Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

АЯЛДАР – өнүгүүнүн ийгиликтүү демилгечилери, бирок алар жергиликтүү жамааттын жана үй бүлөсүнүн көбүрөөк колдоосуна муктаж

2020-09-02 / Көңүл чордонунда
АЯЛДАР – өнүгүүнүн ийгиликтүү демилгечилери, бирок алар жергиликтүү жамааттын жана үй бүлөсүнүн көбүрөөк колдоосуна муктаж

Надежда ДОБРЕЦОВА, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору; Сабина ГРАДВАЛЬ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчисинин орун басары; Жамала УМАНКУЛОВА, “Erfolg Consult” ЖЧК командасынын лидери; Оңолкан УМАНКУЛОВА, “Erfolg Consult” ЖЧК командасынын аналитиги

Акыркы он жылдардан бери башкаруу системасындагы жетектөөчү кызматтарды ээлеген аялдар барган сайын азайып баратат. 2019-жылы “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 59-1-беренесине түзөтүүлөр киргизилген. Ага ылайык, айылдык кеңештерде депутаттык мандаттардын 30 пайыздан кем эмеси аялдар үчүн сакталган. Бул – башкаруу системасындагы гендердик теңдикти камсыз кылуу маселесинде алга карай ташталган чоң кадам. Үй-бүлөнүн жана аялдардын жашоо шартына тикелей таасирин тийгизген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессинде аялдардын бар болгону өзгөчө маанилүү. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы гендердик теңсиздик маселеси мыйзамдарга квотаны киргизип коюу менен гана чечилип калбайт. Бир топ суроолор ачык бой-дон кала берүүдө: Аял депутаттар канчалык ийгиликтүү жана натыйжалуу иштеп кетишет? Аялдар өздөрүн көрсөтө алышы үчүн эркек кесиптештери аларга кандай шарттарды түзүп бере алышат? Эркектер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде аялдарды башкарууга, өтө маанилүү маселелерди кабыл алуу процессине “киргизүүгө” даярбы? Аялдар өздөрү да демилге көтөрүп чыгып, эркектер менен тең ата чечимдер үчүн өзүнө жоопкерчиликти алууга даярбы? Аялдардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга натыйжалуу катышуусуна бут тоскон кандай негизги факторлор бар? Аялдардын алга суурулуп чыга албай жатканына чындап эле үй-бүлө, салт-санаалар жана дин себеп болуп жатабы же аялдар өздөрү да коомдук лидердин ролун алгысы келбейби, же бул иш алардын колунан келбей жатабы? Бул суроолорго жоопторду жергиликтүү кеңештердин отурум залынан эмес, Кыргызстандагы айылдардын жана шаарлардын күнүмдүк турмушунан табууга болот.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы аялдардын саясатка аралашуу деңгээлин жогорулатууга даярдыгын алдын-ала баалоо үчүн аялдардын жамааттардын күнүмдүк жашоосуна катышуусу үчүн түзүлгөн шарттарга, аялдардын кыймылдаткыч күч жана өнүгүү ресурсу катары өзүнө өзү берген баасына көз чаптырып көрүш керек. Бул үчүн Өнүктүрүү саясат институту ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында атайын сурамжылоо1 жүргүздү. Бул сурамжылоо аялдардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу үчүн түзүлгөн шарттарды жана катышуу деңгээлин аныктап чыгууга багытталган.

Аялдардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу

Сурамжылоонун катышуучуларына жарандардын коомдук жана расмий иш-чаралардагы активдүүлүгүнүн деңгээлине баа берүү сунуш кылынган. Бул иш-чаралар: элеттик чогулуш, көчө жыйындары, бюджет боюнча коомдук угуулар, курултай жана жергиликтүү кеңештин сессиясы. Көзгө дароо урунган бир көрүнүш: жыйындар жана көчө чогулуштары өңдүү бейформал, коомдук иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө жана деңгээлине аялдар эркектер менен бирдей эле даражада баа беришкен. Бирок андан да көбүрөөк расмий иш-чараларга эркектерге караганда аялдар скептикалык маанайда карай турганы маалым болду. Айталы, бюджет боюнча коомдук угууларга катышуу деңгээлин терс баалаган аялдардын үлүшү эркектерге салыштырмалуу 10 эсе көбүрөөк (сурамжылоого катышкан аялдардын 20% терс баасын беришкен). Аялдардын башка иш-чараларга да берген баасы терс болгон. Мисалы: курултайга катышуу деңгээлин терс баалаган аялдар эркектерге караганда 2,5 эсе көп (терс бааны сурамжылоого катышкан аялдардын 50 пайызы берген); жергиликтүү кеңештин сессиясына катышуу деңгээлине берилген терс баа – 7 эсе көп (сурамжылоого катышкан аялдардын 43 пайызы тарабынан жалпы терс баа алынган). Ошону менен бирге жарандардын катышуусу үчүн эң эле “ылайыксыз” деп аялдар курултайды аташкан – алардын жарымы курултайлар аялдардын чечим кабыл алууга катышуусу үчүн шарттарды түзөт дегенге ишенбейт.

1-диаграмма. Өзүн турмуштук позициясы жигердүү жаран катары эсептеген респонденттердин үлүшү, пайыздар менен

2-диаграмма. Өз жамаатында активист катары таанылдым деп эсептеген респонденттердин үлүшү, пайыз менен

Жалпысынан сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү – 70 пайыздан ашыгы – өздөрүн жигердүү жарандык позициясы бар жаран катары эсептешет. Эркектер арасында бул көрсөткүч 83 пайызды, аялдар арасында 63% түзөт. Бул эки жыныс үчүн тең эң жогорку көрсөткүч. Себеби өзүн жигердүү жарандык позициясы бар адам катары эсептеген аялдардын 60 пайыздан ашык болушу – бул регион үчүн салыштырмалуу жогорку көрсөткүч. Бул демек, аялдардын басымдуу бөлүгү коомдук турмушка кызыгат, жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу үчүн өзүндө күч, дарамет бар болгонун сезип турушат.

Бирок баары эле бул потенциалын ачып бере албайт. Айталы, өз жамаатында активист болгонуна ишенген аялдар азайып калды – мындайлар 54% түзөт.

Респонденттердин басымдуу бөлүгү – 73 пайызы акыркы эки жылда айылдын же аймактын деңгээлинде коомго маанилүү маселелердин чечилишине салым кошконун ырастап жатышат. Ошону менен катар эркектер өздөрүн көбүрөөк эффективдүү иш алып бардым деп эсептешет. Айталы, өзүнүн же жамааттын көйгөйлөрүн чече алдым дегендер: 61% - аялдар жана 91% - эркектер. Эч кандай жыйынтыкка жете албадым дегендер – 20 пайызы аялдар жана 4 пайызы гана эркектер. Өз сунуштарын ишке ашыруу үчүн акча каражаты же жабдуу түрүндө ЖӨБ органдарынан, өнүктүрүү долбоорлорунан жана башка булактардан колдоого аялдарга караганда эркектер көбүрөөк ээ болот экен. Өз демилгелерин ишке ашыруу үчүн тыштан жардам алганын эркектердин 89% ырастады. Ал эми аялдар арасында бул көрсөткүч болгону 49% түздү.

3-диаграмма. Жарандардын демилгелерин илгерилетүүгө көмөкчү болгон факторлор, пайыздар менен

4-диаграмма. Аялдар чечүүгө аракет жасап келаткан артыкчылыктуу маселелер, пайыздар менен

Дээрлик жарым учурда жарандар өздөрү үчүн маанилүү болгон маселелерге көңүлдү бурдуруп, социалдык жактан маанилүү маселелерди каржылоо үчүн сунуштарын иш планына жана жергиликтүү бюджетке киргизе алышкан. Ошону менен катар 17% көйгөйдү чечүү боюнча демилгени өз алдынча көтөрүп чыгып, демилгелүү топтун лидерлери болуп калышкан. Дагы 15 пайызы кайсы бир топтун атынан иш алып барса, калгандары демилгесин ишке ашыруу үчүн башка ыкмаларды колдонушат. Аялдарга караганда (39%) эркектер (58%) маселени коомдук угууларда (чогулуштарда, бюджет боюнча коомдук угууларда), ошондой эле жергиликтүү кеңештердин сессияларында өз алдынча көбүрөөк көтөрүп чыгышат экен.

Аялдардын демилгелерине жана сунуштарына көрсөтүлгөн колдоо

Сунуштарды жана демилгелерди ишке ашырууга көмөк болчу эң эле натыйжалуу фактор деп жарандар төмөнкүлөрдү аташкан: коомдук угууларга жана иш-чараларга катышуу (14,5%), көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн актуалдуулугу (13,7%), семинарлар жана тренингдер аркылуу жаңы билим алуу (12,9%), мажбурлоо жолу менен болсо да, коомдук турмушка катышуу (10,4%). Гендердик алкактан алганда, эркектер жарандардын көбү үчүн актуалдуу болгон көйгөйлөргө таянышат. Бул негизи салттуу саясий кыймыл-аракетке айланып калды.

Ошондой эле эркектер гранттык долбоорлорду ишке ашырууда буга чейинки өзүнүн тажрыйбасына жана адамдарга жардам берүү каалоосуна таянаары белгилүү болду. Эң натыйжалуу факторлор деп аялдар өздөрүнүн демилгелүү топторго биригип кетүү жөндөмдүүлүгүн аташкан. Ошондой эле аялдар эркектерге караганда өзүнүн жеке лидердик сапаттарына таянышат экен.

5-диаграмма. Өз демилгелерин ишке ашыруу процессинде аялдар туш болгон тоскоолдуктар, пайыздар менен

Жарандар өзүнүн сунуштарын жана демилгелерин ишке ашыруу үчүн кайсы топтордун ичинен өнөктөштөрдү, саясий колдоону издешет? Биринчи кезекте ЖӨБ органдарынан жана жергиликтүү активисттерден – респонденттердин жарымы ушундай жооп кайтарган. Активисттердин болжол менен төрттөн бири колдоо издеп кайрылган экинчи ири топ – кызыкдар бюджеттик мекемелердин өкүлдөрү, айыл өкмөтүндө иштеген тааныштары жана кесиптештери. Болжол менен ар бир онунчу жаран колдоо издеп жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдарга, таасирдүү жердештерине жана кесиптештерине кайрылышат экен. Бизнес өкүлдөрүнөн жана дин кызматкерлеринен өнөктөш издегендер көп эмес. Ошону менен катар эркектерге караганда (21,8%) аялдар (13,6%) жергиликтүү кеңештин депутаттарынын колдоосуна чанда гана ээ болушат.

6-диаграмма. Аялдарга жигердүү болууга бут тоскон факторлор, пайыздар менен

7-диаграмма. Чечимдерди, анын ичинде бюджет тууралуу чечимдерди кабыл алуу процессинде аялдардын ролун күчөтүү үчүн зарыл болгон чаралар тууралуу пикир, пайыздар менен

Жергиликтүү жамаатта аялдардын абалы жана өзүн көрсөтөйүн десе пайда болгон тоскоолдуктар

Аялдардын жергиликтүү жамааттагы абалына толугу менен же жарым-жартылай канааттанган эркектер менен аялдардын үлүшү жалпысынан бирдей эле. Аялдардын абалына ыраазы болгон эркектер бир аз эле көбүрөөк – болгону 3 пайыз. Ошол эле маалда “акыркы жылдары бюджет боюнча коомдук угууларга катышкан аялдар көбөйдү” деп эркектерге карагандар аялдар 15 пайызга азыраак эсептешет.

Жалпысынан аялдар да, эркектер да бирдей эле “аялдар кайсы бир деңгээлде коомдук турмушта активдүү” деп эсептешет – респонденттердин дээрлик 60% ушундай пикирде. Көп деле жигердүү эмес дегендер 24%, атүгүл пассивдүү деп ойлогондор 11 пайызды түздү.

Аялдар үчүн артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн сап башында бала бакча маселеси турат. Себеби бала бакча аялдын колун бошотот, ал акы төлөнгөн ишке орношуп, инсан катары өнүгүүсүнө жол ачылат. Ошондой эле таза сууга жеткиликтүүлүк маселеси да артыкчылыктуу маселелердин бири. Анткени көп жерлерде сууну флягага жана чакага толтуруп алып аялдар жана балдар ташыйт. Бул маселелер ар бир үчүнчү жана бешинчи аялды тынчсыздандырары белгилүү болду. Экинчи орунда мектептер жана таштанды чыгаруу маселелери турат. Ар бир жетинчи аял буларды артыкчылыктуу көйгөй катары тандап алышкан. Жергиликтүү жамааттарда жогоруда айтылгандардан башка маселелерди аялдар артыкчылыктуу деп тандаган учурлар сейрек.

Аялдардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүгө бут тоскон факторлордун арасында эң олуттуу үчөө бар. Биринчи фактор – жергиликтүү бюджеттеги каражаттын тартыштыгы. Муну сурамжылоого катышкандардын дээрлик ар бир үчүнчүсү көрсөткөн. Экинчи фактор – аткаминерлердин ичинен кызыкдар адамдардын көп жакшы активдүү болбогону, муну ар бир бешинчи респондент айткан. Үчүнчү фактор – мыйзамдар. Ар бир тогузунчу респонденттин баамында, мыйзамдар артыкчылыктуу көйгөйлөргө карата гендердик өңүттү эсепке албайт. Жергиликтүү жамаат жана мамлекеттик органдар тарабынан колдоого ээ болбогонун белгилегендердин үлүшү да оңой эмес. Бирок сурамжылоого катышкандардын ичинен мэрия жана айыл өкмөтү тараптан колдоого ээ болбогонун айтып даттангандардын саны өтө аз.

Жергиликтүү жамааттын коомдук турмушуна жигердүү катышууга аялдарга бут тоскон негизги көйгөй катары респонденттердин дээрлик 60% акы төлөнбөгөн, аягы көрүнбөгөн үй тиричилигин аташкан. Экинчи себеби – аялдарды жада калса маанилүү маселелерди талкуулоого чакырышпайт экен. Ошону менен катар бул факторлорго карата эркектер менен аялдардын пикири эки ача чыкканын белгилей кетиш керек. “Бизди чакырбайт” деп айткан аялдардын саны эркектерге караганда дээрлик 15 пайызга көп. Ошону менен бирге эркектердин дээрлик 10% аялдардын үйдөгү түйшүгү көп деп ойлошот. Мындан улам эркектердин болжол менен 10-15% аялдардын үй тиричилиги көп деген ой менен аларды маанилү талкууга чакырбашы ыктымал деген тыянакты чыгарууга болот. Ар бир алтынчы аял алардын пикирин эч ким олуттуу кабыл албайт десе, ар бир онунчу аял коомдук турмушка жигердүү катышканы же демилге көтөрүп чыкканы үчүн уяткарышы мүмкүн деп коркот.

Респонденттердин жарымы жергиликтүү жамааттарда өз максаттарына жетип, ишке ашыруу үчүн эркектер менен аялдарга тең шарттар түзүлгөн деп эсептешет. Жарымынан көбү – 55% шарттар бирдей эмес дешет. Ошону менен катар аялдар үчүн артыкчылыктар көбүрөөк дегендерге караганда (18%) эркектердин мүмкүнчүлүктөрү жакшыраак, кененирээк жана өтө көп дегендер басымдуулук кылат (37%).

Чечимдерди, анын ичинде бюджет тууралуу чечимдерди кабыл алуу процессинде аялдардын ролун күчөтүү үчүн зарыл болгон чаралар тууралуу пикирилер да эки ача чыкты. Респонденттердин болжол менен теңи чогулуштарга, жыйындарга жана угууларга катыштыруу үчүн аялдарга тең шарт түзүп бериш керек деп эсептешет (15,4,%); аялдар өздөрү жарандык жигердүүлүгүн көрсөтүп, укуктарын коргошу керек дегендер 14,8% түзөт; демилгелүү аялдар топторун түзүп, колдоого алыш керек дегендер 12%. Ошондой эле аялдарга алдыда болчу иш-чаралар тууралуу маалыматты көбүрөөк берип, мыйзамдарга гендердик теңдикке байланышкан талаптарды киргизиш керек дегендер да бар. Калыптанып калган ой жүгүртүүдөн баш тартып, аялдардын коомдогу ролуна карата көз карашты өзгөртүп, гендердик көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн аянтча түзүп, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана ЖӨБ органдарынын башчылары менен аялдардын туруктуу жолугушууларын уюштуруу – бул маселени чечет деп эсептеген респонденттердин саны азыраак.

Аялдардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусуна карата гендердик теңдикти баалоо көрсөткөндөй, аялдардын коомдук турмуштагы ролу азыркыдан бир кыйла жогору боло алат. Аялдар тиричиликте шарт түзүүгө жана балдарга байланышкан маселелерди чечүүдө көбүрөөк активдүү. Бул эки негизги өңүт Кыргыз Республикасында аялдардын милдеттерине кирет деген түшүнүк терең сиңип калган. Ошол эле маалда жигердүү турмуштук позициясын билдирүү менен үй түйшүгүн кошо алып кетүү аялдар үчүн актуалдуу маселе бойдон кала берүүдө. Ошону менен катар респонденттер аялдардын ЖӨБ органдарында өз ордун табуусу үчүн түрдүү шарттарды түзүп берип, аянтчаларды ачып, мүмкүнчүлүктөрдү бериш керек деп эсептешет. Мунун баары аялдарга өз дараметин көрсөтүп, көбүрөөк ийгиликтерге жетүүгө өбөлгө болмок. Эркектер үчүн коомдук көйгөйлөрдү чечүүдө тоскоолдуктар аз болгонун эркектер да, аялдар да тастыкташууда. Ошону менен катар эркектер аялдардын жамааттагы абалына көбүрөөк позитивдүү маанайда баа беришет.

 

______________


1 Бул сурамжылоо Erfolg Consult ЖЧКнын изилдөөсүнүн алкагында эмес, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында ӨСИнин күчү менен жүргүзүлгөн. Ошол себептен бул бөлүмдөгү маалыматтар үчүн Erfolg Consult ЖЧКсы өзүнө эч кандай жоопкерчиликти албайт.

 

Окшош материалы: