Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Мыкты тажрыйбалар порталы

2020-12-14 / Көңүл чордонунда
“Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Мыкты тажрыйбалар порталы

ЖӨБ органдарынын кадрдык потенциалын бекемдөө үчүн билим берүүчү иш-чаралар менен катар ЖӨБ органдары дагы бир нерсеге муктаж. Аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты практикасы боюнча туруктуу иштеген, эффективдүү маалымат булагы, анын ичинде муниципалдык башкаруунун, кызмат көрсөтүүнү, жергиликтүү жамаатты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу усулдары жана практикалары зарыл болуп турат. Бул маселелерди чечүү үчүн КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, КР ЖӨБ Союзу жана Өнүктүрүү саясат институту “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Мыкты тажрыйбалар порталын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшту.

2040-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы “ар бир мүчөсү аймакты өнүктүрүүгө өзү түшүнүп катышууга квалификациялык жактан жөндөмдүү болгон, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуу органдарын түзө алган жана аларды контролдогон жоопкерчиликтүү жергиликтүү коомчулуктарды түзүү” милдетин койду. Бул үчүн жергиликтүү жамааттарга жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун көрнөктүү жана натыйжалуу мисалдары тууралуу маалымат булагы зарыл болуп турат.

Бул маселе “ЖӨБ органдарынын кадрдык потенциалын бекемдөө” аттуу 2023-жылга чейин ЖӨБдү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына кирген. Бул тапшырмалар ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү каралган. Иш-аракеттер планында семинарларды жана тренингдерди өткөрүү зарылчылыгы белгиленген. Бирок потенциалды жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү дегенде азыркыдан да көбүрөөк иш-аракеттерди караштырууну түшүнүш керек. Анын ичинде адам туруктуу түрдө өз алдынча билим алып, мыкты практиканы жайылтуу үчүн ресурс түзүлүшү абзел.

Базалык билим берүүдөн жана квалификацияны жогорулатуу программаларынан тышкары туруктуу иштеген, ыкчам, деталдуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамаат үчүн жеткиликтүү ресурс болушу керек. Бул ресурс ар бир конкреттүү муниципалитетте жергиликтүү өз алдынча башкарууну иш тартибинде өркүндөтүүгө жол ачат.

Ушул тапта мыкты практиканын көптөгөн мисалдарын, усулдарын жана аспаптарын түрдүү тараптар сунуштаган кырдаал түзүлдү. Бирок булардын баары бир жерге топтолбойт, жалпылаштырылбайт жана аларга анализ жасалбайт. Мунун натыйжасында ЖӨБ органдары зарыл маалыматты издегенде кыйналышат. Мындан тышкары бул чөйрөдө бир нече маселе бар:

  • квалификацияны жогорулатуу боюнча азыр иштеп жаткан система ЖӨБ органдарына мыкты практиканын туруктуу түрдө улам жаңыланып турган мисалдарын тез алып турууну камсыздоо үчүн жетишсиз болууда;
  • пайдалуу маалыматтарды камтыган жана өнүктүрүү боюнча долбоорлор түзгөн веб-сайттар эрежеге ылайык бул долбоорлор иштеп турган учурда гана активдүүлүгүн көрсөтөт, андан кийин маалымат жоголуп кетет;
  • форумдарда жана конференцияда берилген мисалдар жана башкаруучулук чечимдер башка ЖӨБ органдарына аларды колдонууга жол ачпайт. Себеби көп жакшы даражада деталдаштырбастан тааныштырылат, анткени талкуунун форматы ошондой;
  • ачык жана объективдүү фильтрлер бар, алар башка ЖӨБ органдарында жайылтуу үчүн өзгөчө ыңгайлуу болгон башкаруунун мыкты практикасын тандап алууга жол берет;
  • мыкты практика жалпылаштырылбайт, анализденбейт жана чечимдерге жана ченемдик укуктук актыларга трансформацияланбайт;
  • ЖӨБ үчүн усулдук маалыматтын көптөгөн булактары муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү чечимдерди жөнгө салган же сунуш кылган ведомстволук актыларды издөө ишин татаалдаштырууда.

Бул маселелерди чечүү үчүн КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностук мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, КР ЖӨБ Союзу жана Өнүктүрүү саясат институту “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Мыкты тажрыйбалар порталын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшту.

“Муниципалитет” журналы менен бириктирилген ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы ким үчүн түзүлгөн?

Портал жана журнал ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү, изилдөөчүлөр, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү студенттер жана мугалимдер, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы адамдарга кайдыгер карабагандар үчүн түзүлгөн.

“Муниципалитет” журналы менен бириктирилген ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы эмне үчүн керек?

Портал жана журнал ЖӨБ органдарына жана башка кызыкдар адамдарга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ыкмалары жана усулдары тууралуу зарыл маалыматты бир булактан ыкчам жана тез табууга мүмкүнчүлүк берет. Мыкты практиканын мисалдарынан тышкары, бул жерде документтердин үлгүлөрү жана формалары, ченемдик укуктук актылардын топтому, эксперттердин дайындар базасы, жардам долбоорлору, актуалдуу суроолорго жооптор бар. Ар бир теманын ичинде мыкты практиканын мисалдары, зарыл болгон ченемдик укуктук актылар, тема боюнча актуалдуу суроолорго жооптор, кетирилген каталар жана алынган сабактар бар.

“Муниципалитет” журналы менен бириктирилген ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталына эмне үчүн катталышыңыз керек?

Каттоодон өткөн колдонуучулар гана Порталдын бардык бөлүмдөрүнө кирүүгө, анын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат. Мисалы, каттоодон өткөндөр семинарларга жазылып, өз муниципалитетинин мыкты практикасынын тажрыйбасы үчүн добуш берип, суроо узатып, консультация ала алышат.

“Муниципалитет” журналы менен бириктирилген ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталына кантип катталса болот?

Порталдын башкаруу панелиндеги “Каттоо” бөлүмүнө өтүңүз. Сөзсүз толтурулушу керек болгон бош жерлерге маалыматтарды киргизиңиз: аты-жөнүңүздү, иштеген жериңизди, ээлеген кызматыңызды, жынысыңызды, телефон номериңизди, электрондук почтаңыздын дарегин, өлкөнүн, облустун, райондун, ЖӨБ органынын аталышын жазыңыз. Андан соң Порталга кирүү үчүн сыр сөздү жазып, “Каттоодон өтүү” деген жерди басыңыз.

“Муниципалитет” журналы менен бириктирилген ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталына кимдер жеңилдетилген түрдө акысыз кире алышат?

Порталдын акынын негизинде көрсөтүлчү кызматтарын жана маалыматтарын төмөнкүлөр акысыз алышат:

  • КР ЖӨБ Союзунун мүчөлүк акысын төлөгөндөр;
  • “Муниципалитет” журналына жазылган адамдар.

Кантип жазылса болот?

Журналга каалаган маалда ар кандай ыңгайлуу ыкма менен жазылса болот: + 996 770 771 130 номерине чалсаңыз болот (Гуляим Шамшидинова), электрондук кат жазыңыз: portal.msu@dpi.kg; Порталдагы “Суроо узатыңыз” бөлүмүндө өтүнмө калтырсаңыз болот. 24 сааттын ичинде сиз менен кардарлар базасынын администратору байланышат.

Журналдын баасы канча?

2021-жылга жазылуунун баасы төмөнкүдөй бычылды:

  • Порталдын бардык маалыматтарына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, “Муниципалитет” журналынын басылып чыккан версиясына толук жеткиликтүүлүк, анын ичинде журналды жеткирүү – 2400 сом;
  • Порталдын бардык маалыматтарына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, “Муниципалитет” журналынын электрондук версиясына толук жеткиликтүүлүк – 600 сом.

Эмне үчүн ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы “Муниципалитет” журналы менен бириктирилди?

МТ Порталы жана “Муниципалитет” журналы өз аудиториясынын ыңгайлуулугу үчүн бириктирилди. Себеби биздин аудиториябыз – ЖӨБ органдары, муниципалдык кызматчылар, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жергиликтүү жамааттардын активисттери, студенттер, окутуучулар. МП Порталы менен “Муниципалитет” журналынын мазмуну окшош, бирок бирдей эмес.

Порталдын интернеттеги туруктуу дареги: www.myktyaimak.gov.kg 

 

Окшош материалы: