынды жана элеттиктердин пикири эсепке алынган эмес.

 

 

 

 

 

 

Окшош материалы: