Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасына конкурс

2020-12-15 / Көңүл чордонунда
ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасына конкурс

Сиздин ЖӨБ органы же жамаатыңыз жашоону жакшыртууда көзгө урунгудай ийгиликке жете алдыбы? Башка муниципалитеттер жана жергиликтүү жамааттар үчүн актуалдуу болгон жергиликтүү маселени чечүүнүн жолун таба алдыңызбы? Өзүңүздүн ийгиликтериңиз тууралуу башка ЖӨБ органдарына жана жарандарга айтып берүүгө даярсызбы? Анда бул конкурс сиз үчүн – өтүнмөнү толтуруп, 150 миң сомдук (ЖӨБ органдары үчүн) же 25 миң сомдук (жергиликтүү активисттер, эксперттер, коммерциялык эмес уюмдардын кызматкерлери, журналисттер үчүн) байгеге ээ болуңуз.

Конкурстун максаты

  1. жергиликтүү маселени чечүү жана жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын өзгөчө ийгиликтүү иштерин башкаларга көрсөтүү;
  • ЖӨБ органдарын жана жарандарды бири-бири менен тажрыйба алмашып, жергиликтүү маселени чечүүнүн мыкты практикасын жайылтууга шыктандыруу;
  • Кыргызстандагы жергиликтүү өнүктүрүү маселелерин чечүүнүн жаңы ыкмаларын жана иштөөнүн алдыңкы усулдарын жайылтууга көмөктөшүү.

Конкурстун уюштуруучулары

  • КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА),
  • КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу (ЖӨБ Союзу),
  • Өнүктүрүү саясат институту,
  • “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору.

Конкурстун катчылыгы

“Муниципалитет” журналы менен бириктирилген ЖӨБдүн Мыкты практикалар порталынын администраторлору: Гуляим ШАМШИДИНОВА жана Нургуль ЖАМАНКУЛОВА.

Финансылык колдоо

  • ЖӨБ органдары үчүн байге фондун Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташуу агенттиги каржылаган, Хельветас Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институту биргелешип аткарган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору берүүдө.
  • Жарандар, анын ичинде эксперттер үчүн байге фондун Өнүктүрүү саясат институту берүүдө.
  • Башка байгелерди ЖӨБ Союзу жана ЖӨБЭММА берүүдө.

Конкурстун катышуучулары

  • ЖӨБ органдары
  • Жарандар, анын ичинде эксперттер, жарандардын демилгелүү топторунун өкүлдөрү, коммерциялык эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары.

Конкурс өткөрүлчү мезгил

  • 2020-жылдын 1-декабрынан 2021-жылдын 30-ноябрына чейин.
  • Мыкты практиканын үлгүсү үчүн орто аралыктагы добуш берүүнүн жыйынтыктары ай сайын чыгарылып турат.

Конкурска катышуунун тартиби

1-кадам. ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар (МТ) порталында (www.myktyaimak.gov.kg) катышуучу башка ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын тажрыйбалары менен таанышып, өзүнүн тажрыйбасы үчүн да теманы тандай алат. Теманы тандап жатканда төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл: ошол тажрыйба 1) кеңири жайылган көйгөйдү (түрдүү органдарда жана жергиликтүү жамааттарда көп кездешкен көйгөйлөрдү) чечүүнүн үлгүсү болууга тийиш; 2) башка ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамааттар ошол үлгүнү колдоно алгыдай болушу керек. Тажрыйбанын темасы МТ порталынын категорияларынын бирине шайкеш келүүгө тийиш. Ал категорияларды төмөн жактагы таблицадан көрө аласыз.

2-кадам. Талапкер www.myktyaimak.gov.kg дареги боюнча ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталындагы “Каттоо” бөлүмүндө каттоодон өтүшү керек.

3-кадам. Порталдын башкы бетинде талапкер мыкты практиканын формасын толтурууга тийиш. Бул үчүн “Өз тажрыйбаңды жайгаштыр” деп аталган бөлүмгө кириш керек. Сунушталган формада бардык бош жерлерди толтуруп чыгуу зарыл. Эгерде кайсы бир жерин толтура албай кыйналсаңыз, анда “Билбейм” деп жазып койсоңуз болот. Форманы толтуруп жаткан маалда суроолор же кыйынчылыктар жаралса, катышуучу төмөнкүлөргө кайрыла алат:

  • Порталдын контент боюнча администратору Нургуль ЖАМАНКУЛОВАга телефон чалыңыз: +996 770 771 711;
  • Порталдын кардарлар базасынын администратору Гуляим ШАМШИДИНОВАга э-дареги portal.msu@dpi.kg же телефон чалыңыз: +996 770 771 130.

Конкурстук комиссия

Уюштуруучулар туруктуу комиссияны түзүшүүдө, ага ЖӨБЭММАнын, ЖӨБ Союзунун, ӨСИнин, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун өкүлдөрү кирет. Комиссия өз ишине көз карандысыз эксперттерди да тарта алат.

Комиссиянын курамы:

  • ЖӨБЭММА – 1 адам;
  • ЖӨБ Союзу – 1 адам;
  • Өнүктүрүү саясат институту – 1 адам;
  • “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору – 1 адам.

Конкурсту өткөрүү тартиби

Мыкты практикалар порталына катталган колдонуучулар жайгаштырган ЖӨБдүн мыкты практикаларынын үлгүлөрү туруктуу конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн баштапкы баалоосунан өтөт. Комиссия бул мисалдарды критерийлер боюнча мыкты практиканын үлгүлөрү катары эсептесе болобу же жокпу деп баалап чыгышат:

  • Бул практика кеңири жайылган жергиликтүү көйгөйдү чечүү үчүн мисал болуп бере алабы?
  • Башка ЖӨБ органдары бул практиканы колдоно алышабы?

Ушундан кийин Порталга киргизилген үлгү редакцияланып, администраторлор чоо-жайын тактап алган соң Порталга жарыяланат. Андан соң бул практика добуш берүүгө коюлат – кайсы айда чыкса, ошондон кийинки айдын биринен баштап добуш берүүгө катышат. Башкача айтканда, кийинки айдын добуш берүүсүнө талапкерлер өткөн айдын 25ине чейин кабыл алынат.

Практиканы жарыялоо боюнча иштердин баары 5 жумушчу күндүн ичинде аткарылат.

Порталдын катталган колдонуучулары өз практикалары, өз муниципалитетинин мисалдары же башка каалаган, өзүнө жаккан практикалар үчүн добуш бере алышат (1 практика үчүн 1 жолу добуш берүүгө болот).

Бир ай бою өткөн айда жайгаштырылган практикалар үчүн добуш берүү болот. 2020-жылдын декабрында администраторлор добушка койгон практикалар үчүн добуш берүү өтүүдө.

Айдын соңунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыяланып, жеңүүчү тандалат. Конкурстун жеңүүчүсүнө байге катары “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Мыкты практикалар порталына бир жылга акысыз жазылууга жана өзүнүн практикасын финалдык добуш берүүгө чыгарууга укук берилет.

2021-жылдын 1-ноябрында добуш берүүгө эң көп дегенде 20 жеңүүчү коюлат – 10 финалист ЖӨБ органдарынын ичинен тандалса, 10 финалист жарандардын, анын ичинде эксперттердин арасынан тандалып алынат. 2021-жылдын ноябрь айында финалдык добуш берүү өтөт.

Конкурстун уюштуруучулары ай сайын өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча финалисттердин санын азайтуу же көбөйтүү тууралуу чечимди кабыл алышы мүмкүн.

Конкурстук комиссия финалдык добуш берүүнүн жыйынтыгын карап чыгып, байгелүү орундарды бөлүштүрүү тууралуу чечим кабыл алышат.

Конкурстун байгелери

ЖӨБ органдарынын ичинен конкурстун жеңүүчүлөрү төмөнкүдөй байгелерди алышат:

  • I орун үчүн – “ЖӨБдүн алтын практикасы” медалы, ЖӨБЭММАнын грамотасы, “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Порталга эки жолу акысыз катталуу укугу, 150 000 сомго товардык байге;
  • II орун үчүн – “ЖӨБдүн күмүш практикасы” медалы, ЖӨБЭММАнын грамотасы, “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Порталга эки жолу акысыз катталуу укугу, 120 000 сомго товардык байге;
  • III орун үчүн – “ЖӨБдүн коло практикасы” медалы, ЖӨБЭММАнын грамотасы, “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Порталга эки жолу акысыз катталуу укугу, 100 000 сомго товардык байге;
  • шыктандыруучу байгелердин сегиз комплектиси (“ЖӨБдүн мыкты практикасы” аттуу шыктандыруучу медаль, “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Порталга бир жолу акысыз катталуу укугу, ЖӨБЭММАнын ыраазычылык каты, 30 000 сомго товардык байге).

Жарандардын ичинен, анын ичинде эксперттерди, журналисттерди, коммерциялык эмес уюмдардын кызматкерлерин кошкондо конкурстун жеңүүчүлөрү төмөнкүдөй байгелерди алышат:

  • I орун үчүн – 25 000 сом акчалай байге жана “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Порталга акысыз катталуу укугу;
  • II орун үчүн – 15 000 сом акчалай байге жана “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Порталга акысыз катталуу укугу;
  • III орун үчүн – 10 000 сом акчалай байге жана “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Порталга акысыз катталуу укугу.

ЖӨБ органдары байге каражаттарын (грантты) мисалда баяндалган ишти же тажрыйбаны улантуу үчүн, сүрөттөлгөн тажрыйбаны жакшыртуу үчүн же жарандар үчүн маанилүү болгон башка маселени, көйгөйдү чечүү үчүн колдонсо болот. Байгенин суммасына уюштуруучулар жеңүүчү деп табылган ЖӨБ органы түзүп берген тизменин негизинде товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алып, жеңүүчүгө өткөрүп беришет. Байге каражаттарын курулуш-ремонт иштерине, эмгек акыны төлөп берүүгө же иш сапарларын каржылоого колдонууга болбойт.

Уюштуруучулар конкурстун байге фондун толук колдонбой коюу укугун өзүндө калтырышты.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө Уюштуруучулар менен байге фондун колдонуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу берилет. Уюштуруучулар товарларды жеңүүчүнүн өкүлүнүн катышуусу менен сатып алышат жана жеңүүчүнүн колдонуусуна өткөрүп беришет. Каражат иш-чараны же акцияны өткөрүүгө колдонулган учурда Долбоор байге суммасынын алкагында бардык чыгымдарды жаап берет.

Жеке жактарга – жарандарга, анын ичинде эксперттерге, журналисттерге, коммерциялык эмес уюмдардын кызматкерлерине байгелер акчалай түрүндө берилип, киреше салыгы кармалып калат.

Кызыкчылыктар кагылышы

Конкурска Уюштуруучулардын жетекчилери жана кызматкерлери менен кандайдыр бир байланышы барлар, аларга баш ийген жеке адамдар, алардын туугандары катыша албайт.

Катышуучуларга сунуш жана байланыш жолдору

Өтүнмөнү толтурардын алдында Порталдын администраторлору менен кеңешип алууну сунуштайбыз:

  • Контент администратору Нургүл ЖАМАНКУЛОВА: +996 770 771 711;
  • Кардарлар базасынын администратору Гуляим ШАМШИДИНОВА: portal.msu@dpi.kg, +996 770 771 130.

 

 

Окшош материалы: