Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

КУРЧ МАСЕЛЕЛЕР: жергиликтүү бюджеттердин кирешеси канчалык төмөн болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине ичи чыкпагандар да ошончолук көп болот

2020-07-02 / Көңүл чордонунда
КУРЧ МАСЕЛЕЛЕР: жергиликтүү бюджеттердин кирешеси канчалык төмөн болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине ичи чыкпагандар да ошончолук көп болот

Кыргызстанда үч жыл катары менен Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялашты.

Аймактарды өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары негизги “кыймылдаткыч” күч болуп бериши керек эле. Бул үчүн аларда жетиштүү ресурстар барбы? COVID-19 кризисинен улам республикалык бюджеттердин кыскарышы жергиликтүү бюджеттерге кандай таасирин тийгизди? Жаңы окуу жылында окуучулардын эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылыш үчүн аларда ресурстар жетиштүү болобу? Ушул жана башка суроолорго 2020-жылдын 17-июнунда “АКИ-пресс” маалымат агенттигинде ЖӨБ Союзунун директору Өмүрбек АЛМАНБЕТОВ, ӨСИнин башкаруу төрайымы, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору Надежда ДОБРЕЦОВА, Чүй облусунун Аламүдүн айылдык аймагынын башчысы Найзабек КӨЛБАЕВ, ЖӨБЭММАнын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Азамат ШАМЕЕВ жооп беришти. Медиа каражаттарынын өкүлдөрү менен дискуссия болбой калды, себеби басма сөз жыйыны онлайн форматында өттү. Буга карабастан баяндамачылардын ар бирине кырдаалга карата өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берилди. Пресс-сессия БУУӨП / SDC каржылаган “Мыйзам долбоорлорун талкуулоодо КР Жогорку Кеңешинин жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын эсепке алуусу” аттуу долбоордун колдоосу менен өттү. Ошондой эле пресс-сессияга Швейцария Өкмөтү (SDC) каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору да колдоо көрсөттү.

“Муниципалитет” журналы басма сөз жыйыны маалында талкууланган өзгөчө курч маселелерди назарыңызга сунуш кылат.

COVID-19 эпидемиясынан жергиликтүү бюджеттер жоготууга учурап жатабы?

Ооба, учурап жатышат. Аларга жергиликтүү салыктар түшпөй калды, алар өзүнүн да, өкмөттүн да милдеттенмелерин кошо каржылоого мажбур болушууда. Мисалы: дезинфекциялоо үчүн хлор кошулган дарыларды алуу; дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу; коргонуучу кийимдерди, беткаптарды, антисептиктерди, тепловизорлорду, респираторлорду, коргоочу көз айнектерди сатып алуу; калктын аярлуу катмарларына материалдык жардам көрсөтүү (ун, кумшекер, өсүмдүк майы ж.б.); өткөрмө бекеттер үчүн вагондорду жана боз үйлөрдү тургузуп берүү өңдүү иштерди каржылап жатышат.

Республикалык бюджеттин кыскарышы ЖӨБ органдарынын өз функцияларын аткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды десек болобу?

Жок, антип айтууга болбойт. Бирок терс таасири болду. Жергиликтүү бюджеттердин көлөмү 7 пайызга кыскарды. Бирок жергиликтүү салыктардан киреше түшпөй калгандыктан мындан ары да жоготуулар болушу ыктымал. Бир караганда бул андай деле көп эмес суммадай көрүнүшү мүмкүн. Бирок башка өкмөттөрдүн эпидемия маалында кандай чараларды көргөнүн, эл аралык тажрыйбаны эске алсак, көпчүлүк өлкөлөрдө өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берген жардамын көбөйттү. Себеби дал ушул жергиликтүү бийлик оору менен күрөштө алдыңкы катарда турганын түшүнүштү.

Жогорку Кеңештин депутаттары КР Өкмөтүн жергиликтүү бюджеттерди кыскартуу боюнча өз сунушун өзгөртүүгө мажбур кылганы туура болдубу?

Депутаттар туура иш жасашты. Бирок алар жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктары үчүн акыркы коргоочу таяныч болуп калбашы керек. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү баскычында диалог болушу керек эле, КР Өкмөтү менен ЖӨБ органдарынын атынан алардын ыйгарым укуктуу өкүлү – ЖӨБ Союзу ортосунда кызыкчылыктар макулдашылууга тийиш болчу. Парламентке өкмөт менен жергиликтүү жамааттар жана ЖӨБ органдары ортосунда макулдашылган, жергиликтүү жамааттарга жана аймактардын өнүгүүсүнө зыян келтирбей турган сунуштар түшүшү керек болчу. Бюджеттик чыгашаларды бөлүштүрүп жатканда Өкмөт жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эсепке алууга тийиш. Бирок бүгүнкү күндө мындай болбой жатат. Себеби кызыкчылыктарды макулдашуу процесстин өзү жок. Процессти түзүп, жол-жоболоштуруу үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Атүгүл бул нерсе КРны 2040-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясында да жазылган жана Ачык өкмөт боюнча Улуттук иш  аракеттер планынын бир бөлүгү болуп саналат.

Бирок дагы бир жолу айтабыз – депутаттар жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктары үчүн соңку коргоочу таяныч болбошу керек. Парламентке Өкмөт менен жергиликтүү жамааттар жана ЖӨБ органдары ортосунда макулдашылган, жергиликтүү жамааттарга жана аймактардын өнүгүүсүнө зыян келтирбей турган, салмактуу сунуштар түшүшү керек болчу. Бюджеттик чыгашаларды бөлүштүрүүдө Өкмөт жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эсепке алууга тийиш. Бирок бүгүнкү күндө мындай болгон жок. Кызыкчылыктарды макулдашуу процесси зарыл. Бул үчүн мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү абзел (КРны 2040-жылга чейин өнүктүрүү Стратегиясында да, Ачык өкмөт боюнча Улуттук иш-аракеттер планында да жазылган).

Депутаттар жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын натыйжалуу коргой алыштыбы?

Ооба, бир кыйла эффективдүү коргоп беришти. Республикалык бюджетти секвестрлөөнүн натыйжасында жергиликтүү бюджеттердин кирешесин кыскартуу КР Өкмөтү сунуш кылгандай олуттуу болгон жок. Мында ЖӨБ органдарын коргоп чыккан КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын эмгеги чоң. КР Өкмөтү берген сунуштар менен салыштыра келгенде, депутаттар жергиликтүү бюджеттерди каржылоону кыскартуунун соңку суммасын бир кыйла төмөн кыла алышты:

  • дем берүүчү гранттарды толугу менен коргоп калышкан, алардын бери дегенде жарымы – бул мектептер, бала бакчалар жана саламаттык сактоо объекттери. Болжол менен бешинчи бөлүгү – инженердик инфраструктура объекттери, ага суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүү системалары, ошондой эле таштанды полигондору да кирет. Бул объекттердин баары талаптагыдай абалга келтирилүүгө тийиш, себеби алар жарандардын коопсуздугуна таасирин тийгизет;
  • максаттуу трансферттердин кыскартылышын дээрлик эки эсе азайтышты;
  • капиталдык салымдардын үчтөн бирин коргоп калышты.

ЖӨБ органдары бардык муктаждарга жардам бере алабы?

Өз бюджеттеринин чегинде жардам бере алышпайт, себеби бардык чыгымдарды үңөмдөөгө мажбур болуп, жарандарга кошумча жардам бөлүп берүүгө каражат болбой калат. Бирок өзгөчө кырдаалда жана өзгөчө абал маалында оор турмуштук кырдаалда калган үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларга Өкмөт жергиликтүү бюджеттерге 106 миллион сом бөлүүдө. Бул каражат Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен алынды. Бул демек, ар бир айылдык муниципалитет 200-250 миң сомдон алат (шаарларды кошпогондо).

Бул акча болжол менен 71 миң кап ун алганга жетет (бир кап ун 1500 сом болот деп эсептегенде). Ошондо 15-20 үй-бүлөгө бир каптан ун туура келет. Мыйзамдар жана бюджет ЖӨБ органдарына бизнеске жардам берүүгө жол бербей турганын да белгилей кетели.

ЖӨБ органдарынан башка дагы ким кризистен жабыркагандарга, анын ичинде ишкерлерге жардам берет?

КР Өкмөтү жергиликтүү бюджеттерден тышкары аймактарга финансы агымдарын жолдоп жатат:

  • Аймактарды өнүктүрүү фонддорун каржылоо бир кыйла көбөйдү – 0,613 млрд. сомго (2,5 эсе көбөйдү); облустарды өнүктүрүү фонддору 0,466 млрд. сомго көбөйдү (2,6 эсе көбөйдү);
  • бизнести колдоого 3,876 млрд. сом каралган, бекитилген бюджетке карата жалпысынан 1,804 млрд. сомго көбөйдү;
  • айыл чарба жумуштарын өз убагында өткөрүп алуу үчүн республикадагы элеттик товар өндүрүшчүлөрүнө мамлекеттик колдоо күчөтүлдү. Бул үчүн кошумча 1,0 млрд. сом каралган; коммерциялык банктардын (“Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоорун ишке ашырууга катышкан банктардын) пайыздык ставкаларын субсидиялоо үчүн - 0,250 млрд. сомго көбөйтүү менен 0,850 млрд. сом.

Жергиликтүү бюджеттерди кыскартуу менен калк үчүн тобокелдиктердин ортосунда байланыш барбы?

Бар. ЖӨБ органдарынын окуучулардын эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу жөндөмдүүлүгү өзгөчө терең тынчсызданууну жаратып жатат. Бир көйгөй бар: республикалык бюджеттеги каражаттын эсебинен мектептерди кароого кеткен чыгымды КР Билим берүү министрлигине өткөрүп берүү тууралуу өкмөттүн чечими бар болгонуна карбастан, бул аткарылган эмес. Ошондуктан мектептерди каржылоо үчүн жоопкерчилик мурдагыдай эле ЖӨБ органдарында кала берүүдө. Мектептердин абалы санитардык нормаларга жооп бербейт (бул маалымат Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүгө жасалган Улуттук ыктыярдуу сереп, 4-максат долбоорунан алынды): мектептердин 48,1 пайызында гана ичүүчү таза сууга жеткиликтүүлүк бар; мектептердин 19,7 пайызында гана ички сани тардык түйүндөр бар; мектептердин 20,9 пайызында гана ысык сууга жеткиликтүүлүк бар.

2019-жылы эле КР Өкмөтү жалпы билим берүүчү мектептерди мамлекеттин менчигине, КР Билим берүү министрлигинин башкаруусуна өткөрүп берүү тууралуу маселени караган. Бирок кабыл алынган чечимге жана ошол кездеги саясий эркке карабастан бул маселе ошол бойдон чечилбей калган. “Окуучулардын эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн ЖӨБ органдары мектептерди талаптагыдай санитардык шарттар менен камсыздай алабы?” деген суроо ушул күнгө чейин ачык бойдон кала берүүдө.

Жергиликтүү бюджеттерди кыскартуу жана жетиштүү каржылабай коюу дагы кандай тобокелдиктерди пайда кылат?

Бюджеттердин кирелешеринин катышы дээрлик өзгөргөн жок. Бул демек, финансылык децентралдаштыруунун деңгээли төмөн бойдон калып жатат, бюджеттик туюнтмасынан алганда аймактарды өнүктүрүү саясаты ишке ашырылган жок дегенди билдирет. Бирок жергиликтүү бюджеттердин кирешеси канчалык аз болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине ичи чыкпагандар да ошончолук көп болот. Жергиликтүү бийликтин ишине нааразычылык жалпысынан бийликке карата нааразы маанайды жаратат. Бул көрүнүш 2010-жылы өзгөчө жакшы билинген. Ошондо ЖӨБ органдарынын чабалдыгы, 2008-2009-жылдары кыскартылган ыйгарым укуктары жана азайтылган бюджеттер элдин нааразычылыгына себепчи болгон. Эл жеринде жашоо оңолбой жатканын айтып чыккан эле. Ошондуктан жергиликтүү бюджеттерди жетишсиз каржылоо бийлик үчүн да, социалдык туруктуулук үчүн да өтө кооптуу.

Дотацияда турган айыл өкмөттөрдүн санын кыскартууга умтулуудан майнап чыгабы?

Дотацияда турган ЖӨБ органдарынын санын кыскартууну кандайдыр бир ийгиликтин көрсөткүчү катары эсептөө – толугу менен сандырак сөз. Азыркыдай шарттарда, Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасы борборлоштурулган бойдон калып жатканда, ал эми ЖӨБ органдарына улам жаңы ыйгарым укуктар жана милдеттер жүктөлүп жаткан учурда дотациядагы ЖӨБ органдарынын санынын өсүшү же кыскарышы бир гана нерсени чагылдырып турат: ЖӨБ органдары жайгашкан жерине карабастан алардын иши үчүн жок дегенде минималдуу даражада тең шарттарды камсыз кылып берүүгө өкмөттүн акчасы жетип-жетпегенин көрсөтөт. 2020-жылы өкмөттөн кошумча жардам алса, дотацияда турган ЖӨБ органдарынын саны көбөйөт. Эгерде кыскарса, анда бул демек, жашоо шартка нааразы адамдардын саны көбөйөт дегенди билдирет.

 

 

Окшош материалы: