Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаңы-Жол АА: Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча кызмат көрсөтүүнү аутсорсингге берүү менен калкка сапаттуу жана эффективдүү кызмат көрсөтүү үчүн шарттар түзүлдү

2020-12-15 / ЖӨБ кызматтары
Жаңы-Жол АА: Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча кызмат көрсөтүүнү аутсорсингге берүү менен калкка сапаттуу жана эффективдүү кызмат көрсөтүү үчүн шарттар түзүлдү

Жылдызкан ОСМОНОВА, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы.

Аксы районундагы Жаңы-Жол айылдык аймагы Таш-Көмүр жана Кербен шаарларын бириктирип турган жолдун боюнда, Жалал-Абад шаарынан 180 км аралыкта жайгашкан. Бул алыскы, тоолуу, дотацияда турган муниципалитет. Аймакка төрт айыл кирет. Аймактын элинин саны 7100 адамды түзөт.

Муниципалитеттеги көчөлөрдө жарык СССР тараган маалдан бери болгон эмес. Көп убакыттан бери бул маселени чечүүгө кол жетпей келген. Себеби жергиликтүү элдин жана ЖӨБ органдарынын андан да башка, маанилүү көйгөйлөрү бар эле. Мисалы, таза суу менен камсыз кылуу, мектептерди жана бала бакчаларды каржылоо өңдүү маселелер алдыңкы катарда турган. Көчөлөрдү жарыктандырууга акча дайыма эле жетпей калчу. Анын үстүнө ЖӨБ органдары жалпы колдонгон жерлерди жарыктандырууга чыгымдарды жергиликтүү бюджетке киргизүүгө деле умтулчу эмес. Бирок 2018-жылы тургундар мындан ары көчөлөр караңгы болбош керектигин билдиришти. Себеби бул көчөлөрдүн боюнда мектептер, ооруканалар, соода түйүндөрү, майда ишканалар, спорт залдар, милициянын аймактык бөлүмдөрү, мечиттер жайгашкан. Ошондуктан ЖӨБ органы ЖДККЖ Долбоорунун колдоосу менен Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын даярдап, аны ийгиликтүү ишке ашырып алышты. Натыйжада Жаңы-Жол жана Таштак айылдарынын борбордук көчөлөрүнө узундугу 5 км болгон жарык берчү линиялар тартылып келди.

Жарык жеткирүү боюнча иштердин, линияларды тартып келүү, устундарды жана чырактарды орнотуу өңдүү инфраструктуралык тапшырмаларды аткаруунун биринчи этабы жыйынтыкталгандан кийин айыл өкмөтү үчүн чукул арада чечилиши керек болгон маселе жаралды: жарык берүү системасы буга чейин болуп келгендей эле тейленбей, иштебей калган көрүнүштү болтурбоо үчүн аны ким жана кантип тейлейт? Кызмат көрсөтүүнү башкаруунун сабаттуу, эффективдүү жана туруктуу системасын түзүү абдан маанилүү маселеге айланды.

Көлөмү жана бюджети жагынан чакан кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн көпчүлүк айылдарда аткаруучу-юридикалык жакты табуу кыйын. Бул маселени чечүү үчүн кызмат көрсөтүүнү жеке жакка аутсорсингге берүү тууралуу чечим кабыл алынды. Көчөлөрдү жарыктандыруу системасын айыл өкмөтүнүн күчү менен тейлеген учурда электр адисин жалдоо, атайын жабдууну сатып алуу керек эле. Бул болсо акыр соңунда жергиликтүү бюджетти бир кыйла чыгашага кептемек. Ошол себептен аутсорсингге берүү тууралуу жүйөлүү чечим кабыл алынды.

Биринчи жылы Жаңы-Жол жана Таштак айылдарындагы борбордук көчөлөрдө жайгашкан 5 км электр тарамдарын тейлөө боюнча 50 000 сомго муниципалдык заказды жайгаштыруу боюнча долбоор даярдалды. Муниципалдык заказдын суммасын бекитүү үчүн тийиштүү сунуш жергиликтүү кеңештин жыйынында каралды. 2019-жылдын 26-январында жергиликтүү кеңеш №17/4 токтому менен бул сумманы бекитип берди. Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу тендер өткөрүлүп, аны 45 500 сом сунуш кылган жеке ишкер утуп алды. Тендердин жеңүүчүсү менен кызмат көрсөтүү тууралуу келишим 2019-жылдын 11-ноябрында түзүлүп, электр тарамдарын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу аутсорсингге өткөрүлүп берилди.

Аутсорсингдин жардамы менен биз сапаттуу жана эффективдүү кызмат көрсөтүүнү уюштура алдык. Ошол эле маалда буга чейин олуттуу каржылоону талап кылган тапшырмаларды аткарууга чакан бюджеттик каражат сарпталды. Ошондой эле буга чейин бекитилген жумушчу пландын негизинде бул кызмат көрсөтүүгө мониторинг жана баалоо жүргүзүлүп турат, анын жыйынтыгында зарыл болгон сунуштар берилген. Натыйжада биз кызмат көрсөтүүнү туруктуу кыла алдык.

Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча кызмат көрсөтүү уюштурулган учурдан бери айылдарда оң маанайдагы өзгөрүүлөр байкала баштады. Биз жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарын канааттандыра алдык. Ошондой эле айылдагы коомдук тартиптин сакталышын жакшырттык, чакан жана орто бизнес өнүгүүдө, муну менен кошо жергиликтүү элдин жашоо сапаты да оңоло баштады.

 

Окшош материалы: