Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
ЖӨБ Союзу COVID-19дун жайылышына байланыштуу кырдаал тууралуу жарандардын жана ЖӨБ органдарынын суроолоруна жооп берет
COVID-19 эпидемиясы менен күрөштө дарыгерлер жана милиция кызматкерлери менен кошо алдыңкы катарда ЖӨБ органдары да болду. Алар көп учурда кырдаалды көзөмөлдөп, илдеттин андан ары жайылышына жол бербөө боюнча чараларды көрүштү. Башкалардай эле муниципалдык кызматчылар да бул тапшырманы аткарууга даяр эмес болчу. Көп нерсени жеринде жөнгө салып, “нөлдөн” баштоого туура келди.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19ду пандемия деп жарыялагандан кийин киргизилген өзгөчө кырдаал режими маалында жарандардын укуктары жана милдеттери кандай болот?
“Жарандык коргонуу жөнүндө” КР Мыйзамынын 12-беренесинде Кыргыз Республикасынын калкынын Жарандык коргонуу жаатындагы укуктары жана милдеттери белгиленген. Кыргыз Республикасынын калкы төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- 1) өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда өмүрүн, саламаттыгын жана жеке мүлкүн сактоого;
- 2) өзгөчө кырдаалдар зоналарында жүргөн учурда акысыз медициналык тейленүүгө жана дарыланууга;
- 3) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Жарандык коргонуу иш-чараларын аткарууга багытталган мүлкүн пайдаланууга;
- 4) ыктыярдуу (коомдук) куткаруучу түзүлүштөрүнүн курамына кирүүгө;
- 5) Кыргыз Республикасынын аймагындагы белгилүү бир жерлерде калктын кабылышы мүмкүн болгон тобокелдиктер жана зарыл коопсуздук чаралары жөнүндө маалымдалууга;
- 6) Жарандык коргонуу иш-чараларына катышууга.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга түздөн-түз катышкан калкка өзгөчө кырдаал зоналарындагы жумуштары үчүн компенсацияларды жана жеңилдиктерди алууга белгиленген тартипте укук берилет. Кыргыз Республикасынын калкына компенсацияларды жана жеңилдиктерди берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Кыргыз Республикасынын калкы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- 1) өзгөчө кырдаал коркунучу учурунда өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күн мурунтан чара көрүүгө;
- 2) күндөлүк иште коопсуздук чараларын сактоого, өзгөчө кырдаалдын келип чыгышына алып келүүчү бузууларга жол бербөөгө;
- 3) калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдан коргоо ыкмаларын, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыктарын, коргонуунун жамааттык жана жеке каражаттарын пайдалануу эрежелерин үйрөнүүгө;
- 4) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүүгө;
- 5) Жарандык коргонуунун тиешелүү башкаруу органдарына өзгөчө кырдаалдардын коркунучу же келип чыгышы тууралуу маалымдоого.
Өзгөчө кырдаалды, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды (беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо ж.б.) бузган адам кандай жоопкерчиликке тартылат?
Мыйзамдарга өзгөчө кырдаал (ӨК) жана өзгөчө абал (ӨА) маалында жоопкерчиликти катаалдаштырган түзөтүүлөр киргизилген. Алардын бири “Айрым мыйзам актыларына (Жазык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы.
Мыйзамдарда ӨК режими күчүнө кирген жана иштеп жаткан маалда мыйзам бузуу үчүн төмөнкүдөй жоопкерчилик каралган.
Өзгөчө кырдаал жарыяланган аймактарда укук тартибин бузууга багытталган аракеттер, же болбосо анык эмес маалыматтарды жайылтуу жолу менен коомдук тартипти жана жеке адамдардын тынчтыгын бузган аракеттер үчүн айып пул салынат: жеке жактар үчүн – 5500 сом жана юридикалык жактар үчүн – 17 000 сом (Бузуулар жөнүндө кодекстин 82-2-беренеси). Бул мыйзам бузууларды ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган карайт.
Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу үчүн айыптын категориясына жараша 1 миң сомдон 23 миң сомго чейинки айып каралган (КР Бузуулар жөнүндө кодекстин 150-беренеси). Бул мыйзам бузууларды саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган карайт.
Ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо үчүн 3 миң сомдон 13 миң сомго чейинки айып каралган (КР Бузуулар жөнүндө кодекстин 150-беренеси). Ушул берене менен каралган бузуулар жөнүндө иштерди кайсы органдын мыйзамдуу чечимдери, аныктамалары, тескемелери же талаптары аткарылбаса же аларды аткарууга жолтоо болсо тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар (Бузуулар жөнүндө кодексте көрсөтүлгөндөр) карап чыгышат.
Өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын бузуу үчүн 20 миң сомдон 30 миң сомго чейинки айып каралган; же 3 айдан 6 айга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган; же болбосо 30 сааттан 40 саатка чейинки узактыктагы коомдук жумуштарга тартуу жазасы каралган (Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-1-беренесинин 1-бөлүгү). Бул жорук үчүн жазаны сот аныктайт.
Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул (30 миңден 60 миң сомго чейин) түрүндөгү жазага алып келет (Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренеси). Бул жорук үчүн жазаны сот аныктайт.
Өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу үчүн, Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-1-беренесине ылайык, 20 миң сомдон 30 миң сомго чейинки жаза каралган. Бул жорук үчүн жазаны сот аныктайт.
Өзгөчө кырдаал режимин киргизүү мезгилинде жасалган, адамдардын массалык дартка чалдыгуусу жана уулануусу коркунучун келтирүү менен коштолгон санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайлап бузуу үчүн Жазык кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, II категориядагы эркиндигинен ажыратуу каралган (2,5 жылдан 5 жылга чейин). Бул кылмыш үчүн жазаны сот аныктайт.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө финансы каражаттарынын так көлөмүн жергиликтүү бюджетте караштыруу мүмкүнбү?
“Жарандык коргонуу жөнүндө” КР Мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык, ЖӨБ органдары жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетте караштырууга жана бөлүп берүүгө милдеттүү.
Ошол эле маалда КР Бюджеттик кодексинин 24-беренесинин ченемдерине ылайык, ЖӨБдүн аткаруучу органдарына учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгашаларды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттердин курамында резервдик фонд түзүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Резерв жергиликтүү бюджетке ЖӨБ органынын өздүк кирешелерден учурдагы түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт. Жергиликтүү бюджеттин резервдик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын көлөмүнүн 1 пайызынан ашык эмес болуусу керек (бюджеттин резервинин каражаттарын жана аткаруу бийлик органдарынын акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн суммаларын эсепке албаганда). Мындан тышкары жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонддорун пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим ЖӨБдүн аткаруучу органы тарабынан КР Бюджеттик кодексинин жоболоруна ылайык кабыл алынат. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-беренесинде “өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселелердин бири катары аныкталган.
Ошондуктан жооп – ооба, ЖӨБ органдары жарандык коргоо боюнча иш-чараларды каржылоого жергиликтүү бюджетте каражатты караштыра алышат.
Ошол эле маалда кайсы иш-чараларга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүшү керек деген суроо ачык бойдон калууда. “Жарандык коргоо жөнүндө” КР Мыйзамынын ченемдерине жана КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, жарандык коргоо системасы, анын ичинде атайын превентивдүү жана жоюу иш-чаралары алардын классификациясына жараша аныкталууга тийиш. Мында өзгөчө кырдаал жаралуу коркунучун азайтууга, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга ыкчам реакция жасоого багытталган атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларын өткөрүү үчүн жооптуу органдар белгиленген (башкача айтканда, өзгөчө кырдаалдын тийиштүү деңгээлине жана алардын оордук даражасына жараша). Бирок конкреттүү органдар үчүн конкреттүү иш-чаралар белгиленген эмес. Тынч жана өзгөчө абал учурунда бул процесске тартылган органдардын арасында атайын превентивдүү жана жоюу иш-чараларынын түрлөрүн, аларды өткөрүү тартибин (эрежелерди, механизмдерди, аспаптарды, аткаруу мөөнөттөрүн ж.б.) аныктап алуу зарыл.
ӨК/ӨА режими маалында айылдык аймактын территориясына кирип-чыгуу режимин, ошондой эле өткөрмө бекеттерин ким жана кантип орнотууга ыйгарым укуктуу?
Өзгөчө кырдаал жарыяланган маалда (КР Коопсуздук кеңешинин сунушуна ылайык, КР Өкмөтүнүн чечими менен 2020-жылдын 22-мартында Кыргызстанда өзгөчө кырдаал (ӨК) режими киргизилген) калктуу конуштардын (айылдардын, райондордун) аймагына кирип-чыгууда атайын уруксат барагы боюнча талаптар коюлган эмес. Калктуу конуштар арасында атайын машинелерге (таштанды чыгаруучу, инкассатор машинелери) жана жүк ташуучу, транзиттик унааларга, азыктүлүктү, жалпы керктөөчү товарларды, дары-дармектерди жана өтө зарыл буюмдарды жеткирген транспортко уруксат берилип, алар блокпосттордон тоскоолдуксуз өткөрүлүп турганын белгилей кетүү зарыл. ӨК маалында бардык өзгөчө учурларды ЖӨБ органдарынын жарандык коргонуу штабдары жеке тартипте карап чыгышкан. “Өзгөчө абал жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, кайсы аймакта өзгөчө абал киргизилсе, ошол аймактын коменданты кирип-чыгууга өзгөчө режим орното алат. Мисалы, Бишкек шаарынын аймагына кирип-чыгууга атайын уруксат барагы менен мүмкүн болду. Бул уруксат барагы өткөрмө бекеттерде көрсөтүлүш керек болчу (уруксат барагы – бул аймактын коменданты берген бир жолку же убактылуу документ, ал өзгөчө абал киргизилген аймактын чек арасынан өтүүгө жана ал жактан чыгууга, ары-бери каттоого укук берет). Бирок ӨК режимин киргизүү маселелери боюнча колдонуудагы мыйзамдар менен өткөрмө бекеттерди орнотуунун эрежелери жана критерийлери, мында ЖӨБ органдарынын ролу көрсөтүлгөн эмес.
Үй-бүлөлүк майрамдарды, үлпөт тойду жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн кандай жоопкерчилик каралган?
Бул суроого жооп ушундай иш-чараны өткөргөндөн кийин анын кесепеттери кандай болгонуна жараша болот. Эгерде эч ким оорубаса жана ооруну жуктурбаса, анда коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу үчүн айыптын категориясына жараша 1 миң сомдон 23 миң сомго чейинки айып каралган (КР Бузуулар жөнүндө кодекстин 150-беренеси). Бул мыйзам бузууларды саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган карайт.
Бирок иш-чаранын жыйынтыгында илдеттин жайылышына жол берилсе, анда күнөөлүү кылмыш жоопкерчилигине да тартылышы мүмкүн. Өзгөчө кырдаал режимин киргизүү мезгилинде жасалган, адамдардын массалык дартка чалдыгуусу жана уулануусу коркунучун келтирүү менен коштолгон санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайлап бузуу үчүн Жазык кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, II категориядагы эркиндигинен ажыратуу каралган (2,5 жылдан 5 жылга чейин).
Толугураак маалыматты жогору жактагы суроого берилген жооптон таба аласыз.
Обочолонуу, өзүн карантинге алуу жана социалдык аралыкты сактоонун ортосунда кандай айырма бар?
Обочолонуу жана өзүн карантинге алуу – бул бирдей эле көрүнүш, мында башка адамдар менен байланыштар чектелет. Айталы, карантин – оорунун белгилерин алып жүрбөгөн, бирок COVID-19ду жуктурган адамдар менен байланышта болгон адамдардын ишин чектөө же аларды изоляцияда кармоо. Обочолонуу – оорунун андан ары жайылышын болтурбоо үчүн COVID-19дун белгилери бар оорулуулар менен байланышты чектөө. Социалдык аралыкты сактоо – айланадагы адамдар менен коопсуз аралыкты сактоо дегенди билдирет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму башкалардан 1,5 метр аралыкты кармоону сунуш кылат. Адам COVID-19 менен ооруйбу же ооругандар менен байланышта болдубу – буга карабастан ар бир адам бул эрежени сакташы керек.
Карантин шартында жарандардын бюджеттик процесске катышуусун кантип камсыздаса болот?
КР Бюджеттик кодексинде өзгөчө кырдаал маалында бюджеттик процессти аткаруу механизмдери каралган эмес.
Бюджеттик кодексте Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө же аскердик абал киргизилген маалда өзгөчө бюджетти кабыл алуу механизми белгиленген. Ошондой эле КР Мамлекеттик бюджеттик резервинде каражат жетишсиз болгон учурда бюджет тууралуу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу каралган. Ошол эле маалда республика боюнча же өзүнчө административдик аймакта өзгөчө кырдаал киргизилген учурда жергиликтүү бюджетти кабыл алуунун механизмдери жана жол-жоболору тууралуу айтылган эмес. Анын ичинде аралыктан иштөө режиминде коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү тартиби да жөнгө салынган эмес.
Буга карабастан ЖӨБ органдарында электрондук байланыш каражаттары (социалдык тармактар, мессенджерлер) аркылуу жарандарды бюджеттин долбоору тууралуу маалымдоо, ушул эле жол менен кайтарым байланышты алуу мүмкүнчүлүгү бар. Жакын арада ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – КР Финансы министрлиги бул процесске талаптарды орнотуп чыгат деп күтүлүүдө.
Окшош материалы:
-
№9 (155) / 2024-09-20 Жергиликтүү шайлоодо кыргызстандыктарды кандай жаңылыктар күтүп жатат?
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-30 Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы: жоопкерчиликтүү жергиликтүү жамаат + натыйжалуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу = аймактарда жашоо үчүн мыкты шарттар
-
№2 (148) / 2024-02-13 ЖӨБ органы үчүн татаал чечим: муниципалдык ишканабы же жекеби?
-
№2 (148) / 2024-02-13 ЖӨБ органдары, көңүл буруңуз! Муниципалдык ишканаларды түзүүдө жана башкарууда кетирилген жалпы каталар
-
№1 (147) / 2024-01-31 “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Коалициясы жана “Муниципалитет” журналы жаңы 2024-жыл менен куттуктайт!
-
№8 (142) / 2023-09-07 Жергиликтүү маанидеги маселелер – алардын бар экенин баары билет, бирок аларды эч ким “сыйпалап көргөн эмес”