Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча ишине баа беришти

2020-10-05 / Көңүл чордонунда
ЖӨБ органдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча ишине баа беришти

КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышы тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын аймактарды, жергиликтүү жамааттарды жана ЖӨБ органдарын өнүктүрүүгө тийгизген таасирлерин баалоонун жыйынтыктарын КР Жогорку Кеңешининин депутаттары менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы талкуунун РЕЗОЛЮЦИЯСЫ. 2020-жылдын 22-июну, Кыргыз Республикасы (онлайн).

Биз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары жана Кыргыз Республикасынын бардык областарынын ЖӨБ органдары Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу аркылуу,

аймактардын, жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын өнүгүүсү үчүн мыйзам чыгаруу аркылуу шарттарды түзгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын кошкон салымын таануу менен;

ЖӨБ чөйрөсүндө кабыл алынган мыйзамдарга ЖӨБ органдарынын жогорку деңгээлдеги канааттануусун белгилөө менен;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттарынын жергиликтүү жамааттардын көйгөйлөрүнө көңүл бургандыгын жогоруу баалоо менен;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен ЖӨБ органдарынын ортосунда өз ара байланыштын жаңы формасын орнотуу зарылдыгын белгилейт. Анткени:

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен түз байланыш үчүн жергиликтүү жамааттарда жана ЖӨБ органдарында каналдар туруктуу эмес жана башаламан. КР Өкмөтү парламентке отчет берип жатканда ЖӨБ органдарынын пикири көп жакшы эсепке алынбай келет. Ошондуктан КР ЖК жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы кырдаалды жана ЖӨБ үчүн өзүнүн мыйзам чыгаруу ишинин жыйынтыктарын үч жол менен гана баалайт: же аткаруу бийлигинин сөзүнө ишенет, же айрым депутаттардын жеке байкоолорунун негизинде жыйынтык чыгарат, же болбосо жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматтардын негизинде баалайт. Бирок КР ЖК кабыл алган мыйзамдардын ЖӨБго жана бул мыйзамдарды аткаруу боюнча өкмөттүн ишине тийгизген таасирине объективдүү баа берүү үчүн бул маалымат булактарын жетиштүү деп айтууга болбойт;
  • көпчүлүк учурларда КР ЖК депутаттары КР Өкмөтүнүн тең салмаксыз сунуштарына, айрыкча бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү маселелеринде маанилүү түзөтүүлөрдү киргизүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын коргогон “акыркы чек” болууда. Мындай мисал COVID-19 эпидемиясынан улам республикалык бюджеттин кирешелерин жана чыгымдарын кыскартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунуштарын кароо учурунда болду.
  • КР ЖК тең салмактуу чечимдерди кабыл алуу үчүн айрым ЖӨБ органдарынын ой-пикирине таяна албайт жана таянбашы керек. Чечимдерди кабыл алуу процессинде ЖӨБ органдарынын абалын жана позициясын эске алуу үчүн ЖӨБ органдарынын легитимдүү бирикмеси – КР ЖӨБ Союзу менен институционалдык байланыштын каналын түзүү зарыл.

Ушул факторлорду эске алып, КР ЖК депутаттары жана ЖӨБ органдары КР ЖӨБ Союзу аркылуу КР ЖК Төрагасына, КР ЖК комитеттеринин төрагаларына, саясий партиялардын лидерлерине КР ЖК менен ЖӨБ органдарынын эффективдүү өз ара аракеттенүүсү үчүн институционалдык шарттарды түзүүнү жана төмөнкүдөй чараларды кабыл алууну сунуштайт:

  • КР Өкмөтү бюджеттер аралык мамилелердеги кызыкчылыктарды КР ЖК кароосуна киргизүүнүн алдында ЖӨБ органдары менен КР ЖӨБ Союзу аркылуу макулдашуусунун механизминин укуктук чектерин орнотуу;
  • аталган макулдашуунун механизминде мыйзам кабыл алууда КР Бюджеттик кодексинин 49-беренесинде каралган мамлекеттик органдар тарабынан билип туруп тиешелүү компенсацияны камсыз кылбастан жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын көбөйтүүгө алып келүүчү иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алууга тыюу салынат деген ченемди секирип өтүүгө мүмкүн болбогон тосмонун болуусун;  
  • КР ЖӨБ Союзунун мыйзамдардын КР ЖӨБ өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу КР ЖК Баяндамасындагы сунуштар ЖӨБ органдарынын бирдиктүү позициясы экендигин эске алуу менен КР ЖК комитеттеринин жыйындарында КР ЖК VI чакырылышында кабыл алынып жана аймактардын, жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын өнүгүүсүнө түздөн түз таасир көрсөткөн, бирок аткарылбай жаткан же толук деңгээлде аткарылбай жаткан мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды карап чыгуу;
  • КР Өкмөтүнүн КР ЖК алдында берилчү отчетунун форматына жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын өнүгүү көрсөткүчтөрүн аймактар боюнча киргизүү;
  • мыйзамдардын КР ЖӨБ өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу Баяндаманы иштеп чыгууга буйрутма берүүчү катары КР ЖК илимий-изилдөө борборун, аткаруучу катары КР ЖӨБ Союзун (өз каражаттарынын эсебинен) аныктоо менен КР ЖК контролдук функциясын аткарууну күчөтүү;
  • аталган Баяндаманы иштеп чыгуу процессине: методология, мөөнөтү, маалыматтарды чогултуу процесси, иштеп чыгуу жана талкуулоо, КР ЖК кароосуна киргизүү жана структураларында талкуу жүргүзүү боюнча талаптарды коюу.

Талкуунун катышуучулары жогорудагы сунуштарды кабыл алуу менен төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетсек болот деп ишенишет:

  • жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктары мыйзам кабыл алуу процессинде эске алуу механизмине ээ болот
  • КР ЖК КР Өкмөтүнөн жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын тең салмактаган мыйзам демилгелерин алып калат
  • Баяндаманы КР ЖК менен жергиликтүү жамааттын ортосундагы ар дайымкы байланыш куралы катары ишке киргизүү
  • КР ЖК мыйзамдардын таасирин объективдүү индикаторлор боюнча КР ЖӨБ Союзу - ЖӨБ органдарынын легитимдүү бирикмеси аркылуу, ал эми жергиликтүү жамааттын абалынын көрсөткүчтөрүн КР Өкмөтү аркылуу баалоонун куралына ээ болот.

Бардык иш-чаралардын жыйындысы, КР ЖК аймактардын, жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын өнүгүүсүнө таасир этүүнүн эффективдүүлүгүн олуттуу жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

 

Талкуунун Төрайымы, КР ЖК Төрагасынын орун басары

А. К. КАСЫМАЛИЕВА

КР ЖӨБ Союзунун башкармалыгынын Төрагасы – Орловка шаарынын мэри

Б. А. ЧАНЧАРОВ

Окшош материалы: