2012-02-29 / Юридикалык кеңеш
Бул токтом тармактагы лицензиялык-уруксат системасын реформалоонун алкагында иштелип чыкты жана кабыл алынды.
Бекболот Бекиев
Бул токтом тармактагы лицензиялык-уруксат системасын реформалоонун алкагында иштелип чыкты жана кабыл алынды. Бул токтом менен бир эле учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-февралындагы “Калк жайгашкан пункттардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү тартибин жөнгө салган жана инвестициялык-курулуш ойлорун ишке ашырган жобону бекитүү тууралуу” №57 токтому күчүн жоготту. Анда калк жайгашкан пункттардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун ыктыярдуу эмес берүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу Типтүү жобо бекитилген.
КР өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомундагы жаңылык төмөнкүчө:
1. Жогорудагы токтомдо муниципалдык менчиктин карамагындагы жер участокторуна менчик же ижара укугун ыктыярдуу эмес берүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу Типтүү жобо бекитилди. Жөнгө салынчу предмет такталды – ушунун аналогу болгон буга чейинки Типтүү жободон айырмаланып, эми жаңысы муниципалдык жерлерди гана берүүнүн тартибине жана шарттарына тиешелүү.
2. КР өкмөтүнүн кабыл алынган токтому менен муниципалдык менчиктин карамагындагы жер участокторун менчикке же ижарага берүүнүн жана түзүүнүн так, айкын процедурасы аныкталды. Тагыраак айтканда:
• Жер участогун түзүү мөөнөтү кыскартылды – 25 иш күн, бул иш ушул процедураны оптималдаштыруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жер участогун берүү маселеси боюнча ЖӨБ органдары менен бирге иш алып барган башка ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы документтердин жүгүртүлүүсүнүн азайтылышынын эсебинен ишке ашты. Ошол эле учурда эгерде кызыгууну жараткан жер участогу жайгашкан жердеги долбоордун деталдык пландаштырылуусу буга чейин өрт көзөмөл, санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык көзөмөл органдары менен макулдашылса, өзүнчө участокту түзүүдө кошумча макулдашуу талап кылынбайт.
• Жер участогунун планы түрүндө түзүлгөн жер участогунун талаптары жана форматы так аныкталды. Бул болсо курулуш объекттерин долбоорлоо үчүн чыгышталган документ болуп эсептелет. Жер участогунун планында долбоорлоо үчүн зарыл болгон бардык негизги жана кошумча курулуш регламенттери белгиленет, анын ичине айланадагы бак-дарактардын тагдыры боюнча маселени чечүү да кирет. Бул План болгон учурда инвестор курулуш үчүн уруксат документтерин чогултууда жана курулуш жүрө турган жер участогунун аймагынан бак-дарактарды кыюу, же башка жакка отургузууга байланыштуу башка уруксат документтерди алууда АДШны (архитектуралык-долбоорлоо шарттары) албаса болот.
• Жер участогун түзүү учурундагы чыгымдар ыйгарым укуктуу органдын эсебинен, башкача айтканда жергиликтүү бюджеттен ишке ашырылат.
• Бүгүнкү күндө өзгөчө көйгөйлүү деп эсептелген аймактардан – эстеликтерди жана курулуп калган турак жайды коргоо – жер участогун берүү боюнча коомдук угуулардын институту киргизилди. Бул болсо берилип жаткан жер участогуна жана анда пландалып жаткан курулушка байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү милдетин инвестордун мойнуна жүктөбөстөн, алдын ала, жер участогун түзүү баскычында эле чечип коюуга шарт түзөт.
• Түз сатуулардын предмети Жер кодексине шайкеш келтирилди. Тагыраак айтканда эми жер участогун чукул (убактылуу) колдонуу (ижара) боюнча келишимди түзүүгө укук гана түз сатуулардын предмети боло алат. Жер участогуна менчик укугу түз сатуулардын предметинен чыгарылды.
• Жер участокторун соодалашуу жүргүзбөстөн, түз сатуу жолу менен берүү учурларынын тизмеси өзгөчө учурлар менен толукталды. Алар: жер участокторун кириш топтордун курулушу үчүн берүү, ошол жерде жайгашкан аянтты кеңейтүү максатындагы курулуштар үчүн, арыз берүүчүлөрдүн имараттарынын жанында унаа токтоочу жайларды куруу жана айлананы көрктөндүрүү иши берилип жаткан участок өз алдынча менчик катары түзүлбөйт жана соодалашууда мындай участок үчүн укукту үчүнчү жакка берүү ошол имараттын ээсинин кызыкчылыктарын бузат деген шарт менен берүү. Мында участокту түзүү өзүнчө ыйгарым укуктуу органдардын алдын ала техникалык шарттарын жана бүтүмдөрүн алуу зарылдыгы болбогон учурда жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте 10 иш күнү мөөнөтүндө болот. Белгилей кетчү жагдай, сөз кайрадан эле муниципалдык менчиктин карамагындагы жер участоктору тууралуу болуп жатат жана анын жеке менчик, мамлекеттик же менчиктин башка түрлөрүндө болгон башка жер участокторуна тиешеси жок.
• Сынакты өткөрүү процедурасы такталды. Бул сынак коррупциялык учурларды жокко чыгаруу максатын көздөйт. Ошондой эле сынактын катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда конкурстук сунуштарды сынак өтө турган күнү (андан эрте эмес) берүү жана ачуу каралган. Комиссия түшкөн сынактык сунуштарды кезеги менен ачат, сынактын катышуучусунун номурун, анын аты-жөнүн же аталышын, сынактын катышуучулары тарабынан сунушталган сынактын негизги шарттарын (анын ичинде жер участогунун баасын же ижара акысынын өлчөмүн) жарыялайт, протоколго ачылган сынактык сунуштардын жыйынтыгын киргизет жана түшкөн сынактык сунуштарды баалай баштайт.
• Сатылгандан кийин же түз сатуу болгондон кийин жер участокторуна болгон укукту каттоо мөөнөтү жана ашыкча документтер кыскартылды. Мында жер участогун берүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын токтомун милдеттүү түрдө каттоо жокко чыгарылды. Анткени укукту аныктаган башкы документ бул – соодалашуунун жана түз сатуунун жыйынтыгы тууралуу протоколдун негизинде ага кол коюлгандан кийин 3 иш күнүнүн ичинде түзүлгөн сатуу-сатып алуу, же жер участогун ижарага берүү тууралуу келишим эсептелет.
Жалпысынан жер участогун алуу боюнча бардык процесс айкын болуп, арыз берген учурдан тарта соодалашуу же түз сатуунун жыйынтыгы боюнча келишимге кол койгонго чейинки ар бир процедураны өтүүнүн так мөөнөтү белгиленди. Жер участогун алып жаткан инвестор жерди колдонуунун бардык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу толук маалыматка ээ болот. Анын ичинде курулуш иштери жана инвестициялык-курулуш пландарын ишке ашырууга байланыштуу уруксат документтерин каттоону андан ары тездетүү үчүн инженердик-техникалык түйүндөргө кошулуу тууралуу толук маалымат да бар. Ошол эле учурда жер участогун түзүү баскычында арыз берүүчүлөрдүн байланыш даректери максималдык деңгээлде кыскартылды, муну менен жер участогун алуу баскычында каржы жана коррупциялык тобокелчиликтер азайтылды.