Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

COVID-19 эпидемиясы эркектерге жана аялдарга кандай таасирин тийгизди?

2020-07-02 / Көңүл чордонунда
COVID-19 эпидемиясы эркектерге жана аялдарга кандай таасирин тийгизди?

COVID-19дун Кыргыз Республикасында жашаган аялдардын жана эркектердин абалына тийгизген таасири. 2020-жылдын 15-майына карата ыкчам гендердик анализ

COVID-19дун жайылышынын кесепеттерине ыкчам гендердик анализ жүргүзүү демилгесин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн БУУ-Аялдар түзүмүнүн Регионалдык кеңсеси көтөрүп чыккан. Бул анализ Women Count гендердик маалыматтарды жана статистиканы жакшыртуу боюнча программасынын алкагында жасалды. Ошондой эле кошумча сунуштарды БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун Регионалдык кеңсеси берди.

Анализ 2020-жылдын 23-апрелинен 15-майга чейинки мезгил аралыгында бир нече уюмдун күчү менен жасалды. Алар: «SIAR Research & Consulting» эл аралык изилдөө компаниясы, “Кризистик Борборлор Ассоциациясы”, “«Курак» Аялдар Форуму”, “Ишкер, демилгелүү аялдар”, “Карылар үчүн ресурстук борбор”, “Ачык линия”, “Кыргыз Республикасындагы Чыгыш-Батыш СПИД фонду” уюмдары менен өнөктөштүктө “Социалдык технологиялар агенттиги” өкмөттүк эмес уюму. Изилдөө жүргүзүүгө “БУУ-Аялдар” Түзүмү, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, Европа Биримдиги1 жана ЮНФПА финансылык колдоо көрсөтүштү.

Бул анализдин жыйынтыктары жана сунуштамалар мамлекетке, Кыргыз Республикасынын жарандык коомуна, ошондой эле өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөргө COVID-19га реакция жасоо боюнча чараларда гендердик өңүттөрдү эске алууга, эпидемиянын кыз-келиндерге тийгизген терс таасиринин кесепеттерин азайтууга жардам берет.

Глобалдык масштабдан алып караганда, пандемия аялдардын жана эркектердин абалына ар башкача таасирин тийгизген. Пандемия алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, теңсиздиктин жана гендердик зомбулуктун масштабын кеңейткен. Бул биринчи кезекте салттуу түрдө кызмат көрсөтүү секторуна багыт алган ишкер аялдардын киреше булагына таасирин тийгизди. Саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана билим берүү системасында иштеген аял кызматкерлердин басымдуу бөлүгү илдетти жуктуруп алуу коркунучуна кабылышты, карантин шарттарында үйдөгү түйшүк да арбыды. Кыргызстанда бул кырдаалдын өзгөчөлүгү да бар. Ал өлкөнүн географиялык жайгашуусунун өзгөчөлүктөрүнө, экономиканын кошуна өлкөлөрдөн көз карандуулугуна, тышкы эмгек миграциясынын өтө жогорку деңгээлде болушуна байланыштуу.

Кыргызстан боюнча анализдин жыйынтыктары көрсөткөндөй, өзгөчө түрдүү басмырлоого туш болгон аярлуу топторго кирген аялдар эркектерге караганда кризистин таасиринен көбүрөөк жабыркаган.

Өзгөчө жабыркаган топтор

Ишкер аялдар

Өзгөчө кырдаал киргизгенден кийин эң көп экономикалык зыянды бейформал кызматкерлер жана өзүнө иштеген кызматкерлер сезди. Алар кирешесинен жана иш ордунан ажырашты. Көпчүлүк аялдар социалдык ишкерчилик секторлорунда, жеңил өнөр жай тармактарында, “сулуулук индустриясында”, соодада, туризмде, кызмат көрсөтүү тармактарында, коомдук тамактануу жайларында жана коомго кызмат көрсөткөн башка чөйрөлөрдө иштешет. Эрежеге ылайык, бул тармактарда калктын керектөө жөндөмдүүлүгүнө сезгичтик өтө жогору. Жалданган жумушчу катары иштеген аялдар адатта компаниянын жана уюмдун персоналдарынын түзүмүндө төмөнкү жана орточо катмарында турушат.

Коронавирустун жайылышына, карантин чаралары киргизилгенине жана улуттук валютанын нарксызданышына байланышкан кырдаал аялдардын ишкерлик кыймылына сокку урду. Ишкерлердин бул тобунун өзгөчө аярлуу болгонунун бир себеби бар: аялдардын бизнеси негизинен “сулуулук индустриясы” чөйрөлөрүндө кызмат көрсөтүү секторунда жана соодада орун алган.

Эмгек мигранттары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, ушул тапта 750 миңден ашык кыргызстандык чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Өлкөдөгү ар бир төртүнчү үй-бүлөнүн ичинен бир же андан ашык мүчөсү мигрант болуп саналат. Чек аралар жабылган учурда 5 миңге жакын кыргызстандык өлкөгө кире албай, кайсы жерде болсо, ошол жакта калууга мажбур болушту. Алардын мекенинде калган үй-бүлөлөрү, өзгөчө балдары дагы бир аярлуу топту түзөт. Мигранттар иш издеп барган өлкөлөрдө алардын иштөөгө уруксат берүүчү документтеринин мөөнөттөрү бүтүп калды, иштеген жери карантин маалында жабылып, жумушсуз калышты. Акчанын жоктугу, вирусту жуктуруп алуу коркунучу, мекенинен алыс жерде, жакындарын жана балдарын сагынып, куса болуп жүргөнү бул мигранттарды пандемия маалында ого бетер аярлуу кылып жатат. Көзөмөлдөөгө болбогон кырдаалда калган мигранттар, башпаанек издеген адамдар, эксплуатациялоого туш болгон жана соода предметине айланган адамдар COVID-19га кабылуу коркунучу жогору топторго киришет. Себеби зарыл коргонуу каражаттары болбосо, алар жашаган же иштеген чөйрө бул адамдарды тобокелдикке түртүп жатат.

Саламаттык сактоонун адистери

Дарыгерлер, медайымдар, санитардык кызматкерлер жана ооруканадагы башка жумушчулар – коргонуучу кийимдерге жана беткапка карабастан (булардын саны жана сапаты пандемия башталганда талапка жооп берген эмес) илдетти жуктуруп алуу коркунучу жогору топко киргендер. Бул топко киргендер ооруну өтө оор көтөрүүдө. Айталы, 9-апрелге карата маалыматтар боюнча, Кыргызстанда COVID-19ду 32 медициналык кызматкер жуктуруп алган. Ал эми 10-майга карата медкызматкерлердин арасында илдетти жуктуруп алгандардын саны 232 адамга жетти. Алардын ичинен 176 адам сакайып чыкты. Өлкө боюнча коронавирустан көз жумган 12 адамдын арасында №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси да бар.

Кыргызстанда жынысы боюнча бөлүштүрүп маалымат берүү боюнча кандайдыр бир позитивдүү тажрыйба бар болгонуна карабастан (илдетти жуктуруп алгандардын саны боюнча статистика күн сайын жыныска бөлүп жарыяланып турат), ооруну жуктуруп алган, сакайып чыккан, ооруканага жаткырылган жана көз жумган медициналык кызматкерлерге байланыштуу жынысы боюнча статистика айтылбайт. Саламаттык сактоо системасында иштеген улгайган аялдарга өзгөчө көңүл бөлүш керек. Алар эки эсе көбүрөөк коркунуч бар болгонуна карабастан, өз ишин уланта беришүүдө. Ошондой эле аярлуулардын тобуна социалдык кызматкерлер да кирип калды. Алардын басымдуу бөлүгү – аялдар. Алар өзгөчө абал шарттарында калктын аярлуу топторуна социалдык колдоо көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу менен алектенип жүрүштү. Алар жөн гана тизме түзүп, маалыматтарды тактап коюп тим болушкан жок. Бул аялдар гуманитардык жардамды түздөн-түз жеткирүүгө да аралашты. Бул болсо социалдык кызматкерлердин өздөрүн да, алардын үй-бүлөлөрүн да тобокелдикке түртүп жатат.

Өзгөчө абал шарттарында жана карантин маалында мектептерде жана жогорку окуу жайларында иштеген мугалимдерге жана окутуучуларга кошумча түйшүк түштү. Алардан онлайн-форматында окуу материалдарын чукул арада даярдап чыгууну талап кылышты. Аны менен катар бул мугалимдердин потенциалын жогорулатуу боюнча кошумча окуулар уюштурулган жок жана атайын чаралар да көрүлгөн жок. Психологиялык чыңалуу, балдарды багуу жана үй-бүлөдөгү кошумча түйшүк аз болгону келгенсип, бул мугалимдерге дагы чоң жүк түштү: аларда аралыктан окутууга көндүмдөрү да, бул багытта зарыл билими, жада калса жөнөкөй техникалык каражаттары болбосо да, жаңы шарттарга ылайыкташып иш алып барууну талап кылышты. Ошону менен бирге мугалимдер өзүнүн негизги массасында айлыгы аз кызматкерлердин катарына кирет жана алардын үй чарбасы адатта “бюджеттегилердин жакырчылыгы” өңдүү көрүнүш менен мүнөздөлүп келет.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары

COVID-19 эпидемиясы башталып, өзгөчө абал режими киргизилгенден кийин үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан жагдай кескин начарлап кетти. КР Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын январынан март айына чейин тартип коргоо органдары үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча 2319 кайрылууну каттаган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 65 пайызга көп дегенди билдирет. Жабырлануучулардын 95% – 21 жаштан 50 жашка чейинки курактагы аялдар. Сандык жагынан алганда күч колдонулган зомбулук фактылары үстөмдүк кылат. Бирок психологиялык зомбулук көрсөтүлгөн учурлар да өтө көбөйгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу мындай зомбулук фактылары эки эсе көп катталды.

2020-жылдын 25-мартынан 15-майга чейинки мезгил аралыгында өзгөчө кырдаал киргизилген калктуу конуштарда 325 үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталган. Кризистик борборлор ассоциациясынын баасы боюнча, көпчүлүк учурлар ачыкка чыкпаган бойдон кала берет. Себеби аялдар оору жугат деп коркуп, ооруканага көрүнүүдөн баш тартууда. Алар тартип коргоо органдары зомбулук жасаган адамга карата эч кандай чара көрбөйт деп эсептешет. Ошон үчүн үйүнө кайтып келгенде кайра эле зомбулук көрсөткөн адам менен жашоого мажбур болушат. Обочолонуу режиминде калган аялдар туугандарына кетип кала албайт, күйөөсүнөн экономикалык жактан көз каранды, батир акысын өз алдынча төлөй алышпайт жана башка толтура себептер бар. Тергөө аракеттеринин жана соттордун иштеринин убактылуу токтотулушу да зомбулуктун курмандыгы болгон аялдардын абалын ого бетер татаалдаштырды. Себеби чукул арада укуктук колдоону камсыз кылып, кылмыш болгон жерген жетип барууга мүмкүнчүлүк жок.

Аял укуктарын коргогон коомдук уюмдардын, зомбулук курмандыктары үчүн ачылган кризистик борборлордун да оор абалда калганы кырдаалды курчутту. Ишеним номуруна чалгандар көбөйдү, муну менен консультациялар да мурдагыга караганда узагыраак болуп жатат (30 мүнөттөн 4 саатка чейин убакытты алган консультациялар болгон). Ошону менен бирге өзгөчө кырдаал шарттарында жардам берүү мүмкүнчүлүктөрү да чектелүү.

Улгайган аялдар

Жашы жеткен аялдар ден соолугуна байланыштуу тобокелдик тобуна киришет. Себеби аларда оор өнөкөт оорулар бар жана өтө зарыл дарыларды алып турушу керек. Ал эми дары-дармектер бардык жерде кескин кымбаттады. Анын үстүнө улгайган аялдар жакыр жашагандардын негизги катмарын түзөт, алар жарыбаган пенсияга күн көрүшөт, топтоп койгон акчасы жок, азык-түлүгү да чектелүү.

Элеттик аялдар

Бул аялдардын басымдуу бөлүгүндө, өзгөчө тоолуу жана алыскы айылдарда жашагандарда аралыктан иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Элеттик жана алыскы райондордо жашаган аялдар үчүн онлайн-платформалар жана мобилдик консультациялар иштебейт. Себеби алардын көбүндө компьютер, планшеттер, мобилдик телефондор (смартфондор) жок. Бул аялдар маалыматтык технология жаатында билимге ээ эмес, жада калса бул технологияларды пайдалануунун жөнөкөй эрежелеринен кабарсыз. Эпидемия жазгы талаа иштери кызып турган маалга туш келди. Климат шарттарынан улам Кыргызстандагы көпчүлүк аймактарда дал ушул март жана апрель айларында жазгы талаа иштери кызыйт. Өзгөчө абалдан улам көпчүлүк элеттиктер насыяга, үрөнгө жана күйүүчү майга жете албай калышты. Жазгы талаа иштери ойдогудай болбой калгандыктан, жыл ичинде айыл чарба өндүрүшү да жабыркайт деген божомол бар. Бул болсо жакырчылыкты тереңдете турган факторлордун негизгиси. Натыйжада аялдардын түйшүгү да көбөйүп, зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө өбөлгө болот.

Майыптуулугу бар аялдар жана майып балдарды баккан энелер

Бул аялдар үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн өзгөчө көз каранды. Алар кошумча ресурстарга муктаж. Себеби аларга дары-дармек, баланы же өзүн карай турган адамдар керек. Мындай үй-бүлөлөр адатта жакыр жашашат жана туруктуу иштөө үчүн мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

ВИЧ менен жашаган адамдар, ВИЧ жуктурган балдары бар үй-бүлөлөр Кыргызстанда ВИЧ илдетинин жайылуу темпи жогору бойдон сакталууда. Кыргыз Республикасында 2019-жылдын 31-декабрына карата ВИЧ менен жашаган адамдардын саны 9135 адамды түздү. Алардын ичинен 2 049 адам көз жумду. Акыркы беш жыл ичинде өлкөдө ВИЧ илдетин жуктуруп катталган адамдардын расмий саны дээрлик эки эсе көбөйдү2.

Коронавирус пандемиясы бул топко киргендердин абалын ого бетер оорлоштурду. Себеби ВИЧ менен жашаган адамдар COVID-19 боюнча тобокелдиги жогору болгон топко киришет. Бул адамдардын көбү АРВ-терапиясына жетүүдө кыйналышты. Бул терапия организмдеги ВИЧ вирусун басаңдатып туруу үчүн өтө зарыл. Мындан тышкары вирусту текшерүүчү мониторинг тесттерге, CD-4 аппаратына жана башка медициналык тейлөөлөргө, дарыланууга да жетүү иши татаалдашты. ВИЧ менен жашаган аялдардын көбү обочолонуу шарттарында стресске кабылып, коркуп, тынчсызданып, үй-бүлөлүк зомбулукка да кабылышты. Бул аялдар кошумча дары-дармекке, күчтүү тамактанууга муктаж. Бирок алардын үй-бүлөсүнүн чөнтөгү жука, туруктуу иштөө үчүн мүмкүнчүлүктөр жок. Бул аялдарга негизинен азык-түлүк, гигиеналык каражаттар зарыл. Ошондой эле АРВ жана башка дарыларга кантип жетип жатканына мониторинг жүргүзүү зарыл, онлайн иштеген өз ара жардам берген топторго муктаждык бар.

Этностук азчылыктарга кирген аялдар

Кыргызстанда жүздөн ашык этностун өкүлдөрү жашайт. Алар калктын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Бул этностордун бир бөлүгү ири шаарларда өз-өзүнчө жашашат. Бирок алардын басымдуу бөлүгү бири-бирине тыгыз жашайт. Булардын басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн көрөт. Алардын көбү жабык жамааттарда жашайт, бул жамааттарда аялдар көп төрөйт, салттуу жашоо образын жүргүзөт жана экономикалык активдүүлүгү көп деле байкалбайт. Башка аялдарга салыштырмалуу салттуу жана диний факторлордун бул аялдарга тийгизген таасири өзгөчө күчтүү. Алар түрдүү басмырлоого кабылган учурлары сейрек эмес.

Өспүрүмдөр, анын ичинде кыздар

Өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйдү. 16-марттан берки мезгил аралыгында (мектептерде карантин киргизилгенден кийин) өлкөдө 9 бала өз жанын кыйган. Буга себеп катары алар үй-бүлөдөгү обочолонуу режимине чыдабаганы, ата-энеси менен мамиле түзө албаганы, ата-энелердин да бала менен баарлаша албаганы айтылды. Адатта өспүрүмдөрдүн ата-энеси тышта миграцияда жүрүшөт жана бул балдарды туугандары карап калышат. Ал эми алар болсо балада депрессиянын белгилерин убагында байкабай калышат3. Ошол себептен өзгөчө көңүл буруп, максаттуу алдын алуучу чаралар талап кылынат, анын ичинде депрессияны жеңип, психологиялык стресстен арылуу үчүн жардам зарыл.

Кимиси көбүрөөк аярлуу – эркектерби же аялдарбы?

COVID-19 пандемиясы Кыргыз Республикасындагы аядардын жана эркектердин абалына терс таасирин тийгизип, өзгөчө аялдардын түйшүгүн арбытты. Обочолонуу, экономикалык кризис, кыймылга киргизилген чектөөлөр, саламаттык сактоо, социалдык коргоо системаларына түшкөн ашыкча жүк, балдардын жана студенттердин аралыктан окуусун уюштуруу калктын бардык катмарын оор абалда калтырды. Изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, өзгөчө жүк аялдардын, биринчи кезекте аярлуу топторго киргендердин мойнуна түштү.

Телефон аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыктары жана онлайн анкетаны толтурган респонденттердин жооптору көрсөткөндөй, COVID-19га байланыштуу пайда болгон коркунучтар тууралуу калктын түрдүү топтору алган маалыматтарда айырмачылыктар бар. Аялдар эркектерге караганда маалыматты салттуу медиа каражаттарынан көбүрөөк алышат. Бирок алар үчүн Интернет негизги маалымат булагы бойдон кала берди. Аялдар саламаттык сактоо мекемелеринен, үй-бүлөлүк дарыгерлерден көбүрөөк маалымат алышат. Ал эми эркектер өтө зарыл болбосо, дарыгерлерге кайрылышпайт. Респонденттердин 74% маалымдуулуктун деңгээлине канааттанаарын, карантинге даярданып алууга үлгүрүшкөнүн айтышкан. Ошол эле маалда маалыматты кеч алгандыктан карантинге даярданбай калганын айткандардын арасында аялдар басымдуулук кылат.

Респонденттердин 10 пайызы (эркектер да, аялдар да) киргизилген чектөө чараларынын натыйжасында жумушунан айрылып, оор экономикалык абалда калышкан.

Дагы бир фактка көңүл буруу зарыл: жалданып иштеген аялдардын 75% аралыктан иштөөгө өтүшкөн. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, эркектерде бул көрсөткүч 63 пайызды түзөт. Эркектердин 34% жана аялдардын 19% жумушка барууда. Эпидемияга чейин эле үйдө иштегендердин арасында аялдар эки эсе көп. Башкача айтканда, Кыргызстанда аялдар кайсы бир деңгээлде жаңы шарттарга ыңгайлашып, алардын бир бөлүгү аралыктан ишин уланта берген.

Ишкер жана өз алдынча иштеген эркек респонденттердин 73% жана аялдардын 55% бизнеси катталбаганын айтышты. Жарандардын бул категориясы эпидемия менен күрөшүү боюнча киргизилген чаралардын кесепеттеринен өзгөчө көп жабыркашты. COVID-19дун жайылышы менен 13 пайызынын бизнеси таптакыр эле токтоп калган. COVID-19дун бизнеске таасирин аялдарга караганда эркектер көбүрөөк белгилешкен.

Ушул тапта эркектердин 62% жана аялдардын 70% медициналык камсыздандыруу бар. Аны менен катар эркектердин 6 пайызы жана аялдардын 8 пайызы гана жумушсуздук боюнча жөлөкпул же өкмөттөн жана ЖӨБ органдарынан кандайдыр бир финансылык колдоо алат. Аярлуу топко киргендердин ичинен мындай колдоону 9,7% адам гана алат. Респонденттердин басымдуу бөлүгү (79%) COVID-19 жайылгандан кийин өкмөттөн же ЖӨБ органдарынан нак акча түрүндө эч кандай колдоо алган эмес, 20% азык-түлүк, 2% профилактика каражаттарын алган.

Респонденттердин 5 пайызы гана тамак-аш алса, 2 пайызы жарандык коом уюмдарынан же кайрымдуу адамдардан коргонуучу каражаттарды алышкан. Ошону менен бирге азык-түлүк алгандардын ортосунда да айырма бар: азык-түлүктү сурамжылоого катышкан эркектердин 8 пайызы, ал эми аялдардын 2 пайызы гана алган.

COVID-19дун натыйжасында эркектердин кирешеси азайган эң көп көрсөткүч айыл чарбасына, жеке бизнеске, акы төлөнгөн жумушка туура келет. Аялдарда болсо чет өлкөдө жашаган адамдардан алган акча кирешеси (мигранттардын акча которуулары) азайган, ошондой эле үй-бүлөлүк же жеке бизнесинин кирешеси түшүп кеткен. Аярлуу топтор жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн пандемиянын таасири, кирешенин азайышы өзгөчө сезилди.

Аялдар жана кыздар үчүн үй түйшүгү кескин көбөйдү. Аялдардын үй жыйноого, тамак жасап, балдары менен сүйлөшүп, окутууга сарптаган убактысы да көбөйдү. Эркектер арасында короосун карап, үй-бүлөгө азык-түлүк сатып алууга кеткен убактысы көбөйдү. Ошону менен бирге аялдардын 35,6% жолдошу такыр эле жардам бербегенин айтса, жооптун ушундай эле вариантын эркектердин 15% гана тандаган.

COVID-19дун натыйжасында респонденттердин 21% стресске кабылып, тынчсызданып, психикалык, менталдык жана эмоционалдык саламаттыгы жабыркаган. Респонденттердин басымдуу бөлүгүнүн – 61 пайызынын мектепке барган балдары бар, ал эми мектептер карантинге жабылган. Эркектерге караганда (28%) аялдар (40,1%) ушул позицияны көбүрөөк белгилешкен. Бул болсо аралыктан окутуу процессинде балдарга жардам берүү боюнча үй-бүлөдө негизги жүк энелерге түшөөрүн билдирет.

Коомдук транспорт ишин токтоткону респонденттерге өзгөчө кыйынчылыкты жараткан. Өзгөчө аялдар (32,7%) кыйналды. Ал эми эркектер (19,3%) ыңгайсыздыкты көп деле сезген эмес. Кары адамдардын, ВИЧ менен жашаган адамдардын жана башка аярлуу категорияга киргендердин арасында кыйналганын айткан адамдар бир нече эсе көп.

COVID-19 менен күрөшүү боюнча киргизилген чектөөлөрдүн натыйжасында кыйынчылыктарды көбүрөөк аялдар, өзгөчө аярлуу топторго кирген кыз-келиндер сезишкен. Алар зарыл болгон ресурстарга жете албай кыйналышканын белгилешти: азык-түлүк, дары-дармек, коргонуу каражаттарын сатып алууда, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө, гигиеналык жана санитардык каражаттарга, сууга жана социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүдө кыйынчылык болгонун айтышты.

Обочолонуу шарттарында кыз-келиндерге карата зомбулуктун масштабына жакынкы келечекте да баа берилет, анын кесепеттери узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болот. Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу зомбулук фактылары 65 пайызга көбөйгөн. Кимдир бирөө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылса жардам сурап кайда кайрылыш керектигин эркектердин 54% жана аялдардын 41% билет. Бирок ошол эле маалда аялдардын 33% жана эркектердин 30% мындай жардам сурап кайрылбай турганын айтышкан. Карантин маалында респонденттердин 9 пайызы гана жардам жана колдоо издеп ыкчам номурларга кайрылган. Ошону менен катар ыкчам номурга чалган аялдардын үлүшү (12,5%) эркектердин үлүшүнө (5,8%) салыштырмалуу эки эсе көп.

Сурамжылоого катышкандардын көбү сексуалдык жана репродуктивдүү саламаттык боюнча кызмат көрсөтүүгө (48,2%) жана бойго бүтүрбөөчү каражаттарга (62,3%) муктаж болбогонун айтышкан. Ошону менен бирге мындай көрсөткүч репродуктивдүү курактагы аялдар арасында өтө жогору. Бул – аялдарда үй-бүлөнү пландоо тууралуу зарыл билимдин жоктугунан кабар берет.

Саламаттык сактоо тармагында иштегендердин басымдуу бөлүгүн салттуу түрдө аялдар түзөт, алар биринчи соккуну өзүнө алышты, айрымдары илдетти жуктуруп алды. Бирок COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штаб ооруну жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин жынысын айта элек.

COVID-19га жооп катары бийлик көргөн чаралар аярлуу топторго багытталган эмес. Алар көбүнчө ооруп калгандарга жана жалпысынан калкка багытталган. Ошону менен бирге COVID-19да аярлуу топтордун структурасы жана мүнөзү өзгөрүп жатканы белгилүү болуп калды.

Кризистик кырдаалга реакция жасаган бардык органдарда, уюмдарда жана башкаруу процесстеринде ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүдө гендердик теңсиздик аныкталды. Бирок бул процессте аялдар да, эркектер да бирдей ролду ойной турганын унутпаш керек.

Улуттук деңгээлде жана ЖӨБ органдарында түзүлгөн жумушчу топтордун жана органдардын гендердик курамы тең салмактуу эмес. Аялдардын уюмдары жана активисттер бул курамга кирбей калган. Аялдардын өкмөттүк эмес уюмдары, аял активисттер жана ыктыярчылар калкка маалымат жеткирүүдө, зомбулук учурларында колдоо көрсөтүүдө жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө активдүү болушкан. Бирок өзгөчө кырдаал шарттарында жалпы координация жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуунун аспаптары мындан ары өркүндөтүлүүгө тийиш.

Эмне кылыш керек?

Мамлекеттик органдар үчүн сунуштамалар

  • Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин азайтуу процессине тартылган бардык мамлекеттик мекемелер үчүн гендердик өңүттөрүн эсепке алган иш-аракеттерди камсыз кылуу үчүн так нускамаларды жана стандарттык иштин жол-жоболорун даярдап, бекитүү зарыл.
  • COVID-19га реакция жасоого катышкан бардык мекемелер маалыматтарды чогултуп жатканда адамдын жынысына карап бөлүп чыгып, берүүгө тийиш. Кыргызстанда мындай статистика илдетти жуктургандардын жалпы санына карата гана берилүүдө. Ооруканага жаткырылгандардын, сакайып чыккандардын, көз жумгандардын жынысы тууралуу маалыматтар жарыялана элек. Илдетти жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин жынысы тууралуу да маалымат жок.
  • Ишкерликти колдоо боюнча чараларды гендердик анализдин элементтери менен толуктап чыгуу зарыл. Иштеп жаткан аялдарга жана ишкер кыз-келиндерге колдоо көрсөтүү чараларын караштыруу үчүн ушундай кадамга баруу зарыл. Чакан жана орто бизнес субъекттери үчүн салык каникулун, корпоративдик, социалдык салыктарды жана КНСти төлөө мөөнөтү узартылган аялдардын жана эркектердин саны тууралуу маалыматтар жок.
  • Соода-көңүл ачуучу, бизнес борборлордо иш узакка токтогонун эсепке алуу менен, чакан жана орто бизнес субъекттерине, ижарачыларга төлөмдөр боюнча мөөнөттү узартууну сунуш кылып, ижара акысын улуттук валютанын рынок курсу боюнча индексикациялоо практикасынан баш тартуу зарыл.
  • Коом үчүн маанилүү социалдык маселелерди чечүүгө катышып жаткан чакан жана орто бизнес субъекттерине, социалдык ишкерлерге, коомдук уюмдарга гранттык колдоону караштыруу керек.
  • Маалыматтык технологияларды колдонуп иштей албаган элеттик жана алыскы аймактарда жашаган аялдарга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Жазгы талаа иштеринин үзгүлтүккө учурашы, насыяларга, үрөн фондуна жана күйүүчү майга чектөөлөр калктын жакырланышына алып келет. Бул болсо элеттик товар өндүрүшчүлөрүн колдоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чукул чараларды көрүүнү талап кылууда.
  • Эмгек мигранттарынын акча которууларынан көз каранды болгон үй-бүлөлөрдүн киреше деңгээлине COVID-19дун тийгизген таасири боюнча атайын изилдөө жүргүзүп чыгуу зарыл.
  • Өзгөчө кырдаалга реакция жасоо чараларын пландоо жана ишке ашыруу процесстеринде аярлуу топтордун өзгөчөлүктөрүн жана кызыкчылыктарын эсепке алыш керек. Бул топтордун муктаждык даражасын баалоочу системаны өркүндөтүп, алардын абалын туура баалай турган анык критерийлери бар актуалдуу маалымат базасы болууга тийиш. Ошону менен катар аялдардын көп түрдүүлүгүн, алардын муктаждыктарын жана контексттерди моюнга алып, бардык кабыл алынып жаткан программалык документтерде жана ишке ашырылып жаткан чараларда эсепке алуу зарыл.
  • Келечекте саламаттык сактоо системасын өркүндөтүүгө, медицина илимине жана медициналык кызматкерлерге көбүрөөк көңүл буруш керек. COVID-19 пандемиясына байланышкан кырдаалда чыңалуу бир аз азайгандан кийин медициналык адистер жана социалдык кызматкерлер керектүү дарылоодон өтүп, акчалай кенемте алып, аларга психологиялык жардам көрсөтүлүп, санаториялык-курорттук дарыланууга жиберилүүгө тийиш.
  • Билим берүү системасында санарип технологияларды өнүктүрүүнү уланта берүү зарыл. Тез өзгөргөн шарттарга чукул арада ыңгайлашып кетүүсү үчүн кыздардын жана аялдардын билим алуусуна өзгөчө көңүл бурулууга тийиш.
  • Мугалимдерге жана жогорку окуу жайлардын окутуучуларына онлайн форматта окуу материалдарын даярдоо боюнча потенциалын узак мөөнөттүү, сапаттуу жогорулатып алууга жардам берилип, маалыматтык-коммуникациялык технологияларга жетүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөр берилиши керек.
  • Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында штабдардын, комендатуралардын жана аларды коштоп жүргөн эксперттик жана башка жумушчу топтордун, ошондой эле гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссиялардын курамын мыйзамдарда каралган гендердик пропорцияны сактоо менен түзүү зарыл. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мындай топтордо бир жыныстагы адамдар 70 пайыздан ашпашы керек деген принцип каралган. Ошондой эле алардын курамына түрдүү аярлуу топтор менен иш алып барган коомдук уюмдардын өкүлдөрүн кошуш керек. Мындан тышкары ушул структуралардын баарына гендердик саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды (КР ЭСӨМ) кошуу зарыл. Ошондо алардын ишинде гендердик өңүттөр институционалдык жактан эсепке алынат.
  • Жарандык коом уюмдарын, анын ичинде гендердик зомбулук учурунда жардам берген аялдардын уюмдарын чукул реакция жасоо, пландоо, анын ичинде гуманитардык жардам берүү процессине тартуу үчүн расмий механизмдерди колдонуу зарыл.
  • Карантин шартында үй-бүлөлүк зомбулук фактылары аныкталган учурда тартип коргоо органдарынын жана башка мекемелердин иш аракеттеринин атайын протоколун чукул арада даярдап, бекитүү зарыл. Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга кызмат көрсөтүүлөр карантин шартында көрсөтүлгөн базалык кызматтардын тизмесине кириши керек. Каттоого алынган учурлар жана тартип коргоо органдары кандай чара көргөнү тууралуу маалыматтарды коменданттар жана муниципалитет башчылары күн сайын COVID-19 боюнча калкка жасаган билдирүүсүндө камтып кетиши керек.
  • COVID-19га байланыштуу карантин маалында онлайн форматта иштеген психологиялык кызматтарды (гендердик зомбулукка көп сектордук реакция жасоонун алкагында) координациялоо системасын жакшыртуу зарыл. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукту башынан өткөргөн адамдарга сапаттуу онлайн колдоо көрсөтүү үчүн ыкчам линиялардын (112, 118, 1227, 111) ишин жакшыртуу керек.
  • Мамлекет зомбулуктан жабыркаган адамдар үчүн ачылган, күнү-түнү ыкчам телефон номурлары аркылуу колдоо көрсөткөн, башпаанек берген кризистик борборлорго көңүл буруп, колдоп (кризистик борборлордун кызматкерлерине акы төлөп, окутуп, квалификациясын жогорулатып, жабдууларын алып берип, күзөт кызматынын ишин күчөтүп ж.б.) турушу керек.
  • Зомбулукту көрсөткөн киши катары каттоого алынган адам менен чогуу жашагандарга мониторинг жүргүзүү үчүн көзөмөлдөөнүн чукул чараларын киргизип, өзгөчө кырдаал маалында ошондо кишилерге карата жаза чараларын катаалдаштыруу керек.
  • Гендердик зомбулук фактысы боюнча иш, сотко чейинки жана соттук териштирүү сапаттуу өтүшүн камсыздоо зарыл.
  • Үй-бүлөдө жана коомдо гармониялуу мамилелерди сактоо, зомбулуктун масштабын кыскартуу, анын ичинде жардам сурап кайда кайрылса болору, үй-бүлөдө күн көрсөтпөгөн адамга кандай жаза берилери, тийиштүү кызмат көрсөтүүнү кайдан алса болору тууралуу кенен маалымат жеткирүү боюнча жигердүү маалыматтык өнөктүк өткөрүп туруш керек.

Жергиликтүү бийлик органдары жана өз алдынча башкаруу үчүн сунуштамалар4

  • Үй-бүлөлүк зомбулук фактысына реакция жасоо боюнча чукул арада жерине бара турган атайын мобилдик бригадаларды (курамына милиция кызматкери, дарыгер жана психолог кирген бригаданы) түзүү максатында Бишкек ш. мэриясынын аракеттерине колдоо көрсөтүү зарыл. Зомбулуктун көрсөткүчү жогору болгон бир катар башка калктуу конуштарда да ушундай бригадаларды түзүү тууралуу маселени карап чыгуу зарыл.
  • Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында бардык жергиликтүү бийлик органдары үчүн гендердик өңүттөрүн эсепке алган иш-аракеттерди камсыз кылуу үчүн так нускамаларды жана стандарттык иштин жол-жоболорун даярдап, бекитүү зарыл.
  • Жергиликтүү деңгээлде COVID-19га реакция жасоого катышкан бардык мекемелер маалыматтарды чогултуп жатканда адамдын жынысына карап бөлүп чыгып, берүүгө тийиш.
  • Оор турмуштук кырдаалда турган, COVID-19дун шартында аныкталган аярлуу жарандарды жана үй кожолуктарын эсепке алуу системасындагы азыркы кемчиликтерди эсепке алуу менен, канчалык даражада аярлуу болгонун баалай турган системаны кайра карап чыгып, аны өркүндөтүү зарыл, ар бир аймак боюнча акуталдуу маалымат базасы болууга тийиш.
  • Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында комендатуралардын жана аларды коштоп жүргөн эксперттик жана башка жумушчу топтордун, ошондой эле гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссиялардын курамын мыйзамдарда каралган гендердик пропорцияны сактоо менен түзүү зарыл. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мындай топтордо бир жыныстагы адамдар 70 пайыздан ашпашы керек деген принцип каралган.
  • Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында жарандык коом уюмдарын, анын ичинде гендердик зомбулук учурунда жардам берген аялдардын уюмдарын гуманитардык жардам берүү процессине жигердүү тартуу зарыл.

Жарандык коом уюмдары үчүн сунуштамалар

  • COVID-19 пандемиясы мезгилинде даректүү жардамды көбүрөөк жеткирүү, өкмөттүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын, өз алдынча башкаруулардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн жарандык коом уюмдарын тартып, алардын бул иштерге көзөмөл жүргүзүүсү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу зарыл.
  • COVID-19 менен күрөшкө катышуу процессинде жарандык коом уюмдарынын координациялоо механизмдерин өркүндөтүп, иш-аракеттеринин оперативдүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Муну маалымат алмашуу жана аярлуу топторго колдоо көрсөтүү аракеттери (гуманитардык жардамды жеткирүү, зомбулуктун курмандыгы болгон аялдарга онлайн кеп-кеңештерди берүү ж.б.) менен ишке ашырса болот.
  • Айрым аярлуу топторду камтууга багытталган маалыматтык өнөктүктөрдү өзгөчө онлайн түрүндө өткөрүү боюнча иштерди күчөтүш керек. Мындай жол менен өкмөт көңүл сыртында калтырып жаткан чөйрөлөргө жетүүгө болот.
  • БУУ жана өнүгүү боюнча башка эл аралык өнөктөштөр өнүктүрүү максатында берип жаткан тышкы жардамдын кайра программалоо жана багытын өзгөртүшү өкмөттүн адам укуктары жаатындагы, анын ичинде гендердик теңдик маселелери боюнча милдеттенмелерин аткаруусун токтотпогонуна көз салып туруу зарыл.
  • Чукул жардам көрсөтүү үчүн артыкчылыктуу чөйрөлөр – максаттуу колдоо, конкреттүү аярлуу топтор (ВИЧ+, тобокелдик тобундагы өспүрүмдөр, майыптар, кары адамдар, этностук азчылыкка кирген аялдар) үчүн адистештирилген психологиялык жардам; контакттык дарыланууга муктаж болгон адамдар үчүн чыгаша материалдары (инсулинден көз карандылар үчүн, АРВ-терапиясын алгандар үчүн ж.б.).

 

_____________________


1 ЕБ-БУУнун «Спотлайт» глобалдык демилгесинин алкагында: http://spotlightinitiative.org/ 

2 Республикалык СПИД борборунун маалыматы

3 “Лидер” өкмөттүк эмес уюмдун маалыматы боюнча. Бул маалыматтар “Сен жалгыз эмессиң” («Ты – не одинок») долбоорун ишке ашыруунун алкагында маалымат бергендерден алынды. Бул долбоор оор турмуштук кырдаалда калган өспүрүмдөргө колдоо көрсөтүп келатат.

4 «Муниципалитет» журналы бул сунуштамалар мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшүн эсепке алуу менен мындан дагы даректүү берилсе болот деп эсептейт. Ошого карабастан редакция сунуштамаларда белгиленген тапшырмаларды колдойт.

 

Окшош материалы: